Copyright: ©

Сак болуңуз, жол тайгак!

12.12.2023 / Просмотров: 2958

Кыш мезгилинде  айдоочулар үчүн жол кыймылынын негизги шарты – сактык, ылдамдыктын  төмөндүгү жана этияттык. Ал эми жөө жүрүүчүлөр тайгаланып жыгылып кетүү коркунучун  азайтуу үчүн төмөнкү жүрүм-турум эрежелерин сактоо керек:

Сактык  жана этият болуу – бул тайгаланып жыгылып кетүү коркунучу бар учурдагы жүрүм-турумдун башкы принциптери.

Тайгалак  көчөдө кетип бара жатканда  шашпагыла,  кескин кыймыл аракет кылбагыла,  дайыма  алды жагынарды карагыла;  айлананы  кароо керек болсо, басып бара жатып эмес, токтоп туруп караганга аракет кылгыла.  Басып бара жатканда буттун кыймылы  эркин болуп,  тизе бир аз бүгүлгөн абалда  болушу керек, дене  бир аз алдыга умтулуп турушу керек. Колду чөнтөккө салып жүрүү адаты чоң  коркунуч жаратат: жыгылып бара жатканда колду чөнтөктөн чыгарып, бир нерсени карманып калганга үлгүрбөй калууңуз мүмкүн. Улгайган адамдарга башына желим капталган аса таяк таянып жүрүү сунуш кылынат.

Жолдун автоунаа өтүүчү тарабынан мүмкүн болушунча  алыс кармануу керек.  Ошол эле учурда чатырында муздар тоңуп калган имараттардын дубалдарынын жанына өтпөй эле койгон жакшы.

Жолду  кесип өтүүдө да абдан сак болушубуз керек. Көчөнүн башка тарабына жөө кишилер өтүүчү атайын өтмөктөрдөн  гана өтүү керек.

Тайгакта тепкичтер дагы эң чоң коркунучту жаратат. Андыктан, тайгалак тепкичтер менен түшүүдө  бутту тепкичке бойлото коюу керек, себеби бул тең салмактыкты жоготкон учурда ылдый көздөй кылдаттык менен жылмышып түшүүгө жардам берет.

Кышкы бут кийим ыңгайлуу жана тайгаланбай турган болушу керек. Бут кийимдин кургак таманына, такасына лейкопластырь же изолента чаптап койсоңуз болот (кайчылаштырып же тепкич сымал чаптагыла).  Көчөгө  чыгаардын алдында  бут кийимдин  таманын  наждак кагазы менен  сүртүп койсоңуз да жардам берет.

Таманды толук жерге коюп кылдаттык менен басуу керек.  Жөө жүрүүдө буттар бир аз бошоң, кол эркин болушу керек. Эгер сиз тайгаланып кетсеңиз, жыгылуунун бийиктикти азайтуу үчүн дароо отуруңуз.

Эгер болбой эле кулап кетээриңизди  сезип турсаңыз,  хоккейчилер сыяктуу ылдый отуруп, бир  тарапка кыйшайыңыз. Чалкасынан  кулаган адамдын кыр аркалары жана омуркасы жабыркап, ал эми колдорун  алдыга созуп жыгылганда –ийин же билек сынып кетиши мүмкүн, ошондуктан  дене мүчөлөрүңөрдү топтоого аракет кылгыла: чыканактарды капталга кысып, башты ийинге катып, булчуңдарды чыңалткыла.

Жаракат алган учурда, өзүн өзү дарылоодон баш тартып, медициналык кызматкерге сөзсүз жана токтоосуз кайрылыңыз.

