Ден соолук жаңылыктары

Акыркы жанылыктар

30

04

2024

Чоң-Алай районунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды

30.04.2024

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында оңдоп-түзөө иштери аяктады

30.04.2024

"Ички оорулар боюнча диалогдор" аталышындагы ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция

01.11.2023
Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында төрт мамлекеттик “ЭЛ АМАН” дарыканасы ачылды

Бүгүн, 2023-жылдын 2-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ош шаарында жана Ош облусунда төрт мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасынын ачылыш аземине катышты.

Ош шаарындагы №8 Үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалында, Ош шаардык клиникалык ооруканасында, Ош облусунун Кара-Суу районунун балдар ооруканасында жана Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында дарыкана ачылды.

Дарыканаларда Өтө маанилүү дарылардын тизмесине кирген 800дөн ашык дары-дармектер сунушталып, калк аларды өлкөдөгү жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан сатып ала алышат. Учурда республика боюнча мамлекеттик дарыканаларды ачуу боюнча иштер жүрүп жатат. Алгач 46 дарыкана ачуу пландалууда. Келечекте дарыканалардагы дары-дармектердин ассортиментин сегиз жүз фирмалык аталыштан эки миңге чейин көбөйтүү пландаштырылууда.

01.11.2023
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө Кыргыз Республикасындагы 2024–2030-жылдарга ден соолук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-аракеттердин биринчи улуттук планын (NAPHS) сунуштады

Бүгүн, 2023-жылдын 1-ноябрында КР Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстандагы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлчүлүгү менен биргеликте 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасында ден соолуктун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-аракеттердин биринчи улуттук планынын бет ачарын жасады.

Бул план 2023-жылдын июль айында Эл аралык медициналык-санитардык эрежелердин (ЭМСЭ) алкагында негизги мүмкүнчүлүктөргө биргелешкен тышкы баалоо жүргүзүлгөндөн кийин улуттук жана эл аралык эксперттер, ар кандай министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү тарабынан иштелип чыккан. Бул план ден соолуктун коопсуздугу жаатындагы максаттарга жетүү үчүн зарыл болгон кадамдарды жана ресурстарды, ишке ашыруу үчүн конкреттүү иш-чараларды сүрөттөгөн так жол картасы түрүндө болот. 

Деталдардын бул деңгээли биздин мамилебиз стратегиялык гана эмес, практикалык да болушуна кепилдик берет жана өлкөдөгү мүмкүн болгон ден соолук кризисин башкарууга эң жогорку даярдыкты камсыздайт, ошондой эле донорлорду координациялоо жана ресурстарды мобилизациялоо үчүн аянтча катары кызмат кылат.

«Биз Кыргыз Республикасы үчүн сак-саламат жана коопсуз келечекке карай жолубуздун орчундуу баскычында турабыз. Бул жамааттык эмгек жана өнөктөштүк биргелешкен аракеттер саламаттык сактоо жаатындагы маанилүү жетишкендиктерге кандайча алып келе тургандыгынын мисалы болуп саналат. Биз жетишкендиктерибиз менен сыймыктанабыз жана биздин кызматташуубуз бардык жарандардын коопсуздугун жана ден соолугун чыңдоого көмөктөшүүсүн улантат деп ишенебиз”,-деп КР саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүндө белгилеп кетти.

ДССУнун Кыргыз Республикасындагы өкүлү, доктор Ливиу Ведраско бул пландын маанилүүлүгүн баса белгиледи: «Бул план кызматташтыкты, ачык-айкындуулукту жана Кыргызстандын саламаттык сактоо системасынын келечегине айкын көз карашты чагылдырган биргелешкен чоң аракет. Бул биздин Кыргызстандын жарандарынын бакубаттуулугун камсыздоого жана бардыгы үчүн туруктуу саламаттык сактоо системасын камсыз кылууга берилгендигибиздин далили».

Маалымат үчүн:

Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-аракеттердин улуттук планы:

2019–2030-жылдарга карата Калктын ден соолугун сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын, катышуучу мамлекеттин 2022-жылга карата өзүн-өзү баалоо боюнча жылдык отчетунун (SPAR), 2023-жылга биргелешкен тышкы баалоонун (JEE) жана 2022-жылы стратегиялык тобокелдиктерди баалоо куралынын (STAR) негизинде иштелип чыккан.

Планды ишке ашыруу жакынкы 7 жылга белгиленген: 2024-жылдын 1-январынан 2030-жылдын 31-декабрына чейин.

01.11.2023
Кызамык боюнча эпидемиологиялык кырдаал татаалдашып, уюшкан топтордогу балдар ооруп жатышат

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, жыл башынан бери 3289 адам кызамык оорусуна чалдыкса, алардын көбү 4 жашка чейинки балдар. Эң көп катталгандар Бишкек шаарында (989 адам), Ош шаарында (321 адам), Ош облусунда (683 адам), Чүйдө (515 адам) жана Жалал-Абадда (501 адам), Ысык-Көлдө - 68, Баткенде 94, Таласта 92, Нарында 26 учур катталган.

Жалпысынан кызамык боюнча кырдаал курч бойдон калууда. Окуу жылы башталгандан бери бул оору орто мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин окуучуларынын арасында, эмдөөдөн өтпөгөн балдардын арасында көп катталууда. 

Кызамык оорусунун очогун чектөө үчүн уюшкан топтордо карантин жүргүзүлүүдө, анда билим берүү мекемелери инкубациялык мезгил аяктаганга чейин дистанттык окутууга убактылуу которулат. Бишкек шаарында 2 жеке менчик бала бакчада, бир жеке мектепте, Каракол шаарында 1 кызамык оорусу мамлекеттик бала бакчада катталган. Ал эми 30-октябрда Жалал-Абад шаарындагы эки орто мектептерде кызамык оорусу катталгандыктан карантинге жабылган. Эпидемияга жана эпизоотияга каршы атайын комиссиянын чечими менен окуу процесси убактылуу дистанциялык форматта өткөрүлөт. Бардык уюмдарга санитардык эрежелер даярдалып, жетекчилерге токтомдор менен протокол түзүлдү.

Ушуга байланыштуу кызамык жана кызылчага каршы кошумча эмдөө кампаниясы 9 айдан 7 жашка чейинки балдар арасында уланууда, бул вирус эң активдүү тараган аймактарда Бишкек, Ош шаарларында, Ош жана Чүй облустарында, ошондой эле Жалал-Абад облусунда кызамык оорунун көбөйүшүнө байланыштуу кызамык оорусуна каршы, уюшкан топтордогу балдарды кызамык менен кызылчага каршы вакцина менен кошумча эмдөө бардык курактагы байланыштагы адамдар 72 сааттын ичинде шашылыш түрдө эмделүүдө. 

