Copyright: ©

Саламаттык сактоо министри Талас облусундагы көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын сапаты менен таанышты

17.04.2024 / Просмотров: 4609

Бүгүн, 2024-жылдын 17-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чолпон Мамбетов атындагы Талас облустук биргелешкен ооруканасын кыдырып көрүп, оорукананын абалы менен таанышты. Анын жүрүшүндө кардиология бөлүмүнө ангиограф аппаратын алуу боюнча маселе көтөрүлүп, чечип берүү жагын караштарын айтып, дарыланып жаткан бейтаптардын абалынан кабар алды.

 

Андан соң Талас областтык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда болуп, ал жердеги көйгөйлөр менен таанышты.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Марат Мураталиев менен биргеликте Талас медициналык колледжине интерактивдик панель, компьютер, принтер сыяктуу заманбап жабдууларды тапшыруу аземине катышты. Колледждин эмгек жамааты менен жолугушууда учурдагы көйгөйлүү маселелердин бири болгон ремонт иштерине жардам берерин убада кылды. 

 

Мындан тышкары, Талас облустук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборундагы көйгөйлүү маселелер менен таанышып, элге шарттарды түзүү максатында ремонт иштерин бүткөрүү керек экенине токтолду.

 

Талас облусунун медицина кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүлүп, анда айлык маяна, депозит, турак жай, ипотека, жумуш орундары боюнча маселелер көтөрүлдү.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

21.05.2024
КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев КММАнын чет элдик студенттери менен жолугушту

2024-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын чет өлкөлүк студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Бул жолугушууда аларды окутуу, коопсуздук жана ден соолукту чыңдоо боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Министр өлкө өкмөтү бардык жарандардын, анын ичинде чет элдик студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатканын жана аларга сапаттуу медициналык жардам алууга кепилдик берерин баса белгиледи.

Алымкадыр Бейшеналиев студенттерди кырдаал көзөмөлдө экенине, алардын ден соолугуна жана коопсуздугуна коркунуч жок экенине ишендирди. Ал ошондой эле чет элдик студенттердин Кыргызстанда билим алуу процессин улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, медициналык билим берүү тармагында жалпы максаттарга жетүү үчүн ЖОЖдор менен студенттердин кызматташуусуна ишеним билдирди.

Өз кезегинде чет элдик студенттер министрге жолугушууну өткөрүп, алардын коопсуздугу жана ден соолугуна кепилдик бергени үчүн ыраазычылык билдиришти.

21.05.2024
Кан басымын көзөмөлдөө олуттуу жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алууга жардам берет

Бүгүн, 2024-жылдын 21-майында Бишкек шаарында Бүткүл дүйнөлүк артериялык гипертонияга каршы күрөшүү күнүн белгилөөнүн алкагында Саламаттык сактоо министрлигинин, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун, Кыргызстандагы ЖЭО долбоорунун өкүлдөрүнүн жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргызстандагы артериялык гипертониянын көйгөйлөрүн, анын алдын алуу жолдорун калк арасында жайылтууда биргелешкен иш-аракеттердин маанилүүлүгүн талкуулаган жолугушуу болуп өттү.

 

Бүткүл дүйнөлүк артериялык гипертонияга каршы күрөшүү күнү 2005-жылдан тарта Бүткүл дүйнөлүк  антигипертензиялык лига жана Эл аралык гипертония коомунун демилгеси астында жыл сайын 17-майда белгиленет.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты бөлүмүнүн башчысы Нургүл Ибраева өз сөзүндө белгилегендей, артериялык гипертонияны “унчукпаган киши өлтүргүч” деп аташат, анткени бул оору симптомдорсуз өтөт жана өмүр үчүн маанилүү органдарды жабыркатат. Ошондуктан көпчүлүк гипертониктер ал гана эмес аларда кан басымынын жогору экендигинен шектенишпейт. 

“Жыл сайын кан басымды көзөмөлдөө менен медициналык текшерүүдөн өтүү, ошондой эле кан басымды үй шарттарды өз алдынча өлчөө маанилүү. Гипертонияны өз учурунда аныктоо олуттуу татаалдашуулардын өнүгүүсүн алдын алууга мүмкүнчүлүк берет.

