ДССУ үй-бүлөлүк дарыгерлерге күн сайын бейтаптын үйүнө барып кароо жана үй-бүлө мүчөлөрүнө баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде негизги кызматтарды көрсөтүү үчүн 190 сумка сатып алды

20.06.2022 / Просмотров: 1194

Бишкек, Кыргызстан – Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жана анын ведомстволоруна Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен негизги саламаттыкты сактоо кызматтарынын үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо жаатында техникалык колдоо көрсөттү. Бул иш-чаранын максаты баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде негизги кызматтардын үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо болуп саналат.

ДССУ үй-бүлөлүк дарыгерлерге күн сайын бейтаптын үйүнө барып кароо жана үй-бүлө мүчөлөрүнө баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде негизги кызматтарды көрсөтүү үчүн 190 сумка сатып алды. Сумкалар кан басымын, кандагы глюкозаны, гемоглобинди жана зааранын негизги анализдерин өлчөө үчүн керектүү медициналык жабдууларды камтыйт. Пульсоксиметр, термометр, жгут, фонарлар жана кош бойлуулар үчүн стетоскоптор дарыгерлерге күнүмдүк акушердик жана педиатриялык кызматтарды көрсөтүүгө жардам берет. Кошумчалай кетсек, сумкалардын ичинде кош бойлуу аялдардагы түйүлдүктүн жүрөгүнүн кагышын аныктоо жана каттоо үчүн мобилдик КТГ аппараты бар. Сумкалар бейтаптардын үйүнө барууда алып жүрүүгө, ошондой эле Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна кайрылган бейтаптарды тейлөөгө абдан ыңгайлуу. Сумкалар пилоттук демилге катары Чүй облусундагы үй-бүлөлүк дарыгерлерге таратылды.

Сумкалардан тышкары, 6 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна аз кандуулук менен ооруган бейтаптардын жана өзгөчө кырдаалдарда кандагы гемоглобинди тез аныктоочу жана “Hemoque” кан анализаторлору берилет.

«Үй-бүлөлүк дарыгерлердин сумкалары жана “Hemoque” жабдыктары менен камсыз кылуу баштапкы медициналык-санитардык жардамдын жеткиликтүүлүгүн гана жакшыртпастан, ошондой эле баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде жардамдын сапатын бир топ жакшыртаарын кубануу менен белгилейбиз. Дарыгерлер бейтаптарга барганда өздөрүн ишенимдүү сезишет жана бардык курактагы үй-бүлө мүчөлөрүнө сапаттуу жана ар тараптуу жардам көрсөтө алышат. Бейтаптардын канааттануусу жана саламаттыкты сактоого болгон ишеними да жакшырат, - дейт ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү Назира Артыкова. - Бул демилге дагы эле пилоттук. Эки айдын ичинде биз дарыгерлердин маалыматын топтоп, берилген жабдыктар жана сарпталуучу материалдар пайдалуу болгон-болбогону боюнча пикирлерди чогултабыз”.

«ДССУнун Евробиримдиктин каржылык жардамы менен үзгүлтүксүз колдоосу, биринчи кезекте, жергиликтүү үй-бүлөлүк дарыгерлерди колдоого жана шыктандырууга, ошондой эле үзгүлтүксүз негизги медициналык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жардам берет», - деп белгиледи саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улан Садыков.

***

Маалымат үчүн: ДССУ 2020–2021-жылдары баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде негизги медициналык кызматтарды үзгүлтүксүз көрсөтүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигин астма, гипертония жана диабет үчүн керектүү дары-дармектер менен өлкө боюнча камсыз кылуу аркылуу колдоого алды. Мындан тышкары, ар бир кант диабети менен ооруган бейтапка 500 тест тилкеси бар жеке глюкометр берилди. Үй-бүлөлүк дарыгерлер пульсоксиметрлер, жеке коргонуу каражаттары жана башка медициналык буюмдар менен камсыздалды. Балдарды эмдөө кызматын үзгүлтүксүз көрсөтүү үчүн Кыргызстандын бардык аймактарында 55 мобилдүү эмдөө бригадалары түзүлдү. Медициналык кызматкерлерге кесиптик жактан өзүн жоготуунун алдын алуу үчүн психологиялык жардам жана психологиялык колдоо көрсөтүлөт.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул иш-чараны Европа Биримдиги (ЕБ) жана ДССУнун Европалык Регионалдык бюросу тарабынан каржыланган Борбордук Азиядагы Кризиске жооп берүү (CACCR) программасынын алкагында уюштурду. Бул долбоор Казакстан, Кыргызстан жана Түркмөнстанды камтыйт жана бул өлкөлөрдө COVID-19 пандемиясынын алдын алуу, аныктоо жана ага каршы аракеттенүү максатында иштелип чыккан.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

