Ден соолук жаңылыктары

Акыркы жанылыктар

28

02

2024

Түркмөнстандын делегациясы менен санариптик саламаттыкты сактоо жаатында тажрыйба алмашуу

22.02.2024

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлер тобу Түркияда жилик чучугун трансплантациялоо технологиясын өздөштүрүүдө

21.02.2024

КР Саламаттыкты сактоо министри менен Жогорку Кеңештин депутаты Кыз-келиндер күрөшү залында болуп, Олимпиадага чейин спортчуларга дары-дармек сатып алуу көйгөйлөрүн талкуулашты

28.02.2024
Түркмөнстандын делегациясы менен санариптик саламаттыкты сактоо жаатында тажрыйба алмашуу

Саламаттыкты сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Түркмөнстандын делегациясын кабыл алды. Жыйында министрдин орун басары саламаттыкты сактоону санариптик трансформациялоо жаатындагы мамлекеттик саясат жана артыкчылыктуу багыттарга токтолду. “iEPID” – саламаттыкты сактоо тармагындагы инциденттерге мониторинг жүргүзүү үчүн маалымат системасы, “iEMDOO” – иммунизациялоонун толук циклдүү маалыматтык системасы, “Санариптик убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы”, “Санариптик медициналык маалымкат” - төрөлүү жана өлүм фактыларын алгачкы каттоонун маалыматтык системасы сыяктуу саламаттыкты сактоо тармагындагы санарип продуктулары талкууланды.

 

«Биз санариптик саламаттыкты сактоону өнүктүрүү үчүн экспертиза жана тажрыйба алмашуу жаатында бардык жардамдарды көрсөтүүгө даярбыз», - деп жыйынтыктады Б.Джангазиев.

 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу жана туруктуу негизде тажрыйба алмашуу жаатында кызматташуу боюнча макулдашууга жетишти.

22.02.2024
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлер тобу Түркияда жилик чучугун трансплантациялоо технологиясын өздөштүрүүдө

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Түркиянын «Инөнү» университетинин ортосундагы кызматташуу боюнча кол коюлган келишимдин алкагында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлер, лаборанттар жана медайымдар кирген 8 адамдан турган дарыгерлер тобу Түркиянын Малатья шаарына келишти.

«Инөнү» университетинин клиникасында дарыгерлер тобу окутулуп, жилик чучугун алмаштыруунун технологиясын өздөштүрүшөт. Бул университеттик клиника чоңдор жана балдар үчүн органдарды, анын ичинде жилик чучугун трансплантациялоо операцияларын жасайт.

«Түрк клиникасынын жетекчилиги бизди абдан жылуу тосуп алды. Малатьядагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун медициналык командасы кийин мекенибизде колдонуу үчүн жетишерлик билим алып келишет деп үмүттөнөбүз. Президентибиздин көрсөтмөсү менен бул долбоорду баштап, бизди ушундай керектүү окууга жиберген министрибиз Алымкадыр Бейшеналиевге онкологмдарыгерлер терең ыраазычылыктарын билдиришет”, - деп бөлүштү Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун онкология бөлүмүнүн башчысы Султан Стамбеков.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 11-12-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев клиникасы органдарды трансплантациялоо боюнча беш эң мыкты мекеменин бири болуп саналган Түркиянын «Инөнү» университетинде болгон. Иш сапардын жыйынтыгында КР Саламаттык сактоо министрлиги менен «Инөнү» университетинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлган.

21.02.2024
КР Саламаттыкты сактоо министри менен Жогорку Кеңештин депутаты Кыз-келиндер күрөшү залында болуп, Олимпиадага чейин спортчуларга дары-дармек сатып алуу көйгөйлөрүн талкуулашты

2024-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Таалайбек Масабировдун коштоосунда Кыргыз Республикасынын Маданият, Маалымат, спорт жана Жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин бөлүмчөсү болгон Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын чакыруусун кабыл алып, Кыз-келиндер күрөшү залына барды.

Иш сапардын алкагында коноктор Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын алдыдагы мелдештерге даярдыгы менен таанышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Парижде боло турган жайкы Олимпиада оюндарына байланыштуу команданын алдында турган актуалдуу көйгөйлөр, аларды чечүүнүн жолдору талкууланды.

