Copyright: ©

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаров саламаттык сактоо тармагына 107 даана автотранспортту тапшыруу аземине катышты

08.12.2023 / Просмотров: 3872

«Бүгүнкү иш-чаранын себеби - экономикалык жана стратегиялык өнөктөшүбүз Россия Федерациясынын колдоосу менен «COVID-19 кесепеттерине ыкчам чара көрүү» долбоорунун алкагында жалпы суммасы 3 миллион доллар болгон 107 унааны тапшыруу. Белгилей кетсек, 3 жылдын ичинде 335 жаңы тез жардам унаалары, ошондой эле санитардык унаалар алынды. Албетте, элдин бакубаттуулугу, мамлекеттин экономикалык өнүгүүсү саламаттык сактоо системасынын туура уюштурулушунан көз каранды. Коронавирустук пандемия дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде биздин өлкөнүн саламаттык сактоо системасынын бардык алсыз жактарын көрсөттү. Ооруканаларыбыздын, поликлиникаларыбыздын материалдык-техникалык базасын жакшырта баштадык жана көптөгөн атайын жабдыктарды сатып алуудабыз», - деди Акылбек Жапаров.

Анын айтымында, жыл сайын сасык тумоо сыяктуу сезондук жана түрдүү вирустук инфекциялардан улам көптөгөн ооруканалар, анын ичинде балдар ооруканаларында да керебеттер жетишпей калууда. Бул жагдайда КР Министрлер Кабинетинин башчысы Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге өз убагында жана тийиштүү чараларды көрүү, жарандарды тейлөө жана квалификациялуу дарылоо үчүн медициналык бригадаларды же адистештирилген бөлүмдөрдү түзүү боюнча так тапшырмаларды койду.

«Өлкөнүн өнүгүшү үчүн Садыр Нургожоевич бүт күчүн, жан-дүйнөсүн жумшайт. Коркунучка карабай, өз өмүрүн тобокелге салып, Камчыбек Кыдыршаевич коррупция, кылмыштуулук жана уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүп келет. Санариптик жана технологиялык чечимдердин жана механизмдердин аркасында Министрлер Кабинети экономиканы жана бюджетти кесипкөйлүк менен көтөрүүдө. Бирок адам ооруп жатканда дарылоо жардам бербесе, анда бардык аракеттер текке кетет. Ошондуктан биздин дарыгерлер абалдын курчушуна жол бербеши керек. Бул сиздин түздөн-түз милдетиңиз экенин баса белгилегим келет, сиз жана сиздин команда муну чече алат деп ишенебиз. Урматтуу биздин медицина кызматкерлери, ар бир бейтапка эффективдүү жардам берүү үчүн сиздерге чың ден соолук жана жакшы маанай каалайм”,-деди Акылбек Жапаров.

Маалымат үчүн: Саламаттык сактоо министрлигине жалпы суммасы 3 000 000 долларга 47 даана тез жардам унаасы, 35 даана седан кузовдуу санитардык транспорт, 19 даана минивен кузовдуу транспорт, 4 даана сөөк ташуу үчүн адистештирилген транспорт жана 2 даана дезинфекциялоочу унаа алынды.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

13.05.2024
Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна Катардан медициналык топ келди

Үстүбүздөгү жылдын 10-майында Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна Катар мамлекетинен хирургдар тобу келген. Кол коюлган меморандумга ылайык, Катар Мамлекетинин Өкмөтү Кайрымдуулук жана Ислам иштери министрлиги аркылуу бардык зарыл финансылык чыгымдарды, анын ичинде кохлеардык имплант системасын камсыз кылуу, хирургиялык операциялар, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунан бир хирургду жана жардамчы медициналык кызматкерди окутууну өз мойнуна алат. Алар ошондой эле операциядан кийин балдардын реабилитациясы менен байланышкан чыгымдарды камтыйт.

11-майга карата 8 балага операция жасалды. Бул жолу мындай операциялар 2024-жылдын 18-майына чейин уланат.

Бул операциянын маңызы ички кулакка орнотулган импланттын ички бөлүгү өмүр бою калат. Сырткы бөлүгү - сүйлөө процессору - 5 жылда бир алмаштырылышы керек.

