КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин комиссиясы Бишкек шаарында лицензиясы жок иштеген 27 косметологиялык мекемени аныктады

19.05.2022 / Просмотров: 1312

2022-жылдын 11-апрелинен 30-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Комиссиясы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2022-жылдын 11-апрелиндеги № 429 буйругуна, 18-апрелдеги № 473 буйругуна ылайык , Бишкек шаарындагы косметологиялык ишмердүүлүк менен алектенген лицензиясы бар жана лицензиясы жок өз алдынча ачылып, косметологиялык кызмат көрсөткөн борборлорду текшерүү жүргүзгөн.

 Текшерүүнүн жүрүшүндө лицензиясыз иш жүргүзгөн косметология мекемелери жана кеңселери аныкталган.

Бардыгы болуп 63 косметологиялык мекеме текшерилди.

       63 мекеменин 36сы лицензиясы бар косметологиялык мекемелери. Анын ичинен 8и иштебейт, жабык; 2 көчүп кеткенден кийин лицензиясын жаңырткан эмес жана лицензиясыз иштеген; 2өө лицензияда дерматологиялык жана косметологиялык кызматтар көрсөтүлгөн эмес, 24ү лицензия менен иштейт.

       63 мекеменин ичинен 27 косметология мекемеси Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин лицензиясы жок иштейт, алар уруксатсыз (Саламаттык сактоо министрлигинин лицензиясы, аттестация күбөлүктөрү, медициналык калдыктарды жок кылуу, кызматкерлерди медициналык кароодон өткөрүү боюнча келишими жок) мыйзамсыз иш-аракет, мыйзамсыз дарылоо жана медициналык манипуляцияларды, хирургиялык кийлигишүүлөрдү жүргүзүшөт. Аталган мекемелерде санитардык-эпидемиологиялык режим одоно бузулуп, медициналык таштандылар чыгарылбай, жалпы таштанды контейнерине ыргытылат. Бул мекемелерде ВИЧ/СПИД, В, С гепатити, кургак учук ж.б. оорулууларга жуктуруп алуу коркунучу бар. Бул мекемелердин көбү косметологдорду уруксат кагазы жок окутушат.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин лицензиясы жок иштеген 27 косметологиялык мекеменин ичинен 17 клиника тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына документтерин тапшырган, 10 клиникага санитардык-эпидемиологиялык корутундулар берилип, жаза чаралары көрүлөт. Чара көрүү боюнча көрсөтмө Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлоруна жөнөтүлдү.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

07.05.2024
КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сузак районундагы кырсыктан жабыркаган 10 баланын абалынан кабар алды

Бүгүн, 7-майда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев жана Жогорку Кенештин социалдык комитетинин башчысы Винера Раимбачаева менен биргеликте Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан Сузак районундагы кырсыктан жабыркаган 10 баланын абалынан кабар алып, дарылоо боюнча өз сунуштамаларын берди.

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында катталган кырсыктан 32 бала жабыркаган, анын ичинен 10 бала Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына которулуп келген.

 

Анын ичинен төрт бала кайра жандандыруу бөлүмүнө, алты бала травматология бөлүмүнө жаткырылган. 

 

Бүгүнкү күндө кайра жандандыруу бөлүмүндө дарылануусун улантып жаткан бир бала абалы туруктуу жакшырып калгандыктан нейротравматология бөлүмүнө которулду. Аталган бөлүмдө жаткан балдардын абалдары жакшы, тиешелүү медициналык жардамды алышууда. 

 

Бут сөөктөрүнөн жабыркаган бир балага жакынкы күндөрү операция жасоо пландалууда.

 

Учурда Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында жана Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо уюмдарында  балдарга керектүү болгон дары-дармектер жетиштүү деңгээлде бар.

06.05.2024
Ош шаарында 300 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды

Бүгүн, 6-майда Ош шаардык клиникалык ооруканасынын аймагында шаардын жана облустун тургундарына сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган 300 орундуу көп функционалдуу медициналык мекеменин имаратынын курулушу башталды. Долбоорду аяктоо 2025-жылга пландалууда.

Капсула салуу иш-чарасына КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, КР Жогорку Кеңешинин депуты Айбек Маткеримов катышты.

Өз сөзүндө министр мамлекет жарандардын ден соолугун сактоо жана чыңдоо үчүн бардык шарттарды түзүүгө умтулуп жатканын белгиледи. “Калктын саламаттыгын сактоо – 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын маанилүү артыкчылыктарынын бири”, - деп баса белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев. Министр ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровго саламаттык сактоо тармагына, тактап айтканда, Ош шаарындагы жаңы аймактык оорукананын курулушуна ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, бул максатка 595 миллион сом бөлүнгөнүн белгиледи. Анын айтымында, бул оорукананын курулушу Ош шаарынын жана Ош облусунун тургундарына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын бир топ жакшыртат.

Жалпы аянты 6633,5 м2 болгон 300 орундуу оорукана 3 блоктон туруп, анда кардиология, ортопедия, ЛОР, офтальмология, урология, эндокринология жана терапия бөлүмдөрү жайгашат. Ошондой эле операциялык жана реанимация бөлүмү, ашкана, кир жуучу жай, кампа жай жана башкалар уюштурулат.

06.05.2024
Министр ОшМУнун медициналык клиникасы менен таанышты

Бүгүн, 2024-жылдын 6-майында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ОшМУнун медициналык клиникасында болду. Клиникадагы боор алмаштыруу операцияларын жасоого түзүлүп жаткан шарттар менен таанышып, клиниканын дарыгерлери менен жолугушту. 

Медициналык клиникада трансплантоло́гия бөлүмү ачылып, боор алмаштыруу операцияларын жосоого керектелүүчү эмеректер, медициналык жабдыктар менен толукталууда. 

Клиниканын базасындагы алгачкы боор алмаштыруу операциясы Түркиянын Инөнү университетинин Тургут Озал атындагы клиникасынын дарыгерлери менен биргеликте жасалат. Учурда боор алмашытырууга муктаж болгон бейтаптар кайрылып, дарыгерлерден кеп-кенештерин алууда. Алгачкы беш бейтапты опреацияга даярдоо иштери жүрүп жатат. Май айынын аягында алгачкы опреациялардын жасалуусу күтүлүүдө.