Copyright: ©

Кызамык менен ооругандардын 81% эмдөө албагандар

07.07.2023 / Просмотров: 2980

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Улуу Британия, Австрия, Түркия, Сербия, Армения, Тажикстан, Россия Федерациясы, Казакстан сыяктуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европалык регионунун 17ден ашык өлкөлөрүндө кызамык оорусунун көбөйүшүн эске алуу менен, өз убагындагы кызамыкка каршы эмдөөнүн маанилүүлүгүн эскертет.

COVID-19 пандемиясынын учурунда профилактикалык эмдөө менен камтуунун төмөндөшү дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргызстанда оорунун өсүшүндө негизги ролду ойноду.

Быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда кызамык оорусуна чалдыккандардын саны 1001ге жетти. Белгилей кетсек, ооругандардын көбү (81%) кызамыкка каршы эмдөөдөн өткөн эмес. Эмдөөдөн өтпөгөн топтун 29%нын жаш курагы (6 жана 8 ай) жетишсиз болгондуктан эмдөөдөн өтүшкөн эмес, 33%ы эмдөөдөн баш тартышкан, 8%ы медициналык себептерден, 1,3%ы миграциялык факторлордун таасиринен улам эмдөөдөн өтүшкөн эмес жана 10 %ынын эмдөө статусу белгисиз.

 

Кызамык оорусун аймактар ​​боюнча каттоо: Ош облусу - 394 учур, Ош шаары - 207 учур, Бишкек шаары - 135 учур, Баткен облусу - 67 учур, Жалал-Абад облусу - 55 учур, Чүй облусу - 44 учур, Талас облусу - 55 учур жана Ысык-Көл облусу - 44 учур. Бойго жеткен калктын арасында илдеттин катталышы бирин-серин.

 

Кызамыкка жана кызамыкка каршы профилактикалык эмдөө Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөө графигине ылайык жүргүзүлөт. Кызамыкка каршы эмдөө балдарга 1 жашында (12 ай), ал эми кайталап эмдөө 6 жашында жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө кызамык оорусунун жайылышын алдын алуу үчүн бардык чараларды көрүп жатат. Учурда республиканын аймагында оорунун очогун аныктоо, андан ары жайылышын алдын алуу боюнча жана эпидемияга каршы иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетчү нерсе, кызамыктын атайын дарылоосу жок, бирок эмдөө менен ооруну алдын алууга болот. Эмдөө кызамыктын жайылышын алдын алуунун жана калктын саламаттыгын сактоонун эң натыйжалуу жолдорунун бири.

Саламаттыкты сактоо министрлиги бардык ата-энелерди жана камкорчуларды балдарын кызамык жана кызылчага каршы эмдөөнүн зарылдыгына көңүл бурууга чакырат.

Эмдөө балдарды коркунучтуу оорулардан гана коргобостон, инфекциялардын жайылышын алдын алуу менен социалдык бакубаттуулукка да салым кошот.

«Эмдөө балдардын жана коомдун ден соолугун вакцина менен алдын ала турган инфекциялардан коргоонун маанилүү кадамы болуп саналат. Бардык жарандарды Кыргызстанда кызамык оорусунун жайылышын алдын алууга жардам берүүгө чакырабыз. Биз биргеликте балдарыбыз жана жалпы коом үчүн коопсуз жана сергек чөйрөнү түзө алабыз”, - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Г.Баатырова.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

04.10.2024
Талас районунун №6 “Ак-Сай” Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна тез жардам унаасы тапшырылды

Бүгүн, 2024-жылдын 4-октябрында Талас районунун №6 «Ак-Сай» Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна тез жардам унаасы тапшырылды. Бул унааны ишкер Думан Рыскулов демөөрчүлүк катары белекке берген.

Тез жардам унаасы Манас айылынын тургундарына тез медициналык жардамды өз убагында көрсөтүүнү камсыздайт. Жаңы транспорт керектүү медициналык жабдуулар менен жабдылган, бул медициналык кызматкерлерге чакырууларга эффективдүү жооп берүүгө жана адамдардын өмүрүн сактап калууга мүмкүндүк берет.

