Кыргыз Республикасынын аймагында маймыл чечек оорусу катталган жок

24.06.2022 / Просмотров: 1668

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти gogov.ru/news/887801 сайтынын маалыматына ылайык, дүйнөдө маймыл чечек оорусуна чалдыккан 3721 учур катталганын билдирди. Европада биринчи учурлар 2022-жылдын 7-майында Улуу Британияда катталган, ооруган адам Нигериядан келген. 20-майга карата вирус Европанын башка өлкөлөрүнө (Португалия, Испания, Швеция, Италия, Германия, Швеция, АКШ, Австралия жана Канада) дагы жайылды.

 

 

Жалпысынан маймыл чечек инфекциясы 48 өлкөдө катталып, 3721 учур катталган. Жайылуу ылдамдыгы бир нече контингенттерде жума сайын жогорулоодо.

 

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын аймагында жана коңшу мамлекеттерде бул илдетке чалдыккандар катталган жок. Маймыл чечек оорусунун алдын алуу жана сактыкты жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан “Маймыл чечек оорусуна чалдыккандарды эпидемиологиялык көзөмөлдөө, иликтөө жана контакттарды издөө боюнча Убактылуу колдонмо” бекитилген, анда эпидемиологиялык жайсыз мамлекеттерден  келгендерди мамлекеттик чек араны кесип өтүүдө СКПдагы көзөмөлдү күчөтүү чаралары, оорулуу аныкталган учурда вирусологиялык лабораториялардын, инфекциялык бөлүмдөрдүн даярдыгы көрсөтүлгөн.

 

 

Медицина кызматкерлеринин арасында исиркектер жана температуранын кескин жогорулашы сыяктуу клиникалык көрүнүштөрдү аныктоодо дарыгерлердин кыраакылыгын жогорулатуу, ошондой эле иштерди иликтөө жана бейтаптар менен байланыш түзүү боюнча окуу семинарлары өткөрүлүүдө.

Маймыл чечеги – негизинен Борбордук жана Батыш Африканын тропикалык токойлуу аймактарында кездешүүчү жана кээде башка аймактарга ташылып келүүчү вирустук зооноздук оору.

Маймыл чечек оорусунун козгогучу - Poxviridae тукумундагы ортопоксвирустун тукумуна кирген маймыл чечек вирусу. Маймыл чечектин инкубациялык мезгили адатта 6-13 күндү түзөт, бирок 5 күндөн 21 күнгө чейин өзгөрүшү мүмкүн. Маймыл чечеги көбүнчө кемирүүчүлөр сыяктуу ылаңдаган жапайы жаныбарлардан, кан жана дене суюктуктары менен түздөн-түз тийгенде, чакканда же начар иштетилген этти колдонуудан жугат.

 

Адамдан адамга жугуу абадагы тамчылар, биологиялык суюктуктар, оорулуу адам колдонгон тиричилик буюмдары аркылуу мүмкүн, бирок инфекция оорулуу адам менен узак убакытка жакын байланышты талап кылат.

 

Негизги симптомдору:

- жогорку дене тап;

- чыйрыгуу;

- теридеги исиркектер.

-баш оору;

-булчуң оорусу;

-бел оорусу;

- лимфа бездери шишип кетүүсү

- чарчоо;

 

 

Алдын алуу:

Маймыл чечекти алдын алуунун негизги стратегиясы коркунуч факторлору жана вирустун таасирин чектөө чаралары жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу болуп саналат:

- оорулуу адам жана жаныбар менен байланышуудан качуу;

- кол гигиенасынын эрежелерин сактоо

- бейтаптар менен байланышта болгондо жеке коргонуу каражаттарын колдонуу.

