Copyright: ©

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын стерилизация бөлүмү жана медициналык калдыктарды зыянсыздандыруу пункту Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен «COVID-19га ыкчам чара көрүү» долбоорунун алкагында оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

13.12.2023 / Просмотров: 3588

“COVD-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын (ООБКО) стерилизация бөлүмүндө жана медициналык калдыктарды зыянсыздандыруу пунктунда (МКЗП) оңдоо иштери аяктады.

Ички жасалгалоо иштери аяктады, анын ичинде терезелер жана эшиктер алмаштырылды. Медициналык аспаптарды стерилизациялоодо жана медициналык калдыктарды зыянсыздандырууда абаны натыйжалуу желдетүү үчүн жаңы желдетүү системасы орнотулду. Канализация жана суу түтүктөрү, жылытуу батареялары, сантүйүндөрү алмаштырылды. Мындан тышкары, жаңы электр менен камсыздоо системасы орнотулду.

Жумалиев Атабек Каныбекович, ООБКОнун директору: «Оорукана ишке киргенден бери стерилизация бөлүмү жана медициналык калдыктарды зыянсыздандыруу пункту биринчи жолу ушундай сапаттуу капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун аркасында биз пунктубузду керектүү нерселердин баары менен жабдып алдык. Бүгүнкү күндө ал бардык санитардык талаптарга жооп берет, бул медицина кызматкерлеринин ишинин жана калкты тейлөөнүн сапатын жогорулатат».

Долбоордун максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тиешелүү профилактикалык иш-чараларды камсыз кылуу, дары-дармектерди, керектелүүчү материалдарды жана медициналык жабдууларды сатып алуу, ошондой эле саламаттыкты сактоо уюмдарындагы шарттарды жакшыртуу аркылуу COVID-19 пандемиясына каршы аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн күчөтүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

 

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

11.05.2024
Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк медайымдардын күнү белгиленди

Бүгүн, 2024-жылдын 11-майында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жыл сайын 12-майда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк медайымдардын күнүнө карата майрамдык салтанат өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Винера Раимбачаева жана Айбек Маткеримовдун, саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин катышуусунда өттү.

Быйылкы жылы майрамдын урматына республика боюнча 95 адис «Саламаттык сактоонун ардактатуу кызматкери» төш ​​белгиси, 21 адис Ардак грамота менен сыйланды. Мындан тышкары, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан саламаттыкты сактоо тармагына кошкон салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө калкка медициналык жардам көрсөтүү процессинде медайымдардын ролунун маанилүүлүгүн белгиледи. «Бүткүл дүйнөдө медайым дарылоо процессинде дарыгердин тең укуктуу өнөктөшү болуп саналат. Саламаттыкты сактоо тармагындагы реформаларды жигердүү ишке ашыруунун негизинде билимди жогорулатуу жана илимге жол ачуу максатында бакалавр даражасы киргизилди. Ага ылайык медайымдын функцияларына көз караш өзгөрдү. Эгерде мурда оорулууларга камкордук берүүгө басым жасалса, азыр медайым башка медициналык адистер менен бирге алардын өнөктөшү катары иш алып барып, өз алдынча  саламаттыкты сактоо тармагындагы изилдөөлөргө катышып, билимин жогорулатып заманбап дүйнөнүн чакырыктарына жооп бере турган адис катары иш алып барып жатат. Азыркы учурда биздин өкмөт тарабынан медициналык кызматкерлерди колдоо максатында ипотека аркылуу турак-жай менен камсыздандыруу, айлык маянаны көтөрүү боюнча чон иш чаралар жүргүзүлүп жатат”,-деди министр.

Медайымдар жана акушеркалар Кыргызстандагы кесипкөй медициналык кызматкерлердин жарымынан көбүн түзөт. Медайымдардын жана акушерлердин толук профессионалдык потенциалында иштөөсүнө шарт түзүү Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү, жалпы саламаттыкты камтууга жетишүү жана калктын учурдагы жана келечектеги ден соолук муктаждыктарын канааттандыруу үчүн маанилүү. Медайымдар өмүр бою адамдар менен иштешет, бул бейтаптар менен медициналык кызматкерлердин ортосундагы байланыштардын жалпы санынын 90% түзөт. Көп учурда бул адамдын медициналык тейлөө системасы менен болгон биринчи жана жалгыз байланышы, анткени өлкөбүздүн алыскы аймактарында медайымдар жана акушеркалар дарыгерлердин жетишсиздигинен өз алдынча медициналык кызмат көрсөтүшөт.

 

10.05.2024
Жылуулук электр борборундагы авариядан жабыркагандар Курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо институтунда реабилитациясын улантышат

Бүгүн, 2024-жылдын 10-майында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тез жардам ооруканасына барып, комбустиологдор, пластикалык хирургдар жана травматологдор менен биргеликте ЖЭБде жабыркаган эки жабырлануучуга консилиум өткөрдү.

Консилиумдун жыйынтыгында бейтаптарды Кыргыз курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо илим-изилдөө институтуна которуу чечими кабыл алынды.

Министр бейтаптар Түркиянын Адана шаарындагы Шаардык илимий-изилдөө ооруканасынын күйүк бөлүмүндө үч айга жакын дарыланып келишкенин белгиледи. Жабырлануучуларга бир катар операциялар жасалды. Учурда бейтаптардын абалы туруктуу, бирок аларга алдыда реабилитация, андан кийин этаптуу реконструкциялоо операциялары талап кылынат.

Жабырлануучулар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровго алардын дарылануусуна көрсөткөн колдоосу үчүн терең ыраазычылыктарын билдиришти. Ошондой эле Адана клиникасынын бардык медициналык кызматкерлерине, Кыргызстандын Анталиядагы Башкы консулдугуна жана аларга жардам берген Түркиядагы бардык мекендештерге ыраазычылыктарын билдиришти.

Эскерте кетсек, жабыркагандар жакындары жана эки кыргызстандык дарыгердин коштоосунда 4-февралда президенттик ТУ-154 учагы менен Түркияга учуп кетишкен. Жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча бардык чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин жеке көзөмөлүндө болуп, жабыркагандарды Түркияга жеткирүү жана дарылоо үчүн каржылык каражаттар бөлүнгөн.

10.05.2024
Бишкекте дагы бир мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы ачылды

Бүгүн, 2024-жылдын 10-майында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасынын ачылыш аземине катышты. Дагы бир мамлекеттик дарыкана Бишкек шаарындагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун Токтогул көчөсү, 250 дарегинде жайгашкан филиалында ачылды.

№1 ҮМБнын филиалы Мурас-Ордо жана Жеңиш конуштарынын тургундарын кошкондо 40 миңге жакын калкты тейлейт.

Министр белгилегендей, планга ылайык ушул жылдын аягына чейин мамлекеттик дарыкананын 100гө жакын филиалы учурда республика боюнча иштеп, аларда дары-дармектин 1500дөн 2000ге чейин түрү бар.