Copyright: ©

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын оңдоп-түзөөгө жабылган 3 бөлүмү бейтаптарды кабыл ала баштады

26.03.2024 / Просмотров: 3014

“Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын 6 бөлүмү ноябрь айында оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабылган. Ремонт иштери май айына чейин пландалган. Бирок биздин суранычыбыз боюнча 100 орундуу 3 бөлүмдүн оңдоо иштери бүткөрүлүп, бүгүнтөн тарта бейтаптарды кабыл алып баштадык. Себеби биздин оорулуулар башка ооруканаларга бөлүштүрүлүп жаткырылып жаткан”, - деп билдирди Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гулжигит Аалиев.

 Бул бөлүмдөрдө курч ичеги-карын инфекциялары, курч мүнөздөгү дем алуу органдарынын вирустук оорулары, скарлатина, танзилит, энтеровирустук инфекция менен ооругандар жаткырылат. Бул корпус 1989-жылы курулган, андан бери бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Ошондуктан бардык системалар эскилиги жетип, иштен чыккан. Азыр канализация трубалары, суу түтүктөрү, электр чубалгылары толугу менен жаңыланды. Ошону менен бирге ар бир палатага инфекциялык көзөмөлдүн талабы болгон сырттан абаны тазалап киргизүүчү желдетүү системасы коюлду. 

Оңдоо иштери Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.

 

Маалымат үчүн: Долбоордун максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тиешелүү профилактикалык иш-чараларды камсыз кылуу, уюмдарга дары-дармектерди, керектелүүчү материалдарды жана медициналык жабдууларды сатып алуу, ошондой эле саламаттык сактоо тармагындагы шарттарды жакшыртуу аркылуу COVID-19 пандемиясына каршы аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн күчөтүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

08.05.2024
КР Саламаттык сактоо министрлиги менен ЮНИСЕФтин өкүлдөрүнүн жолугушуусу: саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуунун артыкчылыктары

Бүгүн, 8-майда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде саламаттык сактоо министринин орун басарлары Медербек Исмаилов жана Айжамал Шамбетова ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Джунг Тапа мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КР Саламаттык сактоо министрлиги менен ЮНИСЕФтин ортосундагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Жолугушууда министрдин биринчи орун басары Медербек Исмаилов Самман Джунг Тапаны кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын ишмердигине ийгиликтерди каалап, ЮНИСЕФке Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал коомдук саламаттыкты сактоо Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин жана ЮНИСЕФ Кыргыз Республикасынын узак мөөнөттүү жана стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири экендигин баса белгиледи.

Өз кезегинде Самман Джунг Тапа ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү катары Балдардын укуктары жөнүндө конвенцияда белгиленген балдардын укуктарын коргоого, өнүктүрүүгө жана бакубат жашоого көмөктөшөөрүн белгиледи.

08.05.2024
Саламаттык сактоо министрлиги менен Кыргыз Республикасындагы “Чек арасыз дарыгерлер – Швейцария” уюму кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту

Бүгүн, 2024-жылдын 8-майында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде министр Алымкадыр Бейшеналиев менен Кыргыз Республикасындагы «Чек арасыз дарыгерлер – Швейцария» Өкүлчүлүгүнүн өлкөлүк директору менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда тараптар саламаттык сактоо тармагындагы биргелешкен долбоорлордун жүрүшүн талкуулашты, ошондой эле профилактикалык жана медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу, дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алуу үчүн медицина кызматкерлеринин потенциалын күчөтүү боюнча кызматташуу жөнүндөгү жаңы меморандумга кол коюшту.

КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2006-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасындагы «Чек арасыз дарыгерлер – Швейцария» гуманитардык миссиясы Кыргызстандын калкынын ден соолугун чыңдоого баа жеткис салым кошуп келе жатканын баса белгиледи.

Бул Меморандумдун алкагында тараптар төмөнкү багыттар боюнча алдын ала макулдашуулардын негизинде кызматташуу жана иш-чараларды биргелешип ишке ашыруу жөнүндө макулдашышты:

- өзгөчө кырдаалдар учурундагы даярдык жана чара көрүү;

- жугуштуу эмес оорулар;

- тиешелүү тармакта саламаттык сактоо органдарынын медициналык кызматкерлеринин потенциалын чыңдоо;

- биргелешкен тиешелүү профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү.

08.05.2024
Ысык-Көл районунун Темировка айылында жаңы ФАП пайда болот

Бүгүн, 2024-жылдын 8-майында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Гүлкан Молдобекова, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев менен бирге Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Темировка айылында фельдшердик-акушердик пункттун жаңы имаратынын курулушуна капсула салды.

ФАПтын имаратынын курулушу “Ас-Сафа” ККФнын каржылык колдоосу менен башталган. Керектүү медициналык жабдуулар жана эмеректер менен камсыздалган ФАПтын жаңы имаратын үстүбүздөгү жылдын август айында пайдаланууга берүү пландалууда.

Министр Фонддун саламаттык сактоо тармагына ар тараптуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.