Инфекциянын таралышын токтотуу үчүн эмдөө менен камтуу 95% дан жогору болушу керек. Кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө кампаниясынын алкагында бүгүнкү күндө 450 миңден ашык бала алды, бул 76% түзөт.

Урматтуу ата-энелер! Балдарды өз убагында эмдөө балдар топторундагы ооруларды алдын алууга жана чоң кишилерде инфекциянын коркунучун азайтууга жардам берет, алар үчүн татаалдашуу ыктымалдыгы алда канча жогору. Демек, бала кездеги пландуу эмдөө калктын башка катмарын кызамыктан коргоого жардам берет. Кызамык - коркунучтуу жана өтө жугуштуу вирустук оору, аны айыктырууга мүмкүн эмес, оорунун татаалдашы өлүмгө алып келиши мүмкүн.

01.11.2023
Мыйзамсыз медициналык клиникалар жарандардын ден соолугуна коркунуч туудурушу мүмкүн

2023-жылдын 31-октябрында КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев КР ЖК депутаттары Аида Исатбек кызы жана Чыңгыз Айдарбеков менен биргеликте дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды мыйзамсыз сатууга бөгөт коюу максатында Бишкек ш., Ош базарына жасалган рейддин жүрүшүндө ошондой эле жеке медициналык клиникаларга/кабинеттерге барышты.

Жеке медициналык клиникаларга/кабинеттерге барган учурда алардын ичинен бирөөсүнүн дагы медициналык ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн уруксат берүүчү документтери жок болуп чыкты.

Маалыматтарга ылайык, ушул тапта республикада 2800гө жакын юридикалык жана жеке жактар медициналык ишмердүүлүгүн мыйзамсыз (лицензиясы жок) жүзөгө ашырып келишет.

 

КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев: «Республикадагы мыйзамсыз медициналык ишмердүүлүк менен болгон кырдаал өтө тынч эмес. Жеке клиникаларда лицензиялардын жоктугу биздин жарандарыбыздын ден соолугу үчүн олуттуу коркунуч туудуруп жатат. Биз бейтаптардын сертификацияланбаган кызматтардын айынан жугуштуу ооруларды жуктуруп алуу тобокелчилигине дуушар болушуна жол бере албайбыз. Депутаттардын жардамы жана тиешелүү мыйзамды чыгаруу бул көйгөйдү чечип жана өлкөдөгү медициналык ишмердүүлүктүн үстүнөн көзөмөлдөөнү күчөтө алат”-, деп айтты.  

Жарандардан, лицензиясы бар гана жеке медициналык клиникаларга кайрылуусун абдан өтүнөбүз!

31.10.2023
Сауд Арабиядан келген дарыгерлер кыргызстандыктардын жүрөгүнө бекер операция жасоону пландоодо

31-октябрда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сауд Араб Падышалыгынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим бин Ради Аль-Ради мырза менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуу, аймактарда фельдшердик-акушердик пункттарды куруу, тажрыйба алмашуу жана адистердин квалификациясын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.

Салман падышасы атындагы гуманитардык жардам жана куткаруу борбору тарабынан ушул жылдын 10-ноябрынан 17-ноябрына чейин Кыргызстанда жүрөккө бекер операция жасоо кампаниясын өткөрүүнү көздөп жаткандыгын билдирди. Бул акцияны өткөрүү үчүн Кыргызстанга 30 адистен турган топ келип, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 100гө жакын жардамга муктаж бейтаптарга жүрөккө бекер операция жасатары күтүлүүдө. Ошондой эле, алар өздөрү менен кошо 500 миң АКШ долларын түзгөн каражатка стенттерди жана керектүү медициналык жабдууларды бекер алып келе тургандыктары айтылды. Министр Алымкадыр Бейшеналиев элчиге саламаттык сактоо тармагына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, бул иш-чараны өткөрүүдө КР Саламаттык сактоо министрлиги келген дарыгерлер тобуна бардык зарыл болгон колдоону көрсөтөөрүн белгиледи.

31.10.2023
Ош базарында дары каражаттарын мыйзамсыз сатууга бөгөт коюу боюнча рейд өттү

КР Саламаттык сактоо министрлиги жана КР ИИМ БМАККтын ишкердик ишмердүүлүктү лицензиясыз жүзөгө ашырууну текшерүү боюнча биргелешкен иш-чаралардын алкагында, бүгүн 2023-жылдын 31-октябрында КР Саламаттык сактоо министрлиги, Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти, Бишкек ш., Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери КР ИИМдин БМАКК кызматкерлери менен биргеликте  Бишкек ш. Ош базарында дары каражаттары жана медициналык буюмдарды мыйзамсыз сатууга бөгөт коюу максатында рейд жүргүзүлдү.

Бул иш-чара КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана КР ЖК депутаттары Аида Исатбек кызы жана Чынгыз Айдарбековдун катышуусунда өттү. 

Ош базарындагы «Берекет Гранд» соода борборуна жасалган рейддин жүрүшүндө ээлери дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды уруксат берүүчү документтерсиз жана тиешелүү ченемдерди сактабастан сатып жаткан бир нече контейнелер жабылды. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча беш контейнердин ээсине КРнын укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 284-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык протокол түзүлүп жана айыппул салынды. Мындан тышкары БМАКК тарабынан экспертиза жүргүзүү үчүн дары каражаттарынын үлгүлөрү алынды. Контейнерлердин ээлеринин арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев рейддин жүрүшүндө дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды мыйзамсыз сатууга чечкиндүү күрөшүү керектигин баса белгиледи. “Бул биздин жарандардын ден соолугунун маселеси жана биз жасалма же сапатсыз дары каражаттарынын биздин жарандарыбыздын колуна тийишине жол бербешибиз керек. Биздин максатыбыз – базардагы медициналык товарлардын коопсуздугун жана сапатын камсыздоо”, - деди ал. 

31.10.2023
KOICA Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине медициналык жабдууларды тапшырды

2023-жылдын 30-октябрында M. Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда Корея Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин (KOICA) “Өнүктүрүү кызматташтыгы аркылуу COVID-19га туруктуулукту жогорулатуу” программасынын алкагында медициналык жабдууларды тапшыруу аземин өттү. KOICA менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы бул кызматташуу Корея өкмөтүнүн COVID-19 пандемиясына каршы аракеттенүүдө өнөктөш өлкөлөргө колдоо көрсөтүүгө багытталган “Ишенимдүүлүктү бекемдөө” Стратегиясынын алкагында ишке ашырылган.

