USAID Кыргызстанга 15 млн сомдук медициналык жабдууларды берди

16.08.2022 / Просмотров: 1489

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасынын башкы ооруканаларына COVID-19 жана башка жугуштуу оорулардын жайылуусуна бөгөт коюу үчүн заманбап медициналык жабдууларды алып берди. Жабдууларды өткөрүп берүү аземи бүгүн, 16-августта Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурийла Шериевадын катышуусунда өттү.

КР Улуттук госпиталы бейтаптардын жогорку дем алуу жолдорунда диагностикалык жана дарылоо манипуляцияларын аткарууга мүмкүнчүлүк бере турган жогорку технологиялык мобилдик видеобронхоскопго ээ болду. Чүй областтык ооруканасы чектелген шарттарда диагностика жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бере турган мобилдик рентген-аппарат алды, ал эми Ош шаардык ооруканасына шейшептерди жана бейтаптардын буюм-тайымдарын тазалоо үчүн атайы дезинфекциялоочу камералар берилди. Жабдуулардын жалпы наркы 15 млн сомду (190 000 АКШ доллары) түзөт.

«Бул жабдуулар Кыргыз Республикасынын COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүсүнө колдоо көрсөтөт жана биздин өлкөбүздүн саламаттык сактоо системасын чыңдоого түрткү берет» -  деп айтты Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Нурийла Шериева.

Кыргыз Республикасындагы USAID миссиясынын директору Каи Адамстын айтымында, керектүү жабдууларды алып берүүгө жардам көрсөтүүдөн тышкары, USAID программалары ошондой эле медициналык кызматкерлерди керектүү билимдер жана көндүмдөр менен колдоого багытталган. «Биз Саламаттык сактоо министрлиги менен бүт өлкө боюнча жүздөгөн дарыгерлер, медайымдар жана башка кызматкерлердин компетенцияларын жана билимдерин жогорулатуу үчүн иштөөнү улантабыз», - деп белгиледи Адамс.

«Коронавирус чыккан учурдан тарта USAID Кыргыз Республикасына пандемия менен күрөшкө жардам берүү үчүн 10 млн.дон ашуун АКШ долларын берди.  Бул кычкылтек концентраторлору жана тестирлөө үчүн лабораториялык жабдуулар сыяктуу медициналык жабдууларга кеткен 1,4 млн АКШ долларын камтыйт.

Бул жардам USAID «Саламаттык сактоо системасынын туруктуулугун чыңдоо» (LHSS) долбоорунун алкагында берилип жатат.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

08.05.2024
КР Саламаттык сактоо министрлиги менен ЮНИСЕФтин өкүлдөрүнүн жолугушуусу: саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуунун артыкчылыктары

Бүгүн, 8-майда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде саламаттык сактоо министринин орун басарлары Медербек Исмаилов жана Айжамал Шамбетова ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КР Саламаттык сактоо министрлиги менен ЮНИСЕФтин ортосундагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Жолугушууда министрдин биринчи орун басары Медербек Исмаилов Самман Джунг Тапаны кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын ишмердигине ийгиликтерди каалап, ЮНИСЕФке Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал коомдук саламаттыкты сактоо Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин жана ЮНИСЕФ Кыргыз Республикасынын узак мөөнөттүү жана стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири экендигин баса белгиледи.

Өз кезегинде Самман Джунг Тапа ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү катары Балдардын укуктары жөнүндө конвенцияда белгиленген балдардын укуктарын коргоого, өнүктүрүүгө жана бакубат жашоого көмөктөшөөрүн белгиледи.

08.05.2024
Ысык-Көл районунун Темировка айылында жаңы ФАП пайда болот

Бүгүн, 2024-жылдын 8-майында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Гүлкан Молдобекова, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев менен бирге Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Темировка айылында фельдшердик-акушердик пункттун жаңы имаратынын курулушуна капсула салды.

ФАПтын имаратынын курулушу “Ас-Сафа” ККФнын каржылык колдоосу менен башталган. Керектүү медициналык жабдуулар жана эмеректер менен камсыздалган ФАПтын жаңы имаратын үстүбүздөгү жылдын август айында пайдаланууга берүү пландалууда.

Министр Фонддун саламаттык сактоо тармагына ар тараптуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

08.05.2024
Саламаттык сактоо министрлиги менен Кыргыз Республикасындагы “Чек арасыз дарыгерлер – Швейцария” уюму кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту

Бүгүн, 2024-жылдын 8-майында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде министр Алымкадыр Бейшеналиев менен Кыргыз Республикасындагы «Чек арасыз дарыгерлер – Швейцария» Өкүлчүлүгүнүн өлкөлүк директору менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда тараптар саламаттык сактоо тармагындагы биргелешкен долбоорлордун жүрүшүн талкуулашты, ошондой эле профилактикалык жана медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу, дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алуу үчүн медицина кызматкерлеринин потенциалын күчөтүү боюнча кызматташуу жөнүндөгү жаңы меморандумга кол коюшту.

КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2006-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасындагы «Чек арасыз дарыгерлер – Швейцария» гуманитардык миссиясы Кыргызстандын калкынын ден соолугун чыңдоого баа жеткис салым кошуп келе жатканын баса белгиледи.

Бул Меморандумдун алкагында тараптар төмөнкү багыттар боюнча алдын ала макулдашуулардын негизинде кызматташуу жана иш-чараларды биргелешип ишке ашыруу жөнүндө макулдашышты:

- өзгөчө кырдаалдар учурундагы даярдык жана чара көрүү;

- жугуштуу эмес оорулар;

- тиешелүү тармакта саламаттык сактоо органдарынын медициналык кызматкерлеринин потенциалын чыңдоо;

- биргелешкен тиешелүү профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү.