Copyright: ©

Кыргызстанга кызамыктын чыгышына жооп катары иммунизация кампаниясы үчүн кызылча-кызамык вакцинасы келди

12.09.2023 / Просмотров: 1621

Бүгүн, 12-сентябрда Кыргызстанга Кызамык жана кызылча менен күрөшүү боюнча демилгеден кызылча-кызамык вакцинасынын 755 500 дозасы келди.

 

Вакциналарды өткөрүп берүү боюнча иш-чарага КР Саламаттык сактоо министрлиги, КРдагы БДСУ, ЮНИСЕФ жана УКАК өкүлдөрү катышты.

Кызылча-кызамык вакцинасы (ККВ) – бул кызамык жана кызылчага каршы тирүү лиофилизацияланган (кургак) аралаш вакцина, ал ийиндин мүрү булчуңуна тери астына куюуга гана арналган. Иммунизациядан кийинки мүмкүн болгон кыйыр көрүнүштөр - инъекция жасалган жердеги кызаруу жана ооруксунуу, ал 3 күндөн көп эмес убакыт ичинде өз алдынча өтүп кетет. 

Бул вакцина менен оорунун чыгышына жооп катары иммунизация жүргүзүүнүн алкагында 9 айдан баштап 7 жашка чейинки балдар эмделмекчи. Иммунизация убактылуу эмдөө пункттарында жүргүзүлөт, алар саламаттык сактоо уюмдарында жана билим берүү мекемелеринде уюштурулат. 

Кызамык вирусунун айлануусун азайтуу, оорунун чыгышын аныктоо жана анын андан ары жайылышына бөгөт коюу максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан БДСУ жана ЮНИСЕФтин колдоосу астында Кызамык жана кызылча менен күрөшүү боюнча демилгенин алкагында түзүлгөн, оорулардын чыгышына жооп берүү фондуна шашылыш өлкө өтүнмөсү даярдалган болчу. 

Кызамык жана кызылчага каршы кошумча иммунизациялоо кампаниясы 18- сентябрда Бишкек, Ош шаарларында, Чүй жана Ош областтарында башталат жана  29-сентябрга чейин уланат.  

Кызамык жана кызылчага каршы кампаниянын алкагында  ҮМБ, ҮДТ жана ФАПтын базасында, ошондой эле билим берүү мекемелеринде 750дөн ашык убактылуу эмдөө пункттары иштейт. Мындан тышкары медицина кызматкерлери жетүүгө кыйын болгон калктуу пункттарда жашап жаткан балдар үчүн жеринде барып эмдөө жүргүзүшөт. Кампаниянын алкагында бардыгы болуп мобилдүү 60 бригаданы аракетке келтирүү пландаштырылууда.

Башка областтардын саламаттык сактоо уюмдарында кызамык вирусунун айлануусун алдын алуу максатында 1 жаштагы жана 6 жаштагы балдар арасында кызамык-паротит-кызылчага (КПК) каршы вакцинаны пайдалануу менен кызамыкка каршы пландуу жана «ордун толуктоочу иммунизация» жүргүзүлөт. 

Кампания учурунда саламаттык сактоо уюмдарынын адистери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте жана аймактык жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу аркылуу максаттуу топко кирген балдардын ата-энелери, мектепке чейинки мекемелердин жана мектептеги билим берүүнүн жетекчилери менен кызамык жана кызылчага каршы эмдөөнүн зарылдыгы тууралуу маектешүүлөрдү өткөрүшмөкчү. 

 

***Маалымат: Жыл башынан бери кызамык менен 1982 адам ооруду, алардын 147си чоңдор жана 1835и балдар, балдардын ичинен  0 дөн 4 жашка чейинки 1454 бала катталган. Ооругандардын көпчүлүгү Ош областында (635 адам), Бишкек шаарында (485 адам), Ош шаарында (296 адам) катталган. Чүй (214 адам), Жалал-Абад (116 адам), Баткен областтарында (92 адам), Талас (77 адам), Ысык-Көл (60 адам) жана Нарын областтарында (7 адам) ооругандар азыраак. 

Кызамык – бул кооптуу жана абдан жугуштуу вирустук оору, ага каршы дары-дармек жок, ал эми бул оорудан болгон татаалдашуулар өлүмгө алып келиши мүмкүн. 

Профилактикалык эмдөө албаган балдар жана чоңдор тобокелчилик зонасында болушат. Оорудан эмдөө гана коргой алат. 

Урматтуу ата-энелер! Окуу жылынын башталышы менен балдардын арасындагы байланыштар жогорулайт, демек, кызамыкты жуктуруп алуу тобокелчилиги дагы өсүп жатат. Балдардын саламаттыгын сактоо үчүн аларды эмдетиңиздер!