Салтанатка Корея Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вон Джэ, Саламаттык сактоо министринин орун басары Айжамал Шамбетова, Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунун жетекчилиги жана KOICA уюмунун директору Ли Джонгсу катышышты.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Корея Республикасына жана Корея Республикасынын Эл аралык кызматташтык агенттигине Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. «Көп жылдык кызматташуунун жүрүшүндө корей тарап Кыргыз Республикасына долбоорлор аркылуу колдоо көрсөтүп келет. Сатып алынган аппараттар ишти бир кыйла жакшыртып, калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртат. Биз Корея Республикасынын жана KOICAнын биздин калыптанышыбызды жана туруктуу өнүгүүбүздү колдоодогу жан аябас жардамын жогору баалайбыз», - деп белгиледи Айжамал Шамбетова.

Кыргыз Республикасында COVID-19 жана башка жугуштуу ооруларга туруктуулукту жогорулатуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында 56 067 000 сомго медициналык жабдуулар сатылып алынып, республиканын бир канча саламаттык сактоо уюмдарына өткөрүлүп берилди.

Маалымат үчүн:

Стационардык санариптик ентген-аппараты 7 даана:

1. Кара-Кулжа Жалпы дарыгерлик практика борбору (Ош облусу);

2. Панфилов Жалпы дарыгерлик практика борбору (Чүй району);

3. Ак-Талаа Жалпы дарыгерлик практика борбору (Нарын облусу);

4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин астындагы   Улуттук хирургиялык борбору (Бишкек ш.);

5. Клиникалык тез жардам ооруканасы (Бишкек ш.);

6. №1 Үй-бүлөлүк медицина борбору (Бишкек ш.);

7. №4 Үй-бүлөлүк медицина борбору (Бишкек ш.).

Стационардык УДИ аппараты 6 даана:

1. №10 Үй-бүлөлүк медицина борбору (Бишкек ш.);

2. Шаардык студенттик поликлиника (Бишкек);

3. Жумгал Жалпы дарыгерлик практика борбору (Нарын облусу);

4. №3 Үй-бүлөлүк медицина борбору (Бишкек ш.);

5. Чүй облустук бириккен ооруканасы (Чүй облусу);

6. Клиникалык тез жардам ооруканасы (Бишкек ш.).

Офтальмикалык лазер 1 даана:

Эндокринологиялык борбор (Бишкек ш.).

31.10.2023
Саламаттык сактоо министрлигинде республиканын стоматологиялык кызматын өнүктүрүү концепциясы талкууланды

30-октябрда Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жыйындар залында республиканын калкы үчүн стоматологиялык кызматтын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу маселелери талкууланган КР Саламаттык сактоо министрлигинин жыйыны өтүүдө.

Жыйын КР Саламаттык сактоо министринин, республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин, Кыргызстандын стоматологдор ассоциациясынын өкүлдөрүнүн жана өлкөдөгү бардык стоматологиялык мекемелердин, анын ичинде жеке структуралардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстан стоматологдор ассоциациясынын вице-президенти, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Абдимамет Сыдыков стоматологиялык кызматтын абалы боюнча баяндама жасады. Анын айтымында, республика боюнча 11 мамлекеттик өз алдынча стоматологиялык клиника, республика боюнча 66 саламаттык сактоо уюмдарында стоматологиялык бөлүмдөр бар. Жалпысынан 2022-жылы 1 796 683 адам кайрылган, анын ичинде 10 жашка чейинки балдар, кош бойлуу аялдар, 70 жаштан жогорку бейтаптар.

Ал ошондой эле стоматологиялык кызматтагы бүгүнкү күндөгү көйгөйлөргө токтолду, мисалы, бет-жаактарында тубаса кемтиктери бар балдарга стоматологиялык жардам көрсөтүү; онкологиялык операциялардан кийин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ортопедиялык жардам көрсөтүү; балдарга ортодонтиялык жардам көрсөтүү; өзгөртүүлөрдү киргизүү жана ченемдик-укуктук документтерди унификациялоо жана санариптештирүү.

Кыргызстандын стоматологдор ассоциациясынын вице-президенти Абдимамет Сыдыков республиканын стоматологиялык кызматын мындан ары өнүктүрүүнүн жолдорун да айтты. Республиканын стоматологиялык кызматынын жаңы концепциясын иштеп чыгуу, анын ичинде үч өзүнчө балдар стоматологиялык клиникасын уюштуруу: экөө Бишкекте жана бирөө Ошто. Бардык стоматологиялык клиникаларды чарбалык эсепке өткөрүү жана алардын структурасында иштеп жаткан балдар бөлүмдөрүн кармап туруу. Башка региондордо ҮМБнын стоматологиялык бөлүмдөрүндө кошумча балдар бөлүмдөрүн уюштуруу.

КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө тиш ооруларын алдын алуу жана өспүрүм куракта ооз көңдөйүн санациалоо чоң кишилерде көптөгөн оорулардын алдын ала тургандыгын белгиледи. «Дени сак балдар биздин келечегибиз. Балдардын өзүнчө стоматологиялык клиникаларын ачуу гана эмес, жеке сектор менен биргеликте иш алып баруу маанилүү. Уруксатсыз иштеген жеке клиникалардын ишин токтотуу керек. 2021-жылы жеке стоматологиялык клиникаларды текшере баштаганда 837 клиниканын дээрлик жарымынын лицензиясы жок болчу. Бул болсо өз кезегинде калкыбыздын ден соолугуна таасирин тийгизүүдө. Гепатит жана АИВ менен ооругандардын саны көбөйүшү мүмкүн», - деди министр.

Бардык тараптарды, анын ичинде жеке сектордун өкүлдөрүн угуп, министр жыйында айтылган сунуштарды эске алуу менен республиканын стоматологиялык кызматынын жаңы концепциясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүп, аны ушул жылдын 13-ноябрына чейин карап чыгып Саламаттык сактоо министрлигине киргизүү тапшырмасын берди.

30.10.2023
«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы менен «Казакстан СК Фармация» ЖЧКсынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду

Фармацевтикалык продукцияны өндүрүү боюнча дүйнөлүк лидерлердин катышуусунда Астанада өткөн, 3-эл аралык фармацевтикалык форумдун жүрүшүндө «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы менен «СК Фармация» ЖЧШсынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Буга чейин ушундай эле протоколго “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы менен Түркиянын “Ускаш” ишканасынын ортосунда кол коюлган. Муну менен мамлекеттик ишкана фармацевтика тармагындагы аймактык жана дүйнөлүк лидерлер менен байланыштарын чыңдоодо. Жетишилген макулдашуулар дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуу маселелерин биргелешип чечүүгө мүмкүндүк берет.