 

2022-жылдын 23-июнунда ДССУ маймыл чечек оорусунун чыгуу коркунучун баалоо үчүн чукул комитетти чакырды. Буга байланыштуу www.who.int расмий сайты аркылуу ДССУнун расмий билдирүүлөрүнө көз салуу зарыл. ДССУ азырынча пандемия жарыялоо коркунучу жок экенин билдирди.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

26.04.2024
Төрөт үйлөрүндө бейтаптын электрондук картасын киргизүү

Sanarip MED санариптик саламаттыкты сактоону өнүктүрүүнүн максаттуу моделинин алкагында, өлкөнүн ооруканаларында санариптик чечимдерди киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат.

 

Ооруканалар үчүн башка саламаттык сактоо маалымат системалары менен интеграцияланган санариптик медициналык карта иштелип чыккан жана ишке киргизилген. Бул санариптик медкарта бейтаптар жана алардын стационардык саламаттыкты сактоо мекемелериндеги медициналык абалы жөнүндө маалыматты камтыган кагаз жүзүндөгү медкартанын санарип формасы.

 

Бул бейтапка медициналык жардам көрсөтүүнүн бардык этаптарын, анын ичинде кабыл алуу, диагностика, дарылоо жана байкоо жүргүзүүнү камтыган электрондук документ.

 

Модулдардын бири – Кыргыз Республикасында акушердик, гинекологиялык жана неонаталдык медициналык кызматтын сапатын жогорулатууга багытталган төрөт жана төрөттөн кийинки жардамдын тарыхы. Төрөт учурунда жана төрөттөн кийинки мезгилде интра-наталдык жана постнаталдык жардам көрсөтүүнүн санариптик картасынын долбоору эненин жана жаңы төрөлгөн ымыркайдын ден соолугун башкаруу максатында сапаттуу медициналык документация жүргүзүү үчүн иштелип чыккан.

 

Маалыматтарга тез жетүүнүн жана төрөттүн динамикасын автоматтык түрдө көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнүн аркасында көрсөтүлүүчү кызматтардын ачыктыгы жана сапаты жогорулайт. Бул клиникалык чечимдерде иш-аракеттердин алгоритмдерин деталдуу эсепке алууга мүмкүндүк берет жана чыгымдарды азайтууга жардам берет.

 

Бейтаптын санариптик медкартасынын жеткиликтүүгү, өзгөчө алыскы аймактардагы же жетүү мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн медициналык кызматкерлер менен байланышын жеңилдетет.

 

Кыргыз Республикасында бейтаптын санариптик медициналык картасын киргизүү жана колдонуу процессине көз салуу жана анын функцияларын жакшыртуу үчүн саламаттык сактоо уюмдарында медициналык персоналдын дараметин жогорулатуу боюнча тестирлөө башталды.

 

Учурда окутуу жана ишке ашыруу процесстери экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги беш акушердик уюмда, тактап айтканда, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында, Жалал-Абад бириккен клиникалык ооруканасында, Ысык-Көл жана Чүй облустук бириккен ооруканаларында жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борборунда 2024-жылдын апрель жана май айларында жүрүп жатат.

 

Жогорудагы беш акушердик уюмдардын акушер-гинекологдору, акушеркалары, неонатологдору жана неонаталдык медайымдары бейтаптын санариптик медициналык картасын, анын ичинде акушердик жана неонаталдык бөлүктөрүн толтуруунун жана колдонуунун техникалык жана клиникалык аспектилери боюнча билимдерин жана көндүмдөрүн жогорулатууда.

 

Окутуу жана ишке ашыруу процесстери инновациялык чечимдер аркылуу алдын ала турган энелердин жана ымыркайлардын өлүмүн жана оорууларын кыскартууга багытталган БУУнун Түштүк-Түштүк Кызматташтыгы долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Долбоор КР Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фонду тарабынан колдоого алынып, ишке ашырылууда.