Жогорку артериялык кан басым жаш өткөн сайын жогорулашы мүмкүн, бирок гипетониянын өнүгүүсүнө ошондой эле түзөтүүгө боло турган тобокелчилик факторлору, анын ичинде тузду көп өлчөмдө пайдалануу,  физикалык активдүүлүктүн жетишсиздиги жана ар кандай тамеки заттарын чегүү, алкоголь ичүү өбөлгө түзүшү мүмкүн.

Артериялык кан басымдын алдын алууга жашоодогу адаттарды өзгөртүү, анын ичинде тамак-аш рационун өзгөртүү, тамекиден баш тартуу жана активдүү жашоо мүнөзүн алып жүрүү жардам берет. 

Биз аракеттерибизди бириктирүү менен гана гипертонияга каршы күрөштө орчундуу прогресске жетишип жана калктын ден соолугун анын кооптуу кесепеттеринен коргой алабыз. Бүгүнкү иш-чара - ушул жолдогу маанилүү кадам”, - деп жыйынтыктады сөзүн Нургуль Ибраева. 

 

 

Жүрөк-кан тамыр оорулары алдын алууга боло турган ооруга чалдыгуулардын, мезгилсиз өлүмдөрдүн жана калктын эмгекке жарамсыздыгынын негизги себеби болуп саналат. Электрондук саламаттык сактоо борборунун маалыматтары боюнча калктын өлүм көрсөткүчүнүн себептеринин структурасында кан айлануу системасынын оорулары биринчи орунду ээлейт жана 52,1%ды түзөт. Жүрөк-кан тамыр ооруларынын структурасында өзгөчө орунда  артериялык гипертензия турат, анын үлүшүнө цереброваскулярдык оорулардын 62%ы жана жүрөктүн коронардык оорусу жана өнөкөт бөйрөк ооруларынын 49%ы туура келет. Бул ооруга чалдыгуулардын жалпы структурасына аябагандай чоң салым кошот жана калктын, анын ичинде эмгекке жарамдуу калктын майып болуусунун негизги себеби болуп саналат. 

Акыркы он жылдыкта артериялык гипертониянын жайылуусу жогорулады жана эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн маалыматтары боюнча 44-46%ды түзөт. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

21.05.2024
КР Саламаттык сактоо министри менен Палестина мамлекетинин Элчиси саламаттык сактоо тармагындагы кызматташууну талкуулашты

 Бүгүн, 2024-жылдын 21-майында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Палестинанын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Джавад Авад мырзанын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда тараптар кызматташуу жана былтыр кол коюлган Кызматташуу меморандумун ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Палестина тарап өз өлкөсүндөгү саламаттык сактоо системасындагы абал, саламаттык сактоо жана фармацевтика тармагындагы кызматташуунун келечеги тууралуу маалымат берди.

«Бүгүнкү жолугушуубуз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өз ара пайдалуу жана узак мөөнөттүү кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн башталышы болот деген ишенимди билдиргим келет.

Биз силердин жеке фармацевтикалык өндүрүшүңөр жаатында кызматташууга кызыкдарбыз, анткени биздин өлкө учурда бул жаатта импортко көз каранды. Бул маселени чечүү үчүн атайын ведомстволук уюм – «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы түзүлдү, анын максаты өлкөнүн калкынын жана саламаттык сактоо системасынын дары-дармектерге жана медициналык буюмдарга болгон керектөөлөрүн түз өндүрүүчүлөрдүн баасында жабуу болуп саналат.

Буга байланыштуу сиздерден жардам күтөбүз жана кызматташууга толук даяр экенибизди билдиребиз”,-деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

 Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бекем байланыштарды түзүү жана Палестинанын саламаттык сактоо системасы менен жакындан таанышуу үчүн Палестинага иш сапар менен баруунун үстүндө иштөөнү макулдашты.

 Эскерте кетсек, өткөн жылы эки өлкөнүн Саламаттык сактоо министрликтеринин ортосунда эпидемиология, коомдук саламаттыкты сактоо, тамак-аш коопсуздугу, хирургия, нейрохирургия, кан тамырлар, хирургия, анестезиология, пластикалык / күйүк хирургиясы, медайымдык иш жана фельдшерлер, саламаттыкты сактоону башкаруу; жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана контролдоо, фармацевтикалык өнөр жай жана дары-дармектердин маркетинги сыяктуу тармактарда кызматташууну караган саламаттык сактоо тармагындагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлган.