Кыргыз Республикасында медициналык жардам көрсөтүүнүн сапаты боюнча Улуттук стратегиясы иштелип чыгууда

12.09.2022 / Просмотров: 1083

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, саламаттыкты сактоо уюмдарынын өкүлдөрү (ММКФ, КММКДжКЖИ, ССӨБ, ЭССБ, ДБ НБП консультанттары) 2030-жылга карата "Дени сак адам - өнүккөн өлкө" Улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында медико-санитардык жардам көрсөтүүнүн сапаты боюнча Улуттук стратегияны иштеп чыгуунун үстүндө иштеп жатышат. 

Бул жумушчу топ Сапат боюнча  улуттук стратегиясын, жооптуу аткаруучуларды аныктоо менен негизди жана ден соолукту алдын алууда, коргоодо жана чыңдоодо, инфекциялык көзөмөлдөөдө сапатты камсыз кылуу үчүн саламаттык сактоо системасынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды кайра карап чыгуу маселелерин камтыган иш-чаралардын планын иштеп чыгат.

Стратегия ошондой эле медициналык кызматтын сапатын жогорулатуу системасында саламаттык сактоонун негизги түзүмдөрүнүн (КР ССМ, ММКФ, саламаттыкты сактоо уюмдары, МАК, ӨЭУлар, кесиптик ассоциациялар, бейтаптар жамааттары ж.б.) ролун жана өз ара аракеттенүүсүн аныктайт.

Стратегия саламаттык сактоо мекемелеринин уставын/жоболорун, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин сапат боюнча буйруктарын кайра карап чыгууга, медициналык персоналды сертификациялоо системасын өркүндөтүүгө, мамлекеттик жана жеке саламаттык сактоо секторлорунун медициналык кызматкерлерин сертификациялоонун, клиникалык протоколдорго жана уюштуруу стандарттарына ылайык жардам көрсөтүү жана лицензиялоонун бирдиктүү тутумун киргизүү менен кайра кароого мүмкүндүк берет. 

Саламаттыкты сактоо уюмдарындагы сапат комитеттеринин ишине дагы тереңирээк көңүл бурулат.

Сапатты башкаруу стратегиясын иштеп чыгууга ДССУ, ЖЭОнун алдын алуу жана эффективдүү башкаруу (СДС, GIZ, Ага Хан Фонду) донордук уюмдары тартылат.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

03.05.2024
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жабырлануучулардын абалы менен таанышты

 2024-жылдын 3-майдын таңына карата Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо уюмдарында ар кандай жаракаттарды алган 20 жабырлануучу дарыланууда.

Министр Сузак аймактык ооруканасында жана Октябрь райондук жалпы дарыгерлик практика борборунда болуп, балдардын абалы менен таанышты. Ал ошондой эле Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында реанимацияда оор абалда жаткан беш бейтаптын консультациясына катышты.

 

Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында 12 бала дарыланууда, алардын бешөө реанимацияда; Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында - 1, Сузак аймактык ооруканасында - 3, Октябрь ЖДПБда– 4 бала дарыланууда. Калган жабырлануучулардын абалы орточо оор деп бааланууда.

 

Саламаттык сактоо уюмдарында кандын жана анын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү запасы бар экенин белгилейбиз.

02.05.2024
Жабырлануучулардын абалы тууралуу маалымат

2024-жылдын 2-майында болжол менен саат 13:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда иш-чара учурунда жаш балдарды портер авто унаасы коюп кетип 29 бала жабыр тарткан. Жаштары 9-16 жаш. Азыркы учурда Жалал-Абад облустук балдар ооруканасына, реанимация бөлүмүндө - 7, алардын ичинен уч баланын абалы оор; Сузак аймактык ооруканасына - 3 бала, Октябрь Жалпы дарыгерлик практика борборуна - 8 бала жаткызылды. Абалдары орто оордукта. Калган 11 балага жеринен жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дапыланууга жөнөтүлгөн. 

Бул окуя министр, Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке көзөмөлүндө, тийиштүү бардык жетекчилерге сапаттуу медициналык жардам берүү, ошону менен бирге керектелүүчү дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылууну тапшырды.

 

30.04.2024
"Ички оорулар боюнча диалогдор" аталышындагы ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция

2024-жылдын 23-24-апрелинде И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында П.Е. Лукомский жана И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 85 жылдыгына арналган "Ички оорулар боюнча диалогдор" аталышындагы эл аралык ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

 

Иш-чара И.К.Ахунбаев атындагы КММА тарабынан Россиянын терапевттеринин илимий медициналык коому  менен биргеликте уюштурулган.

 

Конференцияга Россия, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан кардиология, ревматология, нефрология, гастроэнтерология, геронтология, эндокринология тармагындагы алдыңкы адистер  жана клиникалык фармакологдор катышты. Ошондой эле ар кандай медициналык университеттердин (Бишкек, Ош, Бухара, Шымкент) жаш изилдөөчүлөрү жана терапевттери баяндама жасашты.

 

Жаш терапевттердин сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, анын жыйынтыгында эң мыкты иштер үчүн Ардак грамоталар тапшырылды. Кошумчалай кетсек, ачылыш аземинде бир катар илимпоздор жана практик дарыгерлер Россиянын терапевттеринин илимий медициналык коомунун «Гравертон ыраазычылык» жана Ардак грамоталары менен сыйланышты.