 

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

27.04.2024
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кыргызстандыктарга кайрылуу жасады

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кыргызстандыктарга кайрылуу жасады:

 

Урматтуу кыргызстандыктар!
Өзүңүздөр билгендей Президентибиз Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бөйрөктү өзүбүздөн алмаштыруу маселесин ишке ашырганбыз. 
Андан бери 10 чакты бейтаптын бөйрөгү алмашылды. Аларга кеткен чыгымын да мамлекет төлөп берди. Мындан ары дагы бөйрөк алмаштырам деген оорулууларыбызга мамлекет төлөп берет. Азыркы күндө 3 миңге жакын гемодиализде жаткан адамдарыбыз бар. 
Көпчүлүгү донор табылбай жатат дешүүдө. Донорлор табылса тез-тез алмаштырып берип гемодиализден чыгарып жиберсек жакшы болот эле. 
Боору ооругандар жана жилик чучугун (костный мозг) алмаштыруучулар үчүн президент “Операцияларды өзүбүздөн жасаганды ишке ашыргыла”,- деп тапшырма берди. 
Кудай буюрса майдын аягында биринчи жолу өзүбүздө боор жана жилик чучугун алмаштырууну пландап жатабыз. 15 кишини боор алмаштырууга даярдап жатабыз. 
Жилик чучугун алмаштырууга 4 кишини даярдап жатабыз. Бул операцияларды жасоого кеткен чыгымды дагы мамлекет башчыбыз Садыр Жапаров өзүнүн демөөрчүлүк фондунан бөлүп берем деди. 
Тагыраагы бейтап донорду өзү табат. Операцияга кеткен чыгымды президент төлөп берет. 
Буга чейин боорду чет өлкөгө барып алмаштырып келишчү. Мисалы, Индияда боор алмаштырыш үчүн 55 миң доллар. Түркияда болсо 75-80 миң долларга чейин. Ал эми жилик чучугун алмаштырыш үчүн чет өлкөлөрдө 130 миңден 160 миң долларга чейин турат. 
Гемодиализде жаткан оорулуулардын туугандарына кайрылат элем: 
Колуңардан келсе жакындарыңарга бөйрөк боюнча донор болуп берүүңөрдү суранат элем.

26.04.2024
Кытайда жүрөгүнө операция жасалган балдарды “Манас” аэропортунан салтанаттуу тосуп алышты

“Эне-балага тирек” кайрымдуулук фонду менен Хэнань Сионке ооруканасынын кызматташуусунун алкагында Кытай Эл Республикасында жүрөгүнө операция жасалган 10 бала Кыргыз Республикасына кайтып келди.

Балдарды “Манас” эл аралык аэропортунан КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь, “Эне-балага тирек” кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү, медицина кызматкерлери, тууган-туушкандары жана достору тосуп алышты.

Тубаса жүрөк кемтиги бар балдар жакындары жана дарыгерлер, хирургдар тобу менен бирге ушул жылдын март айынын башында Кытайга дарыланууга жөнөтүлгөн.

«Бүгүн биз Чжэнчжоу шаарында жүрөк оорусунан ийгиликтүү дарыланып, мекенине кайтып жаткан кичинекей баатырларыбызды жылуу тосуп алуудабыз. Балдардын жүрөк оорусунан керемет жол менен куткарылышы, Кыргызстан менен Кытайдын элдеринин уланып жаткан жакындаштыгынын, достугунун жана жакшы коңшулаштыгынын тарыхынын дагы бир барагы болуп саналат. Бүгүн баарыбыз кубанычтабыз. Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарованын «Эне-балага тирек» фондунун демилгесин жана Кытай Эл Республикасынын Элчилиги менен Хэнань провинциясынын Элдик өкмөтү тарабынан колдоо жана кызматташтыкты белгилей кетүү керек. Өлкө жетекчилигинин, Министрлер Кабинетинин жана жалпы элибиздин атынан Кытай Эл Республикасынын жетекчилигине жана элине чын жүрөктөн ырахматымды жана терең ыраазычылыгымды билдиргим келет», - деди Министрлер Кабинетинин башчысынын орун басары өз сөзүндө.

Эдил Байсалов 2023-жылы Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин тарабынан түзүлгөн эки өлкө ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлин белгиледи.

