Улуттук кардиология жана терапия борборунун директорунун милдетин аткаруучу болуп Талантбек Сооронбаев дайындалды

28.02.2022 / Просмотров: 1652

 

КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен Талантбек Сооронбаев Улуттук кардиология жана терапия борборунун директорунун убактылуу милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

 

Талантбек Маратбекович Сооронбаев Кардиология жана терапия борборунун пульмонология бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Сооронбаевге жетекчи дайындалганга чейин каржылык жана административдик документтерге кол коюу укугу менен борбордун директорунун милдеттери убактылуу жүктөлдү.

 

Буга чейин аталган борбордун директорунун милдетин Мамырайым Жумабаев аткарып келген.

 

Сооронбаев Талантбек Маратбекович - медицина илимдеринин доктору, профессор.

 

               

 

Туулган жылы: 27-ноябрь 1963-жыл

 

Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы

 

Иштеген жери жана ээлеген кызматы:

 

Академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун пульмонология жана интенсивдик терапия блогу бар аллергология бөлүмүнүн бөлүм башчысы;

 

Коомдук-уюштуруучулук позициясы жана статусу:

 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу;

 

Кыргыз Торакалдык Коомунун Президенти;

 

Дем алуу органдарынын ооруларына каршы глобалдык альянстын (GARD, ДССУ) Кыргызстандагы координатору;

 

Евро-Азия респиратордук коомунун башкы илимий координатору;

 

Борбордук Азиядагы өпкө гипертензиясы ассоциациясынын Президенти;

 

Азия Тынч океан респирологдор коомунун өпкө гемодинамикалык ассамблеясынын элект-президенти.

 

BOLD эл аралык изилдөө программасынын Кыргызстандагы башкы изилдөөчүсү

 

RECHARGE эл аралык изилдөө программасынын Кыргызстандагы башкы изилдөөчүсү

 

Кыргыз-Швейцариялык бийик тоолуу илимий-медициналык демилгесинин жетекчиси;

 

 

 

Билими: 1982-1988-ж Кыргызстан мамлекеттик медицина институтунун— дарылоо факультети.

 

1988-1990 КММИнин факультеттик терапия кафедрасында клиникалык ординатура.

 

1990-1993 КММИнин факультеттик терапия кафедрасында аспирантура, медицина илимдеринин кандидаты илимий даражасын алуу үчүн диссертация коргогон.

 

1998-2001 КММАнын Факультеттик терапия кафедрасында докторантурада, медицина илимдеринин доктору илимий даражасын алуу үчүн диссертация коргоого даярдалган.

 

2007-жылы медицина илимдеринин доктору илимий даражасын алуу үчүн диссертациясын коргогон.

 

2010-жылы Профессордук диплом (ВАК)

 

 

 

COVID-19 менен ооруган бейтаптарга жардам көрсөтүүнү уюштурууга катышуу

 

               1. Убактылуу клиникалык колдонмолордун 1, 2, 3, 4, 5 жана 6 версияларын, COVID-19 менен ооруган бейтаптарды дарылоо боюнча протоколдорду жана алгоритмдерди иштеп чыгууга активдүү катышкан жана координаторлордун бири болгон.

 

2. Бишкек шаарында жана Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында КГМИПиПКнын онлайн платформасынын базасында коронавирустук инфекция менен ооруган бейтаптарды алып баруу боюнча дарыгерлерди, медайымдарды жана медициналык кызматкерлерди окутууга активдүү катышып, координациялады.

 

3. Ковид-19 менен ооруган бейтаптарга медициналык жардамды уюштуруу жана сапатын жакшыртуу үчүн курамына негизги адистер (пульмонолог, реаниматолог жана инфекционист) кирген Улуттук деңгээлдеги эксперт рдарыгерлердин кеңеши түзүлдү, кийинчерээк аймактык деңгээлде да түзүлдү. Кеңештин бир бөлүгү катары мен Covid-19 менен ооруган 5,000ге жакын оорулууларга консультация жана жардам бердим.

 

4. Covid-19 жуктурган оор жана өтө оор бейтаптардын абалын талкуулоо боюнча мультидисциплинардык топтун жана кеңейтилген кеңештин ишин координациялады жана уюштурду, зарыл болгон учурда натыйжалуу терапиялык ыкмаларды колдонуу менен күнү-түнү консультация жана жардам көрсөттү.

 

5. Ар кандай модулдарды жана режимдерди колдонуу менен кычкылтек терапиясы, жогорку агымдуу кычкылтек терапиясы, жакшы натыйжаларды берген өпкөнүн инвазивдүү эмес вентиляциясын киргизүүнү демилгелеп, киргизген, бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен жер-жерлерде дарыгерлерди үйрөтүп, бул дарылоо ыкмаларын колдонуу үчүн аппараттар өткөрүлүп берилген. Мына ушул аракеттердин аркасында жүздөгөн оор жана өтө оор оорулуулардын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болду.

 

6. Эпидемия башталганда тармактын алдыңкы адистеринен турган Covid-19 боюнча Илимий-консультативдик кеңешин түзүүнү демилгелеп, абалга илимий жана клиникалык, эпидемиологиялык талдоо жүргүзгөн, ооруну жакшыртуу үчүн маанилүү пландарды түзүү үчүн обзорлорду жана болжолдуу маалыматтарды даярдаган. 

 

7. Эл аралык консультациялык байланыш тобунун курамында тажрыйба алмашуу боюнча эл аралык вебинарларга жана конференцияларга активдүү катышкан.

 

 

              

1. АКШнын “Tomson Reuters” Улуттук илимий-техникалык маалымат борборунун “Борбордук Азиядагы эл аралык изилдөөчү 2015” эл аралык диплому

 

2. “Кыргызстандагы жылдын мыкты изилдөөчүсү” номинациясы боюнча “Алтын иине 2015” сыйлыгынын ээси

 

3. "Жогорку цитаталанган автор" номинациясы боюнча Web of Science 2017 Эл аралык дипломунун ээси

 

         

 

Эл аралык илимий кызматташтык - Россия Федерациясынын Пульмонология илим изилдөө институту (Москва, Россия);

 

– Микробго каршы химиотерапия илим изилдөө институту (Смоленск, Россия);

 

– Императордук колледждин Улуттук жүрөк жана өпкө институту (Лондон, Улуу Британия);

 

– Лейден университети (Лейден, Нидерланды);

 

– Цюрих университетинин ооруканасы (Цюрих, Швейцария);

 

– Шарите клиникасы (Берлин, Германия);

 

– Киото университети (Киото, Япония);

 

– Лестер университети, Англия

 

Кыргыз, орус жана англис тилдерин жакшы билет.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

03.05.2024
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жабырлануучулардын абалы менен таанышты

 2024-жылдын 3-майдын таңына карата Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо уюмдарында ар кандай жаракаттарды алган 20 жабырлануучу дарыланууда.

Министр Сузак аймактык ооруканасында жана Октябрь райондук жалпы дарыгерлик практика борборунда болуп, балдардын абалы менен таанышты. Ал ошондой эле Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында реанимацияда оор абалда жаткан беш бейтаптын консультациясына катышты.

 

Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында 12 бала дарыланууда, алардын бешөө реанимацияда; Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында - 1, Сузак аймактык ооруканасында - 3, Октябрь ЖДПБда– 4 бала дарыланууда. Калган жабырлануучулардын абалы орточо оор деп бааланууда.

 

Саламаттык сактоо уюмдарында кандын жана анын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү запасы бар экенин белгилейбиз.