30.10.2023
КР Саламаттык сактоо министри Пакистан Ислам Республикасынын элчиси менен жолугушту

Бүгүн, 2023-жылдын 30-октябрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде министр Алымкадыр Бейшеналиев менен Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хасан Али Зайгам менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тарапты кызыктырган бир катар маселелерди, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жолдорун, мисалы, медициналык жогорку окуу жайлардын ортосундагы кызматташтыкты жана фармацевтика тармагындагы кызматташууну талкуулашты.

Ошондой эле, Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хасан Али Зайгам мырза Алымкадыр Бейшеналиевди ушул жылдын декабрь айында Пакистанда өтө турган Саламаттык сактоо боюнча саммитке катышууга чакырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү боюнча мындан аркы кызматташууну кеңейтүү боюнча макулдашышты.

25.10.2023
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Улуттук онкология жана гематология борборунда өзөктүк медицинаны кайра жандандыруу боюнча иштердин жүрүшү менен таанышты

2023-жылдын 25-октябрында КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин КР ССМнын Улуттук онкология жана гематология борборунун (УОГБ) Ядролук медицина бөлүмүнө жумушчу сапары болду. Бөлүмдүн техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана изилдөөчүлүк потенциалы Саламаттык сактоо министрлиги,  КР Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик бажы кызматы, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлиги, КР ССМнын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти, Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту коргоо жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу департаменти, И.К. Ахунбаев ат., Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Ж. Баласагын ат., Кыргыз улуттук университети, КР ССМнын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун өкүлдөрүнүн катышуусундагы отурумда талкууланды. 

 Иш сапардын жүрүшүндө министр технеций-99m менен белгиленген радиофармацевтикалык дары каражаттарын даярдоо үчүн радиофармацевтикалык дарыкананы, МАГАТЭ жана ГК Росатомдун колдоосунда калыбына келтирилген радионуклиддик визуализация блогун карап чыкты.

Чогулуштун жүрүшүндө бөлүмдүн радиациялык коопсуздук талаптарына жана ченемдерине дал келүүсүнө уруксат берүүчү документтерди алуу боюнча баскыч ийгиликтүү аяктагандыгы белгиленди. Министр катышып жаткандардын бардыгына шайкеш иштегендиги жана КРнын жөнгө салуу ведомстволоруна катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Алымкадыр Бейшеналиев долбоордун Экинчи баскычына тез арада өтүү милдетин койду: «Иштеп жаткан радиофармацевтикалык дарыканаларды жана ОФЭКТ-бөлүмдөрдү өнүктүрүү жана заманбап борборлоштурулган радиофармацевтикалык дарыканаларды түзүү, молекулярдык визуализация борборун жана радионуклиддик таргеттик терапия жана тераностика борборун түзүү».

Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы КР Саламаттык сактоо системасынын заманбап деңгээлин камсыздоо үчүн долбоордун артыкчылыктуулугун, дары-дармек коопсуздугун жана өлкөнүн демографиялык коопсуздугун белгиледи. Министр долбоордун жогоруда саналып өткөн кыргыз жана россиялык ведомстволордун жана уюмдаодын катышуусунда түзүлгөн командасы командалык духту, жогорку темп жана натыйжалуулукту камсыздай тургандыгына ишенерин билдирди. 

Ядролук медицина бөлүмүндөгү техникалык даярдоо иштеринин жүрүшү, ошондой эле анын кесипкөй кадрлар менен толукталышы тууралуу саламаттык сактоо министри жана кызыктар ведомстволордун өкүлдөрүнө КР ССМнын Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Бактыгуль Султангазиева маалымат берди:

“Белгилүү бир мезгилде биз ядролук медицинадан объективдүү себептерден улам ажырап калган болчубуз. Андан кийин 2011-жылы бизге МАГАТЭ аркылуу аппарат коюшту, бирок ядролук медицинаны өнүктүрүү абдан так документацияны талап кылгандыктан, радио коопсуздук сакталышы керек болгондуктан эксплуатацияга киргизүү кийинкиге калтырылган. Буга бүт дүйнө жүзү көз салып турат. Андан кийин коронавирус пандемиясынан кийин биздин кызматкерлер Ядролук медицина бөлүмүн техникалык ишке киргизүүгө даярдоо үчүн бул багытта иштей башташты. Документация жана кызматкерлерди алуу боюнча маселелер чечилип жатты. Азыр бизде жакшы команда, дал ушул жерде иштейм деген каалоосу жанып турган жаш акылдуу жигиттер бар. Бул өзүнчө бир мекенчилдик. Анткени ядролук медицинаны өнүктүрүү – бул кайсы гана өлкөнүн болбосун саламаттык сактоо системасындагы биринчи көрсөткүч эмеспи”. 

Кыргызстанда ядролук медицинаны өнүктүрүү заманбап жогорку технологиялык ыкмаларды колдонуу жолу менен шишик жана шишик эмес ооруларды эрте аныктоо үчүн керек, бул бейтаптардын толук баалуу жашоого кайтып келүүсүнө мүмкүнчүлүк берет. 

 Республикалык  онкология борборунун башчысы ошондой эле Ядролук медицина бөлүмүндөгү жабдуу онкологиялык учурларды аныктоо жана дарылоо үчүн эле эмес, ошондой эле кардиологиялык, неврологиялык, эндокринологиялык ж.б. социалдык-маанидеги оорулар менен жабыркаган бейтаптарды кароо программаларында дагы колдонууга болорун белгиледи. Ал Кыргызстанда калктын керектөөлөрүн толугу менен жабуу үчүн ушундай аппараттар көбүрөөк пайда болот деген ишенимин билдирди:“1 миллион калкка бизде жок дегенде 1 аппаратыбыз болушу керек, демек бизде аз дегенде жети ПЭТ турууга тийиш”.

КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дарыгерлерге медицинада алдыңкы технологияларды өнүктүрүү максаттарын колдоп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди жана Кыргызстанда ядролук медицина долбоорлорун тез арада ишке киргизебиз деген ишенимин билдирди:

“Мен балдарыбызды дарылоо үчүн ядролук медицинага курч керектөө бар экендигин билем. Азыр көп адамдар анын ичинде биздин квоталар боюнча башка өлкөлөрдө дарыланып жатышат. Бирок мындай дарылоо сөөк чучугун которуштуруу жана башка татаал  манипуляциялардан улам көптөгөн жылдарга созулуп кетет. Мындай кырдаалдарды жеңилдетүү үчүн мен Ядролук медицина бөлүмү жакын арада биздин 

Республикада иштей баштайт деп үмүттөнөм, жана биз ар кандай баскычтардагы  онкологиялык учурларды аныктай алабыз”. 

