Ден соолук жаңылыктары

Акыркы жанылыктар

30

04

2024

"Ички оорулар боюнча диалогдор" аталышындагы ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция

30.04.2024

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында оңдоп-түзөө иштери аяктады

30.04.2024

Чоң-Алай районунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды

14.11.2023
Бишкекте КМШ өлкөлөрүнөн келген коноктордун катышуусунда “Ден соолук-2023” жарышы өттү

2023-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаарында КМШга мүчө-мамлекеттердин Саламаттыкты сактоо боюнча кызматташтык кеңешинин XXXVI жыйынынын алкагында уюштурулган “Дени сак улут – өнүккөн өлкө” урааны астында “Ден соолук-2023” жарышы өттү.

Жарыш миңден ашык катышуучунун башын бириктирди, анын ичинде КРнын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, ДССУнун Кыргыз Республикасындагы өкүлү доктор Ливиу Ведраско, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары, КМШ өлкөлөрүнөн келген коноктор, саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери, медицина кызматкерлери жана медициналык окуу жайлардын студенттери катышты.

Бул жарыш физикалык активдүүлүккө дем берүү үчүн гана эмес, ошондой эле сергек келечекти түзүү боюнча маанилүү сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн иштелип чыккан.

«Бүгүнкү күн бизге чогулуп, сергек жашоону колдоо үчүн өзгөчө себеп. “Ден соолук-2023” – бул физикалык активдүүлүк гана эмес, бул өзүңө, ден соолугуңа жана, албетте, бүтүндөй коомго кам көрүү мүмкүнчүлүгү. Бул жарыш сиздердин дени сак келечекке болгон алгачкы кадамыңыз болсун”, -деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Жарыш 1 км жана 2 км болгон эки аралыкта уюштурулуп, анын жыйынтыгында жеңүүчүлөр медалдар жана дипломдор менен сыйланышты. Мындан тышкары республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине эстелик медалдар тапшырылды. Иш-чара ата мекендик эстрада жылдыздарынын концерттик программасы менен коштолду.

 

«Ден соолугуңа кам көрүү – сенин келечегиңе кам көрүү. Бүгүн жасаган ар бир кадамыңыз – бул узак жана бактылуу жашоого инвестиция. Жарыш физикалык гана чакырык болбостон, сиз жана сиздин жакындарыңыз үчүн шыктануу булагы болсун», - деди ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү доктор Ливиу Ведраско.

 

Миңден ашык катышуучуну камтыган бул иш-чара ден соолукка кам көрүүнүн жана коомчулуктун колдоосунун маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыктады. Катышуучулар белгиленген аралыкты гана эмес, өзүнүн жеке рекордун да багындырышты.

Биз бул жарышты уюштурууга колдоо көрсөткөн бардык катышуучуларга, ыктыярчыларга жана өнөктөштөргө ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин дени сак коомду түзүүгө кошкон салымыңыз биздин жалпы максаттарыбызга жетүүнүн негизги фактору.

13.11.2023
Кыргызстандыктар вакцина менен башкарылуучу жана башка актуалдуу инфекцияларга каршы иммунитетин бекер текшере алышат

Кыргызстандын жашоочулары вакцина менен башкарылуучу жана башка актуалдуу инфекцияларга каршы иммунитетин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Роспотребнадзордун биргелешкен илимий долбооруна катышуу менен акысыз текшере алышат.

Азыркы учурда Кыргызстанда, башка көптөгөн өлкөлөрдөгүдөй эле, атайын алдын алуу жүргүзүлгөнүнө карабастан, вакцина менен башкарылуучу инфекциялар менен ооруган учурлар көбөйдү. Буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министринин  27.10.2023-ж. №1273 буйругу менен Улуттук коомдук саламаттык сактоо институтунун базасында вакцина менен башкарылуучу жана башка актуалдуу инфекцияларга калктын популяциялык иммунитетин баалоо максатында Кыргызстандын тургундарын кызамык, кызылча, Паротит, SARS-CoV-2 вирусуна, А, В, С, В, Е вирустук гепатиттерине 13.11.2023-жылдан 25.11.2023-жылга чейин акысыз тестирлөөдөн өткөрөт.

Популяциялык иммунитеттин абалы жөнүндө маалымат санитардык-эпидемияга каршы иш-чараларды, анын ичинде айрым региондогу, ошондой эле жалпы республика боюнча калкты инфекцияларга каршы эмдөөнү пландаштыруу үчүн зарыл.

    Тизмедеги инфекцияларга каршы антителолорду изилдөө жыйынтыгы ар бир катышкан ыктыярчыга берилет.

