Copyright: ©
Кызамык менен ооругандардын 81% эмдөө албагандар
07.07.2023 / Просмотров: 3172
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Улуу Британия, Австрия, Түркия, Сербия, Армения, Тажикстан, Россия Федерациясы, Казакстан сыяктуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европалык регионунун 17ден ашык өлкөлөрүндө кызамык оорусунун көбөйүшүн эске алуу менен, өз убагындагы кызамыкка каршы эмдөөнүн маанилүүлүгүн эскертет.
COVID-19 пандемиясынын учурунда профилактикалык эмдөө менен камтуунун төмөндөшү дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргызстанда оорунун өсүшүндө негизги ролду ойноду.
Быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда кызамык оорусуна чалдыккандардын саны 1001ге жетти. Белгилей кетсек, ооругандардын көбү (81%) кызамыкка каршы эмдөөдөн өткөн эмес. Эмдөөдөн өтпөгөн топтун 29%нын жаш курагы (6 жана 8 ай) жетишсиз болгондуктан эмдөөдөн өтүшкөн эмес, 33%ы эмдөөдөн баш тартышкан, 8%ы медициналык себептерден, 1,3%ы миграциялык факторлордун таасиринен улам эмдөөдөн өтүшкөн эмес жана 10 %ынын эмдөө статусу белгисиз.
Кызамык оорусун аймактар боюнча каттоо: Ош облусу - 394 учур, Ош шаары - 207 учур, Бишкек шаары - 135 учур, Баткен облусу - 67 учур, Жалал-Абад облусу - 55 учур, Чүй облусу - 44 учур, Талас облусу - 55 учур жана Ысык-Көл облусу - 44 учур. Бойго жеткен калктын арасында илдеттин катталышы бирин-серин.
Кызамыкка жана кызамыкка каршы профилактикалык эмдөө Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөө графигине ылайык жүргүзүлөт. Кызамыкка каршы эмдөө балдарга 1 жашында (12 ай), ал эми кайталап эмдөө 6 жашында жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө кызамык оорусунун жайылышын алдын алуу үчүн бардык чараларды көрүп жатат. Учурда республиканын аймагында оорунун очогун аныктоо, андан ары жайылышын алдын алуу боюнча жана эпидемияга каршы иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетчү нерсе, кызамыктын атайын дарылоосу жок, бирок эмдөө менен ооруну алдын алууга болот. Эмдөө кызамыктын жайылышын алдын алуунун жана калктын саламаттыгын сактоонун эң натыйжалуу жолдорунун бири.
Саламаттыкты сактоо министрлиги бардык ата-энелерди жана камкорчуларды балдарын кызамык жана кызылчага каршы эмдөөнүн зарылдыгына көңүл бурууга чакырат.
Эмдөө балдарды коркунучтуу оорулардан гана коргобостон, инфекциялардын жайылышын алдын алуу менен социалдык бакубаттуулукка да салым кошот.
«Эмдөө балдардын жана коомдун ден соолугун вакцина менен алдын ала турган инфекциялардан коргоонун маанилүү кадамы болуп саналат. Бардык жарандарды Кыргызстанда кызамык оорусунун жайылышын алдын алууга жардам берүүгө чакырабыз. Биз биргеликте балдарыбыз жана жалпы коом үчүн коопсуз жана сергек чөйрөнү түзө алабыз”, - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Г.Баатырова.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
07.07.2025
Некролог - Бурмайым Жолдошева
2025-жылдын 6-июлунда 83 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, жогорку категориядагы врач Жолдошева Бурмайым Жолдошевна дүйнөдөн кайтты. Ал өз өмүрүн жана кесиптик ишмердүүлүгүн өлкөбүздөгү стоматологиялык кызматты өнүктүрүүгө арнаган.
Жолдошева Бурмайым Жолдошевна 1942-жылдын 27-декабрында Ош облусунун Сузак районуна караштуу Михайловка айылында туулган. 1958-жылы Курган орто мектебин аяктап, ошол эле жылы Бишкек шаарындагы медициналык училищеге тапшырып, 1961-жылы ийгиликтүү аяктаган.
Эмгек жолун Сузак райондук ооруканада тиш дарыгери болуп баштап, кийинчерээк Бишкек шаарындагы №2 стоматологиялык поликлиникада уланткан. 1970-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун стоматология факультетин бүтүрүп, 40 жылдан ашуун убакыт Бишкек шаардык №3 стоматологиялык поликлиникасында терапия бөлүмүнүн башчысы, кийин дарыгер-стоматолог болуп үзгүлтүксүз иштеген.
Ал Ленинград, Москва жана Рига шаарларында квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүп, билимин жана тажрыйбасын дайыма өркүндөтүп келген.
Саламаттыкты сактоо тармагындагы эмгеги үчүн бир катар сыйлыктарга жана наамдарга ээ болгон:
• Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери
• Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасынын ээси
• «Саламаттык сактоонун отличниги» төш белгисинин ээси
• Пирогов атындагы алтын медалдын ээси
• Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук эл сотунун эл өкүлү
• Бишкек шаардык кеңешинин депутаты
• Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бир нече Ардак грамоталар, баалуу белектер менен сыйланган.
Анын ишмердүүлүгүн жогорку кесипкөйлүк, принципиалдуулук, бейтаптарга болгон камкор мамиле жана кесиптик этика мүнөздөчү.
