Алгачкы медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы
16.06.2022 / Просмотров: 1437
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өз ишин 2019-2030-жылдарга карата «Дени сак адам - өнүккөн өлкө» саламаттыкты сактоону өнүктүрүү программасынын алкагында жүргүзүүдө. Бул программанын артыкчылыктары болуп төмөнкүлөр саналат: баштапкы медициналык-санитардык жардамды (мындан ары - БМСЖ) жана калктын саламаттыгын жакшыртуу, саламаттыкты сактоо системасынын ар кандай элементтерин чыңдоо. Анын инструменттеринин бири - баштапкы медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы (ННП, натыйжаларга негизделген программа).
Саламаттыкты сактоо министрлигинде медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу боюнча бөлүм түзүлүп, ал Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ННП программасын ишке ашыруу боюнча 2022-жылга карата иш-чаралар планын ишке ашырууну камсыз кылуу максатында 2022-жылдын 25-нен 27- майга чейин мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын (Жалпы дарыгерлик практика борборлорунун) жетекчилери үчүн ННП программасын ишке ашыруунун максаттарын, милдеттерин жана механизмдерин түшүндүрүү боюнча көчмө семинар өткөрүлдү.
Тренингге Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын саламаттыкты сактоо уюмдарынын өкүлдөрү катышты. Саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери индикаторлордун аткарылышынын абалы, ЭССБнын пландары, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапаты боюнча бөлүмдүн иши, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун МКПнын методологиясын иштеп чыгуу, ММК КДП, медициналык кызматтардын классификаторлорун иштеп чыгуу, БМСЖ деңгээлинде төлөм механизмдерин кайра карап чыгуу боюнча маалымат алышты. Ошондой эле жетекчилерге КР Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө аныкталган каталар да айтылды.
Саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринен көптөгөн суроолор жана сунуштар айтылды. Бардык катышуучулар мындай жолугушуулар, талкуулар саламаттык сактоо системасындагы жалпы максаттарга жетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат деген тыянакка келишти.
ННП программасы учурда даректүү мамилени камсыз кылуу жана ийгиликке жетүү үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүккө жетүүгө бүтүндөй саламаттыкты сактоо секторун кеңири колдоодон БМСЖ системасындагы кылдаттык менен тандалган бир катар тармактарга өтүп жатат.
ННП программасын өнүктүрүү максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1. Кош бойлуулуктун алгачкы үч айлыгында БМСЖнын саламаттык сактоо уюмдарында гликогемоглобинге кан анализинен жана заарадан бактериурияга анализ тапшырган кош бойлуу аялдардын пайызынын өсүшү;
2. БМСЖ денгээлиндеги мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында сунуш кылынган медициналык жардамды (жылына бир жолудан кем эмес гликогемоглобинге кан анализи) алган кант диабетинин 1 жана 2-тиби менен ооругандардын пайызын жогорулатуу;
3. Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун Кошумча дары-дармек программасы боюнча артыкчылыктуу абалы (кант диабети, аз кандуулук жана гипертония) менен ооруган бейтаптарды дары-дармек менен камсыз кылууну жакшыртуу, төмөнкүлөр үчүн камсыздандыруу төлөнүүчү рецепттердин саны менен өлчөнөт: кандагы кантты көзөмөлдөөчү тест тилкелери; темир камтыган препараттар; гипертонияны дарылоо үчүн дары.
Прикрепленные файлы:
Другие Новости
20.01.2025
Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар боюнча эпидемиологиялык кырдаал
Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин оперативдүү маалыматы боюнча, 2024-жылдын 3-жумасында (13.01.25 - 19.01.25) курч респиратордук вирустук инфекциялардын 11 761 учуру жана сасык тумоонун 41 учуру катталып (и.к. 166,2), өткөн жумага салыштырмалуу (02-жума, и.к. 105,0) +1,6 эсеге жогору. Ооругандардын 4,8%ы (563 бейтап) ооруканага жаткырылган.
Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча октябрь айынан бери курч респиратордук вирустук инфекциялардын таралышы байкалууда, алардын ичинен эң көп таралган респиратордук синцитиалдык вирус – 30,3%, риновирус – 25,8%, аденовирус – 13,2%, I-IV парагрипп – 11,4%, башка вирустук инфекциялар 19,3%ды түздү.
2024-жылдын декабрынын ортосунан баштап A/(H1N1(2009)) тумоосунан жана В тумоосунун айрым учурлары - 10,7% жана COVID-19 - 8,9% шарттаган сасык тумоо мезгили болду.