Изилдөөгө катышуу үчүн анкетадан өтүү керек: https://pasteurclinic-anketa.ru/all_antitela.php?reg_id=102

13.11.2023
Кызамык оорусуна байланышкан кырдаал боюнча маалымат

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 2023-жылдын башынан бери кызамык менен ооруган 3618 учур аныкталган. Аймактар ​​боюнча: Бишкек шаары – 1076 учур, Ош шаары – 333 учур, Ош облусу – 695 учур, Баткен облусу – 96 учур, Чүй облусу – 562 учур, Жалал-Абад облусу – 650 учур, Талас облусу – 95 учур, Ысык-Көл облусу – 72 учур, Нарын облусунда – 39 учур. ⠀

Жашы боюнча бөлүштүргөндө 88% же 3195 учур 10 жашка чейинки балдар арасында катталган. Оорулуулардын эмдөө абалы боюнча 87% же 3140 бейтап ар кандай себептер менен эмдөө алган эмес.

Кызамык вирусунун активдүү циркуляциясы Бишкек, Жалал-Абад жана Чүй облустарында байкалууда, бул жерде вирустун жугушу уюшкан топтордогу эмделбеген балдар арасында кездешүүдө.

Уюшкан жамааттарда кызамыктын очогун жок кылуу үчүн кызамыкка жана кызылчага каршы вакцина менен кошумча эмдөө жүргүзүлүүдө, кызамыкка жана кызылчага каршы “толуктоочу” эмдөө кызылча-паротит-кызамыкка каршы вакцина менен кызамыкка каршы пландуу эмдөөнүн алкагында жүргүзүлүүдө, медицина кызматкерлери активдүү очокторго күчөтүлгөн тартипте көз салууда. Жалпысынан кызамык боюнча кырдаал курч бойдон калууда.

9 айдан 7 жашка чейинки курактагы балдарды кызылча жана кызамыкка каршы кошумча эмдөө кампаниясы вирус эң активдүү жайылган аймактарда: Бишкек, Ош шаарларында, Ош, жана Чүй облустарында улантылууда. Жалал-Абад облусунда кызамык оорусу күчөгөнүнө байланыштуу уюшкан топтордогу балдарды кошумча эмдөө иштери башталды. Мындан тышкары, бардык курактагы байланыштагы адамдар 72 сааттын ичинде ыкчам түрдө эмдөөдөн өтүшөт.

Оорунун жайылышын үзгүлтүккө учуратуу үчүн эмдөө менен камтуу 95% дан жогору болушу керек. Кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө кампаниясынын алкагында бүгүнкү күндө 462 692 бала вакцина алды, бул 77%ды түзөт.

11.11.2023
Сауд Арабиядан  келген хирургдар операцияларды баштады

11-ноябрда КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сауд Арабия Королдугунан келген хирургдар менен жолугушту, алар бир жуманын ичинде кыргызстандыктар үчүн жүрөккө ачык операция жана коронарография жасашат.

10-ноябрдан 17-ноябрга чейин Салман падышасы атындагы гуманитардык жардам жана куткаруу борбору аркылуу келген 30 хирург кыргызстандык адистер менен бирге Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда жүрөккө 20 ачык операция, ал эми М. Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия улуттук борборунда 50 дөн ашык стент коюу операциясы жасалат. Адистер керектүү медициналык жабдууларды жана стенттерди ала келишкен.

КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сауд Арабиядан келген хирургдарга Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлүмдөрдү кыскартууга кошкон салымы үчүн терең ыраазычылык билдирди. Бул кайрымдуулук акциясын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн Министрлик бардык зарыл колдоолорду көрсөтөөрүн баса белгиледи.

11.11.2023
Эне жана баланы коргоо улуттук борбору пландаштырылгандар менен бирге тез жардамга муктаж балдарды кабыл алат

Балдарга стационардык деңгээлде ыкчам медициналык жардам көрсөтүү максатында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында балдардын кыска мөөнөткө жатышы үчүн керебеттери бар амбулатордук диагностикалык бөлүм уюштурулган.

Бүгүн, 11-ноябрда КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев амбулатордук диагностикалык бөлүмдүн иши менен таанышты.

  Мындай жол менен балдарга тез медициналык жардам көрсөтүү системасы (жаак-бет аймагынын, көздүн, ЛОР органдарынын патологиясынын биринчи баскычында) өркүндөтүлөт жана балдардын стационардык деңгээлде медициналык жардамга жеткиликтүүлүгү камсыз кылынат.

Бул долбоор бейтаптарды баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинен саламаттык сактоо системасынын экинчи жана үчүнчү баскычтарына жөнөтүү процедурасын оптималдаштыруунун алкагында ишке ашырылууда. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда мекеменин ишмердүүлүгүнүн профилинин жана структурасынын өзгөрүшүнө байланыштуу кызматкерлердин курамын кайра карап чыгуу үчүн зарыл болгон документтер даярдалды.

Ошондой эле иш профилинин өзгөргөндүгүнө байланыштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы имараттарды жана медициналык жабдууларды инвентаризациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда тез медициналык жардам көрсөтүү кызматын ачууга каржылык каражаттарды бөлөт.

Эми Эне жана баланы коргоо улуттук борбору тез арада ооруканага жаткырууга муктаж бейтаптарды график боюнча тез медициналык жардам кызматы аркылуу кабыл алат.

Күзгү-кышкы курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо мезгилин эске алып, Бишкек шаарындагы балдар ооруканаларына бейтаптардын көп агымы байкалган учурда, министр Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында кыска убакытка жатуу үчүн керебеттери бар кошумча амбулатордук диагностикалык бөлүм уюштурууну тапшырганын белгилейбиз.

11.11.2023
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жаңы магниттик-резонанстык томограф ишке кирди

Бүгүн, 2023-жылдын 11-ноябрында, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда магниттик-резонанстык томография борборунун ачылыш аземи болуп өттү. МРТ аппараты атайын курулган жаңы имаратта жайгашкан. Аппарат Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында сатылып алынган.

Иш-чара КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн директору Жылдыз Токторбаеванын катышуусунда өттү.

Жаңы медициналык жабдуулар алдыңкы технологиялар менен жабдылган жана бардык курактагы бейтаптарды диагностикалык изилдөөгө, ошондой эле COVID-19дун ар кандай кесепеттерин аныктоого мүмкүндүк берет.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 1996-жылдан бери иштеп келе жаткан Бишкектеги жалгыз мамлекеттик МРТ аппараты 2022-жылы иштен чыккан. МРТ изилдөөлөрүнө муктаж бейтаптар жеке медициналык борборлорго кайрылууга аргасыз болуп, бейтаптарга жана медицина кызматкерлерине ыңгайсыздык жараткан. МРТ диагностикасы балдар жана ымыркайлар үчүн эң коопсуз, анткени ал магниттик эффекттерге негизделген, анын натыйжасында бейтаптар нурлануунун нөлдүк дозасын алышат.

Учурда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда МРТнын прейскуранты иштелип чыгууда, болжол менен бир изилдөөнүн баасы 2000-2200 сомду түзөт деп пландалууда.

“COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында ушундай эле МРТ аппараты сатып алынып, КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталга орнотулду.

Долбоордун максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө COVID-19 коркунучун алдын алууда, аныктоодо жана ага жооп кайтарууда жана саламаттык сактоонун улуттук системасын бекемдөөдө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

11.11.2023
Мамлекеттик дарыкана Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында да уюштурулду

11-ноябрда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда болуп, республиканын балдарына көрсөтүлүп жаткан медициналык жардамдын сапаты менен таанышты.

Борборго болгон иш сапарынын алкагында министр «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасынын ачылыш аземине катышты. Ал белгилегендей, мамлекеттик дарыканалардын ачылышы калктын арзан баада сапаттуу дары-дармектерге жеткиликтүүлүгүн кыйла жакшыртат. «Бардык жерде дарыкана ачуу боюнча иштер жүрүп жатат, адегенде республика боюнча 46 мамлекеттик дарыкана ачууну пландаганбыз, бүгүнкү күндө алардын саны 49га жетти. Албетте, алгач уюштуруу маселелерине байланыштуу нюанстар болушу мүмкүн. Бирок негизги процесс башталды жана келечекте бардык дарыканалар ассортиментин 800дөн эки миңге же андан көп фирмалык аталышка чейин көбөйтүү боюнча иш алып барышат», - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

10.11.2023
КР Саламаттык сактоо министрлиги менен ЮНИСЕФ саламаттыкты сактоо тармагындагы биргелешкен программаларды ишке ашырууну талкуулады

Бүгүн, 10-ноябрда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн м.а. Кристина Бруджиоло, саламаттык сактоо боюнча аймактык кеңешчиси Габриела Фонтана, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы саламаттык сактоо программасынын менеджери Суренчимег Ванчинкху менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда тараптар ЮНИСЕФтин Саламаттык сактоо тармагына колдоо көрсөтүү боюнча жылдык баяндамасын даярдоо, эмдөө программалары, тамактануу жана абанын сапаты боюнча программаларды талкуулашты.

