«118» кызматы Кыргызстандын бардык облустарында 7 колл-борбор ачат

09.06.2022 / Просмотров: 1131

 «Сорос-Кыргызстан» фонду 2022-жылдын 2-июнунда ПРООН жана Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) колдоосу менен республика боюнча иштин сапатын жакшыртуу жана географиялык жактан кеңейтүү үчүн «118 тынымсыз байланыш» кызматын жалпы суммасы 1,9 млн сомго жаңы жабдуулар менен камсыз кылат. Эми COVID-19 пандемиясы учурунда жүз миңдеген кыргызстандыктарга жардам көрсөткөн бул кызмат өлкөнүн бардык аймактарында иштеп, телефон аркылуу алгачкы медициналык кеңештерди берет.

Комплекстүү жардам «118 тынымсыз байланыш» кызматын зарыл техника (компьютер жабдуулары, монитор, Wi-Fi роутер, смартфон, лицензиясы бар программалык камсыздоо, көп функционаджуу түзүлүштөр) менен толук жабдууну, ошондой эле адистердин тобун даярдоодо жана ишти системалаштырууда консультациялык колдоо көрсөтүү, анын ичинде тренингдер, мониторинг жана процесстерди колдоону камтыйт. Мындан тышкары, эл аралык донорлор 2022-жылдын аягына чейин 15 оператордун (региондордо 7 оператор жана Бишкек шаарында 8 оператор) эмгек акы фондун колдоого каражат бөлөт. Зарыл болгон учурда кошумча операторлор тартылат.

«Бул жабдууларды жеткирүү меморандумдун алкагында ишке ашырылды, ага ылайык, «Сорос-Кыргызстан» Фонду ПРООН жана Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги эл аралык донорлордун колдоосу менен «118 ыкчам байланыш» кызматын жабдууларын жаңыртууга көмөктөшүүдө. Бул кызмат COVID-19 пандемиясынын учурунда өзүн абдан жакшы көрсөтө алды. Бул кызматтын аркасында миңдеген жарандарыбыз тез арада кеңеш ала алышты. Жана бул кызмат өз убагында уюштурулуп, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен калкыбыздын жыргалчылыгы үчүн иштегенине абдан ыраазыбыз. Ал эми учурда бул кызматты кеңейтүү жана күчөтүү маселеси турат. Азыр коронавирустук инфекция боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу, бирок биз келечекте боло турган бардык чакырыктарга дайыма даяр болушубуз керек. Чет өлкөлөрдө катталган маймыл чечеги, COVID-19 инфекциясынын жаңы штаммдарынын пайда болуу мүмкүнчүлүгү сыяктуу чакырыктарга даярдык көрүү үчүн, биздин эл аралык өнөктөштөр «118 ыкчам байланыш» кызматын жабдууларын жаңыртууга жана бекемдөөгө жардам берүүнү улантууда. КР Саламаттыкты сактоо министрлиги биздин өнөктөштөр тарабынан көрсөтүлгөн техникалык жана каржылык колдоо үчүн терең ыраазычылык билдирет”, -деди КР Саламаттык сактоо министринин убактылуу милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков.

«Биздин ПРООН жана KOICA өнөктөштөрүбүз тарабынан бөлүнгөн финансылык жардам үчүн биз сунуштоочулар арасында тендер өткөрүп, эң жакшы шарттарды таптык, натыйжада акча олуттуу үнөмдөлдү. Ошентип, биз 6 кошумча жабдууну сатып алдык, бул бизге өлкөнүн бардык 7 областында, ошондой эле Бишкек шаарында иштөөгө мүмкүндүк берет», - дейт «Сорос-Кыргызстан»  фондунун Коомдук саламаттыкты сактоо программасынын директору Илимбек Садыков. 

Буга чейин аталган демилгени ишке ашыруу үчүн Бишкек шаарынын Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы жана «Сорос-Кыргызстан»  фонду «Маалыматтарга негизделген 118 тынымсыз байланыш аркылуу COVID-19га каршы аракеттенүүнү колдоо» долбоорунун алкагында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшкан, ага ылайык мамлекет «118 тынымсыз байланыш» кызматын кайра түзүү үчүн кайтарымсыз финансылык жана техникалык  жардам алат. 

Кыргыз Республикасындагы KOICA өкүлчүлүгүнүн башчысы Джонгсу Ли белгилегендей: «KOICA COVID-19 пандемиясынан улам курчуп кеткен теңсиздикти жоюу жана Кыргыз Республикасындагы аярлуу топко колдоо көрсөтүү үчүн өнөктөш уюмдарды колдоону кеңейтти». 

