Copyright: ©

Кыргыз Республикасындгы кызамык боюнча кырдаал

13.12.2023 / Просмотров: 3736

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 2023-жылдын башынан бери өлкөдө кызамыктын 5532 учуру катталды.

Аймактар боюнча бөлүштүрүлүшү: Бишкек шаарында – 1637, Ош шаарында – 377, Ош облусунда – 781, Баткен облусунда – 116, Чүй облусунда – 778, Жалал-Абад облусунда – 1591, Талас облусунда – 101, Ысык-Көл облусунда – 83, Нарын облусунда – 68 учур катталды.

Кызамык менен ооругандарды жаш курагына карап бөлүштүргөн талдоо балдар арасында вирус күч алып жатканын көрсөттү: 1 жашка чыга электер — 1 461 учур (26,4%), 1 жаштан 4 жашка чейинкилер — 2 421 учур (43,7%), 5 жаштан 9 жашка чейинкилер — 992 учур (17,9%), 10 жаштан 14 жашка чейинкилер — 222 учур (4,0%), 15 жаштан 19 жашка чейинкилер — 52 учур (0,9%), 20 жаштан 29 жашка чейинкилер — 228 учур (4,1%) жана 30 жаштан жогору адамдар арасында 156 учур катталды.

Эмдөө статусу боюнча алып караганда, оорулуулардын 87,3% же 4 832 бейтап – вакцина албагандар. 1 453 учурда бала жаш курагынан улам эмделбей калган (26,2%), 2195 баланын ата-энеси вакцинадан баш тарткан (39,6%), 177 учурга ички миграция себеп болсо (3,1%), 532 учурда медициналык көрсөтмөлөрдөн улам (9,6%) вакцина алган эмес. Ал эми 397 учурда (7,1%) эмдөө статусу белгисиз.

Кызамык вирусу өзгөчө Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Чүй облустарында жайылып жатат, мында вирус уюштурулган жамааттарда эмделбеген балдардын арасында жугууда. Башка облустарда да оору жайылып жатканы байкалууда.

Кызамык оорусун токтотуп калуу максатында кызамыкка жана кызылчага каршы “кууп жетүү” багытында эмдөө иштери жүрүп жатат. Иммунизациялоо кызамыкка-паротиттик кызылчага каршы вакцина менен пландуу эмдөөнүн алкагында жүргүзүлүүдө. Уюшкан жамааттардагы балдар арасында кызамык оорусунун көбөйүшүнө байланыштуу кызамык аныкталганда 72 сааттын ичинде бардык курактагы байланышта болгон адамдар чукул эмдөө алышат.

Урматтуу ата-энелер!

Кызамык өтүшүп кетсе, кесепеттери өтө оор болот. Вирус жукту деген шектенүү пайда болоор замат туура диагноз койдуруп, жакшы дарылануу үчүн чукул арада дарыгерге кайрылыш керек. Дарыгерди үйүңүзгө чакырыңыз! Эгерде дене табыңыз өтө жогору болсо, тез жардам кызматын чакырыңыз.

Ооруп калган балаңызды бала бакчага же мектепке жиберүүгө болбойт. Эл көп катышкан иш-чараларга, тойлорго, концерттерге, спорттук мелдештерге барууга да тыюу салынат. Ооруган адамдар жумушка чыкпашы керек.

Кызамыктын алдын алуунун эң натыйжалуу жолу – эмдөө. Балдарды коргоңуз, аларга 12 айга толгондо (КПК) жана 6 жашка чыкканда (КПК ревакцинациясы) вакцина алышын, ошондой эле 9 айдан 7 жашка чейин чейин кошумча эмдөө дозасын (ККВ) алышын камсыз кылыңыз. Вакцинаны акысыз ҮМБда/ҮДТда/ФАПта аласыз.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

10.05.2024
Жылуулук электр борборундагы авариядан жабыркагандар Курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо институтунда реабилитациясын улантышат

Бүгүн, 2024-жылдын 10-майында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тез жардам ооруканасына барып, комбустиологдор, пластикалык хирургдар жана травматологдор менен биргеликте ЖЭБде жабыркаган эки жабырлануучуга консилиум өткөрдү.