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча департаменттин директору Мелис Тобокелов менен улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков спортчуларга витамин жана дары-дармек сатып алуу кечеңдеп жатканына тынчсыздануусун билдиришти. Каржылоо өз деңгээлинде каралганы менен керектүү дары-дармектерди сатып алуу боюнча тендер арыздар түшпөгөндүктөн өтпөй калган. Бул квалификациялык курамды даярдоодо олуттуу кыйынчылыктарды жаратат жана биздин спортчулардын олимпиадалык аренадагы ийгилигине терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев айтылган кооптонууларга жооп кылып, витаминдерди жана дары-дармектерди сатып алууну каржылоо КР Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу жүрбөй турганын баса белгиледи. Ал «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына дары-дармектерди тендердик жол-жоболорду өткөрбөстөн түз жеткирүүчүлөрдөн сатып алууга мүмкүндүк берүүчү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругун даярдоону сунуштады. Анын үстүнө керектүү дары-дармектердин 80%га жакыны “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынан жеткиликтүү. Министр сатып алууларды жөнөкөйлөтүү демилгеси депутаттар тарабынан колдоого алынып, жакынкы аралыкта ишке ашат деген ишенимин билдирди.

19.02.2024
ОРВИ жана сасык тумоо боюнча маалымат

Оперативдүү маалыматтар боюнча, 2024-жылдын 7-аптасына карата (12.02.18.24) республикада курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен ооругандардын 6746 учуру катталып, өткөн жумага салыштырмалуу -6,5%га азайган.

Бардык оорулардын 67,5%ы 14 жашка чейинки балдар.

2023-жылдын 48-жумасынан баштап 2024-жылдын 4-жумасына чейин сасык тумоо мезгили байкалып, ал лабораториялык тастыкталган жана аны A/H3N2 тумоосунан шарттаган, эң жогорку деңгээли 52-жумада катталган.

Бул учурда курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы байкалууда, анда риновирус, РС вирусу жана I-IV парагрипп басымдуулук кылат.

Башка аймактарга салыштырмалуу Бишкек, Ош шаарларында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында оору көп катталып, интенсивдүү көрсөткүчтөрү жогору.

Республикада COVID-19 инфекциясынын жайылышы боюнча жумалык мониторинг уланууда. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча, жумасына 2ден 6га чейин учур катталып, эпидемиологиялык абал туруктуу деп бааланууда. 2024-жылдын 7-жумасында Ош (1) жана Чүй (2) облустарында 3 учур катталды.

Республика боюнча сасык тумоо, ОРВИ жана COVID-19 оорусуна мониторинг жүргүзүү улантылууда, эпидемиологиялык абал көзөмөлдө.

17.02.2024
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри жана академик В.И. Кулаков атындагы Акушерлик, гинекология жана перинатология улуттук медициналык изилдөө борборунун директору эне жана ымыркай өлүмүн азайтуу үчүн перинаталдык медицина жана телемедицина жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты

2024-жылдын 15-февралында Россия Федерациясына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев академик В.И.Кулаков атындагы Акушерлик, гинекология жана перинатология улуттук медициналык изилдөө борборунун директору Россия илимдер академиясынын академиги, медицина илимдеринин доктору, профессор Геннадий Сухих менен жолугушту.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев Россия Федерациясы тарабынан каржыланган «Эне жана ымыркай өлүмүн азайтуунун жолдору» жана «Кош бойлуу аялдарга, жаңы төрөлгөн ымыркайларга жана балдарга стационардык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу» эл аралык долбоорлорунун алкагында узак мөөнөттүү кызматташуу жана Кыргыз Республикасында В.И.Кулаков атындагы АГПУМИ борбору тарабынан жеринде уюштурулган симуляциялык тренингдерди камтыган семинарларды өткөргөндүгү үчүн үчүн терең ыраазычылык билдирди.

 

Академик В.И.Кулаков атындагы Акушерлик, гинекология жана перинатология улуттук медициналык изилдөө борбору көп жылдардан бери Туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын эне жана баланын ден соолугун коргоо жаатындагыартыкчылыктуу багыттарында илимий-методикалык жана билим берүү тармагында колдоо көрсөтүп келет.

 

Жыйындын жүрүшүндө КР Саламаттык сактоо министри биздин адистерди, айрыкча өлкөнүн алыскы аймактарында иштеген адистерди акушердик, гинекология, перинатология жана неонатология, анын ичинде перинаталдык тукум куума ооруларды жана түйүлдүктүн кемтиктерин диагностикалоо, түйүлдүк медицинасынын заманбап аспектилери, перинаталдык клиникалык генетика, цитогенетика, гинекологиялык эндокринология, өспүрүмдөрдүн гинекологиясы жаатындагы инновациялык тажрыйбаларга окутууну улантуу маселесин көтөрдү. Ал өлкөдө практикалык саламаттыкты сактоонун алдыңкы, жогорку эффективдүү технологияларын окутуу жана ишке киргизүү Туруктуу өнүгүү максаттарына, «Дени сак адам – өнүккөн өлкө» программасынын индикаторлоруна жетишүүгө, Кыргыз Республикасында энелердин жана ымыркайлардын өлүмүнүн деңгээлин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет деп бегиледи.

 

Академик Геннадий Сухих министрди билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү ниетине ишендирди, ошондой эле Кыргызстандагы бейтаптарды дарылоодо телемедициналык технологиялар аркылуу кеңеш берүү жана рационалдуу жабдуу, медициналык мекемелер тарабынан ресурстарды пайдалануу маселелеринде методикалык колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Акушердик жана неонаталдык оор шарттарга электрондук мониторинг системасын уюштуруу, стационардык аудит программасы, ар кандай деңгээлдеги саламаттыкты сактоо уюмдарынын жана негизги түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерин окутуу боюнча тажрыйба бөлүшүүгө даяр экенин кошумчалады.

 

Жогоруда айтылгандарга кошумча катары, үй-бүлөлүк себептер жана жумуштук шарттар менен Россия Федерациясында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына кызмат көрсөтүүлөрдү милдеттүү медициналык камсыздандыруу же башка компенсация механизмдеринин эсебинен жеринде адекваттуу перинаталдык жардамга (кош бойлуулукка байкоо жүргүзүү, дарылоо, төрөт) жетүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселе каралды.

 

  Эки тарап тең бул маселени өкмөттөр аралык деңгээлде, түрдүү тармактардагы достук жана өнөктөштүк мамилелердин алкагында жана эки өлкөнүн калкты коргоо маселелеринин артыкчылыктуулугун эске алуу менен кароону талап кылаарын белгилешти. Эненин жана баланын саламаттыгын сактоо кызматына инвестиция салуу маанилүү жана пайдалуу, анткени ал жеке адамдын бакубаттуулугун жакшыртып, адамдардын репродуктивдүү укуктарын ишке ашырууга гана шарт түзбөстөн, саламаттыкты сактоо системасына энелердин жана жаңы төрөлгөн балдардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч туудурган оорулары жоюуга сарпталган олуттуу ресурстарды үнөмдөөгө, аларды башка маанилүү көйгөйлөргө багыттоо мүмкүндүк берет.

16.02.2024
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлери казакстандык кесиптештери менен биргеликте көздүн ретинопатиясына операция жасашат

“Аймактарды өнүктүрүүнүн социалдык өнөктөштүк фонду” Коомдук фондунун колдоосу менен 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борбору АКШдан “Иридотомия үчүн лазер – OCULIGHT SLxIRIDEX” аппаратын алган. Эл аралык стандарттарга толук жооп берген бул заманбап аппарат балдардын ретинопатиясына каршы күрөшүүдө баа жеткис курал.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун офтальмология бөлүмүндө аталган аппараттын жардамы менен ара төрөлгөн балдардын көз торчосунун лазердик коагуляциясы ийгиликтүү жасалууда. Бул бөлүмдүн эки дарыгери Алматыда ара төрөлгөн ымыркайлардын ретинопатиясын аныктоо боюнча окуудан өтсө, үчүнчү дарыгер бул илдетти хирургиялык дарылоону өздөштүргөн.

2023-жылы ретинопатия менен ара төрөлгөн ымыркайлардын жалпы саны 1280 учурга жетип, анын ичинен 38и Кыргызстандан сыртка дарыланууга жөнөтүлгөн. Балдарды хирургиялык операцияга тандоо ретинопатиянын оордугуна жана өнүгүү стадиясына жараша жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 23-февралында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун офтальмологдору Алматы шаарынын башкы ретинологу менен биргеликте ретинопатия аныкталган беш баланын көзүнүн торчосуна лазердик коагуляциялык операцияларды жасашат.

16.02.2024
Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду Кыргызстанга тез жардам унааларын сатып алууга грант бөлөт

Россия Федерациясына болгон жумушчу сапарынын алкагында 2024-жылдын 15-февралында Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Андрей Широков менен Москва шаарында жолугушту.

Жолугушууда тараптар Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү боюнча өлкө үчүн тез жардам унааларын сатып алууну камтыган жаңы долбоорду талкуулашты.

Министр Евразиялык Фондго Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, өлкө өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана кеңейтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар 120 тез жардам унаасын сатып алууга 3 миллион доллар өлчөмүндө грант бөлүү боюнча макулдашууга жетишти. Автоунааларды сатып алуу Кыргызстандагы тез медициналык жардам системасын жакшыртууга маанилүү салым болот.