«Улуу Кытай, салттуу стратегиялык өнөктөшүбүз Россия Федерациясы жана боордош Түркия менен бирге Кыргызстандын эли жардамга жана колдоого муктаж болгондо биз кайрылган үч өлкө болуп саналат жана биз аларга ар дайым таяна алабыз деп билебиз», - деди Эдил Байсалов.

Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь өз кезегинде айыгып кеткен балдар менен жолугуп жатканына кубанычын жана эки өлкөнүн гуманитардык кызматташтыгынын маанилүүлүгүн белгиледи.

26.04.2024
Төрөт үйлөрүндө бейтаптын электрондук картасын киргизүү

Sanarip MED санариптик саламаттыкты сактоону өнүктүрүүнүн максаттуу моделинин алкагында, өлкөнүн ооруканаларында санариптик чечимдерди киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат.

 

Ооруканалар үчүн башка саламаттык сактоо маалымат системалары менен интеграцияланган санариптик медициналык карта иштелип чыккан жана ишке киргизилген. Бул санариптик медкарта бейтаптар жана алардын стационардык саламаттыкты сактоо мекемелериндеги медициналык абалы жөнүндө маалыматты камтыган кагаз жүзүндөгү медкартанын санарип формасы.

 

Бул бейтапка медициналык жардам көрсөтүүнүн бардык этаптарын, анын ичинде кабыл алуу, диагностика, дарылоо жана байкоо жүргүзүүнү камтыган электрондук документ.

 

Модулдардын бири – Кыргыз Республикасында акушердик, гинекологиялык жана неонаталдык медициналык кызматтын сапатын жогорулатууга багытталган төрөт жана төрөттөн кийинки жардамдын тарыхы. Төрөт учурунда жана төрөттөн кийинки мезгилде интра-наталдык жана постнаталдык жардам көрсөтүүнүн санариптик картасынын долбоору эненин жана жаңы төрөлгөн ымыркайдын ден соолугун башкаруу максатында сапаттуу медициналык документация жүргүзүү үчүн иштелип чыккан.

 

Маалыматтарга тез жетүүнүн жана төрөттүн динамикасын автоматтык түрдө көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнүн аркасында көрсөтүлүүчү кызматтардын ачыктыгы жана сапаты жогорулайт. Бул клиникалык чечимдерде иш-аракеттердин алгоритмдерин деталдуу эсепке алууга мүмкүндүк берет жана чыгымдарды азайтууга жардам берет.

 

Бейтаптын санариптик медкартасынын жеткиликтүүгү, өзгөчө алыскы аймактардагы же жетүү мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн медициналык кызматкерлер менен байланышын жеңилдетет.

 

Кыргыз Республикасында бейтаптын санариптик медициналык картасын киргизүү жана колдонуу процессине көз салуу жана анын функцияларын жакшыртуу үчүн саламаттык сактоо уюмдарында медициналык персоналдын дараметин жогорулатуу боюнча тестирлөө башталды.

 

Учурда окутуу жана ишке ашыруу процесстери экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги беш акушердик уюмда, тактап айтканда, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында, Жалал-Абад бириккен клиникалык ооруканасында, Ысык-Көл жана Чүй облустук бириккен ооруканаларында жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борборунда 2024-жылдын апрель жана май айларында жүрүп жатат.

 

Жогорудагы беш акушердик уюмдардын акушер-гинекологдору, акушеркалары, неонатологдору жана неонаталдык медайымдары бейтаптын санариптик медициналык картасын, анын ичинде акушердик жана неонаталдык бөлүктөрүн толтуруунун жана колдонуунун техникалык жана клиникалык аспектилери боюнча билимдерин жана көндүмдөрүн жогорулатууда.

 

Окутуу жана ишке ашыруу процесстери инновациялык чечимдер аркылуу алдын ала турган энелердин жана ымыркайлардын өлүмүн жана оорууларын кыскартууга багытталган БУУнун Түштүк-Түштүк Кызматташтыгы долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Долбоор КР Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фонду тарабынан колдоого алынып, ишке ашырылууда.