Бишкекте Жүрөк-кан тамыр ооруларын азайтуу боюнча жол картаны ишке ашыруу маселеси талкууланды

01.09.2022 / Просмотров: 1175

Кыргызстанда жугуштуу эмес оорулар боюнча Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун миссиясы өтүүдө. 2022-жылдын 1-сентябрында жогоруда аталган миссиянын алкагында Бишкек шаарында тегерек стол өтүп, анда жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча маселелер талкууланган. Мындан тышкары, жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу жана миокард инфаркты жана инсульт боюнча тез жардам көрсөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуу Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Гүлнара Баатырованын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европалык аймактык бюросунун өкүлдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, ведомствого караштуу уюмдардын кызматкерлеринин жана медициналык кызматкерлердин катышуусу менен өттү.

Тегерек столдун жүрүшүндө Электрондук Саламаттыкты сактоо борборунун адистери жүрөк-кан тамыр оорулары менен күрөшүүдөгү санариптик чечимдер боюнча маалыматтарды көрсөттү.

Мындан тышкары, ДССУнун эксперттери 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилген Жүрөк-кан тамыр ооруларына жардам көрсөтүүнү оптималдаштыруу Жол картасын ишке ашыруу боюнча өз пикирлерин бөлүшүштү. Жол картанын бир бөлүгү буга чейин ишке ашырылып, жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоонун жаңы стандарттары киргизилгени айтылды. Мындан тышкары, ЖЭОнун жүгүн азайтуу максатында, колдонуудагы мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштер жигердүү жүргүзүлүүдө (коомдук жайларда тамеки чегүүгө толук тыюу салуу ж.б), мектеп окуучуларынын арасында инсультун алгачкы белгилерин таануу сабактарын киргизүү боюнча Кыргызстан учурда көптөгөн өлкөлөрдүн арасында 6-орунду ээлейт.

Жолугушуунун жыйынтыгында министрдин м.а. Гүлнара Баатырова белгилегендей, жугуштуу эмес оорулардын көйгөйү биздин өлкө үчүн абдан актуалдуу болуп саналат, анткени ЖЭО өлүмдүн негизги себептери болуп саналат.

«Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 2030-жылга карата дүйнөдө ЖЭО бардык өлүмдөрдүн 75%ын түзөт. ЖЭОнун алдын алуу жана күрөшүү аны жөнгө салууну талап кылат жана эң маанилүү маселелердин бири аларды эрте аныктоо жана аларга чара көрүү болуп саналат. Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде профилактикалык иш-чараларды күчөтүү иштерин жүргүзүүдө. Бул милдетти бардык кызыкдар тараптардын биргелешкен куч-аракеттери менен гана чечүүгө болот. Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоону өнүктүрүүгө жумшаган колдоосу жана эмгеги үчүн ДССУга ыраазычылык билдирем. Биз силерди абдан жогору баалайбыз жана мындан аркы жемиштүү кызматташууга ниетибизди билдирем”, – деди Гүлнара Баатырова.

Прикрепленные файлы:

Другие Новости

07.05.2024
КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сузак районундагы кырсыктан жабыркаган 10 баланын абалынан кабар алды

Бүгүн, 7-майда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев жана Жогорку Кенештин социалдык комитетинин башчысы Винера Раимбачаева менен биргеликте Бишкек шаарынын медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан Сузак районундагы кырсыктан жабыркаган 10 баланын абалынан кабар алып, дарылоо боюнча өз сунуштамаларын берди.

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында катталган кырсыктан 32 бала жабыркаган, анын ичинен 10 бала Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына которулуп келген.

 

Анын ичинен төрт бала кайра жандандыруу бөлүмүнө, алты бала травматология бөлүмүнө жаткырылган. 

 

Бүгүнкү күндө кайра жандандыруу бөлүмүндө дарылануусун улантып жаткан бир бала абалы туруктуу жакшырып калгандыктан нейротравматология бөлүмүнө которулду. Аталган бөлүмдө жаткан балдардын абалдары жакшы, тиешелүү медициналык жардамды алышууда. 

 

Бут сөөктөрүнөн жабыркаган бир балага жакынкы күндөрү операция жасоо пландалууда.

 

Учурда Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында жана Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо уюмдарында  балдарга керектүү болгон дары-дармектер жетиштүү деңгээлде бар.

06.05.2024
Ош шаарында 300 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды

Бүгүн, 6-майда Ош шаардык клиникалык ооруканасынын аймагында шаардын жана облустун тургундарына сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган 300 орундуу көп функционалдуу медициналык мекеменин имаратынын курулушу башталды. Долбоорду аяктоо 2025-жылга пландалууда.

Капсула салуу иш-чарасына КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, КР Жогорку Кеңешинин депуты Айбек Маткеримов катышты.

Өз сөзүндө министр мамлекет жарандардын ден соолугун сактоо жана чыңдоо үчүн бардык шарттарды түзүүгө умтулуп жатканын белгиледи. “Калктын саламаттыгын сактоо – 2026-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын маанилүү артыкчылыктарынын бири”, - деп баса белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев. Министр ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровго саламаттык сактоо тармагына, тактап айтканда, Ош шаарындагы жаңы аймактык оорукананын курулушуна ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, бул максатка 595 миллион сом бөлүнгөнүн белгиледи. Анын айтымында, бул оорукананын курулушу Ош шаарынын жана Ош облусунун тургундарына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын бир топ жакшыртат.

Жалпы аянты 6633,5 м2 болгон 300 орундуу оорукана 3 блоктон туруп, анда кардиология, ортопедия, ЛОР, офтальмология, урология, эндокринология жана терапия бөлүмдөрү жайгашат. Ошондой эле операциялык жана реанимация бөлүмү, ашкана, кир жуучу жай, кампа жай жана башкалар уюштурулат.

06.05.2024
Министр ОшМУнун медициналык клиникасы менен таанышты

Бүгүн, 2024-жылдын 6-майында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ОшМУнун медициналык клиникасында болду. Клиникадагы боор алмаштыруу операцияларын жасоого түзүлүп жаткан шарттар менен таанышып, клиниканын дарыгерлери менен жолугушту. 

Медициналык клиникада трансплантоло́гия бөлүмү ачылып, боор алмаштыруу операцияларын жосоого керектелүүчү эмеректер, медициналык жабдыктар менен толукталууда. 

Клиниканын базасындагы алгачкы боор алмаштыруу операциясы Түркиянын Инөнү университетинин Тургут Озал атындагы клиникасынын дарыгерлери менен биргеликте жасалат. Учурда боор алмашытырууга муктаж болгон бейтаптар кайрылып, дарыгерлерден кеп-кенештерин алууда. Алгачкы беш бейтапты опреацияга даярдоо иштери жүрүп жатат. Май айынын аягында алгачкы опреациялардын жасалуусу күтүлүүдө.