Кыргызстанда акыркы 15 жылда ымыркайлардын өлүмү 40 пайызга кыскарды

27.01.2022 / Просмотров: 917

Бирок республикада жыл сайын 2000ге жакын ымыркай 1 айга жетпей чарчап калат жана ымыркай өлүк төрөлгөн 1400дөн ашуун учур катталат. Республикада бир жашка толо элек балдардын өлүмүнүн 80 пайызга жакыны алар жарык дүйнөгө келгенден кийинки алгачкы 28 күнүндө болот, башкача айтканда, ымыркайларга туура келет.
 

БИШКЕК, 2022-жылдын 27-январы – КР Саламаттык сактоо министрлигинде ымыркайлардын алдын алууга мүмкүн болгон өлүмүн азайтуу жана аларга кам көрүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча жыйынтыктарды жана сунуштарды талкуулоого арналган тегерек стол өттү. Жолугушууда перинаталдык кызматтын жетекчилери жана адистери 6 пилоттук төрөт үйүндө жүргүзүлгөн перинаталдык аудит боюнча Экинчи Улуттук отчетту талкуулап, ымыркайлардын алдын алууга боло турган өлүм санын азайтуу үчүн сунуштамаларды иштеп чыгышты.

Бириккен Улуттар Уюмунун Ведомстволор аралык тобунун (мындан ары – БУУ ВАТ) маалыматтары балдар арасында өлүм көрсөткүчтөрүн кыскартууда олуттуу жылыш бар болгонун ырастап турат. 2020-жыл үчүн берилген маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 1990-жылдагы деңгээлге салыштырмалуу балдардын өлүмүнүн азайышы 73% түздү[1].

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, акыркы 15 жылда Кыргызстан жалпысынан ымыркайлардын арасында өлүм көрсөткүчтөрүн азайта алды (2004-жылдагы 19,0ден 2020-жылы 12,7ге чейин), муну менен катар жарык дүйнөгө келгенден кийин бир аптанын ичинде чарчап калган балдардын саны 40,0% төмөндөдү, өлүү төрөлгөндөр  32,6 пайызга азайды.

Бирок, мындай жылышка карабастан, республикада жыл сайын 2000ге жакын ымыркай 1 айга жетпей чарчап калат жана ымыркай өлүк төрөлгөн 1400дөн ашуун учур катталат[2] (глобалдык, дүйнөлүк деңгээлден алганда жыл сайын 2,4 млн. неонаталдык өлүм катталат жана 2,0 млн. бала өлүк төрөлөт). Кыргызстанда ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчү дагы эле жогору бойдон кала берүүдө: республикада бир жашка толо элек балдардын өлүмүнүн 80 пайызга жакыны алар жарык дүйнөгө келгенден кийинки алгачкы 28 күнүндө болот, башкача айтканда, ымыркайларга туура келет.

Мындай көрсөткүчтөрдүн себептерин түшүнүп, ушундай учурлардын алдын алуу максатында Саламаттык сактоо министрлиги “Эненин жана баланын саламаттыгын коргоо системасын чыңдоо” Долбоорунун алкагында Кыргызстанда 2018-жылдан бери Жашыруун перинаталдык аудитти (мындан ары – Перинаталдык аудит) киргизип келүүдө. Жапон Өкмөтү каржылаган бул Долбоор ЮНИСЕФтин колдоосу менен ишке ашырылууда.

Перинаталдык аудит – бул бардык деңгээлдеги перинаталдык жардамдын сапатына системалуу критикалык талдоо жасаган, ымыркайлар арасында өлүмдүн жана өлүү төрөлүүлөрдүн себептерине, бул өлүмдөр кайсы жерде жана эмне үчүн болгондугун, ошондой эле аларга кандай факторлор себеп экенин жана аларды канткенде болтурбай койсо болмоктугун талдаган аспап. Бул аспап саламаттык сактоо кызматкерлерине, программалардын жетекчилерине, саясатты иштеп чыккан аткаминерлерге жана саясатчыларга жаңы өлүмдөрдүн алдын алып, ата-эненин кайгыга батуусуна жол бербей, ымыркайларга кам көрүүнүн сапатын жакшыртууга жардам берет.

Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилери жана башка адистер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга калктын ден соолугун коргоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү программасынын алкагында Кыргызстанда ымыркайлардын ден соолугун коргоого байланыштуу абалды жакшыртуучу чараларды жана чечимдерди талкуулашты.

Талкууну КР Саламаттык сактоо министрлиги ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн (ЮНИСЕФ) техникалык колдоосу менен Жапон Өкмөтү каржылаган “Эненин жана баланын саламаттыгын коргоо системасын чыңдоо” долбоорунун алкагында уюштурду. Перинаталдык аудит боюнча Биринчи Улуттук отчет 2019-жылы күзүндө талкууланган, сөз болгон аспапты киргизүүнү уланта берүү ушул отчеттун негизги сунушу болгон.