«118 тынымсыз байланыш» кызматы толук ишке киргендей кийин элге консультациялык жардам кеңири түрдө жеткиликтүү болот, анын ичинде:

 

  • Алгачкы медициналык-санитардык уюмдарга «118 тынымсыз байланыш», интернет-байланыш же почта аркылуу келип түшкөн кайрылууларды/чалууларды кабыл алуу;
  • Bitrix системасынын маалыматтар базасында электрондук журналга жарандардын кайрылууларын/чалууларын каттоо;
  • Бейтаптар сурап жаткан COVID-19 жана башка ооруларга (гипертония оорулары, жүрөк-кан тамыр оорулары, эндокриндик оорулар, жугуштуу оорулар жана коопсуз жүрүм-турум боюнча чаралар) байланыштуу маалымат берүү, соматикалык оорулар боюнча алгачкы консультация берүү, белгиленген форма боюнча эпиданамнезди чогултуу, электрондук анкетаны толтуруу, үй-бүлөлүк дарыгерлер жана алардын иш графиги боюнча жумушка тийиштүү маалымат берүү;
  • * Бейтаптын абалына он-лайн режиминде тез клиникалык баа берүү жана бейтаптын тактикасын чечкен көчмө амбулатордук кызматка же үй-бүлөлүк дарыгерге маалымат берүү: өзүн-өзү изоляциялоо, көчмө амбулатордук кызматты жөнөтүү же кайрылуу себебине жараша адиске кайрылуу;
  • Мобилдик командалардын чыгуусу боюнча кайрылуулардын өз убагында каралышын контролдоону камсыз кылуу ж. б.
  • ###


Маалымдама: COVID-19 пандемиясы социалдык чөйрөгө да, экономикага да катуу сокку урду. Бирок, саламаттыкты сактоо тутумуна ашыкча күч келгендиктен жана калктын медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн толук камсыздай албагандыктан зыян тартты. Бишкек шаарынын мэриясы, «Сорос-Кыргызстан» фонду, Швейцария медициналык билим берүүнү реформалоо долбоору (MERP) өнөктөштүгү жана Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун өлкөлүк кеңсесинин андан ары колдоосу менен түзүлгөн «118 тынымсыз байланыш кызматы   оорулууларга консультация берүү функциясын аткаруу менен бейтаптарды бөлүштүрүү ишинде алгачкы медициналык жардам тутумуна чоң жардам көрсөттү. Тажрыйба көрсөткөндөй, адамдар медициналык жардам алуу үчүн тийиштүү уюмдарга кайрылышат, бирок көп сандагы бейтаптарга күн сайын жардам көрсөтүү үчүн ресурс жетишсиз. 

 «Сорос-Кыргызстан» фонду 2020-жылдын март айынан сентябрь айы аралыгында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы, Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту жана Швейцария Элчилигинин MER долбоору менен тыгыз кызматташтыкта «COVID-19га өзүн-өзү диагностикалоо боюнча 118 тынымсыз байланыш» уникалдуу улуттук долбоорго 46 000 АКШ доллары суммасында техникалык жана финансылык колдоо көрсөткөн. Бул убакыт аралыгында 8 колл-борбор бардык областык борборлордо жана Бишкек шаарында COVID-19 маселеси  боюнча кайрылган 180000 ашуун жаранга квалификациялык шашылыш  медициналык-консультациялык жардам көрсөткөн.

2021-жылы жаздын аягы жай айларынын башында ПРООНдун финансылык колдоосу менен работа «118 тынымсыз байланыш» кызматынын иши күчөтүлгөн. Өлкө боюнча 8 колл-борбор ишке кирип, 2021-жылдын июль айында 45 оператор, август айында 32 оператор ишке тартылган. Колл-борбордун операторлору теле-консультация берүү, COVID-19 менен ооругандарга жардам берүү, вакцинация маселеси, жугуштуу оорууларды алдын алуу, мобилдик командалар менен байланышуу боюнча окутулган. «118» колл-борбору Бишкек шаарында калкка күнү-түнү кызмат көрсөткөн, ал эми облустук борборлордо жайгашкан колл-борборлор саат 9:00 дөн 20:00 гө чейин кызмат көрсөтүшкөн.

Эки ай ичинде саламаттыкты сактоонун улуттук тутумуна COVID-19 боюнча консультация берүү боюнча көмөктөшүүнүн алкагында 94 299 жарандын кайрылуусу каралган. Бул көрсөткүч 100 000ге жакын жаранга стационарга чейин эле жардам бергендигин ырастайт, анын натыйжасында саламаттыкты сактоо уюмдарына болгон оорчулук жеңилдеген. Алардын ичинен 81 121 жаранга алгачкы консультация берилген. COVID-19 катталган 13 178 учурга үй-бүлөлүк медицина борборлорунан мобилдик командалар жиберилген. 

 

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

30.04.2024
"Ички оорулар боюнча диалогдор" аталышындагы ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция

2024-жылдын 23-24-апрелинде И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында П.Е. Лукомский жана И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 85 жылдыгына арналган "Ички оорулар боюнча диалогдор" аталышындагы эл аралык ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

 

Иш-чара И.К.Ахунбаев атындагы КММА тарабынан Россиянын терапевттеринин илимий медициналык коому  менен биргеликте уюштурулган.

