Copyright: ©

“Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо жумалыгы” эл аралык форуму башталды

02.04.2024 / Просмотров: 3150

Бүгүн, 2024-жылдын 2-апрелинде Бишкекте 2023-жылдын 2-апрелинен 4-апрелине чейин өтүүчү “Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо жумалыгы” 18-Эл аралык конгресс-көргөзмө форуму өз эшигин ачты.

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагындагы жыл сайын өтүүчү негизги иш-чара – MedExpo Kyrgyzstan 2024тун ачылыш аземине КР саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Мирланбек Байгончоков, Кыргыз Республикасындагы Пакистан Ислам Республикасынын элчиси Хасан Али Зайгам, Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Араббоев Абдугани Абдулхамид угли, Кыргыз Республикасындагы Америка соода палатасынын аткаруучу директору Айсулуу Сыдыгалиева, Россия Федерациясынын соода өкүлү Саманов Айнур Шамилевич жана башка медицинанын ар кандай тармагындагы адистери катышты.

 

Медицина тармагы боюнча Борбор Азиядагы беш ири көргөзмөнүн бири болгон бул иш-чара саламаттыкты сактоо тармагындагы адистер үчүн негизги окуя болуп саналат.

Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө саламаттыкты сактоо жарандардын физикалык бакубаттуулугу үчүн мамлекеттин камкордугун гана билдирбестигин баса белгиледи. «Адамдын ден соолугун коргоо – ар бир мамлекеттин туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги фактору. Биздин ар бирибиздин өмүрүнүн узактыгы жана калктын жалпы өндүрүмдүүлүгү практикалык медицинаны жана фармакологияны өнүктүрүүдөгү кесипкөйлүккө жараша болот. Бишкектин медицина тармагындагы көргөзмө индустриясынын регионалдык флагманы болуп жатканы менен сыймыктанабыз, ал саламаттыкты сактоо системасын жакшыртууга, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынынмедицина рыногунда заманбап диагностикалык жана дарылоо ыкмаларынын пайда болушуна өбөлгө түзөт».

 

MedExpo Кыргызстан 2024 – бул өлкөнүн саламаттыкты сактоо системасынын сапаттуу жана натыйжалуу иштөө маселелерин талкуулоо үчүн медициналык адистерди, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, бизнес чөйрөлөрдү жана коомчулукту бириктирүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк. Мындан тышкары форум тажрыйба алмашуу, ата мекендик жана чет элдик акыркы жетишкендиктер менен таанышуу, ошондой эле ишкердик байланыштарды жана маанилүү келишимдерди түзүү үчүн уникалдуу аянтчаны түзөт. Көргөзмөнүн жүрүшүндө катышуучу компаниялар инновациялык медициналык жабдуулардын кеңири спектрин, диагностика, хирургия жана реабилитация үчүн жабдууларды, ошондой эле медицинанын бардык багыттары үчүн башка продуктыларды жана кызматтарды тартуулашат. Бул келген коноктор үчүн медицина тармагындагы акыркы жетишкендиктер менен таанышууга жана пайдалуу бизнес байланыштарды түзүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк.

 

 

Жыл сайын салттуу түрдө көргөзмөлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин, Бишкек шаарынын мэриясынын, С.Б. Данияров атындагы кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу мамлекеттик медициналык институтунун, Америкалык соода палатасынын (AmCham) колдоосу менен өткөрүлөт.

 

Быйыл биргелешкен көргөзмөгө 10 өлкөдөн 80ден ашык компания катышат. Катышуучулардын географиясы: Беларусь, Италия, Пакистан, Польша, Россия, Кытай, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Япония, ошондой эле Россия Федерациясынын Новосибирск облусунун Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин жамааттык стенддери жана Беларусь Республикасынын “Белфармпром” холдингинин стенди түзүлдү.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

18.05.2024
Бир катар саламаттык сактоо уюмдарына тез жардам унаалары тапшырылды

Бүгүн, 2024-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Ысык-Көл жана Чүй облусунун саламаттык сактоо уюмдарына тез жардам унааларын тапшыруу иш-чарасы болду. Автоунаалардын ачкычын КР саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тапшырды.

 Министр Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаров Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагына жети тез жардам унаасын өткөрүп бергенин, анын бири мурда Тамчы айылындагы тез жардам пунктуна, дагы үч унаа Балыкчыдагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна, Боом капчыгайындагы тез жардам пунктуна жана Ысык-Көл районунун Жалпы дарыгерлик практика борборуна тапшырылып жатканын билдирди.

«Бардык керектүү жабдыктар менен жабдылган тез медициналык жардам унааларынын тапшырылышы Ысык-Көл облусунун тургундарына жана конокторуна тез медициналык жардам көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жасалган олуттуу кадам болуп саналат. Саламаттык сактоо тармагына өзгөчө көңүл буруп, ар тараптуу колдоо көрсөтүп жаткан  Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго терең ыраазычылык билдиребиз», - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

18.05.2024
Бишкектеги окуяда жабыркагандар тууралуу маалымат

17-майдан 18-майга караган түнү тез жардам кызматына 29 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Алардын ичинен 15  адам Шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлдү.

18-майдын таңына карата Шаардык тез жардам ооруканасында эки бейтап дарыланууда. Диагнозу: баш мээнин жабык травмасы, мээнин чайкалышы. Бейтаптардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. Бир жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга кеткен.

12 жабырлануучу ар кандай жаракаттар менен Улуттук госпиталга жаткырылып, алардын 11и тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга чыгышты.

18-майда КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук госпиталдын Бет-жаак хирургиясы бөлүмүнө барып, жаак сөөгү сынган деген диагноз менен жаткырылган пакистандык жарандын ден соолугунун абалы менен таанышты. Бейтап операцияга даярдалып жатат: жаак сөөгүнүн сынган жерин ордуна келтирүү. Министр Улуттук госпиталдын жетекчилигине жабырлануучуга бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүүнү тапшырды.


 

 

18.05.2024
Бишкекте жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча VII эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө

Бүгүн, 2024-жылдын 18-майында, Бишкек шаарында маанилүү юбилей - академик Иса Коноевич Ахунбаев жасаган Борбордук Азиядагы алгачкы жүрөк операциясынын 65 жылдыгына арналган жыл сайын өтүүчү VII Эл аралык илимий-практикалык конференция ишин баштады.

Конференция Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуучуларга жана алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген конокторго амандашуу сөзү менен ачылды.

Министр өз сөзүндө көрүнүктүү академик, хирург жана таланттуу дарыгер – Иса Коноевич Ахунбаевге терең ыраазычылык билдирди, анын эмгеги аймактагы медицина тармагындагы көптөгөн жетишкендиктерге башат болгон. Бул конференция тажрыйба жана билим алмашууга гана мүмкүнчүлүк бербестен, биз кесиптештердин идеяларынан шыктанып, илимий жана практикалык билимибизди тереңдетип, адамдардын ден соолугун жана жашоосун жакшыртуу үчүн жаңы чечимдерди жана технологияларды издөөдө бириге турган жайга айланат.

Талкуунун негизги темалары жаңы технологияларды, дарылоо жана диагностикалык методдорду, ошондой эле келечекте медицинаны өнүктүрүүнүн перспективаларын камтыды.

Мындан тышкары 19-майда Ысык-Көлдө салттуу веложүрүш жана Тору-Айгыр айылындагы И.К. Ахунбаевдин эстелигине гүл коюу иш-чарасы болот.