Copyright: ©

Сак болуңуз, жол тайгак!

12.12.2023 / Просмотров: 2999

Кыш мезгилинде  айдоочулар үчүн жол кыймылынын негизги шарты – сактык, ылдамдыктын  төмөндүгү жана этияттык. Ал эми жөө жүрүүчүлөр тайгаланып жыгылып кетүү коркунучун  азайтуу үчүн төмөнкү жүрүм-турум эрежелерин сактоо керек:

Сактык  жана этият болуу – бул тайгаланып жыгылып кетүү коркунучу бар учурдагы жүрүм-турумдун башкы принциптери.

Тайгалак  көчөдө кетип бара жатканда  шашпагыла,  кескин кыймыл аракет кылбагыла,  дайыма  алды жагынарды карагыла;  айлананы  кароо керек болсо, басып бара жатып эмес, токтоп туруп караганга аракет кылгыла.  Басып бара жатканда буттун кыймылы  эркин болуп,  тизе бир аз бүгүлгөн абалда  болушу керек, дене  бир аз алдыга умтулуп турушу керек. Колду чөнтөккө салып жүрүү адаты чоң  коркунуч жаратат: жыгылып бара жатканда колду чөнтөктөн чыгарып, бир нерсени карманып калганга үлгүрбөй калууңуз мүмкүн. Улгайган адамдарга башына желим капталган аса таяк таянып жүрүү сунуш кылынат.

Жолдун автоунаа өтүүчү тарабынан мүмкүн болушунча  алыс кармануу керек.  Ошол эле учурда чатырында муздар тоңуп калган имараттардын дубалдарынын жанына өтпөй эле койгон жакшы.

Жолду  кесип өтүүдө да абдан сак болушубуз керек. Көчөнүн башка тарабына жөө кишилер өтүүчү атайын өтмөктөрдөн  гана өтүү керек.

Тайгакта тепкичтер дагы эң чоң коркунучту жаратат. Андыктан, тайгалак тепкичтер менен түшүүдө  бутту тепкичке бойлото коюу керек, себеби бул тең салмактыкты жоготкон учурда ылдый көздөй кылдаттык менен жылмышып түшүүгө жардам берет.

Кышкы бут кийим ыңгайлуу жана тайгаланбай турган болушу керек. Бут кийимдин кургак таманына, такасына лейкопластырь же изолента чаптап койсоңуз болот (кайчылаштырып же тепкич сымал чаптагыла).  Көчөгө  чыгаардын алдында  бут кийимдин  таманын  наждак кагазы менен  сүртүп койсоңуз да жардам берет.

Таманды толук жерге коюп кылдаттык менен басуу керек.  Жөө жүрүүдө буттар бир аз бошоң, кол эркин болушу керек. Эгер сиз тайгаланып кетсеңиз, жыгылуунун бийиктикти азайтуу үчүн дароо отуруңуз.

Эгер болбой эле кулап кетээриңизди  сезип турсаңыз,  хоккейчилер сыяктуу ылдый отуруп, бир  тарапка кыйшайыңыз. Чалкасынан  кулаган адамдын кыр аркалары жана омуркасы жабыркап, ал эми колдорун  алдыга созуп жыгылганда –ийин же билек сынып кетиши мүмкүн, ошондуктан  дене мүчөлөрүңөрдү топтоого аракет кылгыла: чыканактарды капталга кысып, башты ийинге катып, булчуңдарды чыңалткыла.

Жаракат алган учурда, өзүн өзү дарылоодон баш тартып, медициналык кызматкерге сөзсүз жана токтоосуз кайрылыңыз.

 

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

11.05.2024
Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк медайымдардын күнү белгиленди

Бүгүн, 2024-жылдын 11-майында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жыл сайын 12-майда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк медайымдардын күнүнө карата майрамдык салтанат өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Винера Раимбачаева жана Айбек Маткеримовдун, саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин катышуусунда өттү.

