Copyright: ©

Кыргызстан менен Түркиянын саламаттык сактоо министрлери кыргызстандыктар үчүн квоталарды жандантуу, дары-дармек менен камсыздоо жана кадрдык потенциалды жогорулатуу маселелерин талкуулашты

20.10.2023 / Просмотров: 3946

Ушул күндөрү Түркия Республикасынын Стамбул шаарында өтүп жаткан Түрк медицинасынын 9-конгрессинин алкагында, 20-октябрда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министри доктор Фахреттин Коджа менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер Кыргызстан менен Түркиянын саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташуусунун эң актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2020-жылы COVID-19 пандемиясынан улам убактылуу токтотулган түрк клиникаларында кыргызстандыктардын жогорку квалификациялуу медициналык жардам алуусу үчүн буга чейин берилип келген квоталарды жандандыруу маселесин көтөрдү. Кыргыз-Түрк “Достук” ооруканасынын кошумча имаратынын курулушун жүргүзүүгө азыркы учурда кыргыз тарабы даярдыктарды көрүп, ал эми түрк тарабы консультациялык жардам көрсөтүп, алдыңкы трансплантология бөлүмүн куруу боюнча тажрыйбасы менен бөлүшөөрү айтылды.

  Мындан тышкары, министр Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун берген тапшырмасына ылайык, Саламаттык сактоо министрлигинин астында «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы ачылып калкка дары-дармектерди түздөн-түз өндүрүш ишканаларынан арзан баада сатып алып жеткирүү боюнча иш жүрүп жатканын маалымдап,  Министрликтин бул багытта да тыгыз кызматташууга даяр экендигин белгиледи.

Талкуулардын жыйынтыгы боюнча Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Коджа түрк тарап оор дартка чалдыккан кыргызстандыктар үчүн квоталарды толугу менен жаңыртуу боюнча, ошондой эле түркиялык дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөргө жолугушууларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн караштыраарына ишендирди.

Ошондой эле, жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2018-жылдын 30-августундагы №303 Түркия Республикасында медицина жана медициналык адистиктер боюнча билим алып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, 20 дарыгер, андан тышкары медайымдар Түркия Республикасында билимин жогорулатууга бараары макулдашылды.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

20.05.2024
Саламаттык сактоо министри медициналык ЖОЖдордун ректорлору менен чет элдик студенттердин коопсуздугу жана ден соолугуна байланыштуу маселелерди талкуулады

Бүгүн, 2024-жылдын 20-майында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстандын медициналык жогорку окуу жайларынын ректорлору менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстандагы ЖОЖдордогу чет элдик студенттердин коопсуздугу, ден соолук жана билим алуу маселелери талкууланды.

Министр чет элдик студенттерди Кыргызстанда билим алууга тартуунун маанилүүлүгүн белгилеп, муну эл аралык билим берүү байланыштарын жана маданий алмашууну өнүктүрүү контекстинде негиздеди. Ал студенттер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү суранып, кырдаал бардык тиешелүү органдардын көзөмөлүндө экенине ишендирди. Ал ошондой эле ректорлорду ЖОЖдордун университеттик клиникаларында жаткан чет элдик жарандарга дарыланууга ар тараптуу жардам көрсөтүүгө чакырды.

Медициналык жогорку окуу жайлардын ректорлору студенттерге сапаттуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана дарылоого кеткен чыгымдарды толук жабууга кепилдик берүү боюнча алар менен түшүндүрүү иштерин өткөрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Бул жолугушуу окуу жайлар менен эл аралык студенттердин ортосундагы ишенимди бекемдөөгө, ошондой эле университет чөйрөсүндөгү медициналык тейлөө стандарттарын жакшыртууга багытталган.

 

Маалымат үчүн: Азыркы учурда 5 чет элдик жаран стационардык дарылануудан өтүүдө. Тез жардам ооруканасында - 2, Улуттук госпиталда - 1, Аманат клиникасында – 2. Жабырлануучулардын абалы туруктуу. 

8 бейтап Эл аралык медициналык универститетинин клиникасынан канааттандырарлык абалда амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

19.05.2024
19-май - Бүткүл дүйнөлүк үй-бүлөлүк дарыгерлер күнү

Ар жылы 19-майда Бүткүл дүйнөлүк үй-бүлөлүк дарыгерлер күнү белгиленет.

 

Бул күнү биз үй-бүлөлүк дарыгерлердин күжүрмөн эмгегине жана бүткүл дүйнөдөгү саламаттыкты сактоо системасындагы ролуна таазим этебиз. Дүйнөлүк статистикага ылайык, бүгүнкү күндө өнүккөн өлкөлөрдө ден-соолукка байланыштуу бардык көйгөйлөрдүн 80% га чейин үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу стадиясында чечилет: ал биринчилерден болуп бейтаптын даттанууларын угуп, кайсы адиске кайрылуу керектигин чечет.

Сиздин эмгегиңиз улуттун саламаттыгына маанилүү салым кошууда. Анткени, үй-бүлөлүк дарыгердин кесиби асыл жана маанилүү, татаал жана жоопкерчиликтүү, чечим кабыл алуу жөндөмүн, өзүн өзү өркүндөтүүгө жана жаңы технологияларды өнүктүрүүгө умтулууну – адам өмүрү көз каранды болгон сапаттарды талап кылат.

Оорулуулардын жыргалчылыгы үчүн жан аябас эмгегиңиз үчүн рахмат. Сиздин жогорку кесипкөйлүгүңүз, сезимтал жүрөгүңүз жана алтын колдоруңуз ар дайым бейтаптарыңыздын ыраазычылыгына жана сүйүүсүнө бөлөнсүн!

Сиздерге ден соолук, келечекке ишеним, бакубатчылык жана медицинада жаңы ийгиликтерди каалайбыз!

18.05.2024
Бишкекте жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча VII эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө

Бүгүн, 2024-жылдын 18-майында, Бишкек шаарында маанилүү юбилей - академик Иса Коноевич Ахунбаев жасаган Борбордук Азиядагы алгачкы жүрөк операциясынын 65 жылдыгына арналган жыл сайын өтүүчү VII Эл аралык илимий-практикалык конференция ишин баштады.

Конференция Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуучуларга жана алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген конокторго амандашуу сөзү менен ачылды.

Министр өз сөзүндө көрүнүктүү академик, хирург жана таланттуу дарыгер – Иса Коноевич Ахунбаевге терең ыраазычылык билдирди, анын эмгеги аймактагы медицина тармагындагы көптөгөн жетишкендиктерге башат болгон. Бул конференция тажрыйба жана билим алмашууга гана мүмкүнчүлүк бербестен, биз кесиптештердин идеяларынан шыктанып, илимий жана практикалык билимибизди тереңдетип, адамдардын ден соолугун жана жашоосун жакшыртуу үчүн жаңы чечимдерди жана технологияларды издөөдө бириге турган жайга айланат.

Талкуунун негизги темалары жаңы технологияларды, дарылоо жана диагностикалык методдорду, ошондой эле келечекте медицинаны өнүктүрүүнүн перспективаларын камтыды.

Мындан тышкары 19-майда Ысык-Көлдө салттуу веложүрүш жана Тору-Айгыр айылындагы И.К. Ахунбаевдин эстелигине гүл коюу иш-чарасы болот.