15.02.2024
Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Москвадагы «Улуттук медициналык радиологияны изилдөө борбору» ФМБ мекемесинин башкы директору менен медицина илими жана билим берүү тармагында кызматташуунун келечегин талкуулады

Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Москва шаарындагы «Улуттук медициналык радиологияны изилдөө борбору» федералдык мамлекеттик бюджеттик мекемесинде болду. Россиянын Илимдер академиясынын башкы директору, академиги, профессор, медицина илимдеринин доктору Андрей Каприн менен жолугушуу эки өлкөнүн медицина илими жана медициналык билим берүү тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү маанилүү окуя болуп калды.

Жолугушууда Кыргызстан менен Россиянын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Улуттук медициналык радиологияны изилдөө борбору» федералдык мамлекеттик бюджеттик мекемеси менен кызматташуунун кеңири чөйрөсү талкууланды. Тараптар кадрдык потенциалды чыңдоого, илимий изилдөөлөрдү биргелешип ишке ашырууга, медициналык туризмди өнүктүрүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн жаш онколог-окумуштууларынын кызматташуусуна кызыкдар экендигин билдиришти.

Медициналык билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, анда Кыргызстандын онкологдору үчүн “Улуттук медициналык радиологияны изилдөө борборунун” базасында квалификацияны жогорулатуу,тактап айтканда, жилик чучугун трансплантациялоо боюнча программалар сунушталды. Тараптар ошондой эле академик Андрей Каприндин өзүнүн жана Кыргызстандагы алдыңкы россиялык онкологдордун катышуусунда онкологдор үчүн бир катар мастер-класстарды уюштурууну талкуулашты.

Клиникалык иш чөйрөсүндө телемедициналык технологияларды колдонуу менен татаал клиникалык учурлар боюнча консультацияларды уюштуруу маселелери каралып, тараптар Улуттук онкология жана гематология борбору жана Ош онкология борбору менен жумасына эки жолу онлайн консультацияларды өткөрүүнү, ошондой эле Россиянын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу “Улуттук медициналык радиологияны изилдөө борбору” федералдык мамлекеттик бюджеттик мекемесинде шишиктердин гистологиялык жана молекулярдык генетикалык верификациясын аныктоо үчүнматериалдарды жөнөтүү боюнча маселени иштеп чыгууну макулдашышты.

Илимий ишмердүүлүк да кызматташтыктын негизги багыты болуп саналат. Кыргызстандын Улуттук онкология жана гематология борборунда жана Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин “Улуттук медициналык радиологияны изилдөө борборунда”  жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөөлөр боюнча жалпы маалымат берүү жана биргелешип ишке ашыруунун келечектүү багыттарын аныктоо пландаштырылууда. Ошондой эле биргелешкен илимий конференция өткөрүү пландалууда.

15.02.2024
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Новосибирск облусундагы фармацевтикалык ишканалар жана медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөр менен байланышты бекемдөө ниетинде

Россия Федерациясынын Новосибирск облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында 2024-жылдын 14-февралында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана делегация мүчөлөрү Новосибирск шаарындагы ири фармацевтикалык ишканаларга – кеңири ассортименттеги дары-дармектердин 220га жакын түрүн чыгарган «Обновление» (Реневал) өндүрүштүк фармацевтикалык компаниясына барышты. 

Иш сапардын алкагында саламаттыкты сактоо министри А.С.Бейшеналиев «Обновление» ӨФКнын аткаруучу директору В.В.Гречкин менен жолугушту. «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы менен «Обновление» ӨФКнын ортосунда Кыргыз Республикасына дары-дармектерди өндүрүүчүдөн түз алып жеткирүү боюнча келишим түзүү маселелеринде кызматташууну ишке ашыруу талкууланды. Кыргызстандын делегациясы ишкананын ассортименти жана өндүрүштүк кубаттуулугу менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын делегациясы ошондой эле кардиология тармагы үчүн медициналык буюмдардын өндүргөн Новосибирстеги ишкана “Ангиолайн” Акционердик коомуна барды, ал инфаркт, жүрөктүн ишемиялык оорусун дарылоо үчүн коронардык стенттердин,инсульт учурунда мээдеги кандын уюп калышын кетирүүчү ретриверлердин ири өндүрүүчүсү болуп саналат.

Министр А.С.Бейшеналиев менен ишкананын директору А.Кудряшовдун жолугушуусу болуп, анда кыргыз делегациясына өндүрүлгөн продукциянын ассортименти жана үлгүлөрү сунушталды. Кыргыз Республикасы үчүн жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча актуалдуу көйгөйдү эске алуу менен кыргыз делегациясы Кыргыз Республикасына ишкананын коронардык стенттерин жана башка медициналык буюмдарын жеткирүү боюнча «Ангиолайн» акционердик коому менен кызматташууну түзүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Иш сапардын алкагында, КР Саламаттык сактоо министрлигинин делегациясы АО УК «Биотехнопарк», «Вектор Медика» АК, ЖЧК «Медико-Биологиялык союз», Сибирь фармакология борбору ж.б. сыяктуу Новосибирск облусундагы ири фармацевтикалык ишканаларда да болушту.