 

 

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

05.05.2024
НЕКРОЛОГ

Баткен облустук ооруканасынын ара жана патология менен төрөлгөн балдар бөлүмүнүн башчысы, жогорку категориядагы неонатолог дарыгер Мастура Курбанова мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Курбанова Мастура Нарзиевна 1964-жылы 9-мартта Таджик Республикасынын Ленинабад областынын, Исфара районунун, Шахран айылында төрөлгөн. 1988-1989-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда 1 жылдык интернатурасын аяктап “Педиатрия” адистигине ээ болгон. 2002-2003-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана адистикти жогорулатуу институтунда 1 жылдык клиникалык интернатурасын аяктап “Үй-бүлөлүк дарыгер” адистигин алган.
Курбанова Мастура Нарзиевна өз эмгек жолун 1989-жылы Ош областына караштуу Лейлек райондук борборлоштурулган ооруканасынын балдар консультация бөлүмүндө педиатр дарыгери болуп иштөө менен баштаган. 


Ошол эле 1989-жылы Ленинабад областынын, Исфара райондук борборлоштурулган ооруканасында педиатр дарыгери болуп иштеген. 
1990-жылдан баштап Баткен райондук борборлоштурулган ооруканасында педиатр дарыгери болуп иштеген. 
1992-жылдын 2-сентябрь айында Лейлек райондук борборлоштурулган ооруканасынын СВА Коммунизм бөлүгүндө педиатр дарыгери болуп иштеген. 
1993-жылы Ош областына караштуу Сүлүктү шаардык ооруканасынын балдар консультация бөлүмүндө педиатр болуп иштеген. 
2002-жылы Сүлүктү шаарында Үй-бүлөлүк медицина тобунда педиатр болуп иштей баштаган. 2003-жылы №4 Баткен областтык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна клиникалык жетекчиси болуп дайындалган. 
2013-жылы Баткен областтык үй-бүлөлүк медицина борборунун №3 Кызыл-Жол Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна үй-бүлөлүк дарыгери болуп которулган. 
2014-жылдан тартып, Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын ара жана патология менен төрөлгөн балдар бөлүмүнө неонатолог дарыгери болуп иштеген. 
2015-жылы Ара жана патология менен төрөлгөн балдар бөлүмүнүн башчысы болуп, дайындалып бүгүнкү күнгө чейин үзүрлүү эмгектенип келди. 
2019-жылы Баткен облустынын башкы неонатологу болуп дайындалган. 

Медицина тармагына 35 жылдык өмүрүн арнаган Мастура Нарзиевна облустун саламаттык сактоо тармагындагы реформаларга көңүл буруу менен мамлекеттик жана улуттук программаларды ишке ашырууда алгылыктуу кадамдарды жасаган. 


Коомдук иштерге активдүү катышуу менен, жогорку категориядагы неонатолог дарыгери катары жаңыдан иш баштаган кесиптештерине медицина тармагында тең келгис кеңешчи, өзүнүн эмгек жолунда билимин жана тажрыйбасын такай жаш неонатолог дарыгерин даярдоого жумшап, “Насаатчылык» иш-чараларын алгылыктуу алып барган. Мындан тышкары, ата-энелеринен ажыраган жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ар тараптуу колдоо көрсөтүп келген. 


Өзүнүн иш билгичтиги, адамгерчиликтүүлүгү, уюштуруучулук касиеттери менен өз кесиптештери жана эл ичинде кадыр баркка ээ.


Алган сыйлыктары:
2005-жылы Баткен областтык Саламаттыкты сактоонун координаторунун “Ардак грамотасы”, 
2006-жылы “Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери” төш белгиси  
2017-жылы Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын “Ардак грамотасы”
2018-жылы Саламаттык сактоо министрлигинин “Ардак грамотасы”, 
2018-жылы КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Ардак грамотасы”
2021-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак грамотасы” менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин жана жалпы медицина коомчулугунун атынан Курбанова Мастура Нарзиевнанын жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

03.05.2024
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жабырлануучулардын абалы менен таанышты

 2024-жылдын 3-майдын таңына карата Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо уюмдарында ар кандай жаракаттарды алган 20 жабырлануучу дарыланууда.

Министр Сузак аймактык ооруканасында жана Октябрь райондук жалпы дарыгерлик практика борборунда болуп, балдардын абалы менен таанышты. Ал ошондой эле Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында реанимацияда оор абалда жаткан беш бейтаптын консультациясына катышты.

 

Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында 12 бала дарыланууда, алардын бешөө реанимацияда; Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында - 1, Сузак аймактык ооруканасында - 3, Октябрь ЖДПБда– 4 бала дарыланууда. Калган жабырлануучулардын абалы орточо оор деп бааланууда.

 

Саламаттык сактоо уюмдарында кандын жана анын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү запасы бар экенин белгилейбиз.

02.05.2024
Жабырлануучулардын абалы тууралуу маалымат

2024-жылдын 2-майында болжол менен саат 13:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда иш-чара учурунда жаш балдарды портер авто унаасы коюп кетип 29 бала жабыр тарткан. Жаштары 9-16 жаш. Азыркы учурда Жалал-Абад облустук балдар ооруканасына, реанимация бөлүмүндө - 7, алардын ичинен уч баланын абалы оор; Сузак аймактык ооруканасына - 3 бала, Октябрь Жалпы дарыгерлик практика борборуна - 8 бала жаткызылды. Абалдары орто оордукта. Калган 11 балага жеринен жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дапыланууга жөнөтүлгөн. 

Бул окуя министр, Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке көзөмөлүндө, тийиштүү бардык жетекчилерге сапаттуу медициналык жардам берүү, ошону менен бирге керектелүүчү дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылууну тапшырды.