22.04.2024
Мини-футбол боюнча мелдеште Саламаттык сактоо министрлигинин футболдук командасы 1-орунду ээледи

Саламаттык сактоо министрлигинин футбол командасы Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган кичи футбол боюнча мелдеште 1-орунду ээлеп, жеңишин майрамдоодо. 2024-жылдын 20-21-апрелинде өткөн бул турнир президенттин “Кыргызстанда 2024-2034-жылдарга футболду мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында уюштурулуп, анын максаты - футболду өнүктүрүү ден соолукту сактоонун жана чыңдоонун багыты катары кызматкерлердин физикалык даярдыгын жогорулатуу жана спортту пропагандалоо.

Турнирге министрликтердин, ведомстволордун, Бишкек шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринин командалары катышты, бул спорттук иш-чараларга болгон кызыгууну жана алардын калк арасында физикалык активдүүлүктү жогорулатуудагы ролун чагылдырат.

22.04.2024
"Сапатты көзөмөлдөөнүн максаты жазалоо эмес, келечекте оор жагдайларды аныктоо жана алдын алууга багытталган"

2024-жылдын 12-13-апрелинде Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жана Жалал-Абад бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт үйлөрүнүн Сапат комиссияларынын мүчөлөрүн камтыган медицина кызматкерлери натыйжалуу жана сапаттуу жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон эл аралык жана улуттук сапат принциптери, стандарттары жана инструменттери боюнча билимин жана көндүмдөрүн кеңейтип чыңдашты.

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын неонаталдык реанимация бөлүмүнүн башчысы Рахат Изабекова башка семинардын катышуучуларына жеткиликтүүлүк, эффективдүүлүк жана ыкчамдуулук сыяктуу факторлор сапатка жетүүгө жардам берээри менен бөлүштү: «Биздин ооруканада балдардын жана энелердин өлүмүнүн алдын алуу, ошондой эле инфекцияларга каршы күрөшүүдө Сапат комитети маанилүү ролду ойнойт. Биздин максат – эне менен баланын ден соолугу чың болуп үйгө чыгарылышын жана ар бир бейтаптын жалпы канааттануусун камсыз кылуу. Семинарда алынган жаңы маалыматтын негизинде ар бир кадамды кылдат пландаштырып, эң негизгиси реалдуу план түзүшүбүз керек экенин түшүндүм. Ар бир кырдаалда шылтоолорду айта берсек, маселенин маңызын толук түшүнө албай, керектүү деталдары так жазылбай калат. Биздин максат жазалоо эмес, келечекте оор кырдаалды аныктоо жана алдын алуу».

Төрөткө чейинки кызматтардын жана квалификациялуу төрөттүн кенен камтылышына карабастан, энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү кооптуу бойдон калууда жана ал 2022-жылы 100 000 тирүү төрөлүүгө карата 28,1 учурду түзүп келди. Бул көйгөйгө чара катары Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги коопсуздук стандарттарына жана калктын керектөөлөрүнө ылайык медициналык кызматтарды көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн тааныган Улуттук сапат стратегиясын бекитти.

«Кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу биздин саламаттыкты сактоо системабыз үчүн маанилүү. Перинаталдык жардамды төрөт учурундагы жана төрөттөн кийинки мезгилге көбүрөөк маани беришибиз керек, анткени бул адам өмүрүн сактап калуу жана өлүү төрөттүн алдын алуу үчүн абдан маанилүү. Бул интервенциялардын камтылышын жогорулатуу гана эмес, кеп ар бир аял жана жаңы төрөлгөн баланын квалификациялуу, далилдүү жана урматка негизделген кам көрүшү тууралуу болуп атат. Энелерге жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапаты жаатында медицина кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу боюнча бул семинар аталган максатка жетүүдөгү алгылыктуу кадам болуп саналат”, - деп Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Айжамал Шамбетова белгилей кетти.