Аталган ишканалар чыгарган дары-дармектердин ассортименти жана продукцияны Кыргызстанга жеткирүү боюнча келишимдерди түзүүнүн шарттары жана Кыргызстандын ооруканалары менен мамлекеттик дарыканаларынын керектөөсүн өндүрүүчүнүн баасында керектүү дары-дармек менен камсыз кылуу боюнча узак мөөнөттүү кызматташууну түзүү боюнча кеңири сүйлөшүүлөр болду. 

15.02.2024
КР Саламаттык сактоо министри жана Жогорку Кеңештин депутаты Россиянын Новосибирск облусунда иштеген дарыгерлер менен жолугушту

Кыргызстандын делегациясынын Новосибирск шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында 2024-жылдын 13-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун жана Новосибирск шаарындагы кыргыз диаспорасынын жардамы менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айбек Маткеримов мекендештер жана Новосибирск облусунда медицина тармагында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушту.

Жыйындын жүрүшүндө министр жана КР Жогорку Кеңешинин депутаты Кыргыз Республикасындагы медицина тармагында жүргүзүлүп жаткан реформа, органдарды трансплантациялоого мамлекеттик колдоо көрсөтүү, гемодиализ ж.б.у.с. КР Өкмөтү тарабынан жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. Кыргызстандык дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу жана Новосибирск университеттеринде жана клиникаларында Кыргыз Республикасы үчүн медициналык кадрларды даярдоонун зарылдыгы тууралуу мекендеш дарыгерлердин актуалдуу маселелери боюнча “суроо-жооп” форматында тыгыз талкуулар болду.

Кошумчалай кетсек, министр Алымкадыр Бейшеналиевдин сунушу менен Новосибирск шаарынан эмгек мигранттарынын жана мекендештердин балдарын Кыргыз Республикасына жайкысын “Алтын-Балалык”  Ден соолукту чыңдоо жана реабилитация борборуна эс алууга жана окууга жөнөтүү боюнча макулдашууга жетишилди.

15.02.2024
Кыргызстандын делегациясы Новосибирскке фармацевтика жана медициналык билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө максатында барды

2024-жылдын 13-14-февралында Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун көмөгү менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз Республикасынын  Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айбек Маткеримов,  «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын директору Сүйүнбай Алиев жана Россия Федерациясынын Новосибирск шаарындагы Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин өкүлдөрүнөнтурган делегациянын курамында иш сапары менен барды.

Иш сапардын максаты Кыргыз Республикасына «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы өндүрүүчүнүн баасында дары-дармектерди тикелей жеткирүү боюнча келишимдерди түзүү мүмкүнчүлүгү үчүн Новосибирск облусундагы фармацевтикалык ишканалардын дарамети жана ассортименти менен таанышуу.

Иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Новосибирск облусунун губернаторунун биринчи орун басары Юрий Петухов менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы менен Новосибирск фармацевтикалык ишканаларынын ортосунда Кыргыз Республикасына турмуштук маанилүү дары-дармектерди жеткирүү боюнча келишимдерди түзүү, медициналык билим берүү жана кадрларды даярдоо жаатында кызматташууну активдештирүү боюнча тыгыз байланыштарды түзүү маселелери талкууланды.

Новосибирск облусунун губернаторунун биринчи орун басары Юрий Петухов министр Алымкадыр Бейшеналиевге Новосибирск облусунун саламаттык сактоо системасынын потенциалы тууралуу айтып берди. Ал аймакта бир катар уникалдуу федералдык саламаттык сактоо уюмдары иштээрин белгиледи. Ал эми Новосибирсктеги окуу жайлардын базасында кадрларды даярдап, кыргызстандык адистердин квалификациясын жогорулатууга болоорун билдирди.

Өз кезегинде Алымкадыр Бейшеналиев Новосибирск облусундагы ЖОЖдордун жана ооруканалардын илимий, билим берүү жана техникалык дараметин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги медициналык кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо, хирургия, кардиология жана трансплантология тармагында тажрыйба алмашуу жаатында кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

14.02.2024
Төрөт учурунда каза болгон аялдын өлүмүнө байланыштуу Жайыл аймактык ооруканасынын директору кызматынан бошотулду

Жайыл аймактык ооруканасында төрөт учурунда каза болгон аялдын өлүмү боюнча министр Алымкадыр Бейшеналиевдин 2024-жылдын 12-февралындагы тапшырмасы менен, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде кызматтык иликтөө жүргүзүү жана өлүмдүн себептерин аныктоо боюнча комиссия түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2024-жылдын 14-февралындагы №42 буйругу менен Жайыл аймактык ооруканасынын директору ээлеген кызматынан бошотулду.

