14.02.2024

Саламат уйкунун эрежелери

Уйкунун жетишсиздиги салмак кошууга, жүрөк ооруларына жана ал тургай депрессияга алып келет. Балдарга жана чоңдорго канча убакыт уктоо керек жана уйкуну кантип жакшыртуу керектигин айтып беребиз.

Балдарга жана чоңдорго канча саат уйку керек?

-Уйку сергек жашоонун негизги бөлүгү. Чоңдор дайыма 7 же андан көп саат укташы керек. Кээ бир адамдар, өзгөчө жаштар жана өнөкөт оорулары бар адамдар суткасына 9 сааттан ашык уйкуга муктаж. Кээ бир адамдарга гана 6 сааттан аз уйку жетиштүү. Бул генетикалык факторлорго байланыштуу.

Эмне үчүн суткасына 7 сааттан көбүрөөк уктоо керек

- Эгерде сиз суткасына 7 сааттан аз уктасаңыз, өнөкөт оорулардын, атап айтканда: кант диабети, жүрөк-кан тамыр оорулары, инсульт, кан басымынын жогорулашы, салмак кошуу жана семирүү, иммундук системанын бузулушу, психикалык ден соолуктун начарлашы жана депрессияга кабылуу коркунучу жогорулайт. Ошондой эле, жетишсиз уйку сиздин чечим кабыл алуу жөндөмүңүзгө таасирин тийгизип, жолдо кырсыкка кабылуу коркунучун көбөйтүп, каталарды кетириши мүмкүн.

Уйкуну кантип жакшыртса болот

-Күндүзгү, өзгөчө жатар алдындагы жүрүм-турумуңуз уйкуңуздун сапатына таасир этет. Бир нече дени сак адаттар жакшы уктоого жардам берет: Уйкунун графигин сактаңыз – бир убакта уктап, бир убакта ойгонуңуз. Дем алыш күндөрү да.

-Тынчтануучу атмосфераны түзүү. Уктоочу бөлмөдөгү тынч, караңгы атмосфера жана ыңгайлуу салкын температура уйкуга өбөлгө түзөт. Кечинде жарыктарды күйгүзбөңүз. Гаджеттерди башка бөлмөгө таштаңыз. Электрондук шаймандарды, атап айтканда телевизорлорду, компьютерлерди, смартфондорду уктоочу бөлмөдөн алыс кармаңыз же жок дегенде уктаардан 30 мүнөт мурун өчүрүңүз. Рационго көңүл буруңуз. Кофеинден (уктаар алдындагы 6 саат ичинде), алкоголдук ичимдиктерден (уктаар алдындагы 4 саат ичинде) жана жатар алдында көп тамактануудан алыс болуңуз. Күнү бою пайдалуу тамактарга басым жасаңыз. Жатар алдында суюктук ичпеңиз. Чаңкооңузду жатар алдында кандыра аласыз жана кандыруу керек, бирок ашыкча ичүү уйкуга байланыштуу көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн.

-Чылым чекпеңиз. Тамеки тартууну баштабаңыз же бул зыян адатты таштаңыз. Кандай болгон күндө да жатар алдында тамеки тартпаңыз. Спорт менен достошуңуз. Күндүзгү физикалык активдүүлүк түнкүсүн жеңилирээк уктоого жардам берет. Төшөктү уктоо үчүн гана колдонуңуз. Төшөктө тамактанбаңыз, телевизор көрбөнүз, иштебеңиз.

Ошондой эле уйкуңуз келбесе, уктабаңыз. 20 мүнөттүн ичинде уктай албасаңыз, төшөктөн туруңуз. Күндүз уктоо адатыңыз барбы? Бул убакытты 45 мүнөткө чейин чектеңиз. Уйкуңузда кыйынчылыктар болсо, дарыгерге кайрылыңыз.