Эки күндүк семинардын катышуучулары сапат боюнча жалпы түшүнүктөрүн кеңейтип, Сапат комитети менен төрөт үйлөрүнүн/бөлүмдөрүнүн ортосундагы интеграцияны бекемдөө үчүн ар кандай сапат куралдарын колдонуп, үзгүлтүксүз сапатты жакшыртууну уюштуруу боюнча клиникалык билимин талкуулашты.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын медициналык кызматтын сапатын башкаруу бөлүмүнүн башчысы Дамира Турсунбекова баса белгилегендей: «Изилденген темалар бизге бейтаптардын канааттануусун жана көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын жогорулатуу боюнча иштерди пландаштырууга жана натыйжалуу уюштурууга жардам берет. Эмпатия жана бейтаптын керектөөсүнө көңүл буруу абдан маанилүү жана коопсуздук деген түшүнүк ооруканага киргенде эле башталат: ага пандустардын орнотулушу жана тепкичтердеги белгилердин илиниши кирет. Өзүмдүн тажрыйбама таянып, сапат стандарттарын өзгөртүүгө бир эле адам болсо дагы олуттуу таасир эте алаарын көрдүм. Өзүбузгө жогорку талаптарды коюп, жетекчинин дагы эрки, көз карашы жана так багытты белгилеши маанилүү”.

БУУнун Калк фондунун жана Индиялык өнөктөштүк фондунун “Төрөт үйлөрүндө акушердик байкоо жана телеконсультация үчүн жооп берүү системасын колдонуу аркылуу сапаттуу медициналык кызматтарга жетүүдө алдын ала турган энелердин ооруларын азайтуу” долбоорунун алкагында медициналык кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу боюнча иш-чаралар Кыргыз Республикасында сапаттуу медициналык тейлөөнү жакшыртуу, ар бир кош бойлуу аялдын жана жаңы төрөлгөн ымыркайдын өз убагында сапаттуу жардам алуусун камсыз кылууда маанилүү кадам болуп эсептелет.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт үйүнүн кош бойлуу аялдардын патологиясы бөлүмүнүн башчысы Тамара Азимбаева медициналык тейлөөнүн сапатын сактоо боюнча ой бөлүштү: “Бир чоң көйгөйдү чоо-жайына чейин бөлүп кароо менен сапаттуу жана рационалдуу чечимдеп кабыл алынат. Бул семинарда биз “даярдоо”, “контролду күчөтүү” сыяктуу жалпы терминдерди колдонууга караганда конкреттүү деталдарды берүү натыйжалуураак экенин билдик. Иштин жана көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын жакшыртуу үчүн мен өзүмдүн бөлүмүмдө ушул ыкманы колдоном».

Талкуунун жүрүшүндө семинардын катышуучулары бүгүнкү күндө эмгек акынын аздыгы жана кадрлардын жана ресурстардын жетишсиздиги, тилекке каршы, дарыгерлерге бир топ жүктү алып келип, медициналык тейлөөнүн сапатына терс таасирин тийгизип жатканы тууралуу ой – пикир бөлүшүштү.

«Келечектеги ишибизде биз семинарда айтылган методологияны колдонуп, ар кандай көйгөйлөрдүн түпкү себебин аныктоого жана түшүндүрүүгө ниеттенип жатабыз. Оорукананын сапаты боюнча подкомитеттер биздин ишмердүүлүктү карап чыгып, эч кимди күнөөлөп же жазалабастан, жакшырта турган жерлерибизди аныктай алат. Бул максатта биз дарыгерлердин арасында өз ара көзөмөл жүргүзүү ыкмасын мындан ары да колдонобуз», - деди Асанова Асылкан, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт үйүнүн башчысы.

Медициналык кызматкерлер, анын ичинде Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жана Жалал-Абад бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт үйлөрүнүн Сапат боюнча комитеттин мүчөлөрүнүн арасында өткөрүлгөн семинар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фонду тарабынан колдоого алынып ишке ашырылуучу акушердик көзөмөл жана телемедициналык кызматтар сыяктуу инновациялык чаралар аркылуу алдын ала турган энелердин жана ымыркайлардын өлүмүнүн жана оорууларынын алдын алуусуна багытталган БУУнун Түштүк-Түштүк кызматташтыгы долбоорунун алкагында уюштурулган.