Г.Баатырова, КР Саламаттыкты сактоо министри: “Жарандардын укуктары тууралуу маалымат берүү - медициналык уюмдарга милдеттүү талап”

10.01.2023 / Просмотров: 1176

Г.Баатырова, КР Саламаттыкты сактоо министри: “Жарандардын укуктары тууралуу маалымат берүү - медициналык уюмдарга милдеттүү талап”

2023-жылдын 9-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде республиканын мекеме-уюмдарынын жетекчилери менен кеңешме болуп, анда быйылкы жылы саламаттыкты сактоо тутумунун алдында турган эң маанилүү жана артыкчылыктуу милдеттер талкууланды. Маселелердин бири мамлекет тарабынан калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтар тууралуу жарандарга маалымат берүү болду.

Министр белгилегендей, медициналык уюмдардын жарандарга маалымат берүүсү каалоо же өтүнүч эмес, бул талап. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасына ылайык, саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери мамлекет тарабынан калкка көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтар тууралуу маалымат алуу үчүн маалыматтык стенддерди толугу менен жаңыртышы керек болчу. Маанилүү критерий – маалыматты жеткиликтүү түрдө даярдап, амбулатордук деңгээлде каттоо жайынын жанында, ооруканалардын кабыл алуу бөлүмдөрүндө жайгаштыруу. «Жакынкы арада тапшырманын аткарылышынын жыйынтыгына текшерүү жүргүзүп, зарыл болгон учурда жетекчилерге тиешелүү чараларды көрөбүз», - деди КР Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова.

Маалымат үчүн:

Маалымат такталарында кандай маалыматтар илинет?

Амбулатордук деңгээлде - мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык лабораториялык диагностикалык изилдөөлөрдү жана жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоону (дары-дармектерге 50дөн 90%га чейин арзандатууну) камтыган акысыз медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси. 

Оорукана деңгээлинде - медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн, маанилүү дары-дармектердин тизмесине ылайык, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын, клиникалык протоколдордун жана колдонмолордун тизмеси.

Төрөт үйлөрү үчүн - төрөттү, анын ичинде кесарево жолу менен төрөттү кошкондо, акысыз медициналык кызматтардын тизмеси.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду медициналык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө уюмдун кассасындагы прейскурант боюнча жүргүзүлөөрүн бардык жарандардын эсине салат. Медицина кызматкерлерине кассадан тышкары акча төлөөгө тыюу салынат.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 1-январынан тарта Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, Жалпы дарыгерлик практика борборлорунда, жалпы ооруканалардын амбулатордук-диагностикалык бөлүмдөрүндө, ошондой эле үчүнчү деңгээлдеги стационарлардын клиникалык диагностикалык бөлүмдөрүндө медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы прейскуранты күчүнө кирген.

Суроолоруңуз болсо Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 113 шыр байланыш телефонуна чалыңыз. Бардык уюлдук түйүндөрдөн чалуулар акысыз.

 

 

 

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

03.05.2024
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жабырлануучулардын абалы менен таанышты

 2024-жылдын 3-майдын таңына карата Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо уюмдарында ар кандай жаракаттарды алган 20 жабырлануучу дарыланууда.

Министр Сузак аймактык ооруканасында жана Октябрь райондук жалпы дарыгерлик практика борборунда болуп, балдардын абалы менен таанышты. Ал ошондой эле Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында реанимацияда оор абалда жаткан беш бейтаптын консультациясына катышты.

 

Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында 12 бала дарыланууда, алардын бешөө реанимацияда; Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында - 1, Сузак аймактык ооруканасында - 3, Октябрь ЖДПБда– 4 бала дарыланууда. Калган жабырлануучулардын абалы орточо оор деп бааланууда.

 

Саламаттык сактоо уюмдарында кандын жана анын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү запасы бар экенин белгилейбиз.

02.05.2024
Жабырлануучулардын абалы тууралуу маалымат

2024-жылдын 2-майында болжол менен саат 13:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда иш-чара учурунда жаш балдарды портер авто унаасы коюп кетип 29 бала жабыр тарткан. Жаштары 9-16 жаш. Азыркы учурда Жалал-Абад облустук балдар ооруканасына, реанимация бөлүмүндө - 7, алардын ичинен уч баланын абалы оор; Сузак аймактык ооруканасына - 3 бала, Октябрь Жалпы дарыгерлик практика борборуна - 8 бала жаткызылды. Абалдары орто оордукта. Калган 11 балага жеринен жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дапыланууга жөнөтүлгөн. 

Бул окуя министр, Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке көзөмөлүндө, тийиштүү бардык жетекчилерге сапаттуу медициналык жардам берүү, ошону менен бирге керектелүүчү дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылууну тапшырды.

 

30.04.2024
"Ички оорулар боюнча диалогдор" аталышындагы ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция

2024-жылдын 23-24-апрелинде И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында П.Е. Лукомский жана И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 85 жылдыгына арналган "Ички оорулар боюнча диалогдор" аталышындагы эл аралык ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

 

Иш-чара И.К.Ахунбаев атындагы КММА тарабынан Россиянын терапевттеринин илимий медициналык коому  менен биргеликте уюштурулган.

 

Конференцияга Россия, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан кардиология, ревматология, нефрология, гастроэнтерология, геронтология, эндокринология тармагындагы алдыңкы адистер  жана клиникалык фармакологдор катышты. Ошондой эле ар кандай медициналык университеттердин (Бишкек, Ош, Бухара, Шымкент) жаш изилдөөчүлөрү жана терапевттери баяндама жасашты.

 

Жаш терапевттердин сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, анын жыйынтыгында эң мыкты иштер үчүн Ардак грамоталар тапшырылды. Кошумчалай кетсек, ачылыш аземинде бир катар илимпоздор жана практик дарыгерлер Россиянын терапевттеринин илимий медициналык коомунун «Гравертон ыраазычылык» жана Ардак грамоталары менен сыйланышты.