28.03.2023

Тамекини таштагандан кийинки организмдеги өзгөрүүлөр

Никотинден баш тартууга белсенгендерди тамекини капысынан таштаганда эмне болот деген суроо кызыктырса керек?
Никотиндин гана эмес, дагы эки жүздөй чайыр жана канцерогендик заттардын зыяндуу таасиринен организмдин калыбына келүү процесси тез боло алабы? Мүмкүн эмес болсо керек. Бирок, организмге уулар киргенден кийин калыбына келүү процесси, жаңы доза жок болгон шартта, 20 мүнөттөн кийин башталат.
Тамекини таштоонун пайдасы дароо эле сезилет
🔹Тамекини таштагандан кийин 20 мүнөттөн кийин жүрөктүн согушу басаңдайт.
🔹12 сааттын ичинде кандагы моноксид углеродунун деңгээли нормага чейин төмөндөйт. 2-12 жуманын ичинде кан айлануу жакшырып, өпкөнүн иштеши нормалдашат
🔹 1-9 айдын ичинде жөтөл жана энтигүү азаят
🔹5-15 жылдын ичинде тобокелдик деңгээли тамеки тартпаган адамдыкындай болот
🔹 10 жылдын ичинде өпкө рагынан каза болуу коркунучу тамеки тарткандарга салыштырмалуу эки эсеге азаят
🔹 15 жылдын ичинде жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруп калуу коркунучу тамеки тартпаган адамдын тобокелдик деңгээлине чейин жетет

Тамекини таштагандан кийин организмдеги өзгөрүүлөр

Кан:

— никотинден тазаланат;

— биохимиялык курамы нормалдашат;

— лейкоциттердин жана эритроциттердин катышы нормалдуу калыбына келет;

— кычкылтек менен каныгуу деңгээли жогорулайт;

— тромбоз коркунучу азаят.


Кан-тамырлар:

— дубалдары бекемделет;

— жылмакай булчуңдардын тонусу нормалдашат;

— сезгенүү көрүнүштөрү жоголот;

— веналардын жана артериялардын өткөргүчтүгү нормалдашат;

— кан басым нормалдуу калыбына келет

Жүрөк:

— кычкылтек менен камсыз болуусу оптималдашат;

— миокард бекемделет;

— инфаркт коркунучу азаят;

— жүрөктүн кагышы нормалдуу калыбына келет



Мээ:

— Кычкылтек менен жакшыраак камсыздалат;

— ишемия аймактары жоголот;

— топтоо жөндөмдүүлүгү жогорулайт;

— инсульт коркунучун азаят;

— ой жүгүртүү процесси тездейт;

эс тутуму бекемделет



Эндокриндик система:

— бардык гормондордун деңгээли нормалдашат;

— нейромедиаторлордун жетишсиздиги жоголот;

— зат алмашуу оптималдашат;

— секреция бездеринин иши нормалдуу калыбына келет;

— иммундук жооптордун ылдамдыгы нормалдашат



Дем алуу системасы:

өпкө чайырдуу заттардан тазаланат;

— дем алуу тереңдейт;

бронхтун былжыр челинин иммунитетинин жогорулашы;

өнөкөт сезгенүү процесстери жоголот;

астма коркунучу азаят


Ашказан-ичеги жолдору: 

Эпителий клеткалары толук жаңыланат;

— перистальтикалык активдүүлүк жакшырат;

— тамак сиңирүү бездеринин иши нормалдашат;

— аппетит нормалдуу калыбына келет;

— даамдарды сезүү күчөйт;

— боор клеткалары тазаланат жана жаңыланат