Консилиумдун жыйынтыгында бейтаптарды Кыргыз курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо илим-изилдөө институтуна которуу чечими кабыл алынды.

Министр бейтаптар Түркиянын Адана шаарындагы Шаардык илимий-изилдөө ооруканасынын күйүк бөлүмүндө үч айга жакын дарыланып келишкенин белгиледи. Жабырлануучуларга бир катар операциялар жасалды. Учурда бейтаптардын абалы туруктуу, бирок аларга алдыда реабилитация, андан кийин этаптуу реконструкциялоо операциялары талап кылынат.

Жабырлануучулар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровго алардын дарылануусуна көрсөткөн колдоосу үчүн терең ыраазычылыктарын билдиришти. Ошондой эле Адана клиникасынын бардык медициналык кызматкерлерине, Кыргызстандын Анталиядагы Башкы консулдугуна жана аларга жардам берген Түркиядагы бардык мекендештерге ыраазычылыктарын билдиришти.

Эскерте кетсек, жабыркагандар жакындары жана эки кыргызстандык дарыгердин коштоосунда 4-февралда президенттик ТУ-154 учагы менен Түркияга учуп кетишкен. Жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча бардык чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин жеке көзөмөлүндө болуп, жабыркагандарды Түркияга жеткирүү жана дарылоо үчүн каржылык каражаттар бөлүнгөн.

08.05.2024
КР Саламаттык сактоо министрлиги менен ЮНИСЕФтин өкүлдөрүнүн жолугушуусу: саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуунун артыкчылыктары

Бүгүн, 8-майда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде саламаттык сактоо министринин орун басарлары Медербек Исмаилов жана Айжамал Шамбетова ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КР Саламаттык сактоо министрлиги менен ЮНИСЕФтин ортосундагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Жолугушууда министрдин биринчи орун басары Медербек Исмаилов Самман Джунг Тапаны кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын ишмердигине ийгиликтерди каалап, ЮНИСЕФке Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал коомдук саламаттыкты сактоо Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин жана ЮНИСЕФ Кыргыз Республикасынын узак мөөнөттүү жана стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири экендигин баса белгиледи.

Өз кезегинде Самман Джунг Тапа ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү катары Балдардын укуктары жөнүндө конвенцияда белгиленген балдардын укуктарын коргоого, өнүктүрүүгө жана бакубат жашоого көмөктөшөөрүн белгиледи.

08.05.2024
Саламаттык сактоо министрлиги менен Кыргыз Республикасындагы “Чек арасыз дарыгерлер – Швейцария” уюму кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту

Бүгүн, 2024-жылдын 8-майында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде министр Алымкадыр Бейшеналиев менен Кыргыз Республикасындагы «Чек арасыз дарыгерлер – Швейцария» Өкүлчүлүгүнүн өлкөлүк директору менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда тараптар саламаттык сактоо тармагындагы биргелешкен долбоорлордун жүрүшүн талкуулашты, ошондой эле профилактикалык жана медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу, дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алуу үчүн медицина кызматкерлеринин потенциалын күчөтүү боюнча кызматташуу жөнүндөгү жаңы меморандумга кол коюшту.

КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2006-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасындагы «Чек арасыз дарыгерлер – Швейцария» гуманитардык миссиясы Кыргызстандын калкынын ден соолугун чыңдоого баа жеткис салым кошуп келе жатканын баса белгиледи.

Бул Меморандумдун алкагында тараптар төмөнкү багыттар боюнча алдын ала макулдашуулардын негизинде кызматташуу жана иш-чараларды биргелешип ишке ашыруу жөнүндө макулдашышты:

- өзгөчө кырдаалдар учурундагы даярдык жана чара көрүү;

- жугуштуу эмес оорулар;

- тиешелүү тармакта саламаттык сактоо органдарынын медициналык кызматкерлеринин потенциалын чыңдоо;

- биргелешкен тиешелүү профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү.