Кант диабети менен күрөшүү чараларын күчөтүү - мезгил талабы

12.12.2022 / Просмотров: 671

Гульдана Джолчиева - эндокринолог дарыгер

“Кант диабети – кандагы канттын деңгээлинин жогору болушу менен мүнөздөлгөн оору. Ал өнөкөт оорулардын катарына кирет, бирок аны туура тамактануу, физикалык активдүүлүктү жогорулатуу, салмагыбызды нормада кармоо жана ар 1 жылда 1 жолу анализ тапшырып туруу менен алдын алууга болот. Ар бир адам эмне жеп, эмне ичип жатканын көзөмөлдөшү керек. Себеби биз күнүмдүк рационубузда колдонуп жаткан тамак-аштардын баары эле организмибизге пайда алып келбейт. Тескерисинче, зыян тийгизиши ыктымал. Алсак, биздин өлкөдө газдалган таттуу суусундуктар жана курамына жыт, даам берүүчү кошулмалар кошулган таттуу азыктар өспүрүм балдардан тарта жеткиликтүү болгондуктан, жаштар арасында да ашыкча салмактан жабыркап, айрым учурда 2-типтеги кант диабетине чалдыккандар көбөйүүдө. Бизге кайрылган ар бир бейтапты жогоруда аталган азыктарды колдонууну чектөөгө активдүү  үндөп келебиз,”- деп белгиледи, Чүй облусунун эндокринолог дарыгери Гульдана Джолчиева.

Ал өз сөзүндө төмөндөгүдөй белгилер пайда болгон учурда дароо дарыгерге кайрылып, керектүү текшерүүдөн өтүү зарыл экенин кошумчалады. Себеби көпчүлүк учурда бейтаптар бул белгилерге маани бербей жүрүп, өтүшүп кеткенде гана кайрылышат. 

•             Суусоо

•             Көп заара кылуу, айрыкча түндөсү

•             Көп чарчоо

•             Арыктоо

•             Көздүн, эс-тутумдун начарлоосу

 

Бейтаптардын 50%ында оору “үнсүз” өөрчүп, эч кандай белгиси байкалбастан эле өтүшүп кеткен учурлар да катталат. Ошондуктан жылына бир жолу текшерүүдөн өтүп туруу керек. 

 

 

Чүй облусу боюнча кант диабети менен ооруган бейтаптар коомунун төрайымы Чынара Аблесова 

Ал эми Чүй облусу боюнча кант диабети менен ооруган бейтаптар коомунун төрайымы Чынара Аблесова ооруну алдын алуу боюнча төмөндөгүлөрдү кошумчалады: “Кант диабетинин алдын алууга көбүрөөк көңүл буруу керек. Бүгүнкү күндө ар кандай зыяндуу кошулмалары бар таттуу суусундуктар калктын калын катмарына жеткиликтүү болуп калды. Бул маселеге азыртан тарта өкмөттүн деңгээлинде чара көрүлсө жакшы болот эле. Мисалга алсак, атайын Токтом, Жарлык кабыл алып, акциздерди көтөрүү менен чылымдын зыяндуу таасирине каршы күрөшкөндөй эле, организмге олуттуу зыян тийгизип жаткан курамында канты көп суусундуктардын жайылтылышына маани берилсе, коомдук саламаттык сактоо тармагы бир топ жакшы жыйынтыктарга жетет эле. Мен ата-энелерге, айрыкча жаш энелерге кайрылып кетет элем. Баланарда туура тамактануу адатын канчалык эрте калыптандырып, зыяндуу тамак аштардан, кант көп кошулган суусундуктардан баш тартууга үйрөтсөңөр, кийин аларда ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөр жаралбайт дагы, алар келечектеги дени сак улутту түзөт”. 

 

 

 

 

Эльмира Жутанкеева 

 

 

66 жаштагы  Эльмира Жутанкеева 35 жылдан бери кант диабети менен жабыркап келгенин айтты.

“Башында мага оорунун эч кандай белгилери байкалган эмес. Кезектеги пландуу текшерүүдөн өтүп, анализ тапшырганымда дарыгерлер менде кант диабети бар экендигин аныкташкан. Ошол күндөн тарта дарыгердин айткан ар бирин кеңешин кулак жаздымда калтырбай, так аткарып келгендиктен учурда абалым жакшы - канымдагы канттын денгээли көтөрүлбөй, туруктуу кармалып келет. Кант диабетине кабылганымды билгенден бери тамактанууга кылдат мамиле кылам. Мисалы, мурда нандын бетине май сүйкөп жегенди жактырсам, азыр майлуу, куурулган тамактарды, кант кошулган азыктарды жана газдалган суусундуктарды колдонбойм,  неберелериме дагы алардын зыяндуу экенин түшүндүрүп, колдонууга тыйуу салам. Мындан сырткары коомдук иш-чараларга активдүү катышып, физикалык жактан активдүүлүк болууга аракеттенем, ар дайым танкы көнүгүүлөрдү жасайм. Ал тургай кошуналарымды дагы активдүү жашоого, ден соолугуна кам көрүүгө үндөп келем. Кошуналарыма эле эмес, башка жарандарыбызга да кайрылып кетет элем. Силер ден соолугуңар чың болушу үчүн ар дайым туура тамактангыла жана кыймылдуу болгула. Сейилдегиле, көнүгүүлөрдү жасагыла, бийлегиле жана сиңирүү органдарына оорчулук жараткан майлуу, куурулган, курамына кант, туз көп кошулган тамак аштарды жер-жемиш, жашылчага алмаштыргыла".