Эпидемияга каршы иш-чараларды өз убагында уюштуруу жана оорунун алдын алуу максатында кышкы каникулдан кийин балдардын мектепке баруусуна мониторинг жүргүзүлүүдө.
Республикада сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекциялар жана COVID-19 инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаалга мониторинг жана баалоо улантылууда жана көзөмөлдө.
17.01.2025
Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте кызамык оорусу боюнча көчмө ыкчам штабдын жыйынын өткөрүүдө
2025-жылдын 16-январында КР саламаттык сактоо министринин орун басары Бубужан Арыкбаеванын жана Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачеванын төрагалыгы алдында КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин көчмө ыкчам штабынын жыйыны уюштурулду. Бул жыйын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин протоколдук тапшырмаларын жана Саламаттык сактоо министрлигинин кызамык менен күрөшүү боюнча штабынын чечимдерин аткаруунун жана кызамык боюнча алдын алуу жана эпидемияга каршы иш-чараларга көмөк көрсөтүүнүн алкагында уюштурулду.
Талкууга коомдук саламаттыкты сактоонун жана Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери, билим берүү мекемелеринин, аймактык администрациялардын өкүлдөрү катышты. Жыйында учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, кызамыктын, кызылчанын, курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун чыгышына жооп катары жүргүзүлгөн эмдөө боюнча өнөктүктөргө мониторинг талкууланды.
Белгилей кетсек, өткөн жылы республикада кошумча жана тазалоочу эмдөөнүн үч баскычы өткөрүлгөн. Республика боюнча 918 000 бала жана 29 258 саламаттык сактоо системасынын кызматкери, орто жана жогорку окуу жайларынын окутуучулары жана студенттери эмдөөдөн өткөн.
2024-жылдын жыйынтыгы боюнча республиканын аймагында кызамык оорусунун 14 380 учуру, анын ичинен 5 681 учуру Бишкек шаарында катталган. 2025-жылдын башынан бери 229 жаңы учур, анын ичинде Бишкек шаарында 144 учур катталды. Оорунун күч алышынын негизги себеби – эмдөөдөн өткөндөрдүн көрсөткүчү талаптагыдан төмөндүгү, Бишкекте адамдардын 95% вакцина алышы керек болсо, учурда бул көрсөткүч 69 %ды түзөт.
Кызамык оорусунун андан ары жайылышын алдын алуу үчүн Саламаттык сактоо министрлиги 9 айдан 7 жашка чейинки курактагы балдар арасында тазалоочу эмдөө боюнча өнөктүктү улантууда, бирок эмдөөдөн баш тарткандардын айынан бул иш кыйынчылыктар менен коштолууда. Ушул себептен улам олуттуу эпидемиологиялык тобокелдиктер бар, себеби вирус эмделбеген балдардын арасында жайылып жатат.
Ыкчам штабдын жыйынынын жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды: кызамыкка каршы күрөшүү боюнча профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү, профилактикалык эмдөөлөрдү 95%дан кем эмес деңгээлге жеткирүү; калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, эмдөөнүн коопсуздугун жана маанилүүлүгүн түшүндүрүүгө багытталган маалыматтык-агартуу өнөктүктөрүн уюштуру.
17.01.2025
КР Саламаттык сактоо министри Республикалык калыбына келтирүү борборуна барды
2025-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Аламүдүн районунун Дачное айылында жайгашкан Республикалык калыбына келтирүү борборуна барды. Иш сапардын жүрүшүндө министр борбордун иштөө шарттары менен таанышып, анын кызматкерлери менен негизги маселелерди талкуулады жана калыбына келтирүүчү жана адистештирилген медициналык жардам көрсөтүү системасын мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Борбор профилактикалык, кеңеш берүү, дарылоочу, диагностикалык жана калыбына келтирүү сыяктуу кызматтардын түрүн көрсөтөт. Борбордунишмердүүлүгүнүн негизги багыттары бейтаптардын ден соолугун калыбына келтирүүгө көмөктөшүүчү дарылоо гимнастикасы жана дене тарбия секцияларын уюштурууну камтыйт.
Министр Кыргызстанда жыл сайын 1500гө жакын адам инсультка кабылып, калыбына келтирүүчү жардамга муктаж болоорун белгиледи. Мындан тышкары, жол кырсыгынан жабыркагандар жана дарылоонун паллиативдик стадиясындагы бейтаптар да жардамга муктаж. Мындай борборду түзүү республиканын бардык аймактарынан келген тургундар үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын бир топ жакшыртат.