04.10.2024
Саламаттык сактоо министри Талас районунун Көпүрө-Базар айылындагы оорукананын курулушунун жүрүшү менен таанышты

2024-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев иш сапары менен Талас облусуна келди. Иш сапардын алкагында министр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Марат Мураталиев менен бирге Көпүр-Базар айылындагы оорукананын жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Жаңы медициналык мекеменин курулушуна республикалык бюджеттен 98 миллион сом бөлүнгөн. Курулуш иштери 2024-жылдын июнь айында башталып, бүтүрүү кийинки жылга пландаштырылган. Жаңы ооруканада төрөт бөлүмү жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жайгашып, айыл тургундарына жана жакын жайгашкан калктуу конуштардын жашоочуларына керектүү медициналык жардамды алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.

Саламаттыкты сактоо министри белгилегендей, курулуш иштери аяктагандан кийин оорукана бардык керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздалат. «Алыскы калктуу конуштарда медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүнүн маанилүүлүгүн эске алып, төрөт бөлүмү төрөт учурундагы аялдарга жана кош бойлуу аялдарга сапаттуу жана жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтөт, ал эми калкка баштапкы деңгээлдеги бардык зарыл медициналык кызматтар көрсөтүлөт”, – деп баса белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Марат Мураталиев да республиканын алыскы аймактарына оорукана куруунун маанилүүлүгүн белгиледи: «Калктын саламаттыгына кам көрүү айылдардан башталышы керек».

04.10.2024
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги “Климат жумалыгынын” иш-чараларын колдойт жана БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык конвенциясынын 29-конференциясына катышууга даярдык көрүүдө

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2024-жылдын 7-11-октябрында өтө турган "Климат жумалыгынын" алкагында иш-чараларды активдүү колдойт. Негизги темаларга климаттык тобокелдиктердин саламаттыкка тийгизген таасирин баалоо, саламаттыкты сактоо тутумунун аялуу жактары жана климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо кирет.

Мындан тышкары, министрлик 2024-жылдын 11-22-ноябрында Азербайжандын Баку шаарында өтө турган БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын Тараптарынын 29-конференциясына катышууну пландап жатат. Кыргыз Республикасынын павильонунун алкагында 18-ноябрда адам капиталы, ден соолук, балдар, жаштар жана билим берүү темалары боюнча тематикалык сайт-ивенттер уюштурулат. Бул жолугушуулар саламаттыкты сактоо секторунун өзгөрүлүп жаткан климаттык шарттарга ылайыкташуу маанилүүлүгүн баса белгилеп, сектордун туруктуулугун жогорулатуу стратегияларын карап чыгууну көздөйт.

Климаттын өзгөрүшү калктын ден соолугуна кандай таасир этет?

Климаттын өзгөрүшү калктын ден соолугуна коркунуч жаратып, жугуштуу оорулардын жайылышын көбөйтөт, ичүүчү суунун сапатына жана азык-түлүк коопсуздугуна терс таасирин тийгизет, ошондой эле жүрөк-кан тамыр жана дем алуу органдарынын ооруларынын өсүшүнө шарт түзөт. Мындан тышкары, аялдар, балдар жана улгайган адамдар аялуу калк топтору экенин белгилей кеткибиз келет.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жооп чаралары:

1.       Саламаттыкты сактоо министрлиги климаттык коркунучтарды байкап, саламаттыкты сактоо системасы үчүн улуттук адаптациялык планды иштеп чыгууда.

2.       Калкты климаттын өзгөрүшүнүн ден соолукка тийгизген таасири жана анын таасирин азайтуу жолдору тууралуу маалымдоо программалары иштелип чыгууда.

3.       Өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен активдүү кызматташып, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо программаларын ишке киргизүүдө.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги бардык жарандардын ден соолугун коргоо үчүн гендердик жана инклюзивдик аспекттерди эске алуу менен саламаттыкты сактоо тутумунун климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулугун күчтөндүрүүнү улантууда. Коомчулукту тартуу жана эл аралык кызматташуу ийгиликтүү адаптациялоо үчүн маанилүү кадамдар болуп саналат.