Жолдошева Бурмайым Жолдошевнанын жаркын элеси, үзүрлүү эмгек жолу жана саламаттыкты сактоо тармагына кошкон эбегейсиз салымы кесиптештеринин, жакындарынын жана бейтаптарынын жүрөгүндө түбөлүк сакталат.
04.07.2025
Бишкекте 2025-жылдын мыкты тез жардам бригадасы тандалды
2025-жылдын 4-июлунда Бишкек шаардык медициналык тез жардам борборунда тез жардам бригадалары арасында кесиптик чеберчилик боюнча мелдеш болуп өттү. Иш-чара Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулуп, тез жардам кызматынын кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жана командалык духун жогорулатууга багытталган масштабдуу сынак форматында өткөрүлдү.
Мелдешке Борбордун түрдүү бөлүмдөрү: психоневрологиялык, педиатрия, реанимация жана кардиология бөлүмдөрү, ошондой эле №1, №2, №3, №4 жана №5 көмөкчордондорунун атынан тогуз команда катышты.
Сынак эки этапта өттү:
• Чыгармачылык этап, мында катышуучулар видеороликтерди, юмордук миниатюраларды жана тематикалык сценкаларды тартуулашты;
• Практикалык этап, анын жүрүшүндө катышуучулар телефон аркылуу чалууларды кабыл алып, тез жардам унаалары менен окуя болгон жерге тез арада барып, атайын даярдалган актёрлор «оорулууларга» кечиктирилгис жардам көрсөтүштү.
Практикалык бөлүгү реалдуу эмгек шарттарына мүмкүн болушунча жакын болду. Командалар төмөнкү сценарийлер боюнча көйгөйлөрдү чечиши керек болчу: анафилактикалык шок, бийиктиктен кулап кетүүдөн улам омуртка жаракаты, бала катышкан кырсык, көчөдө жүрөктүн капысынан токтоп калышы жана миокард инфаркты. Тапшырмалардын сапаты алдын ала бекитилген текшерүү баракчалары боюнча калыстар тобу тарабынан бааланды.
Сынактын жыйынтыгы боюнча байгелер төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:
• 🥇 1-орун - кардиологдор командасы (байге: 20 000 сом);
• 🥈 2-орун - №4 көмөкчордондун командасы (байге: 15 000 сом);
• 🥉 3-орун — №5 көмөкчордондун командасы (байге: 10 000 сом).
Бишкек шаардык медициналык тез жардам борборунун башкы дарыгери Искендер Шаяхметов кесиптик майрамды мындай форматта белгилөө биринчи жолу болуп жатканын белгиледи.
Ал башка өлкөлөрдүн "Тез жардам" бригадаларынын ортосунда өтүүчү эл аралык таймаштар — мисалы, Европалык оюндар — тууралуу айтып, Бишкек шаарынын командасын келечекте ошондой иш-чараларга алып чыгуу максаты бар экенин кошумчалады.
И. Шаяхметов бишкектик дарыгерлер быйыл сентябрда Казакстандын Атырау шаарында өтө турган "Тез жардам" бригадаларынын эл аралык мелдешине катышат деген үмүтүн билдирди.
04.07.2025
Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата кайрымдуулук фонддордун өкүлдөрү сыйланды
Бүгүн, 2025-жылдын 4-июлунда, Кыргыз Республикасынын Медицина кызматкеринин күнүнө карата саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана кесипкөйлүгү үчүн бир катар кайрымдуулук уюмдарынын өкүлдөрүнө Саламаттык сактоо министрлигинин ведомстволук сыйлыктары ыйгарылды.
Сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев тапшырып, өлкөдөгү медициналык жардамды жакшыртуу багытындагы көп жылдык колдоосу жана активдүү катышуусу үчүн терең ыраазычылык билдирди.
«Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери» төш белгиси менен төмөнкү кайрымдуулук уюмдарынын өкүлдөрү сыйланышты:
- Резаханова Зумрият Рамазановна — «Зита жана Гита Резахановдор» коомдук фондунун директору;
- Мальсагов Ибрагим Алиевич — «Ас-Сафа Борбору» коомдук бирикмесинин аткаруучу директору;
- Ли Чжонгже — «Милал жүрөк» коомдук фондунун президенти;
- Ли Сынгчжон — «Милал жүрөк» фондунун кызматкери;
- Чой Мин Геон — «Милал жүрөк» фондунун кызматкери.
Министр өз сөзүндө өкмөттүк эмес уюмдар жана фонддор менен натыйжалуу өнөктөштүк өлкөнүн саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойной турганын белгиледи: «Биз сиздердин чын ниеттен көрсөтүлгөн колдооңуздарды, демилгечилдигиңиздерди жана күнүмдүк ишиңиздер аркылуу медициналык жардамды элге жеткиликтүү жана натыйжалуу кылуудагы салымыңызды жогору баалайбыз», — деди Эркин Чечейбаев.
Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин Борбордук аппаратынын жана башка медициналык уюмдардын бир катар кызматкерлерине министрликтин жана башка мамлекеттик органдардын ведомстволук сыйлыктары жана ыраазычылык каттары тапшырылды.
Эске сала кетсек, быйыл Медицина кызматкерлеринин күнүнө карата республика боюнча 486 медицина кызматкери «Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери» төш белгисине, дагы 401 дарыгер жана медициналык кызматкер Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак грамотасына татыктуу болушкан.