Бишкекте салык салуу тармагында потенциалды ден соолук кызыкчылыгы үчүн жогорулатуу боюнча семинар өтүүдө

17.05.2022 / Просмотров: 1345

Бүгүн, 17-май, 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Назира Артыкова жана КР саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматулаевдин катышуусунда салык салуу тармагындагы потенциалды саламаттыкты сактоо кызыкчылыгы үчүн жогорулатуу боюнча  семинар-тренингин өткөрүүдө.

Ошондой эле бул семинар-тренингге эл аралык уюмдардын, министрликтердин жана ведомстволордун, мамлекеттик органдардын жана бизнестин өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, жыл сайын 40 миллиондон ашык адам жугуштуу эмес оорулардан каза болот. Жугуштуу эмес оорулардан каза болгондордун 80%дан ашыгы оорулардын төрт тобуна байланыштуу: жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, дем алуу органдарынын оорулары жана калктын ден соолугунун көйгөйү болгон кант диабети.

Башка өлкөлөрдөн келген эксперттер Кыргыз Республикасындагы жугуштуу эмес ооруларды азайтуу жана калктын саламаттыгын сактоо боюнча башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы тууралуу маалымат менен бөлүшүштү.

Бул жолугушуунун негизги максаты ден-соолукка жана экономикага бул эбегейсиз оор жүктү азайтуу, алкоголдук ичимдиктер, тамеки жана канттуу суусундуктар сыяктуу ден соолукка зыяндуу азыктарга салыктарды киргизүү жана жогорулатуу боюнча эң үнөмдүү чаралардын бирин киргизүү аркылуу жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу болуп саналат.  Бул "Ден соолук үчүн салык салуу" идеясы ден соолукка терс таасирин тийгизген азыктарды керектөөнү кыскартуу, ошону менен ден соолукка кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү терс таасирин азайтуу.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

04.12.2024
Чүй облусундагы мурдагы оорукананын имараты мамлекетке кайтарылып, облустук төрөт үйү болот

Бүгүн, 2024-жылдын 4-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев иш сапары менен Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылына барды. Иш сапарынын жүрүшүндө ал мурда жеке адамдар тарабынан менчиктештирилип, бирок жакында мамлекеттин менчигине кайтарылган мурдагы оорукананын имаратынын абалы менен таанышты.

Административдик-аймактык реформанын алкагында Чүй төрөт үйүнүн имараты Бишкек шаарынын карамагына өтүп, Чүй облусунда тобокелдик тобуна кирген аялдарга акушердик жардам көрсөтүү үчүн Чүй облусунун аймагында жаңы медициналык мекемени уюштуруу зарылчылыгы келип чыккан. Министр кайтарылган имараттын базасында 100 орундуу заманбап Чүй облустук төрөт үйүн түзүү боюнча иштерди баштоону тапшырды.

Саламаттык сактоо министри облустун координатору Алмаз Назарбековго имаратты капиталдык оңдоого кеткен чыгымдарды эсептеп, керектүү медициналык жабдуулардын тизмесин түзүп, Саламаттык сактоо министрлигине долбоорду каржылоону камсыздоо боюнча сунуштарды даярдоону тапшырды.

04.12.2024
Шаардык тез жардам балдар ооруканасында кичинекей бейтаптар жана алардын ата-энелери үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү

Бүгүн, 2024-жылдын 4-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Шаардык балдар клиникалык тез медициналык жардам ооруканасына барды. Анда министр бөлүмдөрдү кыдырып, кызматкерлер менен баарлашып, бейтаптардын жана алардын ата-энелеринин жашоо шартын жакшыртууга багытталган чаралар менен таанышты.

Министр соматикалык имараттын кабыл алуу бөлүмүндөгү жаңы күтүү залына өзгөчө көңүл бурду. Аны кеңейтүүгө республикалык бюджеттен 18 миллион сом бөлүнгөн. Мындай чечимди былтыркы кырдаал, КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык сезондун кызуу маалында бейтаптардын агымы абдан көп болгондуктан, аларга сыртка чатыр тигип берүүгө аргасыз болгон.

Аянты 240 чарчы метр болгон жаңы күтүү залы бардык керектүү жабдыктар менен жабдылган. Эми балдарын коштоп жүргөн ата-энелер кезекти ыңгайлуу шарттарда күтө алышат.

«Саламаттык сактоо министрлиги медициналык мекемелерде ыңгайлуу жана заманбап инфраструктураны түзүү боюнча ырааттуу иш алып барууда. Биз бейтаптарга жана медициналык кызматкерлерге сапаттуу жана өз убагында жардам көрсөтүү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүүгө аракет кылабыз», - деди Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Оорукананын башкы дарыгери Акылбек Маманов министрге ооруканага күнүнө 300-350дөй бейтап келип жатканын билдирди. Тез жардам бөлүмү күчөтүлгөн режимде иштеп, 25 дарыгер, анын ичинде педиатрлар, хирургдар, травматологдор жана реаниматологдор күнү-түнү иштешүүдө.

«Бейтаптардын көп агымы инфраструктураны модернизациялоону талап кылат. Саламаттык сактоо министрлигинин демилгеси менен быйыл кабыл алуу бөлүмүнүн кошумча имараты курулуп, жабдылып, биздин бейтаптар үчүн шарттар бир топ жакшырды», - деди Акылбек Маманов.

03.12.2024
Улуттук онкология жана гематология борборуна жаңы директор дайындалды

Бүгүн, 2024-жылдын 3-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук онкология жана гематология борборунун жамаатына борбордун жаңы директору Букуев Нурбек Медетбековичти тааныштырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө министр борборду онкологиялык жана гематологиялык ооруларды дарылоого адистешкен өлкөдөгү негизги медициналык мекемелердин бири катары мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Алымкадыр Бейшеналиев Нурбек Медетбековичтин жетекчилиги астында борбордун позициясы бекемдеп, дарылоонун алдыңкы ыкмаларын киргизип, бейтаптарга жогорку деңгээлдеги медициналык жардам көрсөтүлөөрүнө ишеним билдирди.