 Министр КР ССМнын Улуттук онкология жана гематология борбору - структурасында ядролук медицина бөлүмү бар жалгыз дарылоо мекемеси экендигин белгиледи.  Ядролук медицина – бул радиоактивдүү изотопторду пайдалануу менен дартты аныктоонун жана дарылоонун заманбап багыттары. КР ССМнын Улуттук онкология жана гематология борборунун Ядролук медицина бөлүмүндө рактын өнүгүүсүнүн 1-2-баскычында табууга мүмкүнчүлүк бере турган радионуклиддик диагностика жүргүзүлөт. Изилдөөнүн өзү “Кыргызстанда ядролук медицинаны калыбына келтирүү” долбоору боюнча МАГАТЭнин Техникалык кызматташуусунун алкагында инсталляцияланган Бирфотондуу эмиссиялык компьютердик томографияда жүргүзүлөт, ошондой эле МАГАТЭнин ушул долбоорунун алкагында радиометриялык жабдууларды жана коргоочу-техникалык жабдууларды камсыздоо жаатында кайтарымсыз техникалык жардам көрсөтүлдү. Бөлүмдүн кызматкерлери долбоордун алкагында европалык ядролук медицина мектептеринде окутулду. 2022-жылдан баштап ушул кезге чейин «РОСТАТОМ» корпорациясы долбоордун алкагында УОГБнын базасында орун алган ОФЭКТ-бөлүмдү аракетке келтирүү боюнча жардам көрсөтүүдө, жумуш орундарындагы бөлүмдүн кадрларын окутууга көмөктөшүүдө жана радиофармацевтикалык өндүрүш үчүн ченемдик-укуктук документацияны иштеп чыгууга көмөк көрсөттү, бул ата мекендик ядролук медицинанын өнүгүүсүнө аябагандай чоң салым катары кызмат кылды.

 

 

 

25.10.2023
Общественный благотворительный фонд построил детскую площадку для отделений детской онкологии и гематологии НЦОМиД

25 октября 2023 года в Национальном центре охраны материнства и детства (НЦОМиД) в отделении детской онкологии и онкогематологии прошло торжественное открытие детской площадки стоимостью 3 300 000 сомов.

Площадка - это 500 квадратных метров отдыха для детей и их родителей. 

По периметру она озеленена деревьями с автоматическим капельным поливом и зеленой изгородью. На ней установлен детский игровой комплекс: качели, горки, инклюзивные карусели (для детей на инвалидных колясках), скамейки и беседки для отдыха родителей и многое другое. И что особенно хотелось бы отметить: площадка покрыта бесшовным безопасным покрытием из резиновой крошки, которая выдерживает перепады температур и интенсивные механические воздействия.

Сбор средств на возведение инклюзивной, безопасной детской площадки начался в феврале 2023 года. Средства собирались посредством организации гольф-турнира, беспроигрышной лотереи, благотворительной ярмарки, благотворительного аукциона.

Возведение детской площадки стало возможным благодаря пожертвованиям компаний-меценатов, частных лиц, средствам из благотворительных боксов сети «Umai Group».

Мероприятие прошло с участием Елены Коневой, президента благотворительного фонда «HelpThe Сhildren SKD», Айжамал Шамбетовой, заместителя министра здравоохранения КР, Шайырбека Сулайманова, директора НЦОМиД.

«Всего на строительство детской площадки требовалось почти 4 миллиона сомов, мы с февраля искали средства для того, чтобы у детей была своя зона отдыха. Так получилось, что место возведения площадки поменялось, уменьшился ее размер, но наполнение не пострадало. Собрать всю сумму не удалось, итоговая стоимость возведения площадки составила 3 300 000 сомов с учетом всех скидок от компаний-подрядчиков», - рассказала Елена Конева, президент ОБФ «Help The Сhildren SKD».

«От лица министерства здравоохранения КР выражаю огромную благодарность за ваш огромный труд. Площадка – это прекрасное на сегодняшний день инфраструктурное решение, нужно и так актуально. Она однозначно повысит качество жизни тех, кто проходит длительное и тяжелое лечение.  Когда мы учились в Медицинской Академии, нам всегда говорили: у болезни 2 смысла: негативный и позитивный. Позитивный, как бы это не звучало он делает нас сильнее. А некоторых, таких как Елена Конева, делает настолько сильными, что они не просто преодолевают эту боль, а еще находят в себе душевные силы помогать другим и превратить это в дело всей жизни», - говорит Айжамал Шамбетова, заместитель министра здравоохранения КР.

Справочно:

16 лет фонд помогает в нескольких направлениях:

  1. Закупает дорогостоящие медицинские препараты;
  2. Собирает средства на препараты крови;
  3. Закупает и передает медицинскую мебель и медицинское оборудование и бытовую технику для больниц;
  4. По программе «Академия врача» финансирует обучение врачей; 
  5. На протяжении 16 лет фонд ведет 2 проекта: первый – больничная клоунада, и второй – 2 центра психологической реабилитации в НЦОИМиД

За 16 лет фонд «Help the Children SKD» оказал помощь более 40 тысячам детей с онкологическими и гематологическими заболеваниями на общую сумму более 205 миллионов сомов.

 

 

25.10.2023
24-октябрда Полиомиелит менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү белгиленүүдө

Бул жалпы дүйнөлүк коомчулук үчүн маанилүү күн. Полиомиелит – вирус козгогон өтө кооптуу жана коркунучтуу жугуштуу оору. Вирус фекалиялык жол менен, ооз аркылуу жана булганган суу же азык-түлүк аркылуу жугат. Ал нерв системасын жабыркатат жана 5 жашка толо элек балдар тобокелдик тобунда болушат. Оору биринчи кезекте ушул курактагы балдарды бутага алат. Вирус жуккан 200 учурдун биринде айыкпас шал оорусу пайда болот. Вируска кабылган адамдардын 5-10% дем алуу булчуңдарынын шал оорусунан улам көз жумат.

 

Полиомиелитке каршы вакцина ойлоп табылганга чейин дүйнө жүзү боюнча жыл сайын миңдеген адамдар шал болуп, ушундан көз жумуп келишкен. Алсак, 1916-жылы эпидемиянын натыйжасында АКШда эле 6 000 адам каза болуп, 27 000ден ашуун адам шал болуп калган. 1950-жылдардын башында жыл сайын полиомиелиттин 25 000ден ашуун учуру катталып турган.

 

1993-жылдан бери Кыргыз Республикасында жапайы жана вакцина менен байланышкан полиовирустар катталган эмес. 2002-жылдан бери өлкө “Полиомиелиттен эркин өлкө” деген сертификатты алып жүрөт. Кыргызстанда жапайы жана вакцинага байланышкан полиовирустар болбогонун тастыктаган калыс маалыматтар бар.

 

25 жылдан ашык убакыттан бери өлкөдө “жапайы” вирус чакырган курч, шал кылуучу полиомиелит учурлары бир да жолу катталган эмес.