ЮНИСЕФ менен кызматташуунун негизги багыттарынын бири эмдөө. ЮНИСЕФтин колдоосу менен республиканын саламаттык сактоо уюмдарында муздатуу чынжырын модернизациялоого багытталган бир катар долбоорлор ишке ашырылууда. Бул кызматташтыктын натыйжасында өлкө жогорку сапаттагы алдын ала квалификацияланган муздаткычтарга, чыңалуу стабилизаторлоруна, температураны үзгүлтүксүз көзөмөлдөөчү түзүлүштөргө ээ болду жана тиричилик муздаткычтарын PQS стандарттарына жооп берген адистештирилген муздаткычтарга алмаштыруу процесси башталды.

Туура тамактануу боюнча Саламаттык сактоо министрлиги ЮНИСЕФтин колдоосу менен биринчи жолу 2021-жылы Кыргыз Республикасындагы аялдардын жана балдардын тамактануу абалы боюнча Улуттук комплекстүү изилдөө жүргүздү.

ЮНИСЕФтин колдоосу менен 1417 медицина кызматкери кош бойлуу жана бала эмизген энелерге, жаңы төрөлгөн ымыркайларга жана беш жашка чейинки балдарга тамактануу боюнча кеңеш берүү боюнча окуудан өтүштү. Улуттук деңгээлде мониторингди жакшыртуу үчүн Нерв түтүктөрүнүн кемтиктеринин реестри да киргизилген.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Алымкадыр Бейшеналиев ЮНИСЕФке Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал коомдук саламаттык сактоо Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин жана ЮНИСЕФ Кыргыз Республикасынын узак мөөнөттүү жана стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири экендигин баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуунун мындан аркы кадамдарын талкуулоону, анын ичинде ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо тармагына колдоо көрсөтүү боюнча Жылдык баяндамасын биргелешкен жылдык саламаттыкты сактоо серебине жана 18-22-декабрда өтүүчү Саламаттыкты сактоо саммитине даярдоону макулдашышты.

 

10.11.2023
Убактылуу эмгекке жарамсыздык санариптик баракчасы юридикалык күчкө ээ

КР Саламаттык сактоо министрлиги санарип форматта берилген убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасына юридикалык маани берүү демилгесин көтөрдү.

 

Тиешелүү токтомго үстүбүздөгү жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаров кол койгон. Ошону менен бирге Саламаттык сактоо министрлигине убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчаларын каттоо, узартуу жана берүү тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырылды.

 

Убактылуу эмгекке жарамсыздык санариптик баракчасы саламаттык сактоо уюмдары кагаз жүзүндө берген сыркоолук баракчасы (эмгекке жарамсыздык баракчасы) болуп саналат жана ал эми атайын маалыматтык системанын жардамы менен толтурулат, өткөрүлүп берилет жана сакталат.

 

Убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасын алуу үчүн portal.tunduk.kg порталына же Tunduk мобилдик тиркемесине кирип, андан соң «Ден соолук» бөлүмүнө өтүп, «Эмгекке жарамсыздык баракчасын» тандоо керек.

 

Маалымат системасы маалыматты коргоо жана анын купуялуулугун сактоо үчүн бардык зарыл шарттарды камсыз кылат. Кызматкердин диагнозу жөнүндө маалымат иш берүүчүгө берилбейт, документти берүү себептери гана (оору, кош бойлуулук жана төрөт, карантин, жаракат алуу жана кырсык, кесиптик оору, бейтапты кароо) көрсөтүлөт.

09.11.2023
Жайыл районунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасынын эки филиалы ачылды

      Ачылыш Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда өтүп, ал өз сөзүндө жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүү максатында мамлекеттик дарыканаларды ачуунун зарылдыгын жана маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, жалпысынан өлкө боюнча 49 мамлекеттик дарыкана ачуу пландалууда, аларда сапаттуу дары-дармектер жарактуулук мөөнөтүн эске алуу менен сатылат, эң негизгиси, бүткүл Кыргызстан боюнча “Эл Аман” мамлекеттик дарыканаларында дары-дармектерге бирдиктүү баа базасы түзүлөт.

      «Көптөгөн лицензиясы жок башка жеке дарыканалар дары-дармектерди кымбат баада сатып, дарылардын жарактуулук мөөнөтүн сакташпайт, ал өз кезегинде адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизип, эч кандай пайдасы жок. Дарыканалар – коррупциялык схемалар менен күрөшүүнүн жолдорунун бири. Биз рейддерди жүргүзүп жатабыз, анын жыйынтыгында тиешелүү лицензиясы жок иштеп жаткан дарыканаларды аныктадык”,- деп билдирди саламаттык сактоо министри.

Ошондой эле ачылышка Жайыл районунун акими Т.Туркбаев, акимдин орун басары Рыскулбек уулу Нурмат, Чүй облусу боюнча саламаттыкты сактоо координатору Назарбек уулу Алмаз, ҮМБнын башчысы А.Кожобекова, аймактык оорукананын директору Б.Майканаев жана башкалар катышты.

      Мамлекеттик «Эл Аман» дарыканасынын филиалдары  ҮМБнын («Кызыл» поликлиникасы) имаратында жана Жайыл районунун аймактык ооруканасынын аймагында жайгашат.

 

       Расмий статистика боюнча Кара-Балта шаарында 52 миң 933 адам, Жайыл районунда 100 миңден ашуун адам жашайт. Кара-Балта шаарында Жайыл районунун ҮМБ («Кызыл» поликлиникасы), №2 ҮДТ жана Жайыл районунун аймактык ооруканасы иштейт. Жалпысынан шаар боюнча ар кандай профилдеги 40тан ашык саламаттыкты сактоо мекемелери бар.

09.11.2023
Бишкек шаардык тез жардам ооруканасында "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасынын филиалы ачылды

Бүгүн, 9-ноябрда КРнын Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаардык тез жардам ооруканасына барып, "Эл Аман" мамлекеттик дарыканасынын дагы бир филиалынын ачылыш аземине катышты.

  Саламаттыкты сактоо министри дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүнүн жана саламаттыкты сактоону жакшыртуунун маанилүүлүгүн белгиледи. «Эл Аман» дарыканасынын филиалын ачуу жана КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин башка демилгелери өлкөдөгү саламаттыкты сактоонун деңгээлин жогорулатууга багытталган. Медициналык инфраструктураны кеңейтүү жана медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу иштери да көңүл борборунда”,-деди министр.

09.11.2023
№6 үй-бүлөлүк медицина борборунда дагы бир мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы ачылды

Бүгүн, 9-ноябрда Бишкектеги №6 ҮМБда дагы бир мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы ачылды. Дарыкананын ачылыш аземи Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин, Бишкек шаарынын Октябрь райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин орун басары Чинара Жаныкеева жана башкалардын катышуусунда өттү. 

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев мындай демилгелердин маанилүүлүгүн белгиледи. «Өзүңүздөр көрүп тургандай, биз күн сайын 2-3 мамлекеттик аптеканы ачып жатабыз, ушул темп менен жыл аягына чейин бардык пландаштырылган 46 мамлекеттик дарыкананы ача алабыз.  Келечекте дарыканалардын ассортиментин 800 фирмалык аталыштан 2 миңге чейин көбөйтүүнү пландап жатабыз. “Эл Аман” мамлекеттик дарыканалардын ачылышы элге эбегейсиз пайда алып келүүдө. Дары-дармектердин жеткиликтүү баада болушу ден соолуктун гана эмес, социалдык адилеттүүлүктүн да маселеси. Арзандатылган баалар, чоң ассортимент жана мындай дарыканаларды кеңири жайылтуу менен жарандар өздөрүн керектүү дары-дармектер менен оңой камсыздай алышат, бул өз кезегинде медициналык тейлөөнүн сапатын жана өлкөдөгү жалпы ден соолуктун деңгээлин жогорулатууга жардам берет».

№6 ҮМБнын директору Асел Тенизбаевна белгилегендей: «Саламаттык сактоо министрлигинин мамлекеттик дарыканаларды ачуу демилгеси коомчулуктун кеңири колдоосуна ээ болуп, активдүү өнүгүүсүн улантууда. Бул медициналык жардам калктын бардык катмары үчүн Бишкек шаарында да, аймактарда да жеткиликтүү жана ырааттуу болуп баратат дегенди билдирет. Биз мындай дарыканалардын ачылышы башталышы гана деп эсептейбиз, жарандарга керектүү дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн мындан ары жеңилдетүү жана биздин аймакта саламаттыкты сактоо системасын жакшыртууну улантуу максатында биз дары-дармектердин ассортиментин кеңейтүүнү жана филиалдарыбызда мамлекеттик дарыканалардын санын көбөйтүүнү пландап жатабыз».

Эл Аман дарыканасы эң зарыл дарылардын тизмесине кирген 800дөн ашык дары-дармектерди сунуштайт. Бул жарандар керектүү дарыларды өлкөдөгү жеке менчик дарыканаларга караганда бир топ арзан баада сатып ала алат дегенди билдирет. “Эл Аман” мамлекеттик дарыканаларында дары-дармектерге арзандатуу 10-15% түзөт, бул калктын кеңири катмары үчүн керектүү дары-дармектерге жетүүнү кыйла жеңилдетет.