Мындан тышкары директордун дарылоо боюнча орун басары жана башкы медайым ээлеген кызматтарынан бошотулду. Ошондой эле ал эми аймактык оорукананын төрөт бөлүмүнүн башчысы окуянын чоо-жайы аныкталганга чейин кызматынан убактылуу четтетилди.

14.02.2024
Күндүн көрсөткүчү: 2024-жылдын биринчи 6 жумасында 22 миң санариптик убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы түзүлдү

2024-жылдын 6 жумасында 22 285 убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчалары электрондук форматта түзүлдү. Калтырылган жумуш күндөрүнүн жалпы саны 397 592. Ооруга байланыштуу - 17 474, кош бойлуулук жана төрөткө байланыштуу - 2 200, жаракаттар жана кырсыктарга байланыштуу 1 399 убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы түзүлгөн.

 

Эскерте кетсек, санариптик убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы - бул саламаттык сактоо уюмдары кагаз жүзүндө берген убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы эле, ал азыр атайын маалыматтык системанын жардамы менен толтурулат, өткөрүлүп берилет жана сакталат. Электрондук форматта түзүлгөн убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы юридикалык күчкө ээ. Ооруга байланыштуу убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасын алуу үчүн portal.tunduk.kg порталына же Tunduk мобилдик тиркемесине кирип, андан соң «Ден соолук» бөлүмүнө өтүп, «Эмгекке жарамсыздык баракчасын» тандоо керек. Маалымат системасы маалыматты коргоо жана анын купуялуулугун сактоо үчүн бардык зарыл шарттарды камсыз кылат. Кызматкердин диагнозу жөнүндө маалымат иш берүүчүгө берилбейт, документти берүү себептери гана (оору, кош бойлуулук жана төрөт, карантин, жаракат алуу жана кырсык, кесиптик оору, бейтапты кароо) көрсөтүлөт.

13.02.2024
Ош шаарында жана Сузак районунда мамлекеттик дарыкана ачылды

Бүгүн, 2024-жылдын 13-февралында, калкты жеткиликтүү дары-дармектер менен камсыз кылуу максатында, «Туран» жана «Керме Тоо» кичи райондорунда Ош үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эки филиалында «Эл Аман» мамлекеттик дарыканалары ачылды. Дарыканалардын ачылыш аземи КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын жамаатынын катышуусунда өттү.

Министр калкка сапаттуу жана арзан дары-дармектер жеткиликтүү болгонун, быйыл республика боюнча мамлекеттик дарыканалардын жалпы санын 100гө жеткирүү пландалып жатканын баса белгиледи. «Бүгүнкү күндө Сузак аймактык ооруканасында дагы бир мамлекеттик дарыкана ачылып, республика боюнча 69 мамлекеттик дарыкана иштей баштады. Дарыканаларда турмуштук маанилүү дары-дармектердин тизмесине кирген 1500дөй дары-дармек бар. Россия Федерациясына болгон жумушчу сапарынын алкагында Россиянын өндүрүш ишканаларынан дары-дармектерди жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү пландалууда. Мунун аркасында биз дарыканабыздын ассортиментин мындан ары да көбөйтө алабыз».

12.02.2024
Кезектеги бөйрөк алмаштыруу операциясы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бюджеттик негизде жасалат

Бүгүн, 12-февралда КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ушул жуманын аягында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө бөйрөгүн алмаштыруу операциясы жасала турган бейтаптардан кабар алды.

34 жаштагы бейтапка орган алмаштыруу операциясы жасалат. Оорулуу өнөкөт гломерулонефриттин кесепетинен бөйрөктүн өнөкөт оорусуна каршы программалык гемодиализ алып келген. Ага бейтаптын 32 жаштагы биртууганы донор болот.

Дарыгерлер министрге билдиришкендей, бейтаптардын абалы туруктуу деп бааланууда. Алар трансплантология бөлүмүнүн дарыгерлеринин көзөмөлүндө болуп, операцияга чейинки тиешелүү даярдыктан өтүшөт.

Маалымат үчүн:

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында бөйрөк алмаштыруу боюнча бардык суроолору менен жарандар дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 14:00дөн 15:00гө чейин кайрылса болот:

• нефрология бөлүмүнүн башчысы Насира Бейшебаева (0700 62 77 16).

• трансплантология бөлүмүнүн башчысы Байзаков Мирбек (0550 22 77 01).

12.02.2024
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде “Жаш лидерлер” программасы аркылуу саламаттыкты сактоо тармагынын дараметин өнүктүрүү маселеси талкууланды

Бүгүн, 2014-жылдын 12-февралында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде саламаттык сактоо министринин орун басары Айжамал Шамбетова Нагоя университетинин Жогорку медициналык мектебинин жаш лидерлер программасынын (Young Leaders’ Program – YLP) директору профессор Eiko Yamamoto менен аталган Программа менен таанышуу жана жаш адистерди Японияда окууга жигердүү тартуу максатында жолугушту.

Жыйындын жүрүшүндө магистратурада окуунун чоо-жайы, Кыргыз Республикасына бөлүнгөн квоталардын саны, Программанын жаш бүтүрүүчүлөрүн КР Саламаттык сактоо министрлигине, областтык саламаттыкты сактоо башкармалыктарына жумушка тартуу зарылчылыгы жана башкалар талкууланды. Мындан тышкары, Япониядан келген профессор Япония Өкмөтү мындан ары дагы YLP программасы аркылуу саламаттыкты сактоо тармагынын дараметин чыңдоого ар тараптуу жардам көрсөтүү ниетинде экенине ишендирди.

Бул программа 2003-жылдан бери ишке ашырылып келет жана Япониянын Билим берүү, маданият, спорт, илим жана технология министрлиги (MEXT) тарабынан каржыланат. Программа Япониянын билимин, технологиясын жана саламаттыкты сактоо тармагындагы тажрыйбасын өткөрүп берүү аркылуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жаш лидерлердин өнүгүүсүн колдоо максатында иштелип чыккан. Программанын максаты - Кыргыз Республикасынын жарандарына Япониядагы университеттерден “Саламаттыкты сактоону башкаруу” адистиги боюнча магистр даражасын алуу мүмкүнчүлүгүн берүү, алар Японияда окуусун аяктагандан кийин, өлкөнүнөнүгүшүнө саламаттык сактоо тармагында салым кошо алышат.

Бүгүнкү күндө бул программанын алкагында Кыргыз Республикасынан 14 адам магистратураны аяктады, алардын бардыгы саламаттыкты сактоо тармагында иштешет.

 

12.02.2024
Студенттердин бейтапканасында мамлекеттик дарыкана ачылды

Бүгүн, 12-февралда Студенттер үчүн шаардык дарылоо-профилактикалык бейтапканасында дагы бир мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы ачылды.

Дарыкананын ачылыш аземине саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

Министр мындай демилгелердин маанилүүлүгүн белгиледи. «Бул 66-мамлекеттик дарыкана, жакынкы күндөрү Ош шаарында жана Сузак районунда дагы үч дарыкана ачуу пландалууда жана жыл аягына чейин ушул темп менен жалпы дарыканалардын санын 100гө жеткирүүнү пландап жатабыз. Дарыканаларда дары-дармек каражаттарынын ассортименти 1500 фирмалык аталышты түзөт. Жеткиликтүү баа, түрдүү ассортимент жана мындай дарыканалардын кеңири жайылтылышынын аркасында жарандар өздөрүн керектүү дары-дармектер менен оңой камсыздай алышат, бул өз кезегинде медициналык жардамдын сапатын жана өлкөдө ден соолуктун жалпы деңгээлин жогорулатуу», - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

“Эл Аман” дарыканасы маанилүү дарылардын тизмесине кирген 1500дөн ашык дары-дармектерди сунуштайт. Бул жарандар керектүү дары-дармектерди өлкөдөгү жеке дарыканаларга караганда бир топ арзан баада сатып ала алышат дегенди билдирет. Мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасында дары-дармектерге арзандатуу 10-15% түзөт, бул калктын кеңири катмары үчүн керектүү дары-дармектерге жетүүнү кыйла жеңилдетет.

 

Маалымат үчүн:

2023-2024-окуу жылында Студенттердин шаардык дарылоо-профилактикалык клиникасы 26 ЖОЖ жана 34 орто окуу жайларын тейлейт, тейленүүчү студенттердин жалпы саны 92 256 түзөт, анын ичинен 66 953 (72,8%) жети облустан келген студенттер жана 2 430у (2,64%) кошуна мамлекеттерден (Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия жана жарым-жартылай Түркия) келген чет элдик студенттер, алар биздин студенттер менен бирге окуп, биздин жарандар менен бирдей негизде медициналык кызмат алышат.