 

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

14.05.2024
Калыбына келтирүү жана спорттук медицина борборунда спортчулар жогорку тактыктагы диагностикага мүмкүнчүлүк алышат

Бүгүн, 2024-жылдын 14-майында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Калыбына келтирүү жана спорттук медицина борборуна барып, жаңы санарип рентген-флюорографиялык аппаратты тапшыруу аземине катышты.

Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын үч жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков спортчулардын, дарыгерлердин жана машыктыруучулардын биргелешкен эмгеги мыкты жыйынтыктарга жетишүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүн баса белгиледи. Ал жаңы жабдуулар үчүн ыраазычылыгын билдирип, бул кадам кыргыз өкмөтүнүн спортчуларды заманбап медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу, алардын ден соолугун жана кесиптик жетишкендиктерин колдоого умтулуусун чагылдырарын белгиледи.

Министр спортчуларга медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин артыкчылыктуу багыты болуп саналарын белгиледи. Спорттук-реабилитациялык борбордун материалдык-техникалык базасы кыйла начар, бирок абалды жакшыртуу үчүн бардык чаралар көрүлүүдө: 2023-2024-жылдарга керектүү медициналык жабдууларды сатып алуунун сметалык планы түзүлгөн. Бүгүн рентген кабинетинин жабдылышына күбө болдук. Буга чейин апрель айында Бишкектеги Үй-бүлөлүк медицина борборлору жана бир катар аймактардын саламаттыкты сактоо уюмдары жаңы санарип рентгендик флюорографиялык аппараттарды алышкан. «Көптөгөн саламаттыкты сактоо уюмдары аналогдук флюоро-аппараттар үчүн пленкалар менен көйгөйлөргө туш болушчу. Бул көйгөйдү чечүү үчүн “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы аркылуу 24 аппарат түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн сатылып алынган. Сатып алууга бөлүнгөн 200 миллион сомдун 71 миллионун үнөмдөөгө жетиштик, бул каражат кошумча рентген аппараттарын сатып алууга жумшалат. Эми Реабилитациялык жана спорттук медицина борборунда спортчуларга флюорографиялык текшерүүдөн өтүү үчүн шарттар түзүлдү», - деди КРнын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

13.05.2024
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда Кувейт мамлекетинен келген медициналык бригада акысыз операцияларды жасайт

2024-жылдын 12-майында Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна Кувейт мамлекетинен медициналык бригада келди. Конокторду министр Алымкадыр Бейшеналиев кабыл алды. Топтун курамында 18 дарыгер жана 10 орто медициналык кызматкер бар. Бригаданы профессор Хишан жетектейт. 13-майдан 16-майга чейин 4 күн аралыгында көрүү органдарынын, бет-жаак түзүлүшүнүн, табарсык-жыныс системасынын патологиясы бар балдарга операция жасашат. Медициналык бригада өздөрүнүн жабдуулары жана медициналык буюмдарын ала келген. Операциялар бекер болот.

13.05.2024
Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна Катардан медициналык топ келди

Үстүбүздөгү жылдын 10-майында Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна Катар мамлекетинен хирургдар тобу келген. Кол коюлган меморандумга ылайык, Катар Мамлекетинин Өкмөтү Кайрымдуулук жана Ислам иштери министрлиги аркылуу бардык зарыл финансылык чыгымдарды, анын ичинде кохлеардык имплант системасын камсыз кылуу, хирургиялык операциялар, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунан бир хирургду жана жардамчы медициналык кызматкерди окутууну өз мойнуна алат. Алар ошондой эле операциядан кийин балдардын реабилитациясы менен байланышкан чыгымдарды камтыйт.

11-майга карата 8 балага операция жасалды. Бул жолу мындай операциялар 2024-жылдын 18-майына чейин уланат.

Бул операциянын маңызы ички кулакка орнотулган импланттын ички бөлүгү өмүр бою калат. Сырткы бөлүгү - сүйлөө процессору - 5 жылда бир алмаштырылышы керек.

Белгилей кетсек, операциялар Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жасалат, анда угуусу начар балдарды диагностикалоо, хирургиялык кийлигишүү жана операциядан кийинки медициналык реабилитациялоо үчүн бардык керектүү жабдыктар бар жана кохлеардык имплантацияга балдарды тандоо үчүн комиссия жөнүндө бекитилген жобо бар (Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 17.02.2023-ж. № 153 буйругу).

Жалпысынан Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда буга чейин кохлеардык имплантация боюнча 167ден ашык балага операция жасалган.