09.11.2023
Кыргызстанда телемедицинаны өнүктүрүү: биринчи ченемдик-укуктук акт кабыл алынды

Кыргызстанда саламаттык сактоо уюмдарынын же телемедициналык технологияларды колдонуу менен медициналык кызмат көрсөтүүчү жеке медициналык практиканы жүргүзгөн адамдардын медициналык жардам көрсөтүүдө телемедициналык технологияларды колдонуу эрежелерин жөнгө салуучу биринчи ченемдик-укуктук акт кабыл алынды. Тиешелүү токтомго үстүбүздөгү жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаров кол койгон.

 

Кабыл алынган документке ылайык, телемедицина технологиялары профилактика, чогултуу, диагностикалоо, диагностикалык жана дарылоо иш-чараларынын натыйжалуулугун баалоо, бейтаптын ден соолугунун абалына мониторинг жүргүзүү жана башка максаттарда колдонулушу мүмкүн.

 

Документ ошондой эле медициналык жардам көрсөтүү жөнүндө маалыматты документтештирүүчү телемедицинанын маалыматтык тутумдарына жана телемедициналык консультациялардын катышуучуларынын жоопкерчилик чөйрөсүнө карата талаптарды аныктайт.

 

Бул чечим калкка, өзгөчө өлкөнүн алыскы райондорунда медициналык тейлөөнүн натыйжалуулугун жана жеткиликтүүлүгүн арттырууга, калктын убактысын жана каржылык чыгымдарын кыскартууга жана өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

07.11.2023
ЮНИСЕФ медициналык мекемелерге калдыктарды коопсуз башкаруу үчүн 15 миллион сомдук шаймандарды тапшырды

Шаймандар медициналык калдыктар менен иштөөнүн коопсуздугун жогорулатууга багытталган.

ЮНИСЕФ өлкө боюнча медициналык мекемелерге шприц ийнелерин кесүүчү кайчыларды, ийнелер үчүн атайын контейнерлерди, чакаларды жана атайын санитардык баштыктарды өткөрүп берди. Берилген шаймандардын жалпы наркы 15 миллион сомдон ашат. Каражат COVID-19га каршы эмдөөнү илгерилетүү жана вирус менен күрөшүү боюнча Gavi программасынын (CDS) алкагында медициналык калдыктарды башкарууну жакшыртуу үчүн берилди.

Бул каражаттар өлкө боюнча 1735 эмдөө пунктунун арасында бөлүштүрүлүп чыгат: запастар бул мекемелердин муктаждыктарын дээрлик эки жылга жабат деп күтүлүүдө.

“Медицина кызматкерлеринин жана жалпы калктын коопсуздугу ЮНИСЕФ үчүн биринчи орунда турат. Биз медициналык калдыктарды туура башкарууну жакшыртуу жана бул системанын туруктуулугун бекемдөөдө Кыргызстанга мындан ары да колдоо көрсөтө бермекчибиз”, - дейт ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Кристина Бруджиоло.

Бул жардам Gavi альянсынын COVID-19га каршы вакциналарды жеткирүүнү колдоо (CDS) программасынын алкагында ЮНИСЕФтин Кыргызстанда эмдөөнү күчөтүү боюнча аракетинин бир бөлүгү.

Кыргызстанда саламаттык сактоо системасы жыл сайын 10 миң тоннадан ашык калдык чыгарат. Медициналык калдыктар жалпы таштандынын болжол менен 2-3 пайызын гана түзгөнүнө карабастан, алар өзгөчө коркунучтуулардын катарына кирет. Алар кооптуу микроорганизмдерди, уулуу дары-дармектерди камтыйт жана радиологиялык коркунучу бар. Ошондуктан, мындай калдыктар менен иштөө маселесине өтө олуттуу мамиле жасалууга тийиш. Медициналык калдыктардын ар бир түрү өзгөчө туруктуу жана экологиялык жактан коопсуз жол менен иштетилиши керек.

 

04.11.2023
В Национальном Госпитале открыт новый корпус отделения медицины катастроф и экстренной консультативной медицинской помощи с Ситуационным центром

Отделение медицины катастроф и экстренной консультативной медицинской помощи (МКиЭКМП) Национального Госпиталя является республиканским головным учреждением по линии оказания экстренной консультативной медицинской помощи организациям здравоохранения Кыргызской Республики. 

В отделение МК ЭКМП ежегодно поступает более 1000 вызовов (2020-905, 2021-1239, 2022-1009) с различных регионов Кыргызской Республики, из них 96% для экстренных больных, а по городу Бишкек поступают в среднем более 3000 вызовов из городских организаций здравоохранения. 