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

16.05.2024
Бишкекте Европалык иммунизация жумалыгынын жыйынтыгы чыгарылды

15-майда Бишкекте 2024-жылдагы Европалык эмдөө жумалыгынын жыйынтыгын талкуулаган жыйын өттү. Быйыл эмдөө жумалыгы «Муундарды коргойбуз» деген ураан астында бардык курактагы адамдарды пландуу эмдөө менен камтуунун жогорку деңгээлин сактоо максатында уюштурулду.

Иш-чарага КР Саламаттык сактоо министрлигинин, Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдарынын өкүлдөрү жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасында калкты пландуу эмдөөнүн аркасында 19 жашка чейинки курактагылар арасында кептөөр, селейме, кургак учук менингити, В вирустук гепатити катталган эмес; 1993-жылдан бери полиомиелиттен эркин өлкө статусу бар.

Иш-чаранын жүрүшүндө Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору эмдөө жумалыгынын калк үчүн мааниси жана эмдөө менен камтуу боюнча маалыматтарга токтолду. Алсак, бир жума ичинде Кыргыз Республикасынын профилактикалык эмдөө календары боюнча 54 362 адам кошумча эмдөө алды. Эмдөө стационардык пункттарда жана мобилдик бригадалардын жардамы менен жүргүзүлдү. Гүлбара Ишенапысова ошондой эле калкты маалымдоодо медицина кызматкерлеринин салымын белгиледи, мында эмдөө менен камтууну жогорулатуудагы негизги максат ар бир бала вакцина менен алдын ала турган оорулардан коргоого муктаж жана мындай коргоого укугу бар деген маалыматты жайылтуу болуп саналат.

Мындан тышкары, ДССУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен иштелип жана басылып чыккан бардык денгээлдеги саламаттыкты сактоо уюмдарынын медицина кызматкерлери үчүн арналган “Иммунопрофилактика боюнча чөнтөк колдонмо” көрсөтүлдү.

15.05.2024
Ысык-Көл облусунун жалпы дарыгерлик практика борборуна тез жардам унаасы тапшырылды

Бүгүн, 2024-жылдын 15-майында, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тамчы айылында тез жардам пунктунун ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тез жардам унаасынын ачкычын тапшырды.

           Министр өз сөзүндө, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаров тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагына жети тез жардам унаасы өткөрүлүп берилгендигин, анын бири Тамчы айылындагы Тез жардам көрсөтүү пунктуна өткөрүлүп берилгендигин белгиледи.

             «Бүгүн биз Тамчы айылдык тез жардам борборуна тез жардам унаасынын ачкычын тапшырып жатабыз. Бул Ысык-Көл облусунун тургундарына тез жардам көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуудагы олуттуу кадам болуп саналат. Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагына ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн Президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдиребиз», - деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

15.05.2024
Тамчы айылында Тез жардам пункту ачылды

2024-жылдын 15-майында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тамчы айылында тез медициналык жардам көрсөтүү пунктунун расмий ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чара КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кувейт Ас-Сафа фондунун негиздөөчүсү, шейх Мухаммад Абдурахман Алшая, Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам жана дары саясаты бөлүмүнүн башчысы Нургүл Ибраеванын, ошондой эле Ысык-Көл областынын Жалпы дарыгерлик практика борборунун жетекчилиги жана кызматкерлеринин катышуусунда өттү. Тез медициналык жардам пунктунун курулушу толугу менен «Ас-Сафа Борбору» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланып, жалпы суммасы 38,5 млн сомду түздү.

Тамчы айылындагы 2 кабаттуу Тез медициналык жардам пунктунун имаратында жалпы аянты 476 м2 болгон күндүзгү стационар, операция, реанимация, дарылоо, стерилизация бөлмөлөрү жана башкалар камтылган. Көчмө рентген аппараты, УЗИ жана башка керектүү медициналык жабдуулар бар. Ошондой эле кызматкерлердин жана бейтаптардын ыңгайлуулугу үчүн лифт орнотулган. Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө Тамчы айылында тез медициналык жардам пункту ачылып жатканы өтө маанилүү экенин белгиледи. Анткени Ысык-Көлгө келген көптөгөн туристтер ар кандай медициналык өзгөчө кырдаалдарга, анын ичинде травма, курч кармаган оору жана башка медициналык өзгөчө кырдаалдарга дуушар болушу мүмкүн. Мындай пункттун болушу калкка жана конокторго тез жана натыйжалуу медициналык жардам көрсөтүү менен бирге алардын коопсуздугуна жана ден соолугуна да салым кошот. Министр Кувейт «Ас-Сафа» Фондунун негиздөөчүсү шейх Мухаммад Абдурахман Альшаяга саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүгө, медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Ас-Сафа Борбору» коомдук бирикмесинин кайрымдуулук ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири – саламаттык сактоо тармагы. 2015-жылдан бери бирикме тарабынан 70ке жакын фельдшердик-акушердик пункт, балдар онкологиясы, лор, гематология бөлүмдөрү, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун консультациялык бөлүмү, аймактарда 4 төрөт үйү курулуп, пайдаланууга берилген. Учурда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда гемодиализ борборунун курулушу жүрүп жатат, ал эми бир күн мурун Токмок шаардык жалпы дарыгердик практика борборунун патология менен төрөлгөн балдар үчүн бөлүм ачылды.