 

Бирок, полиомиелиттин жапайы вирусу жугуп жаткан эндемикалык өлкөлөр да, ошондой эле айланып жүрүүчү вакцинага байланышкан полиовирус катталып жаткан бир катар өлкөлөр да бар.

 

Полиомиелитке каршы атайын дарылоо жок, бирок аны вакцина менен алдын алууга болот.

 

Полиомиелитке каршы эмдөөлөр Кыргыз Республикасынын Профилактикалык эмдөөлөр календарына ылайык 4 жолу жасалат:

ымыркай 2 айында бОПВ

ымыркай 3,5 айга толгондо бОПВ, ИПВ

бала 5 айында бОПВ

бала 9 айга толгондо ИПВ сайылат

Оралдык полиомиелит вакцинасы (ОПВ) жандуу, бирок алсыраган полиовирустардан турат. Вакцина баланын оозуна тамчылатып берилет. Вакцина полиовирустарга каршы жакшы жергиликтүү (ичегиде) иммунитетти пайда кылат.

Инактивацияланган полиомиелит вакцинасы (ИПВ) адам үчүн абдан коопсуз вакцина болуп саналат, ал 1-, 2- жана 3-типтеги жансыз полиовирустун антигендерин камтыйт жана булчуңга сайылат.

ИПВ менен ОПВнын айкалышы полиомиелиттен мыкты коргоону камсыз кылат. ИПВ жана ОПВ ар кандай иммундук реакцияларды жаратып, балаңыздын иммунитетин биргелешип бекемдейт. Вакцина сиздин ымыркайыңызды да, айланаңыздагы адамдарды да коргоого жардам берет.

Балдарыбызды чогуу коргоп калалы!

 

Эмдөөгө байланышкан бардык суроолор боюнча колл-борборго кайрылсаңыз болот. Колл-борбор күн сайын саат 08:00дөн 18:00гө чейин иштейт:

+996 (551) 880 229

+996 (708) 521 710

+996 (703) 126 442

+996 (501) 323 011

+996 (999) 323 011

+996 (312) 323 011

25.10.2023
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри ДССУ менен өнөктөштүктүн ийгилигин жана Борбордук Азиядагы саламаттык сактоо чараларынын актуалдуулугун баса белгиледи

2023-жылдын 24-октябрында Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа боюнча Регионалдык комитетинин 73-сессиясында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттык сактоо министрлигинин тармакты өнүктүрүү боюнча жүргүзүп жаткан саясаты жөнүндө айтып берди. Ошондой эле саламаттык сактоо тармагындагы ДССУ менен биргеликте ишке ашырылып жаткан негизги жетишкендиктерге басым жасады.

Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо саясаты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасына” жана туруктуу өнүктүрүүнүн принциптерине ылайык, өлкө жарандарынын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган 2019-2030-жылдарга калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча «Дени сак адам - ​​өнүккөн өлкө» программасынын алкагында жүзөгө ашырылат.

Учурда ДССУ менен биргеликте максаттарга жетүү боюнча иш-чаралардын деталдуу сүрөттөлүшү менен жети жылдык план иштелип жатат.

Өлкөбүздө саламаттык сактоо тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар өлкөнүн Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын №3 артыкчылыктуу багытын ишке ашырууда адамдарга багытталган жана “эч кимди артта калтырбоо” принципиалдуу милдеттенмесине басым жасоо менен жүргүзүлүүдө. Жана алдыбызга коюлган максаттар:

- энелердин, ымыркайлардын жана беш жашка чейинки балдардын өлүмүн кыскартуу;

- инфекциялык жана вирустук оорулардын деңгээлин төмөндөтүү, инфекциялык эмес оорулардын жүгүн андан ары азайтуу.

Албетте, биздин республикалардын калкынын саламаттыгы бири-бири менен тыгыз байланышта жана 2022–2025-жылдарга Борбордук Азияда ден соолукту жана бакубатчылыкты колдоо боюнча Жол картасы актуалдуу, анткени биздин өлкөлөр соода, эмгек жагынан социалдык-экономикалык байланыштардан көз каранды. Миграция, туризм жана башка чөйрөлөрдө ушул жана башка мамилелер жаңы жугуштуу оорулардын чыгышына алсыз жана COVID-19 пандемиясы муну көрсөттү, муну менен катар адамдын ден соолугуна коркунучтуу башка инфекциялык эмес жана жугуштуу оорулар дагы бар, буга биз климаттын өзгөрүшүн кошсок болот.

  Жол картасы бардыгыбызга Борбор Азиядагы саламаттык сактоо кризистерине, глобалдык чакырыктарга биргелешип жооп кайтарууга мүмкүндүк берет жана кабыл алынган чечимдер ден соолук үчүн саясий капиталды түзө турган жана Борбордук Азияда инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүчү трансформациялык өзгөрүүлөргө түрткү берүүчү өнөктөштүктү жеңилдетет.

Министр Кыргыз Республикасы саламаттык сактоо тармагындагы бардык артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташууну улантууга жана тажрыйба алмашууга даяр экенин баса белгиледи.

Алымкадыр Бейшеналиев ошондой эле Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүгө көмөктөшүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна эң жакшы каалоолорун жана чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун мааракеси, түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгы менен куттуктады.

24.10.2023
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа боюнча аймактык комитетинин 73-сессиясына катышты

Бүгүн, 2023-жылдын 24-октябрында Казакстан Республикасынын Астана ш., Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа аймактык комитетинин 73-сессиясы старт алды, ага башында КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев турган Кыргызстандан барган делегация катышууда.

КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев  Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин Саламаттык сактоо жаатындагы кызматташуу боюнча кеңешинин төрагасы катары Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа аймактык комитетинин 73-сессиясынын катышуучуларына куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөдү. 

Өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүндө министр БДСУнун Европа аймактык боюросунун директору  доктор Ханс Клюгеге  ушундай жогорку деңгээлдеги отурумга катышуу үчүн чакыргандыгына ыраазычылык билдирди.

«Биз ушул чакырууну Шериктештиктин катышуучу-мамлекеттеринин саламаттык сактоо системаларын өнүктүрүүдөгү кеңештин медициналык жардамга жалпы камтууну камсыздоо жана коомдук ден соолук иш-чараларын чыңдоодогу жетишкендиктерин таануу катары карайбыз. Достук жана өз ара урматтоонун ак пейил салттарына таянуу менен Кеңеш өзүнүн отуз жылдык ишинде  Шериктештикке мүнөздүү болгон ынтымак жана өнөктөштүк духун бекемдөө үчүн ишенимдүү пайдубал болуп калды.

