Кургак учук темасын чагылдыруу боюнча жарыяланган сынакка арыздарды кабыл алуу башталды

01.03.2022 / Просмотров: 1485

     Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги USAIDдин  “Кургак учукту айыктыруу” долбоору жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине    караштуу  Улуттук фтизиатрия борбору (УФБ) менен биргеликте 2022-жылдын 1-мартынан 30-сентябрына чейин  кургак учук  менен байланышкан темаларды мыкты чагылдыруу жана кургак учук менен   ооруган адамдардын, алардын жакын чөйрөсүнүн, коомчулуктун, медицина кызматкерлеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын позитивдүү жүрүм-турум моделдерин колдонуу менен стигманы жана дискриминацияны кыскартууга жана кургак учук менен жабыркаган адамдарга колдоо көрсөтүүнү жакшыртууга салым кошуу максатында массалык маалымат каражаттарынын (ММК) өкүлдөрүнүн арасында сынак жарыялайт.                                                                                                                  

 

Сынактын негизги максаты – жалпы эле кургак учукка байланыштуу актуалдуу маселелерге жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулуктун көңүлүн буруу жана, биринчи кезекте, төмөндөгүлөр үчүн жагымдуу маалыматтык чөйрөнү түзүү болуп саналат:                                                     

- КУ менен ооруган бейтаптарды колдоону жакшыртуу жана аларга карата стигма менен кодулоону азайтуу үчүн кургак учуктан жабыркаган адамдарга карата коомдук мамилени өзгөртүү;

- кургак учукка шектелген адамдарды текшерүүдөн өтүү жана аягына чейин дарылануу үчүн медициналык уюмдарга эрте кайрылууга чакыруу;

- кургак учук менен ооругандарды дарылоого болгон ынтааны жогорулатуу;

- Кыргыз Республикасындагы кургак учук боюнча кырдаалга COVID-19 пандемиясынын кыйратуучу таасирин азайтуу.                         

  Конкурсттук материалдарды кабыл алуу USAIDдин "Кургак учукту айыктыруу" долбоору тарабынан төмөнкү даректер аркылуу ишке ашат:

Бишкек ш., Раззаков көч.15, д. 6.

Телефон: +312 988 102; +708 808 804 Иманкулова Нурия,

E-mail: nuriia_imankulova@kg.jsi.com;

+555 25 25 16 Алимахунов Анарбек,

E-mail: anarbek_alimakhunov@kg.jsi.com

Сынакка арыз берүү жөнүндө кененирээк маалыматты “Кургак учук менен ооруган адамдарга карата стигманы жана басмырлоону азайтууга көмөктөшүүчү мыкты материалга  ЖМК өкүлдөрүнүн арасында сынак өткөрүү жөнүндө” жободон таанышууга болот.

 

 

      ПОЛОЖЕНИЕ 

конкурса на лучшую работу в СМИ, способствующую повышению настороженности на туберкулез среди населения КР и  снижению стигмы и дискриминации людей с туберкулезом

 

Министерство Здравоохранения КР (МЗКР) совместно с проектом USAID «Вылечить туберкулез», реализуемый JSI Research & Training Institute, Inc. и Национальным центром фтизиатрии при МЗКР (НЦФ), объявляют среди представителей средств массовой информации (СМИ) конкурс на лучшее освещение тем, связанных с туберкулезом (ТБ), с применением моделей позитивного поведения людей с ТБ, их близкого окружения, членов сообществ, медработников, представителей органов местного самоуправления.

 

  1. Цели и задачи конкурса

Цель: Привлечение внимания общественности через СМИ к актуальным вопросам, связанным с ТБ в целом и, в первую очередь, созданием благоприятной информационной среды для:

- изменения отношения общественности к людям, затронутым ТБ, для снижения стигмы и дискриминации и улучшения поддержки пациентов с ТБ,

- побуждения людей с предполагаемым ТБ к раннему обращению в организации здравоохранения для прохождения обследования и завершения лечения,

- повышения приверженности к лечению пациентов с ТБ,

- снижения деструктивного влияния пандемии COVID-19 на ситуацию с ТБ в Кырызской Республике. 

 

Задачи:

  • повышение знаний населения о ТБ и увеличение аудитории, информированной о ТБ;
  • привлечение внимания журналистов к теме ТБ;
  • увеличение количества журналистов, в своей профессиональной деятельности обращающихся к глубокому и всестороннему освещению темы ТБ;
  • увеличение количества качественных информационных материалов на тему ТБ в СМИ.

 

2. Порядок проведения конкурса

2.1. Представленные на конкурс авторские работы могут быть на кыргызском и русском языках и должны быть выданы в теле/радио эфир, размещены в информационных Интернет-ресурсах, опубликованы в печатных изданиях в период с 1 марта по 30 сентября 2022 года. Все конкурсные работы предоставляются в электронном, печатном форматах. 

2.2. Форма Заявки на участие в конкурсе прилагается к настоящему Положению (см. Приложение 1).