Быйылкы жылы майрамдын урматына республика боюнча 95 адис «Саламаттык сактоонун ардактатуу кызматкери» төш ​​белгиси, 21 адис Ардак грамота менен сыйланды. Мындан тышкары, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан саламаттыкты сактоо тармагына кошкон салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө калкка медициналык жардам көрсөтүү процессинде медайымдардын ролунун маанилүүлүгүн белгиледи. «Бүткүл дүйнөдө медайым дарылоо процессинде дарыгердин тең укуктуу өнөктөшү болуп саналат. Саламаттыкты сактоо тармагындагы реформаларды жигердүү ишке ашыруунун негизинде билимди жогорулатуу жана илимге жол ачуу максатында бакалавр даражасы киргизилди. Ага ылайык медайымдын функцияларына көз караш өзгөрдү. Эгерде мурда оорулууларга камкордук берүүгө басым жасалса, азыр медайым башка медициналык адистер менен бирге алардын өнөктөшү катары иш алып барып, өз алдынча  саламаттыкты сактоо тармагындагы изилдөөлөргө катышып, билимин жогорулатып заманбап дүйнөнүн чакырыктарына жооп бере турган адис катары иш алып барып жатат. Азыркы учурда биздин өкмөт тарабынан медициналык кызматкерлерди колдоо максатында ипотека аркылуу турак-жай менен камсыздандыруу, айлык маянаны көтөрүү боюнча чон иш чаралар жүргүзүлүп жатат”,-деди министр.

Медайымдар жана акушеркалар Кыргызстандагы кесипкөй медициналык кызматкерлердин жарымынан көбүн түзөт. Медайымдардын жана акушерлердин толук профессионалдык потенциалында иштөөсүнө шарт түзүү Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү, жалпы саламаттыкты камтууга жетишүү жана калктын учурдагы жана келечектеги ден соолук муктаждыктарын канааттандыруу үчүн маанилүү. Медайымдар өмүр бою адамдар менен иштешет, бул бейтаптар менен медициналык кызматкерлердин ортосундагы байланыштардын жалпы санынын 90% түзөт. Көп учурда бул адамдын медициналык тейлөө системасы менен болгон биринчи жана жалгыз байланышы, анткени өлкөбүздүн алыскы аймактарында медайымдар жана акушеркалар дарыгерлердин жетишсиздигинен өз алдынча медициналык кызмат көрсөтүшөт.

 

10.05.2024
Бишкекте дагы бир мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы ачылды

Бүгүн, 2024-жылдын 10-майында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасынын ачылыш аземине катышты. Дагы бир мамлекеттик дарыкана Бишкек шаарындагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун Токтогул көчөсү, 250 дарегинде жайгашкан филиалында ачылды.

№1 ҮМБнын филиалы Мурас-Ордо жана Жеңиш конуштарынын тургундарын кошкондо 40 миңге жакын калкты тейлейт.

Министр белгилегендей, планга ылайык ушул жылдын аягына чейин мамлекеттик дарыкананын 100гө жакын филиалы учурда республика боюнча иштеп, аларда дары-дармектин 1500дөн 2000ге чейин түрү бар.

10.05.2024
Жылуулук электр борборундагы авариядан жабыркагандар Курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо институтунда реабилитациясын улантышат

Бүгүн, 2024-жылдын 10-майында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тез жардам ооруканасына барып, комбустиологдор, пластикалык хирургдар жана травматологдор менен биргеликте ЖЭБде жабыркаган эки жабырлануучуга консилиум өткөрдү.

Консилиумдун жыйынтыгында бейтаптарды Кыргыз курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо илим-изилдөө институтуна которуу чечими кабыл алынды.

Министр бейтаптар Түркиянын Адана шаарындагы Шаардык илимий-изилдөө ооруканасынын күйүк бөлүмүндө үч айга жакын дарыланып келишкенин белгиледи. Жабырлануучуларга бир катар операциялар жасалды. Учурда бейтаптардын абалы туруктуу, бирок аларга алдыда реабилитация, андан кийин этаптуу реконструкциялоо операциялары талап кылынат.

Жабырлануучулар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровго алардын дарылануусуна көрсөткөн колдоосу үчүн терең ыраазычылыктарын билдиришти. Ошондой эле Адана клиникасынын бардык медициналык кызматкерлерине, Кыргызстандын Анталиядагы Башкы консулдугуна жана аларга жардам берген Түркиядагы бардык мекендештерге ыраазычылыктарын билдиришти.

Эскерте кетсек, жабыркагандар жакындары жана эки кыргызстандык дарыгердин коштоосунда 4-февралда президенттик ТУ-154 учагы менен Түркияга учуп кетишкен. Жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча бардык чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин жеке көзөмөлүндө болуп, жабыркагандарды Түркияга жеткирүү жана дарылоо үчүн каржылык каражаттар бөлүнгөн.