02.05.2024
Жабырлануучулардын абалы тууралуу маалымат

2024-жылдын 2-майында болжол менен саат 13:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда иш-чара учурунда жаш балдарды портер авто унаасы коюп кетип 29 бала жабыр тарткан. Жаштары 9-16 жаш. Азыркы учурда Жалал-Абад облустук балдар ооруканасына, реанимация бөлүмүндө - 7, алардын ичинен уч баланын абалы оор; Сузак аймактык ооруканасына - 3 бала, Октябрь Жалпы дарыгерлик практика борборуна - 8 бала жаткызылды. Абалдары орто оордукта. Калган 11 балага жеринен жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дапыланууга жөнөтүлгөн. 

Бул окуя министр, Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке көзөмөлүндө, тийиштүү бардык жетекчилерге сапаттуу медициналык жардам берүү, ошону менен бирге керектелүүчү дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылууну тапшырды.

 

30.04.2024
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында оңдоп-түзөө иштери аяктады

Бүгүн, 2024-жылдын 30-апрелинде Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин 3 кабаттуу корпусунун ачылышы болду.

Иш-чара министрдин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Жылдыз Токторбаева, Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева, РКЖООнун жетекчилиги жана жамаатынын катышуусунда өттү.

 Медициналык имараттын капиталдык ремонту Дүйнөлүк банктын “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоору аркылуу каржыланып, ага 72 миллион сом бөлүнгөн.

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин айтымында, 200 орунга эсептелген бул имарат 2023-жылдын июль айынан бери капиталдык ремонтко жабылган. Имарат 1989-жылы пайдаланууга берилген жана эксплуатацияга берилгенден бери эч кандай оңдоо же курулуш иштери (капиталдык оңдоо) жүргүзүлгөн эмес, оорукананын кызматкерлери тарабынан косметикалык оңдоо иштери гана жүргүзүлгөн.

Жугуштуу оорулар менен ооруган бейтаптарды дарылоодо бөлүмдөрдүн ишинин өзгөчөлүгүн эске алганда, дезинфекциялык каражаттар менен бат-баттан тазалоодон улам, өзгөчө COVID-19 пандемиясынын учурунда дубалдар жана шыптар сыйрылып, жарыла баштаган. Линолеум капталган полу шишип, эскирип, көпкө пайдаланылгандыктан имараттын инженердик системалары: суу, канализация, жылуулук, электр тармактары, вентиляция жана сантехникалык жабдууларын 100% алмаштырууга муктаждык бар эле», - деди башкы дарыгер.

3 кабаттуу имараттын эшиктерин, полдорун алмаштыруу, канализация, суу менен камсыздоо жана жылытуу системаларын алмаштыруу иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле электр чубалгыларын жана приборлорун алмаштыруу менен электрдик монтаждоо иштери жүргүзүлүп, палаталарга жаңы душ, сантехника орнотулду. Имаратта заманбап вентиляция системасы бар. Учурда имаратка эки лифт орнотулууда.

«Бул оорукана инфекциялык ооруга кабылгандарга медициналык жардам көрсөткөн республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын флагманы болуп саналат жана бул оорукананы өнүктүрүү, өркүндөтүү Саламаттык сактоо министрлигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат, өзгөчө COVID-19 пандемиясында дагы буга күбө болдук. Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун колдоосу менен жугуштуу оорулар ооруканасынын капиталдык ремонту бейтаптарга сапаттуу жардам көрсөтүүгө, биздин кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет. Инфекциялык оорукананын өзүнүн спецификасы бар экенин билебиз, андыктан абаны тазалоодо жана сууну чыпкалоодо айлана-чөйрөгө эч кандай оору козгогуч кирбеши үчүн кылдат мамиле жасоо талап кылынган. Санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп берген, оңдоп-түзөөдөн өткөн имараттын ишке берилиши коркунучтуу жугуштуу ооруларга каршы натыйжалуу күрөштүн кепилдиги болот”, - деди министрдин орун басары, Бүбүжан Арыкбаева. 

 Курулуш-оңдоо иштеринин аякташына байланыштуу РКЖОО 2024-жылдын 1-майынан тартып 500 койка менен штаттык режимде ишин улантат жана калкка өз убагында, сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө даяр.