2.3. Срок приема конкурсных работ – в течение всего периода конкурса и до 10 октября 2022 года включительно.

3. Номинации конкурса

Один конкурсный материал может быть представлен на конкурс только в одной номинации. Конкурс проводится по следующим номинациям:

1. лучшая работа на телевидении,

2. лучшая работа на радио,

3. лучшая работа в Интернет-ресурсах,

4. лучшая работа в печатных изданиях. 

 

4. Критерии оценки конкурсных работ

Конкурсные работы будут оцениваться по следующим критериям:

1. соответствие тематике, актуальность и глубина раскрытия темы,

2. достоверность, правильность подачи информации о ТБ,

3. интересная и оригинальная форма подачи материала (приоритет отдается работам с участием людей, затронутых туберкулезом),

4. учет интересов героев материала и соблюдение их прав, получение информационного согласия героев (см. образец информационного согласия в Приложении 2).

 

5. Жюри конкурса

Для оценки конкурсных работ формируется Жюри, которое состоит из представителей МЗКР, НЦФ, Республиканского центра укрепления здоровья и массовой коммуникации (РЦУЗиМК), организаций гражданского общества, Проекта USAID «Вылечить туберкулез», других заинтересованных партнёров.

 

6. Авторские права

Ответственность за соблюдение авторских прав работы, участвующей в конкурсе, несет участник, приславший данную работу на конкурс. Присылая свою работу на конкурс, авторы автоматически дают право организаторам конкурса на использование присланного материала в некоммерческих целях (размещение в Интернете, в печатных изданиях, на выставочных стендах, отчетных документах и т.д.).

 

7. Призы и награды

7.1. Награждение победителей конкурса будет приурочено ко Дню информации и печати Кыргызстана – 7 ноября.

7.2. В каждой номинации определяются Победители в соответствии с коллегиальным решением членов Жюри. Призовой фонд формируется при финансовой поддержке Проекта USAID «Вылечить туберкулез».

7.3. Жюри имеет право учреждать дополнительные конкурсные номинации. 

 

8. Контактная информация

Сбор конкурсных работ осуществляет Проект USAID «Вылечить туберкулез» по адресу: 

г. Бишкек, ул.Раззакова, д.15, оф. 6. 

Номера телефонов: +312 988 102;   

+708 808 804 (Иманкулова Нурия);   

+555 25 25 16 (Алимахунов Анарбек).

 

E-mail: nuriia_imankulova@kg.jsi.com

anarbek_alimakhunov@kg.jsi.com 

 

 

 

 

Приложение 1.

ЗАЯВКА

конкурса на лучшую работу в СМИ, способствующую повышению настороженности на туберкулез среди населения КР и  снижению стигмы и дискриминации людей с туберкулезом

 

 

ФИО конкурсанта

 

 

Место работы и должность конкурсанта

 

 

Номинация конкурса

 

 
Название представленной на конкурс работы 
Дата опубликования, выхода в теле\радиоэфир, размещения в Интернет-ресурсах представленной на конкурс работы 

Контактные данные конкурсанта

 

 

 

 

 

 

Конкурсант согласен с условиями конкурса и не возражает против некоммерческого использования представленной им на конкурс работы в средствах массовой информации и социальных сетях.

 

«___»________________________2022г.           

 Подпись: _______________________ 

 

 

 

 

Приложение 2.

 

 

ИНФОРМАЦИОННОЕ СОГЛАСИЕ (образец)

 

Я, ________________________________________________________________,

информирован журналистом _________________________________________

о том, что являюсь героем его(ее) информационного материала в фото/видео/радио/печатном виде (нужное подчеркнуть) на тему туберкулеза и даю на это свое разрешение при следующих условиях (нужное отметить):

□   без никаких ограничений; 

□   не называть мое настоящее имя;

□    не показывать мое лицо;

□    не называть место моего жительства; 

□    изменить мой голос;

□    использовать информационный материал с моим участием только за пределами Кыргызской Республики;

□    не использовать мою фотографию на баннерах и билбордах.

 

Подпись: ______________________

Адрес: __________________________________________________________________

Дата: «__»_________________2022г.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

05.05.2024
НЕКРОЛОГ

Баткен облустук ооруканасынын ара жана патология менен төрөлгөн балдар бөлүмүнүн башчысы, жогорку категориядагы неонатолог дарыгер Мастура Курбанова мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Курбанова Мастура Нарзиевна 1964-жылы 9-мартта Таджик Республикасынын Ленинабад областынын, Исфара районунун, Шахран айылында төрөлгөн. 1988-1989-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда 1 жылдык интернатурасын аяктап “Педиатрия” адистигине ээ болгон. 2002-2003-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана адистикти жогорулатуу институтунда 1 жылдык клиникалык интернатурасын аяктап “Үй-бүлөлүк дарыгер” адистигин алган.
Курбанова Мастура Нарзиевна өз эмгек жолун 1989-жылы Ош областына караштуу Лейлек райондук борборлоштурулган ооруканасынын балдар консультация бөлүмүндө педиатр дарыгери болуп иштөө менен баштаган. 


