Кыргызстанга мобилдик компьютердик томографты алып келүү пландалууда

25.01.2023 / Просмотров: 770

2023-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде RTIC Радиологиялык технологиялардын эл аралык кызматташтык академиясы (Япония) жана Sansei Корпорациясынын (Япония) өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда жапон тарап мобилдик томографтарды киргизүү долбоору Өзбекстан Республикасы менен Тажикстан Республикасында өзүн ийгиликтүү көрсөткөнүн белгиледи. «Долбоор бир жылга эсептелген, бул аралыкта кыргызстандык адистерди окутуу жана республиканын алыскы аймактарынын жашоочуларына диагностикалык кызматтарды көрсөтүү пландаштырылууда. Мобилдик КТнын артыкчылыгы - анын толук автономиясы, аны электр энергиясына туташтыруунун кереги жок. Жылдын аягында кызматташуубузду кеңейтүү боюнча кийинки кадамдарыбызды карап чыгабыз», - деди Япониянын радиологдор ассоциациясынын президенти Kaoru Matsubara мырза.

   «Технологиялык жана инновациялык ыкмаларды колдонуу алыскы аймактардагы калкты скринингден өткөрүү, жүрөк ооруларын, шишиктерди, инсульттарды, өпкө жана башка ички органдардын ооруларын эрте диагностикалоо үчүн зарыл. Биз дагы бул долбоорду илгерилетүүгө кызыкдарбыз жана Япония Өкмөтүнө бул демилгеси үчүн ыраазычылык билдиребиз жана мындан аркы жемиштүү кызматташууну күтөбүз”,-деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова.

Жолугушуунун аягында УКжТ борборунун имаратында Улуттук кардиология жана терапия борборунун, RTIC Радиологиялык технологиялардын эл аралык кызматташтык академиясынын (Япония) жана Sansei Корпорациясынын (Япония) ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болду. Бул кызматташтыктын алкагында Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр жана башка социалдык маанилүү ооруларды эрте диагностикалоо үчүн мобилдик компьютердик томографиялык сканерлерди киргизүү пландалууда. Мындан тышкары, кызматташтыктын алкагында RTIC Радиологиялык технологиялар академиясы дарыгерлерди жана рентгенологдорду, өзгөчө жаштарды компьютердик томографиянын негиздерине үйрөтүүнү, Sansei Корпорациясынын (Япония) компьютердик томографиянын заманбап технологияларын (MS-Cube) колдонуу менен практикалык курстарды жана мастер-класстарды өткөрүүнү пландаштырууда.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

03.05.2024
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жабырлануучулардын абалы менен таанышты

 2024-жылдын 3-майдын таңына карата Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо уюмдарында ар кандай жаракаттарды алган 20 жабырлануучу дарыланууда.

Министр Сузак аймактык ооруканасында жана Октябрь райондук жалпы дарыгерлик практика борборунда болуп, балдардын абалы менен таанышты. Ал ошондой эле Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында реанимацияда оор абалда жаткан беш бейтаптын консультациясына катышты.

 

Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында 12 бала дарыланууда, алардын бешөө реанимацияда; Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында - 1, Сузак аймактык ооруканасында - 3, Октябрь ЖДПБда– 4 бала дарыланууда. Калган жабырлануучулардын абалы орточо оор деп бааланууда.

 

Саламаттык сактоо уюмдарында кандын жана анын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү запасы бар экенин белгилейбиз.

02.05.2024
Жабырлануучулардын абалы тууралуу маалымат

2024-жылдын 2-майында болжол менен саат 13:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда иш-чара учурунда жаш балдарды портер авто унаасы коюп кетип 29 бала жабыр тарткан. Жаштары 9-16 жаш. Азыркы учурда Жалал-Абад облустук балдар ооруканасына, реанимация бөлүмүндө - 7, алардын ичинен уч баланын абалы оор; Сузак аймактык ооруканасына - 3 бала, Октябрь Жалпы дарыгерлик практика борборуна - 8 бала жаткызылды. Абалдары орто оордукта. Калган 11 балага жеринен жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дапыланууга жөнөтүлгөн. 

Бул окуя министр, Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке көзөмөлүндө, тийиштүү бардык жетекчилерге сапаттуу медициналык жардам берүү, ошону менен бирге керектелүүчү дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылууну тапшырды.

 

30.04.2024
Чоң-Алай районунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды

2024-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Элдар Сулайманов менен бирге Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна барып, “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасынын жана жаңы рентген кабинетинин ачылыш аземине катышты.

Чоң-Алай райондук Жалпы дарыгерлик практика борборунун директору Ысламидин Бакиров министр менен депутатка облустун калкына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Жаңы рентген кабинетинин курулушу Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, дарыкана имараты демөөрчүлөрдүн каражатына курулган.

«Чоң-Алай районунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасынын жана жаңы рентген кабинетинин ачылышы калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуудагы маанилүү кадам болуп саналат деп ойлойм. Бул аймакты сапаттуу жана арзан дары-дармектер менен камсыз кылуу менен бирге, дарт аныктоону жогорку деңгээлде жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Биз Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фондуна жана бул маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга каржылык колдоо көрсөткөн бардык демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдиребиз», - деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө.

Чоң-Алай райондук ЖДПБсы 26 миңге жакын адамды тейлесе, анын ичинен 12 857си 14 жашка чейинки балдар.