09.02.2024
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында гемодиализ борбору курулат

9-февралда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кувейттин “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчилигинин төрагасы Мухаммад Абдурахман Аль-Шая менен бирге Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барды. Алар Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчилиги менен биргеликте борбордун аймагындагы курулушу бүтө элек имараттарды карап чыгышты. 11268 чарчы метр аянттан турган 3 кабаттуу имарат 1995-жылдан бери 30 жылдай бүтпөй келет.

Текшерүү учурунда министр Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борбору үчүнчү даражадагы саламаттыкты сактоо уюму болуп саналарын белгиледи. «Республиканын бардык аймактарынан жүздөгөн балдар Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна дарылануу үчүн кайрылышат жана жаңы курулуштун аркасында балдарга көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын мындан ары жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт», - деп баса белгиледи министр. Ал ошондой эле имарат курулуп бүтсө, Гемодиализ борборунан тышкары бул имаратка эндокринология, нефрология жана башка бөлүмдөрдү жайгаштырууга мүмкүн болорун кошумчалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында Мухаммад Абдурахман Аль-Шая мырза алардын фонду курулуш иштерин жана борборду заманбап жабдуулар менен жабдууну каржылай турганын билдирди.

09.02.2024
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жилик чучугун алмаштыруу бөлүмү ачылат

Бүгүн, 9-февралда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кувейттин “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчилигинин төрагасы шейх Мухаммад Абдурахман Аль-Шая менен жолугушту. Алар биргеликте Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмдөрүндө болушту.

Министр жана шейх Мухаммад Абдурахман Аль-Шая бөлүмдөрдү кыдырып, бейтаптар менен баарлашты.

Алымкадыр Бейшеналиев шейхке Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына көрсөткөн баа жеткис жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Буга чейин “Ас-Сафа” фондунун аркасы менен рак жана башка ооруларга чалдыккан балдар үчүн заманбап клиникалык-диагностикалык бөлүм бардык керектүү медициналык жабдуулар менен курулган.

«КР Саламаттык сактоо министрлиги менен «Ас-Сафа» фондунун биргелешкен аракетинин аркасында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда балдарга көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапаты бир топ жогорулап, жабдуулар менен камсыздоо жана дарыгерлердин квалификациясы жакшырды”, - деди Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Шайырбек Сулайманов.

Сапардын жыйынтыгында тараптар Кыргызстанда балдардын онкологиялык кызматын өнүктүрүү максатында мындан аркы кызматташууну макулдашты.

Министр борбордун жетекчилигине Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жилик чучугун алмаштыруу бөлүмүн уюштуруу боюнча ишти баштоону тапшырды. Шейх Мухаммад Абдурахман Аль-Шая министрдин сунушун колдоп, жилик чучугун трансплантациялоодо негизги болгон өзөк клеткаларын чогултуу үчүн медициналык жабдууларды сатып алууга 150 миң доллар бөлүүнү убада кылды.

Министр ошондой эле балдар онкологдору жана лаборанттар менен жолугушуу өткөрүп, анда жилик чучугун трансплантациялоо боюнча окууга чет өлкөгө жөнөтүлө турган 10 адамдан турган топ түзүү тапшырмасын берди.

09.02.2024
1-февралда бөйрөгүн бекер алмаштырган бейтап менен донор үйүнө чыгарылды

Бүгүн, 2024-жылдын 9-февралында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барып, 1-февралда бөйрөгүн бекер алмаштырган бейтаптын абалы менен таанышты. Донор бейтаптын атасы болгон.

Министр бөйрөгүн бекер алмаштыруу операциясынан ийгиликтүү өткөн бейтап менен донордон кабар алып, алардын бүгүнкү күндөгү абалы менен таанышты. «Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, силерге биринчилерден болуп бекер операция жасалды. Мына минтип бүгүн үйүңүздөргө чыгып жатасыздар. Өзүңөргө жакшы кам көрүп, дарыгердин көзөмөлүндө болуңуздар”,-деп кошумчалады Алымкадыр Бейшеналиев.

Өз кезегинде атасы менен кызы өлкө Президентине терең ыраазычылыктарын билдиришти. «Садыр Нургожоевичтин аркасы менен кызыма бекер операция жасалды. Операцияга өзү катышкан Саламаттыкты сактоо министрине дагы терең ыраазычылык билдиребиз жана ийгиликтүү жана сапаттуу операция жасап бергени үчүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун кызматкерлерине жана дарыгерлер тобуна ыраазычылык билдиребиз. Бүгүн биз канааттандырарлык абалда үйгө чыгарылып жатабыз», - деди бейтаптын атасы.

Мындан тышкары, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчилиги министрге трансплантация боюнча 50гө жакын адам кайрылганын билдирди. 12-февралда дагы бир реципиент жана донор бөйрөк алмаштыруу үчүн ооруканага жаткырылат.