КР Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова «РЖД Медицина» медициналык мекемелер тармагынын жетекчиси менен жолугушуу өткөрдү

24.03.2023 / Просмотров: 1038

2023-жылдын 23-мартында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова «РЖД Медицина» медициналык мекемелер тармагынын жетекчиси менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу Санкт-Петербург шаарында 23-24-мартта өтүп жаткан «Дени сак коом» форумунун алкагында уюштурулуп, анда баштапкы звенону модернизациялоо, медициналык кадрларды даярдоо, тармакты санариптик трансформациялоо, медициналык кызматтарды экспорттоо ж.б. маселелер талкууланууда. 

«РЖД Медицина» тармагынын жетекчиси Елена Жидкова медициналык мекемелер тармагынын потенциалы тууралуу маалымат менен бөлүштү. Ал белгилегендей, алардын тармагы көчмө медициналык комплекстерди өндүрүүдө лидер болуп саналат, жаңы стандарттык медициналык поезд жана санариптик чечимдер курулууда. 

КРнын Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова «РЖД Медицина» ишканасынын Кыргыз Республикасынын ушул сыяктуу уюмдары менен өнөктөштүгүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин мындан ары иштеп чыгуу үчүн РЖД медицинанын өкүлдөрүн Кыргызстанга чакырды.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

03.05.2024
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жабырлануучулардын абалы менен таанышты

 2024-жылдын 3-майдын таңына карата Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо уюмдарында ар кандай жаракаттарды алган 20 жабырлануучу дарыланууда.

Министр Сузак аймактык ооруканасында жана Октябрь райондук жалпы дарыгерлик практика борборунда болуп, балдардын абалы менен таанышты. Ал ошондой эле Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында реанимацияда оор абалда жаткан беш бейтаптын консультациясына катышты.

 

Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында 12 бала дарыланууда, алардын бешөө реанимацияда; Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында - 1, Сузак аймактык ооруканасында - 3, Октябрь ЖДПБда– 4 бала дарыланууда. Калган жабырлануучулардын абалы орточо оор деп бааланууда.

 

Саламаттык сактоо уюмдарында кандын жана анын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү запасы бар экенин белгилейбиз.

02.05.2024
Жабырлануучулардын абалы тууралуу маалымат

2024-жылдын 2-майында болжол менен саат 13:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда иш-чара учурунда жаш балдарды портер авто унаасы коюп кетип 29 бала жабыр тарткан. Жаштары 9-16 жаш. Азыркы учурда Жалал-Абад облустук балдар ооруканасына, реанимация бөлүмүндө - 7, алардын ичинен уч баланын абалы оор; Сузак аймактык ооруканасына - 3 бала, Октябрь Жалпы дарыгерлик практика борборуна - 8 бала жаткызылды. Абалдары орто оордукта. Калган 11 балага жеринен жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дапыланууга жөнөтүлгөн. 

Бул окуя министр, Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке көзөмөлүндө, тийиштүү бардык жетекчилерге сапаттуу медициналык жардам берүү, ошону менен бирге керектелүүчү дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылууну тапшырды.

 

30.04.2024
"Ички оорулар боюнча диалогдор" аталышындагы ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция

2024-жылдын 23-24-апрелинде И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында П.Е. Лукомский жана И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 85 жылдыгына арналган "Ички оорулар боюнча диалогдор" аталышындагы эл аралык ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

 

Иш-чара И.К.Ахунбаев атындагы КММА тарабынан Россиянын терапевттеринин илимий медициналык коому  менен биргеликте уюштурулган.

 

Конференцияга Россия, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан кардиология, ревматология, нефрология, гастроэнтерология, геронтология, эндокринология тармагындагы алдыңкы адистер  жана клиникалык фармакологдор катышты. Ошондой эле ар кандай медициналык университеттердин (Бишкек, Ош, Бухара, Шымкент) жаш изилдөөчүлөрү жана терапевттери баяндама жасашты.

 

Жаш терапевттердин сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, анын жыйынтыгында эң мыкты иштер үчүн Ардак грамоталар тапшырылды. Кошумчалай кетсек, ачылыш аземинде бир катар илимпоздор жана практик дарыгерлер Россиянын терапевттеринин илимий медициналык коомунун «Гравертон ыраазычылык» жана Ардак грамоталары менен сыйланышты.