Copyright: ©

АКШ кургак учук менен күрөшүүнү колдоо үчүн 13 млн сомдук заманбап жабдууларды берди

13.07.2023 / Просмотров: 1328

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) аркасы менен Кыргызстандын кургак учукка каршы борборлорунда эки саатка жетпеген убакыттын ичинде кургак учукту табууга жөндөмдүү кыйла заманбап диагностикалык жабдуулар пайда болду. Кыргызстанда кургак учук менен күрөшүүнү күчөтүүгө багытталган USAIDдин «Кургак учукту айыктыруу» беш жылдык долбоорунун алкагында USAID кургак учуктун штаммын эки саатка жетпей аныктоого мүмкүндүк берген жана дарылоодо пайдаланылган маанилүү дары-дармектерге сезгичтикти аныктаган GeneXpert диагностикалык жабдуусун сатып берди.

Жалал-Абад, Нарын, Баткен, Талас жана Ысык-Көл облустарынын кургак учук менен күрөшүү борборлоруна жаңы 10-түстүү диагностиканын технологиясы менен GeneXpert беш платформасы жеткирилет. Бишкек шаардык кургак учукка каршы ооруканасында жана региондордогу баштапкы медициналык-санитардык мекемелерде адистештирилген комьютердик жабдуулар орнотулат.

Эми жаңы сатып алынган жабдуулардын натыйжасында бир нече жерде орнотулган 29 GeneXpert платформасы кургак учуктун молекулярдык диагностикасын тездетүүнүн жалпы улуттук жеткиликтүүлүгүн камсыз кылмакчы.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бубужан Арыкбаева жана USAIDдин Миссиясынын директорунун милдетин аткаруучу Эндрю Мейбрук бүгүн Бишкектеги Улуттук фтизиатрия борборунда болуп өткөн жабдууларды расмий тапшыруу аземине катышышты.

Министрдин орун басары Б. Арыкбаева Саламаттыкты сактоо министрлиги кургак учук менен күрөшүү боюнча улуттук чараларды күчөтүүнү улантарын жана Кыргызстанда адамга багытталган медициналык жардамды түзүүгө умтулуп жатканын белгиледи. «Кыргыз Республикасында кургак учук менен күрөшүүдө USAID негизги өнөктөштөрдүн бири болуп саналат. Берилген жабдуулар кургак учукка каршы кызматтын натыйжалуулугун жогорулатууга жана бейтапка кыйла багытталгандай болушуна жардам берет», - деп белгиледи министрдин орун басары.

 «Биргелешкен күч-аракеттин аркасында кургак учуктун жүгүн жана өлүмүн азайтууда олуттуу жылыштарга жетиштик. Бирок биздин максат – кургак учукту жоюу. USAID бул максатка жетүү үчүн Кыргыз Республикасы менен кызматташуууну уланта бермекчи», - дейт USAIDдин миссиясынын директорунун милдетин аткаруучу Эндрю Мейбрук.

Кыргызстанда кургак учуктун көптөгөн дарыга туруктуу оору деңгээли боюнча дүйнөдө жогорку орундардын биринде турат. Кургак учукту ийгиликтүү дарылоо үчүн мүмкүн болушунча дартты эрте аныктоо жана бейтаптарга дарылоонун алда канча натыйжалуу курсун белгилөө үчүн штаммын табуу маанилүү болуп саналат. Дарыга туруктуулукту табуу ыкмасы татаал лабораториялык инфратүзүмдү жана анализдерди жүргүзүү үчүн окутулган кызматкерлерди талап кылат.

