25.04.2024

Шекерди колдонууну чектөө - ден соолукту чыңдоонун жолу!

Кантты колдонууну чектеңиз. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму күнүнө 50 граммдан (10-12 чай кашыктан ашык эмес) ашпаган кантты колдонууну сунуштайт.

 

- Курамында кант орточо өлчөмдөгү тамак-ашка артыкчылык берип, күн бою бирдей өлчүмдө колдонгудай кылып бөлүштүрүңүз. Анткени бир таттуу жана кантсыз тамактарды жегенден көрө жакшы.



- Эгерде 100 грамм азыкта 5 граммдан аз кант бар болсо, анда ал аз кант камтыган жана туура тамактануу үчүн жакшы тандоо болуп саналат.



- 100 грамм азыкта 15 граммдан ашык канттын болушу туура тамактануу үчүн көптүк кылат.



- Эгер рационуңуздан кантты алып салуу кыйын болсо, агава сиропу, бал, кокос канты жана башкалар сыяктуу пайдалуу альтернативаларды колдонуп көрүңүз. Табигый канттар (кант болсо да) организм үчүн бир топ пайдалуу тандоо.



- Кантты колдонууңузду көзөмөлгө алыңыз. 50 граммдык максималдуу чекти эске алуу менен өзүңүзгө бир күндүк канттын өлчөмүн белгилеп алыңыз.

 

Организмдеги ашыкча кант ден соолукка терс таасирин тийгизет:

- Майдын топтолушун пайда кылып, семирүүгө алып келет

- диабет коркунучун жогорулатат

- организмди В витамининен ажыратат

- жүрөккө таасир этет

- энергия запастарын түгөтөт

- организмдеги кальцийди жууп салат

 

 

Курамында канттын көп болушуна байланыштуу төмөнкү азыктарды колдонууну чектөө сунушталат: таттуу газдалган жана газдалбаган суусундуктар, таттуулар, кондитердик азыктар, кант кошулган чай ж.б.

 

Кандай азыктар менен алмаштырууга болот?

 

• кант кошулбаган колдун компоттору;

• Кайнатылган суу;

•Мейиз, кургатылган өрүк, кара өрүк, курма жана башка кургатылган жемиштер;

• Жемиштер.