Заочная консультация больных (по телефону, телемедицина, Scype и т.д.) проводится около 60-65 %, с выездом на место и оказания практической помощи около 35% (2020-424, 2021-325, 2022-340). Оперативных вмешательств проведено в 2020-109, 2021-87, 2022-96, а проведено транспортировок в различные республиканские центры около 60 больных (в т.ч. детей, беременных).

Ситуационный центр при отделении Медицины катастроф и экстренной консультативной медицинской помощи, оснащённое средствами коммуникаций (видео-конференц-связь, конференц-связь и другими средствами интерактивного представления информации), предназначено для ситуационного управления, а также оперативного принятия кризисных решений, контроля и мониторинга объектов различной природы, ситуаций и других функций.

 

 

04.11.2023
Улуттук госпиталдын базасында «ЭЛ АМАН» мамлекеттик дарыканасынын дагы бир филиалы ачылды

Бүгүн, 2023-жылдын 4-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын базасында уюштурулган кезектеги “ЭЛ АМАН” мамлекеттик дарыканасынын ачылыш аземине катышты. 

Дарыканада эң керектүү дарылардын тизмесине кирген 800дөн ашык дары-дармектердин түрү сунушталып, калк аларды өлкөдөгү жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан сатып ала алат.

Учурда республика боюнча мамлекеттик дарыканаларды ачуу боюнча иштер жүрүп жатат. Алгач 46 дарыкана ачуу пландалууда. Келечекте аптекадагы дары-дармектердин ассортиментин сегиз жүз фирмалык аталыштан эки миңге чейин көбөйтүү пландаштырылууда.

04.11.2023
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров борбор калаадагы бир катар медициналык мекемелердин ишмердүүлүгү менен таанышты

Алсак, министрлер кабинетинин башчысы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын Урология илимий борборуна барып, жакында сатылып алынган медициналык жабдууларды карап чыкты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, министрлер кабинетинин буйругуна ылайык, урологиялык борбордун муктаждыктары үчүн 24 даана медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн республикалык бюджеттен Саламаттык сактоо министрлигине 80 миллион сом бөлүнгөн.

Өкмөт башчы белгилегендей, саламаттык сактоо мамлекеттик саясаттын негизги социалдык багыттарынын бири болуп саналат жана медициналык мекемелерди заманбап жабдуулар менен жабдуу жана калкты сапаттуу медициналык тейлөө менен камсыздоо Саламаттык сактоо министрлигинин негизги максаты болуп саналат.

Министрлер кабинетинин башчысынын айтымында, «бул техника күнү-түнү пайдалуу болушу керек, жана бузулган учурда запастык бөлүктөр менен өз убагында камсыз кылуу зарыл».

04.11.2023
Улуттук госпиталда жаңы МРТ аппараты ишке кирди

Бүгүн, 2023-жылдын 4-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда магниттик-резонанстык томографиялык аппараттын ачылыш аземи болуп өттү. Бул заманбап МРТ аппараты Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "COVID-19га ыкчам чара көрүү" долбоорунун алкагында сатылып алынган.

Алдыңкы технологиялар менен жабдылган жаңы медициналык аппарат бардык курактагы бейтаптарды диагностикалык изилдөөгө, анын ичинде COVID-19дун ар кандай кесепеттерин аныктоого мүмкүндүк берет. 

Белгилей кетсек, Улуттук госпиталда бүгүнкү күнгө чейин бир дагы МРТ аппараты болгон эмес. МРТ текшерүүсүнө муктаж бейтаптар жеке медициналык борборлорго кайрылууга аргасыз болуп, бейтаптарга жана медицина кызматкерлерине ыңгайсыздык жараткан.

MРТ диагностикасы балдар жана ымыркайлар үчүн эң коопсуз болуп саналат, анткени ал магниттик таасирге негизделген, анын натыйжасында бейтаптар нурлануунун нөлдүк дозасын алышат. Болжолдуу МРТнын кубаттуулугу, бейтаптын патологиясынын оордугуна жараша, күнүнө орточо 10-15 адам кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет. Учурда Улуттук госпиталда МРТнын прейскуранты иштелип чыгууда, болжол менен бир изилдөөнүн баасы 2000-2200 сомду түзөрү пландалууда.

Долбоордун алкагында буга чейин ушундай эле МРТ аппараты сатылып алынып, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна орнотулган.

Долбоордун максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө COVID-19 коркунучун алдын алууда, аныктоодо жана ага жооп кайтарууда жана саламаттык сактоонун улуттук системасын бекемдөөдө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

03.11.2023
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Борбор Азия региондук экономикалык кызматташтык уюмунун (БАРЭК) саламаттыкты сактоо боюнча жумушчу тобунун 5-жыйынына катышууда

2023-жылдын 2-3-ноябрында Казакстан Республикасынын Алматы шаарында Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Борбор Азия региондук экономикалык кызматташтык уюмунун (БАРЭК) саламаттыкты сактоо боюнча жумушчу тобунун 5-жыйыны өтүүдө. Ага КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү катышууда.