Белгилей кетсек, операциялар Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жасалат, анда угуусу начар балдарды диагностикалоо, хирургиялык кийлигишүү жана операциядан кийинки медициналык реабилитациялоо үчүн бардык керектүү жабдыктар бар жана кохлеардык имплантацияга балдарды тандоо үчүн комиссия жөнүндө бекитилген жобо бар (Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 17.02.2023-ж. № 153 буйругу).

Жалпысынан Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда буга чейин кохлеардык имплантация боюнча 167ден ашык балага операция жасалган.

13.05.2024
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда Кувейт мамлекетинен келген медициналык бригада акысыз операцияларды жасайт

2024-жылдын 12-майында Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна Кувейт мамлекетинен медициналык бригада келди. Конокторду министр Алымкадыр Бейшеналиев кабыл алды. Топтун курамында 18 дарыгер жана 10 орто медициналык кызматкер бар. Бригаданы профессор Хишан жетектейт. 13-майдан 16-майга чейин 4 күн аралыгында көрүү органдарынын, бет-жаак түзүлүшүнүн, табарсык-жыныс системасынын патологиясы бар балдарга операция жасашат. Медициналык бригада өздөрүнүн жабдуулары жана медициналык буюмдарын ала келген. Операциялар бекер болот.

11.05.2024
Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк медайымдардын күнү белгиленди

Бүгүн, 2024-жылдын 11-майында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жыл сайын 12-майда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк медайымдардын күнүнө карата майрамдык салтанат өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Винера Раимбачаева жана Айбек Маткеримовдун, саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин катышуусунда өттү.

Быйылкы жылы майрамдын урматына республика боюнча 95 адис «Саламаттык сактоонун ардактатуу кызматкери» төш ​​белгиси, 21 адис Ардак грамота менен сыйланды. Мындан тышкары, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан саламаттыкты сактоо тармагына кошкон салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө калкка медициналык жардам көрсөтүү процессинде медайымдардын ролунун маанилүүлүгүн белгиледи. «Бүткүл дүйнөдө медайым дарылоо процессинде дарыгердин тең укуктуу өнөктөшү болуп саналат. Саламаттыкты сактоо тармагындагы реформаларды жигердүү ишке ашыруунун негизинде билимди жогорулатуу жана илимге жол ачуу максатында бакалавр даражасы киргизилди. Ага ылайык медайымдын функцияларына көз караш өзгөрдү. Эгерде мурда оорулууларга камкордук берүүгө басым жасалса, азыр медайым башка медициналык адистер менен бирге алардын өнөктөшү катары иш алып барып, өз алдынча  саламаттыкты сактоо тармагындагы изилдөөлөргө катышып, билимин жогорулатып заманбап дүйнөнүн чакырыктарына жооп бере турган адис катары иш алып барып жатат. Азыркы учурда биздин өкмөт тарабынан медициналык кызматкерлерди колдоо максатында ипотека аркылуу турак-жай менен камсыздандыруу, айлык маянаны көтөрүү боюнча чон иш чаралар жүргүзүлүп жатат”,-деди министр.

Медайымдар жана акушеркалар Кыргызстандагы кесипкөй медициналык кызматкерлердин жарымынан көбүн түзөт. Медайымдардын жана акушерлердин толук профессионалдык потенциалында иштөөсүнө шарт түзүү Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү, жалпы саламаттыкты камтууга жетишүү жана калктын учурдагы жана келечектеги ден соолук муктаждыктарын канааттандыруу үчүн маанилүү. Медайымдар өмүр бою адамдар менен иштешет, бул бейтаптар менен медициналык кызматкерлердин ортосундагы байланыштардын жалпы санынын 90% түзөт. Көп учурда бул адамдын медициналык тейлөө системасы менен болгон биринчи жана жалгыз байланышы, анткени өлкөбүздүн алыскы аймактарында медайымдар жана акушеркалар дарыгерлердин жетишсиздигинен өз алдынча медициналык кызмат көрсөтүшөт.