26.04.2024
Кытайда жүрөгүнө операция жасалган балдарды “Манас” аэропортунан салтанаттуу тосуп алышты

“Эне-балага тирек” кайрымдуулук фонду менен Хэнань Сионке ооруканасынын кызматташуусунун алкагында Кытай Эл Республикасында жүрөгүнө операция жасалган 10 бала Кыргыз Республикасына кайтып келди.

Балдарды “Манас” эл аралык аэропортунан КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь, “Эне-балага тирек” кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү, медицина кызматкерлери, тууган-туушкандары жана достору тосуп алышты.

Тубаса жүрөк кемтиги бар балдар жакындары жана дарыгерлер, хирургдар тобу менен бирге ушул жылдын март айынын башында Кытайга дарыланууга жөнөтүлгөн.

«Бүгүн биз Чжэнчжоу шаарында жүрөк оорусунан ийгиликтүү дарыланып, мекенине кайтып жаткан кичинекей баатырларыбызды жылуу тосуп алуудабыз. Балдардын жүрөк оорусунан керемет жол менен куткарылышы, Кыргызстан менен Кытайдын элдеринин уланып жаткан жакындаштыгынын, достугунун жана жакшы коңшулаштыгынын тарыхынын дагы бир барагы болуп саналат. Бүгүн баарыбыз кубанычтабыз. Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарованын «Эне-балага тирек» фондунун демилгесин жана Кытай Эл Республикасынын Элчилиги менен Хэнань провинциясынын Элдик өкмөтү тарабынан колдоо жана кызматташтыкты белгилей кетүү керек. Өлкө жетекчилигинин, Министрлер Кабинетинин жана жалпы элибиздин атынан Кытай Эл Республикасынын жетекчилигине жана элине чын жүрөктөн ырахматымды жана терең ыраазычылыгымды билдиргим келет», - деди Министрлер Кабинетинин башчысынын орун басары өз сөзүндө.

Эдил Байсалов 2023-жылы Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин тарабынан түзүлгөн эки өлкө ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлин белгиледи.

«Улуу Кытай, салттуу стратегиялык өнөктөшүбүз Россия Федерациясы жана боордош Түркия менен бирге Кыргызстандын эли жардамга жана колдоого муктаж болгондо биз кайрылган үч өлкө болуп саналат жана биз аларга ар дайым таяна алабыз деп билебиз», - деди Эдил Байсалов.

Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь өз кезегинде айыгып кеткен балдар менен жолугуп жатканына кубанычын жана эки өлкөнүн гуманитардык кызматташтыгынын маанилүүлүгүн белгиледи.

26.04.2024
Төрөт үйлөрүндө бейтаптын электрондук картасын киргизүү

Sanarip MED санариптик саламаттыкты сактоону өнүктүрүүнүн максаттуу моделинин алкагында, өлкөнүн ооруканаларында санариптик чечимдерди киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат.

 

Ооруканалар үчүн башка саламаттык сактоо маалымат системалары менен интеграцияланган санариптик медициналык карта иштелип чыккан жана ишке киргизилген. Бул санариптик медкарта бейтаптар жана алардын стационардык саламаттыкты сактоо мекемелериндеги медициналык абалы жөнүндө маалыматты камтыган кагаз жүзүндөгү медкартанын санарип формасы.

 

Бул бейтапка медициналык жардам көрсөтүүнүн бардык этаптарын, анын ичинде кабыл алуу, диагностика, дарылоо жана байкоо жүргүзүүнү камтыган электрондук документ.