Бүгүнкү күндө Кеңеш КМШнын катышуучу-мамлекеттеринин жарандарынын ден соолугун чыңдоо жана сактоого жана санитардык-эпидемиологиялык жыргалчылыгын камсыздоого орчундуу салым кошуп жатат. Биздин биргелешкен ишибиз башкы максатка – адамдын ден соолугун анын бүт жашоосу ичинде камсыздоого жетишүүгө багытталган. Бул максатка жетишүү аймактык, улуттук, глобалдуу, коомдук жана тармактар аралык механизмдерди бириктирүүнү талап кылат. Буга байланыштуу БДСУнун бириктирүүчү ролун өзгөчө белгилегим келет. Акыркы жылдарда көп нерсе жасалды. БДСУ жана биздин өлкөлөрдүн өкмөттөрү тарабынан жасалып жаткан биргелешкен күч-аракеттер менен COVID-19 пандемиясын чектөөгө, жугуштуу эмес оорулардан болгон өлүмдөрдүн глобалдуу жүгүн азайтууга, кургак учук менен күрөшүүдө жана антибиотиктерге резистенттүүлүккө каршы аракеттенүүдө прогресске жетише алдык»,- деп айтты Алымкадыр Бейшеналиев.

Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2023-жылы КМШнын Саламаттык сактоо жаатындагы кызматташуу боюнча кеңешинде төрагалык кылып жаткандыгын белгилеп кетти. Ошондой эле мүмкүнчүлүктүн пайдаланып доктор Ханс Клюгени жана өзүнүн кесиптештерин – КМШнын катышуучу-мамлекеттеринин саламаттык сактоо министрлерин  14–15-ноябрда Бишкекте өтө турган Кеңештин жыйынтыктоочу отурумуна катышууга чакырып кетти.

Өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөздөрүн жыйынтыктап жатып министр ошондой эле КМШнын Саламаттык сактоо жаатындагы кызматташуу боюнча кеңеши саламаттык сактоо жаатындагы өз ара аракеттенишүүнүн бардык артыкчылыктуу багыттары боюнча сүйлөшүүгө жана тажрыйба алмашууга даяр экендигине ишендирди. 

 

24.10.2023
Кыргызстан менен Орусиянын саламаттык сактоо министрлери саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты

2023-жылдын 23-октябрында Астана шаарында өткөн баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү боюнча эл аралык конференцияга катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуунун негизги багыттарын, атап айтканда, фармацевтика тармагын өнүктүрүү жана бейтаптарды дары-дармек менен камсыздоо маселелерин талкуулашты. Мурашко Орусия Федерациясы жаңы фармацевтикалык заводдорду үзгүлтүксүз ачып, өзүнүн дары-дармектерин, анын ичинде онкологиялык оорулуулар үчүн дарыларды чыгарып жатканын, бул импорттук аналогдордон баш тартууга мүмкүндүк берерин баса белгиледи.

Өз кезегинде Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Орусия Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүдөгү стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири экенин баса белгиледи. Ал кызматташуу жана үзгүлтүксүз колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле биргелешкен аракеттер эки өлкөнүн элинин ден соолугун жана бакубаттуулугун чыңдоого салым кошуп жатканын баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар калктын саламаттыгын жана медициналык жардамды уюштуруу системасын жакшыртууга багытталган иштерди активдештирүү ниетин ырасташты.

23.10.2023
Кыргызстандык делегация Астана ш., баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү боюнча эл аралык конференцияга катышты

Бүгүн, 2023-жылдын 23-октябрында Казакстан Республикасынын Астана ш., “Баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү жаатындагы саясат жана тажрыйба: жогорку натыйжаларга умтулуу” эл аралык конференциясы өтүп жатат, ага КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышууда. 

Аталган конференция жогорку деңгээлде, Астана декларациясынын кабыл алынышынын беш жылдыгына жана БМСЖ боюнча Алма-Ата декларациясынын кабыл алынгандыгынын кырк беш жылдыгына арналган.

Эл аралык конференциянын расмий ачылышы Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, БДСУнун Башкы директору Тедрос Адан Гебреисус, БДСУнун Регионалдык бюросунун директору Ханс Клюгенин катышуусунда өттү.

Ден соолук жана оорулар боюнча максаттарга жетүү үчүн баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү чыңдоо боюнча пленардык отурумдагы өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүндө министр Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда 2002-жылдан баштап ишке ашырылып жаткан жана калктын ден соолугун чыңдоого багытталган “Ден соолук көйгөйлөрү боюнча жамааттардын аракеттери” программасын өнүктүрүү боюнча маалымат менен бөлүштү. Бул программа жергиликтүү жамааттардын жана мамлекеттик саламаттык сактоо системасынын ортосундагы өнөктөштүк болуп саналат, анын алкагында биринчи жолу жергиликтүү калктын ден соолугун жакшыртуу жана баштапкы медициналык-санитардык жардамдын (БМСЖ) медицина кызматкерлери менен өз ара аракеттенишүү боюнча иштер үчүн ыктыярчылардан турган Айылдык ден соолук комитеттери (АДК) түзүлгөн. 

Бүгүнкү күндө бүт өлкөнүн масштабында 25 000 ден ашуун мүчөсү бар 1700 АДК иштейт, бул Кыргызстандын 80%дан ашуун айылын камтыйт. АДК калк арасында калыптанып калган жакшы кадыр-баркка ээ жана адамдардын өзүнүн алардын саламаттыгын жана жыргалчылыгын аныктоочу жашоо шарттарына тийгизүүчү потенциалын көрсөтүп турат. Калган 75% – бул медициналык кызматкерлердин мүмкүнчүлүктөрүнүн алкагынан чыгып турган, бирок адамдын жашоо сапатын аныктоочу ден соолук детерминанттары.

 Айылдык ден соолук комитеттеринин миссиясы “Адамдарга дени сак болууга жардам берүү!” катары аныкталган. АДКнын ишмердүүлүгү адамдардын жүрүм-турумун, алардын жашоо мүнөзүн калк арасында жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу, тамактануу жана йод жетишсиздиги маселелери, ден соолук детерминанттарын жакшыртуу жана башка аспекттер боюнча маалыматтык жана агартуучу иш-чараларды өткөрүү жолу менен өзгөртүүгө багытталган. 2011-жылдан тарта жыл сайын АДКнын күчү менен 18 жаштан жогорку курактагы калктын артериялык кан басымына скрининг жүргүзүлүп турат.