 

Конференцияга Россия, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан кардиология, ревматология, нефрология, гастроэнтерология, геронтология, эндокринология тармагындагы алдыңкы адистер  жана клиникалык фармакологдор катышты. Ошондой эле ар кандай медициналык университеттердин (Бишкек, Ош, Бухара, Шымкент) жаш изилдөөчүлөрү жана терапевттери баяндама жасашты.

 

Жаш терапевттердин сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, анын жыйынтыгында эң мыкты иштер үчүн Ардак грамоталар тапшырылды. Кошумчалай кетсек, ачылыш аземинде бир катар илимпоздор жана практик дарыгерлер Россиянын терапевттеринин илимий медициналык коомунун «Гравертон ыраазычылык» жана Ардак грамоталары менен сыйланышты.

30.04.2024
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында оңдоп-түзөө иштери аяктады

Бүгүн, 2024-жылдын 30-апрелинде Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин 3 кабаттуу корпусунун ачылышы болду.

Иш-чара министрдин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Жылдыз Токторбаева, Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева, РКЖООнун жетекчилиги жана жамаатынын катышуусунда өттү.

 Медициналык имараттын капиталдык ремонту Дүйнөлүк банктын “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоору аркылуу каржыланып, ага 72 миллион сом бөлүнгөн.

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин айтымында, 200 орунга эсептелген бул имарат 2023-жылдын июль айынан бери капиталдык ремонтко жабылган. Имарат 1989-жылы пайдаланууга берилген жана эксплуатацияга берилгенден бери эч кандай оңдоо же курулуш иштери (капиталдык оңдоо) жүргүзүлгөн эмес, оорукананын кызматкерлери тарабынан косметикалык оңдоо иштери гана жүргүзүлгөн.

Жугуштуу оорулар менен ооруган бейтаптарды дарылоодо бөлүмдөрдүн ишинин өзгөчөлүгүн эске алганда, дезинфекциялык каражаттар менен бат-баттан тазалоодон улам, өзгөчө COVID-19 пандемиясынын учурунда дубалдар жана шыптар сыйрылып, жарыла баштаган. Линолеум капталган полу шишип, эскирип, көпкө пайдаланылгандыктан имараттын инженердик системалары: суу, канализация, жылуулук, электр тармактары, вентиляция жана сантехникалык жабдууларын 100% алмаштырууга муктаждык бар эле», - деди башкы дарыгер.

3 кабаттуу имараттын эшиктерин, полдорун алмаштыруу, канализация, суу менен камсыздоо жана жылытуу системаларын алмаштыруу иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле электр чубалгыларын жана приборлорун алмаштыруу менен электрдик монтаждоо иштери жүргүзүлүп, палаталарга жаңы душ, сантехника орнотулду. Имаратта заманбап вентиляция системасы бар. Учурда имаратка эки лифт орнотулууда.

«Бул оорукана инфекциялык ооруга кабылгандарга медициналык жардам көрсөткөн республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын флагманы болуп саналат жана бул оорукананы өнүктүрүү, өркүндөтүү Саламаттык сактоо министрлигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат, өзгөчө COVID-19 пандемиясында дагы буга күбө болдук. Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун колдоосу менен жугуштуу оорулар ооруканасынын капиталдык ремонту бейтаптарга сапаттуу жардам көрсөтүүгө, биздин кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет. Инфекциялык оорукананын өзүнүн спецификасы бар экенин билебиз, андыктан абаны тазалоодо жана сууну чыпкалоодо айлана-чөйрөгө эч кандай оору козгогуч кирбеши үчүн кылдат мамиле жасоо талап кылынган. Санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп берген, оңдоп-түзөөдөн өткөн имараттын ишке берилиши коркунучтуу жугуштуу ооруларга каршы натыйжалуу күрөштүн кепилдиги болот”, - деди министрдин орун басары, Бүбүжан Арыкбаева. 

 Курулуш-оңдоо иштеринин аякташына байланыштуу РКЖОО 2024-жылдын 1-майынан тартып 500 койка менен штаттык режимде ишин улантат жана калкка өз убагында, сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө даяр.

 

 

30.04.2024
Чоң-Алай районунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды

2024-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Элдар Сулайманов менен бирге Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна барып, “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасынын жана жаңы рентген кабинетинин ачылыш аземине катышты.

Чоң-Алай райондук Жалпы дарыгерлик практика борборунун директору Ысламидин Бакиров министр менен депутатка облустун калкына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Жаңы рентген кабинетинин курулушу Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, дарыкана имараты демөөрчүлөрдүн каражатына курулган.

«Чоң-Алай районунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасынын жана жаңы рентген кабинетинин ачылышы калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуудагы маанилүү кадам болуп саналат деп ойлойм. Бул аймакты сапаттуу жана арзан дары-дармектер менен камсыз кылуу менен бирге, дарт аныктоону жогорку деңгээлде жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Биз Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фондуна жана бул маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга каржылык колдоо көрсөткөн бардык демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдиребиз», - деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө.

Чоң-Алай райондук ЖДПБсы 26 миңге жакын адамды тейлесе, анын ичинен 12 857си 14 жашка чейинки балдар.