Түрк медицинасынын 8-дүйнөлүк Конгресси

01.11.2022 / Просмотров: 883

2022-жылдын 30-31 октябрында Түрк Республикасынын Стамбул шаарында Түрк медицинасынын 8-дүйнөлүк Конгресси болуп өттү. Бул конгресске Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гулнара Баатырова жана саламаттык сактоо тармагындагы окумуштуулар катышты.
Конгрестин жүрүшүндө Глобалдык жеткирүү чынжырларында кызматташтыктын туруктуу моделдерин түзүү, саламаттык сактоодогу изилдөөлөр (вакциналар-дары-диагностика), санариптик трансформация жана жасалма интеллект, залалдуу шишиктер, сейрек кездешүүчү оорулар, геном жана анын келечеги, Түрк фармакопеясы жана аны колдонуу эрежелери боюнча илимий жолугуушулар болду.
Конгресстин алкагында 31-октярбда Түрк мамлекеттеринин саламаттык сактоо министрлеринин жолугушуусу орун алды. Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ортосунда тажрыйба алмашуу жана медициналык кадрларды даярдоо, "Биргелешкен ден соолук жумалыгын" уюштуруу, Түрк медицина дүйнөсү конгрессинин алкагында биргелешкен ден соолук бизнес форуму жана жарманкесин уюштуруу маселелери талкууланды.
Мүчө мамлекеттердин вакциналарды, дары-дармектерди, медициналык буюмдарды жана материалдык муктаждыктарын сатып алуунун, биргелешкен альтернативдүү өндүрүш механизмдерин иштеп чыгуу, биргелешкен өндүрүш мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө жана ата мекендик өндүрүштөрдү өз ара таануу маселелери түрк тарабынан демилгеленди, аталган демилге мүчө мамлекеттер тарабынан колдоого алынды.
2023-жылы өткөрүлө турган 9-Түрк медицина дүйнөсүнүн конгресси Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында өткөрүлө тургандыгы белгиленди.
Конгресстин алкагында Түркия, Казахстан, Өзбекстан  жана Азербайджан  Республикаларынын саламаттык сактоо министрлери менен эки тараптуу жолугушуулар орун алды.
Жыйынтыгында, Түрк медицина дүйнөсүнүн 8-дүйнөлүк конгрессинин жыйынтык декларациясы кабыл алынды.
Андан тышкары, "Медицинанын тарыхына жана жалпы мураска таазим" сыйлыгын тапшыруу аземи болуп, ага Турция мамлекетинин Президенти Реджеп Тайип Эрдоган катышты.
Сыйлык тапшыруу аземинде Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлери өз өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо кызматкерлеринин атынан Реджеп Тайип Эрдогандын колунан сыйлыктарды алышты.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

03.05.2024
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жабырлануучулардын абалы менен таанышты

 2024-жылдын 3-майдын таңына карата Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо уюмдарында ар кандай жаракаттарды алган 20 жабырлануучу дарыланууда.

Министр Сузак аймактык ооруканасында жана Октябрь райондук жалпы дарыгерлик практика борборунда болуп, балдардын абалы менен таанышты. Ал ошондой эле Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында реанимацияда оор абалда жаткан беш бейтаптын консультациясына катышты.

 

Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында 12 бала дарыланууда, алардын бешөө реанимацияда; Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында - 1, Сузак аймактык ооруканасында - 3, Октябрь ЖДПБда– 4 бала дарыланууда. Калган жабырлануучулардын абалы орточо оор деп бааланууда.

 

Саламаттык сактоо уюмдарында кандын жана анын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү запасы бар экенин белгилейбиз.

02.05.2024
Жабырлануучулардын абалы тууралуу маалымат

2024-жылдын 2-майында болжол менен саат 13:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда иш-чара учурунда жаш балдарды портер авто унаасы коюп кетип 29 бала жабыр тарткан. Жаштары 9-16 жаш. Азыркы учурда Жалал-Абад облустук балдар ооруканасына, реанимация бөлүмүндө - 7, алардын ичинен уч баланын абалы оор; Сузак аймактык ооруканасына - 3 бала, Октябрь Жалпы дарыгерлик практика борборуна - 8 бала жаткызылды. Абалдары орто оордукта. Калган 11 балага жеринен жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дапыланууга жөнөтүлгөн. 

Бул окуя министр, Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке көзөмөлүндө, тийиштүү бардык жетекчилерге сапаттуу медициналык жардам берүү, ошону менен бирге керектелүүчү дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылууну тапшырды.

 

30.04.2024
"Ички оорулар боюнча диалогдор" аталышындагы ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция

2024-жылдын 23-24-апрелинде И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында П.Е. Лукомский жана И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 85 жылдыгына арналган "Ички оорулар боюнча диалогдор" аталышындагы эл аралык ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

 

Иш-чара И.К.Ахунбаев атындагы КММА тарабынан Россиянын терапевттеринин илимий медициналык коому  менен биргеликте уюштурулган.

 

Конференцияга Россия, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан кардиология, ревматология, нефрология, гастроэнтерология, геронтология, эндокринология тармагындагы алдыңкы адистер  жана клиникалык фармакологдор катышты. Ошондой эле ар кандай медициналык университеттердин (Бишкек, Ош, Бухара, Шымкент) жаш изилдөөчүлөрү жана терапевттери баяндама жасашты.

 

Жаш терапевттердин сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, анын жыйынтыгында эң мыкты иштер үчүн Ардак грамоталар тапшырылды. Кошумчалай кетсек, ачылыш аземинде бир катар илимпоздор жана практик дарыгерлер Россиянын терапевттеринин илимий медициналык коомунун «Гравертон ыраазычылык» жана Ардак грамоталары менен сыйланышты.