 

Модулдардын бири – Кыргыз Республикасында акушердик, гинекологиялык жана неонаталдык медициналык кызматтын сапатын жогорулатууга багытталган төрөт жана төрөттөн кийинки жардамдын тарыхы. Төрөт учурунда жана төрөттөн кийинки мезгилде интра-наталдык жана постнаталдык жардам көрсөтүүнүн санариптик картасынын долбоору эненин жана жаңы төрөлгөн ымыркайдын ден соолугун башкаруу максатында сапаттуу медициналык документация жүргүзүү үчүн иштелип чыккан.

 

Маалыматтарга тез жетүүнүн жана төрөттүн динамикасын автоматтык түрдө көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнүн аркасында көрсөтүлүүчү кызматтардын ачыктыгы жана сапаты жогорулайт. Бул клиникалык чечимдерде иш-аракеттердин алгоритмдерин деталдуу эсепке алууга мүмкүндүк берет жана чыгымдарды азайтууга жардам берет.

 

Бейтаптын санариптик медкартасынын жеткиликтүүгү, өзгөчө алыскы аймактардагы же жетүү мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн медициналык кызматкерлер менен байланышын жеңилдетет.

 

Кыргыз Республикасында бейтаптын санариптик медициналык картасын киргизүү жана колдонуу процессине көз салуу жана анын функцияларын жакшыртуу үчүн саламаттык сактоо уюмдарында медициналык персоналдын дараметин жогорулатуу боюнча тестирлөө башталды.

 

Учурда окутуу жана ишке ашыруу процесстери экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги беш акушердик уюмда, тактап айтканда, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында, Жалал-Абад бириккен клиникалык ооруканасында, Ысык-Көл жана Чүй облустук бириккен ооруканаларында жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борборунда 2024-жылдын апрель жана май айларында жүрүп жатат.

 

Жогорудагы беш акушердик уюмдардын акушер-гинекологдору, акушеркалары, неонатологдору жана неонаталдык медайымдары бейтаптын санариптик медициналык картасын, анын ичинде акушердик жана неонаталдык бөлүктөрүн толтуруунун жана колдонуунун техникалык жана клиникалык аспектилери боюнча билимдерин жана көндүмдөрүн жогорулатууда.

 

Окутуу жана ишке ашыруу процесстери инновациялык чечимдер аркылуу алдын ала турган энелердин жана ымыркайлардын өлүмүн жана оорууларын кыскартууга багытталган БУУнун Түштүк-Түштүк Кызматташтыгы долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Долбоор КР Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фонду тарабынан колдоого алынып, ишке ашырылууда.

26.04.2024
«Ала-Тоо» санаторийи Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына өттү

Медицина кызматкерлеринин сапаттуу эс алуусу жана ден соолугун чыңдоо максатында «Ала-Тоо» санаторийи Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына өттү.

КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, бул кадам өлкөдөгү медицина кызматкерлеринин иштөө шарттарын жакшыртуу жана ден соолугун чыңдоо максатында жасалды. «Дарыгерлердин, медайымдардын жана санитардык кызматкерлердин физикалык жана психоэмоционалдык абалын калыбына келтирүү жана жакшыртуу, өзгөчө пандемиядан кийин, мамлекеттин биринчи кезектеги милдети болуп саналат. Жеке өзүмдүн атымдан, ошондой эле республика боюнча 80 миңге жакын медициналык кызматкерлердин атынан президент Садыр Жапаровго медицина кызматкерлеринин ден соолугун чыңдоого жана алардын иштөө шартын жакшыртууга болгон аракети үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз», - деп кошумчалады министр.

Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан «Ала-Тоо» эс алуу үйү 1974-жылы курулуп, көп жылдардан бери эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо жана эс алуусу үчүн кызмат кылып келет. Эс алуу үйү ээлеген жер тилкесинин аянты 24,76 гектарды түзөт. Аймак жашылдандырууну талап кылат. Мындан тышкары, ал жактагы коттедждердин эскилиги жеткенин эске алуу менен аларды бузуп, жаңы имараттарды куруу зарыл.

Өткөн жылы ал Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына өткөрүлүп берилген. КР Президентинин Иш башкармалыгы аркылуу эс алуу үйүнүн аймагына миң орундуу жаңы имараттарды куруу пландаштырылууда.

«Ала-Тоо» эс алуу үйү Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан миңден ашык орундуу чоң мекеме. Анын аймагында ашкана, административдик имараттар, кампалар, ошондой эле кинотеатр жана башка инфраструктуралык объектилер бар.