 

БАРЭК 2030-жылга чейинки Саламаттыкты сактоо стратегиясы төрт негизги компонентке негизделген: лидерлик жана адам ресурстары; техникалык даярдык (лабораториялар жана эпидкөзөмөл); чыгымдалуучу материалдарга суроо-талапты жана жеткиликтүүлүктү тез арада жогорулатуу; жана калктын аялуу катмары, ошондой эле чек арадагы саламаттыкты сактоо.

Компоненттерди ишке ашыруу коомдук саламаттыкты сактоо тармагында БАРЭК тарабынан колдоого алынган институционалдык базаны кошкондо, жагымдуу факторлор менен колдоого алынат. Борбордук Азиянын Регионалдык Экономикалык Кызматташтыгы (БАРЭК) программасы 11 өлкөнүн (Ооганстан, Азербайжан, Кытай Эл Республикасы (КЭР), Грузия, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан) жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өнөктөштүгү болуп саналат.

БАРЭК - 2030 Стратегиясы БАРЭК өлкөлөрүнө пандемиялык тобокелдиктерди чечүүдө жана жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулар менен күрөшүүдө колдоо көрсөтөт. Коронавирустук оорунун пандемиясы саламаттыкты сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи, анткени инфекциялык оорулардын чыгышы сыяктуу коомдук ден соолук коркунучтары тез арада чек араларды кесип өтүп, чек ара көйгөйүнө айланышы мүмкүн жана саламаттыкты сактоонун аймактык кызматташуусу БАРЭКөлкөлөрүнүн ортосундагы ден соолукту коргоого жетишүүнүн ачкычы болуп саналат. 

02.11.2023
Кыргызстанда тузду ашыкча колдонууга каршы кампания. Кадимки азыктарды колдонуу менен тамак-ашыбызды кантип азыраак туздасак болот?

Бүгүн, 2023-жылдын 2-ноябрында, тузду ашыкча колдонуунун тобокелдиктери тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу жана сергек жашоого үндөө демилгесинин алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы өкүлү Ливиу Ведраско, БУУнун Кыргызстандагы башка агенттиктеринин өкүлдөрү менен бирге «Зерно» ресторанынын атактуу ашпозчусу жана жергиликтүү журналисттер менен бирге уникалдуу кулинардык иш-чарага катышты.

«Зерно» ресторанында өткөн иш-чара конокторго тузу аз кулинардык искусство дүйнөсүнө эшик ачты. Атактуу ашпозчу тузу аз кошулган даамдуу тамактардын бай даамын сактап калуу сырлары менен бөлүштү.

Тузду көп колдонуу саламаттык сактоо тармагынын глобалдык көйгөйү, Кыргызстанда да бул маселе актуалдуу. Кыргызстанда оорулардын жана өлүмдөрдүн 80%дан ашыгы рак, өнөкөт респиратордук оорулар жана жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары сыяктуу жугуштуу эмес оорулардан болот. Жүрөк-кан тамыр ооруларынын өнүгүшүнө шарт түзгөн негизги фактор – аш тузун көп колдонуу.

«Биз тамактануу адаттарыбызды өзгөртүү аркылуу жашообуздун сапатын жана ден соолугубузду жакшырта аларыбызды түшүнүшүбүз керек. Келгиле, даамдуу жана пайдалуу заттарга бай туура тамактануунун пайдасына туура тандоо жасап, өзүбүзгө жана жакындарыбызга кам көрөлү», - деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева.

Иш-чаранын жүрүшүндө коноктор күнүмдүк тамактануу рационунда тузду колдонууну азайтуунун маанилүүлүгү боюнча өз ойлорун айтышып, тамак жасоонун креативдүү ыкмалары, чөптөрдү жана татымалдарды колдонуу кандайча тамактарга тереңдик жана даамдык байлык кошуп жатканын көрүштү.

«Бүгүн биз кадимки азыктарды колдонуу менен тамак-ашыбызды кантип тузсуз кылууну көрсөттүк. Тузду азайтуу даамды жоготуу дегенди билдирбейт, тескерисинче, ден соолукту сактоого жана туздан арылууга жардам берет”, - дейт доктор Ливиу Ведраско.

Бул иш-чара 30-октябрдан 6-ноябрга чейин Кыргызстанда туз колдонууну азайтуу боюнча КР Саламаттык сактоо министрлиги жана анын өнөктөштөрү тарабынан кеңири маалыматтык кампаниянын бир бөлүгү болду.