Ошол эле 1989-жылы Ленинабад областынын, Исфара райондук борборлоштурулган ооруканасында педиатр дарыгери болуп иштеген. 
1990-жылдан баштап Баткен райондук борборлоштурулган ооруканасында педиатр дарыгери болуп иштеген. 
1992-жылдын 2-сентябрь айында Лейлек райондук борборлоштурулган ооруканасынын СВА Коммунизм бөлүгүндө педиатр дарыгери болуп иштеген. 
1993-жылы Ош областына караштуу Сүлүктү шаардык ооруканасынын балдар консультация бөлүмүндө педиатр болуп иштеген. 
2002-жылы Сүлүктү шаарында Үй-бүлөлүк медицина тобунда педиатр болуп иштей баштаган. 2003-жылы №4 Баткен областтык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна клиникалык жетекчиси болуп дайындалган. 
2013-жылы Баткен областтык үй-бүлөлүк медицина борборунун №3 Кызыл-Жол Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна үй-бүлөлүк дарыгери болуп которулган. 
2014-жылдан тартып, Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын ара жана патология менен төрөлгөн балдар бөлүмүнө неонатолог дарыгери болуп иштеген. 
2015-жылы Ара жана патология менен төрөлгөн балдар бөлүмүнүн башчысы болуп, дайындалып бүгүнкү күнгө чейин үзүрлүү эмгектенип келди. 
2019-жылы Баткен облустынын башкы неонатологу болуп дайындалган. 

Медицина тармагына 35 жылдык өмүрүн арнаган Мастура Нарзиевна облустун саламаттык сактоо тармагындагы реформаларга көңүл буруу менен мамлекеттик жана улуттук программаларды ишке ашырууда алгылыктуу кадамдарды жасаган. 


Коомдук иштерге активдүү катышуу менен, жогорку категориядагы неонатолог дарыгери катары жаңыдан иш баштаган кесиптештерине медицина тармагында тең келгис кеңешчи, өзүнүн эмгек жолунда билимин жана тажрыйбасын такай жаш неонатолог дарыгерин даярдоого жумшап, “Насаатчылык» иш-чараларын алгылыктуу алып барган. Мындан тышкары, ата-энелеринен ажыраган жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ар тараптуу колдоо көрсөтүп келген. 


Өзүнүн иш билгичтиги, адамгерчиликтүүлүгү, уюштуруучулук касиеттери менен өз кесиптештери жана эл ичинде кадыр баркка ээ.


Алган сыйлыктары:
2005-жылы Баткен областтык Саламаттыкты сактоонун координаторунун “Ардак грамотасы”, 
2006-жылы “Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери” төш белгиси  
2017-жылы Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын “Ардак грамотасы”
2018-жылы Саламаттык сактоо министрлигинин “Ардак грамотасы”, 
2018-жылы КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Ардак грамотасы”
2021-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак грамотасы” менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин жана жалпы медицина коомчулугунун атынан Курбанова Мастура Нарзиевнанын жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

03.05.2024
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жабырлануучулардын абалы менен таанышты

 2024-жылдын 3-майдын таңына карата Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо уюмдарында ар кандай жаракаттарды алган 20 жабырлануучу дарыланууда.

Министр Сузак аймактык ооруканасында жана Октябрь райондук жалпы дарыгерлик практика борборунда болуп, балдардын абалы менен таанышты. Ал ошондой эле Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында реанимацияда оор абалда жаткан беш бейтаптын консультациясына катышты.

 

Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында 12 бала дарыланууда, алардын бешөө реанимацияда; Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында - 1, Сузак аймактык ооруканасында - 3, Октябрь ЖДПБда– 4 бала дарыланууда. Калган жабырлануучулардын абалы орточо оор деп бааланууда.

 

Саламаттык сактоо уюмдарында кандын жана анын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү запасы бар экенин белгилейбиз.

02.05.2024
Жабырлануучулардын абалы тууралуу маалымат

2024-жылдын 2-майында болжол менен саат 13:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда иш-чара учурунда жаш балдарды портер авто унаасы коюп кетип 29 бала жабыр тарткан. Жаштары 9-16 жаш. Азыркы учурда Жалал-Абад облустук балдар ооруканасына, реанимация бөлүмүндө - 7, алардын ичинен уч баланын абалы оор; Сузак аймактык ооруканасына - 3 бала, Октябрь Жалпы дарыгерлик практика борборуна - 8 бала жаткызылды. Абалдары орто оордукта. Калган 11 балага жеринен жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дапыланууга жөнөтүлгөн. 

Бул окуя министр, Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке көзөмөлүндө, тийиштүү бардык жетекчилерге сапаттуу медициналык жардам берүү, ошону менен бирге керектелүүчү дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылууну тапшырды.