###

USAID кургак учук менен күрөшүүдө Кыргызстан менен көптөн берки өнөктөш болуп саналат. Азыркы учурда JSI менен өнөктөштүктө «Кургак учукту айыктыруу» беш жылдык долбоорун ишке ашырууда. 20,2 млн. доллар өлчөмүндө инвестиция дартты аныктоонун, дарылоонун жана дарыларга туруктуу кургак учук менен ооруган бейтаптарды сакайтуунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Кыргызстандын Өкмөтүнүн күч-аракетин колдоого жумшалууда.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

18.05.2024
Бишкекте жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча VII эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө

Бүгүн, 2024-жылдын 18-майында, Бишкек шаарында маанилүү юбилей - академик Иса Коноевич Ахунбаев жасаган Борбордук Азиядагы алгачкы жүрөк операциясынын 65 жылдыгына арналган жыл сайын өтүүчү VII Эл аралык илимий-практикалык конференция ишин баштады.

Конференция Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуучуларга жана алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген конокторго амандашуу сөзү менен ачылды.

Министр өз сөзүндө көрүнүктүү академик, хирург жана таланттуу дарыгер – Иса Коноевич Ахунбаевге терең ыраазычылык билдирди, анын эмгеги аймактагы медицина тармагындагы көптөгөн жетишкендиктерге башат болгон. Бул конференция тажрыйба жана билим алмашууга гана мүмкүнчүлүк бербестен, биз кесиптештердин идеяларынан шыктанып, илимий жана практикалык билимибизди тереңдетип, адамдардын ден соолугун жана жашоосун жакшыртуу үчүн жаңы чечимдерди жана технологияларды издөөдө бириге турган жайга айланат.

Талкуунун негизги темалары жаңы технологияларды, дарылоо жана диагностикалык методдорду, ошондой эле келечекте медицинаны өнүктүрүүнүн перспективаларын камтыды.

Мындан тышкары 19-майда Ысык-Көлдө салттуу веложүрүш жана Тору-Айгыр айылындагы И.К. Ахунбаевдин эстелигине гүл коюу иш-чарасы болот.

18.05.2024
Бишкектеги окуяда жабыркагандар тууралуу маалымат

17-майдан 18-майга караган түнү тез жардам кызматына 29 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Алардын ичинен 15  адам Шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлдү.

18-майдын таңына карата Шаардык тез жардам ооруканасында эки бейтап дарыланууда. Диагнозу: баш мээнин жабык травмасы, мээнин чайкалышы. Бейтаптардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. Бир жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга кеткен.

12 жабырлануучу ар кандай жаракаттар менен Улуттук госпиталга жаткырылып, алардын 11и тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга чыгышты.

18-майда КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук госпиталдын Бет-жаак хирургиясы бөлүмүнө барып, жаак сөөгү сынган деген диагноз менен жаткырылган пакистандык жарандын ден соолугунун абалы менен таанышты. Бейтап операцияга даярдалып жатат: жаак сөөгүнүн сынган жерин ордуна келтирүү. Министр Улуттук госпиталдын жетекчилигине жабырлануучуга бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүүнү тапшырды.


 

 

18.05.2024
Бир катар саламаттык сактоо уюмдарына тез жардам унаалары тапшырылды

Бүгүн, 2024-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Ысык-Көл жана Чүй облусунун саламаттык сактоо уюмдарына тез жардам унааларын тапшыруу иш-чарасы болду. Автоунаалардын ачкычын КР саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тапшырды.

 Министр Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаров Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагына жети тез жардам унаасын өткөрүп бергенин, анын бири мурда Тамчы айылындагы тез жардам пунктуна, дагы үч унаа Балыкчыдагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна, Боом капчыгайындагы тез жардам пунктуна жана Ысык-Көл районунун Жалпы дарыгерлик практика борборуна тапшырылып жатканын билдирди.

«Бардык керектүү жабдыктар менен жабдылган тез медициналык жардам унааларынын тапшырылышы Ысык-Көл облусунун тургундарына жана конокторуна тез медициналык жардам көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жасалган олуттуу кадам болуп саналат. Саламаттык сактоо тармагына өзгөчө көңүл буруп, ар тараптуу колдоо көрсөтүп жаткан  Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго терең ыраазычылык билдиребиз», - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.