“Айылдык ден соолук комитеттеринин тармагы калкка ден соолук маселелери боюнча кеңири маалымат берүү жана консультация берүү үчүн таасирдүү платформа болуп саналат. Ал БМСЖнын алдын алуу иштерине көмөктөшөт жана калктын ден соолугун чыңдоого олуттуу салым кошуп жатат. Ошентип Айылдык ден соолук комитеттерин түзүү калктын ден соолугун жакшыртууга багытталган борбордогу жана жер-жерлердеги тармактар аралык саясатты калыптандыруу жана жакшыртуу үчүн негиз болуп калды. Айылдык ден соолук комитеттеринин ишмердүүлүгү баштапкы медициналык санитардык жардамга жамааттарды алардын ден соолугу жана ден соолук детерминанттарын көзөмөлдөө маселелерине тикелей катыштыруу боюнча орчундуу демилгелерди жана мамилелерди ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берди”,-деп белгиледи КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

22.10.2023
“Бирдиктүү ден соолук” аракеттеринин алкактык программасын ишке ашырууда Дүйнөлүк банк пандемиялык фондунун гранттык каражаттарынын эсебинен колдоо көрсөтөт

 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен биргеликте ден соолуктун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жети жылдык көп сектордуу улуттук иш-аракеттер планын жана 24-36 айга артыкчылыктуу иш-аракеттер планын иштеп чыккан. Аны ишке ашыруу пандемиялык фонддун гранттык каражаттарынын эсебинен пландаштырылууда.

2023-жылдын 19-20-октябрында Бишкекте көп сектордуу жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга ДССУ, Дүйнөлүк Банк, КР Саламаттык сактоо министрлигинин, КР Айыл-чарба министрлигинин, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Финансы министрлигинин өкүлдөрү жана башка ведомстволук адистер катышышты. 

Иш-чарада, ден соолуктун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жети жылдык көп сектордуу улуттук иш-аракеттер планын ишке ашыруу боюнча Дүйнөлүк банк менен биргеликте каражат маселесин чечүү жолдору талкууланды.

КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Медер Исмаилов Борбордук Азия өлкөлөрүндө “Бирдиктүү ден-соолук” аракеттеринин алкактык программасын ишке ашырууну илгерилетүү үчүн колдоо көргөзгөн катышуучуларга ыраазычылык билдирди.

“Биз көп сектордук, көп дисциплинардык жана ведомстволор аралык кызматташуу адамдын ден соолугуна коркунучтарды азайтуу жана келечектеги пандемиялардын алдын алуу үчүн абдан маанилүү экенин түшүнөбүз. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө коопсуз, сергек жана туруктуу айлана-чөйрөнү түзүү боюнча прогресске жетишүүдөгү өлкөнүн артыкчылыктарын толук чагылдырган демилгелерди кабыл алууну жана "Бирдиктүү ден-соолук" ыкмаларын ишке ашырууну колдойт”,- деп билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында “Бирдиктүү ден соолук” аракеттеринин алкактык программасын ишке ашырууда Дүйнөлүк банктын пандемиялык фондунун гранттык каражаттарынын эсебинен колдоо көрсөтөөрү белгилүү болду.

20.10.2023
Кыргызстан менен Түркиянын саламаттык сактоо министрлери кыргызстандыктар үчүн квоталарды жандантуу, дары-дармек менен камсыздоо жана кадрдык потенциалды жогорулатуу маселелерин талкуулашты

Ушул күндөрү Түркия Республикасынын Стамбул шаарында өтүп жаткан Түрк медицинасынын 9-конгрессинин алкагында, 20-октябрда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министри доктор Фахреттин Коджа менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер Кыргызстан менен Түркиянын саламаттык сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташуусунун эң актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2020-жылы COVID-19 пандемиясынан улам убактылуу токтотулган түрк клиникаларында кыргызстандыктардын жогорку квалификациялуу медициналык жардам алуусу үчүн буга чейин берилип келген квоталарды жандандыруу маселесин көтөрдү. Кыргыз-Түрк “Достук” ооруканасынын кошумча имаратынын курулушун жүргүзүүгө азыркы учурда кыргыз тарабы даярдыктарды көрүп, ал эми түрк тарабы консультациялык жардам көрсөтүп, алдыңкы трансплантология бөлүмүн куруу боюнча тажрыйбасы менен бөлүшөөрү айтылды.

  Мындан тышкары, министр Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун берген тапшырмасына ылайык, Саламаттык сактоо министрлигинин астында «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы ачылып калкка дары-дармектерди түздөн-түз өндүрүш ишканаларынан арзан баада сатып алып жеткирүү боюнча иш жүрүп жатканын маалымдап,  Министрликтин бул багытта да тыгыз кызматташууга даяр экендигин белгиледи.

Талкуулардын жыйынтыгы боюнча Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Коджа түрк тарап оор дартка чалдыккан кыргызстандыктар үчүн квоталарды толугу менен жаңыртуу боюнча, ошондой эле түркиялык дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөргө жолугушууларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн караштыраарына ишендирди.

Ошондой эле, жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2018-жылдын 30-августундагы №303 Түркия Республикасында медицина жана медициналык адистиктер боюнча билим алып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, 20 дарыгер, андан тышкары медайымдар Түркия Республикасында билимин жогорулатууга бараары макулдашылды.

20.10.2023
Кыргызстандагы инфекционист дарыгерлердин потенциалын жогорулатуу

Бүгүн, 20-октябрда Бишкекте Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын кызматкерлерин окутуу боюнча үч жылдык долбоордун жыйынтыктоочу этабынын алкагында сертификаттарды тапшыруу аземи өттү. 

Бул тренинг Корей Эл аралык Кызматташтык Агенттигинин KOICA колдоосу менен Инха университетинин ооруканасы (Корея Республикасы) тарабынан «Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын персоналынын потенциалын жогорулатуу» программасынын алкагында уюштурулган.

        Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев 3 жылдык квалификацияны жогорулатуунун аркасында өзгөчө кырдаалдарда медициналык жардамдын сапаты жакшырып, өлүмдүрдөн азайганын белгиледи. КРДС (курч респиратордук дистресс-синдром) менен ооруган бейтаптарды диагностикалоо жана дарылоо, өзгөчө кырдаалдагы бейтаптарды башкаруу алгоритмдери темасында окуу куралдары басылып чыккан. Алынган билимдер республиканын дарыгерлерине да окутулуп жатат. Бул 3 жылдык кызматташуунун алкагында Клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы көчмө кычкылтек концентраторун, ошондой эле симуляциялык тренингдерди өткөрүү үчүн манекендерди алды.

Ошондой эле Республикалык клиникалык оорукана менен Инха клиникасынын ортосунда медицина кызматкерлерин окутуу жана Кыргыз Республикасынын Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасын кеңейтүү боюнча техникалык-экономикалык негиздемелерди жүргүзүү аркылуу мындан аркы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Сертификаттарды тапшыруу аземи Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вонджэ, KOICA кеңсесинин директору Ли Чжон Су, Инха университеттик ооруканасынын башкы дарыгердин медициналык иштер боюнча орун басары Чой Сон Гындын катышуусунда өттү.