Ден соолук жаңылыктары

Акыркы жанылыктар

30

04

2024

"Ички оорулар боюнча диалогдор" аталышындагы ЖОЖдор аралык илимий-практикалык конференция

30.04.2024

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында оңдоп-түзөө иштери аяктады

30.04.2024

Чоң-Алай районунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды

21.12.2022
Фтизиатрлар тажрыйба алмашууда

Нарын жана Ысык-Көл облустарынын Кургак учук менен күрөшүү борборлорунун кызматкерлери Бишкек шаарынын кургак учукка каршы ооруканаларынын иш тажрыйбасы менен таанышты. 

Меймандар шаардык онлайн-консилиумдун ишине абдан кызыгышты. Райондук фтизиатрлар өздөрүнүн бейтаптарынын абалы тууралуу райондук Үй-бүлөлүк медицина борборлорундагы жумуш орундарынан эле түз баяндап беришти. Мындан сырткары шаардык онлайн-консилиумдун аянтчасын пайдалануу менен анын катышуучулары чүйлүк кесиптештери менен байланышууга жана чүйлүк облустук консилиумдун ишин байкоого мүмкүнчүлүк алышты. Анткени USAID «Кургак учукту айыктыруу» долбоорунун жардамы менен шаардык жана облустук консилиумдун форматы бирдей алгоритм менен түзүлгөндүктөн, бишкектик жана чүйлүк фтизиатрлардын иши нарындык жана ысык-көлдүк кесиптештери үчүн түшүнүктүү болуп, алар өздөрүнө көп пайдалуу нерселерди алышты. Нарын облустук Кургак учук менен күрөшүү борборунун мониторинг жана баалоо бөлүмүнүн башчысы Аида Көкөтаева белгилегендей: «Республика боюнча консилиумдун иши жөнгө салынгандыкта жүрүүдө. Бизге абдан жакшы болду, себеби USAID долбоору бардык региондорго жардам берүүдө, андыктан биз дартты аныктоону жакшыртууда жана бейтаптарыбызды дарылоодо бирдей алга жыла алабыз». 

 

20.12.2022
Кыргызстандык адистер Түркия Республикасындагы дары-дармектерди жөнгө салуу, каттоо жана бааларды жөнгө салуу системасы менен таанышты

12-13-декабрда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин делегациясынын Түркия Республикасынын дары каражаттарын жөнгө салуу, каттоо жана дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу жана алардын чыгымдарын төлөө боюнча жооптуу мамлекеттик органдары менен таанышуу сапары болуп өттү: Социалдык камсыздоо мекемеси (SGK) жана Дары каражаттар жана медициналык буюмдар боюнча агенттик (TITCK). Сапардын жүрүшүндө делегация төмөндөгүлөр менен таанышты: 

- Түркия Республикасында саламаттыкты сактоо жана фармацевтика секторун жалпы системасын жөнгө салуу;

- жөнгө салуучу органдын түзүмүн жана уюштуруу модели менен;

- баа түзүүнүн ролу, бааны башкаруу процедуралары жана бааны жөнгө салуунун башка аспектилери (анын ичинде колдонуу, баа түзүү куралы, МТ ж.б.);

- социалдык коргоону уюштуруу жана медициналык жардам кызматы менен координациялоо, бюджетти түзүү жана ишке ашыруу;

- фармацевттердин жана дарыканалардын ишмердиги, контракт түзүүчү дарыканалардын иши, дарыканаларга кызмат көрсөтүү үчүн төлөмдүн ордун толтуруу;

- ордун толтуруу, баасынын ордун толтуруу жана кошумча төлөө үчүн тизмелерде дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды тандоо;

- чыгымдардын ордун толтуруу системасындагы маалыматтык жана санариптик чечимдер менен.

Андан кийин WHA 72.8 2019-жылдагы "Дары каражаттар, вакциналар жана башка медициналык багыттагы продуктылары үчүн рыноктун ачыктыгын жогорулатуу" резолюциясы жөнүндө сереп берилди. Катышуучулар айкындуулукту камсыздоо чарасы катары сатып алуулар чөйрөсүндө дары каражаттардын баасын ачуу боюнча МТ-чечимди түзүү тажрыйбасы менен таанышты.

Ошондой эле 2022-жылдын 14-15-декабрында Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча дары каражатьтарга баа түзүү жана ордун толтуруу платформасынын (PPRI EECA) бөлүмүнүн 5 жылдыгына арналган жыйыны болуп өттү. Эки күнгө созулган жолугушууда төмөнкү темалар кеңири талкууланды:

- PPRI ВЕЦА тармагынын 5 жыл ичиндеги жетишкендиктери.

- ВЕЦА өлкөлөрүндөгү жана Түркиядагы баа түзүү жана ордун толтуруу системаларынын акыркы өнүгүүлөрү, анын ичинде слайддар жана постерлер.

- Улуттук баа түзүү жана ордун толтуруу системаларынын функционалдуулугун көрсөтүү жана баалоо үчүн техникалык аспаптар.

- каржылык жактан коргоого багытталган саясат. Жаңы инновациялык жана кымбат дарыларга жетүү.

- БСУнун Европа аймагындагы дарыларга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу боюнча өлкөлөр аралык кызматташуу, PPRI ВЕЦА тармагынын алкагында мындан аркы иш-чаралардын артыкчылыктары жана пландаштыруу талкууланды.

Иш-чара Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа боюнча аймактык бюросу тарабынан уюштурулду жана өткөрүлдү.

15.12.2022
Тренинг по организации утилизации медицинских отходов (УМО)

Сегодня, 15 декабря, специалисты Республиканского центра иммунопрофилактики совместно со специалистами Кыргызского государственного медицинского института переподготовки и повышения квалификации им. С.Б. Даниярова (КГМИПиПК) провели тренинг среди эпидемиологов, иммунологов и преподавателей медицинских ВУЗов.

Цель тренингов – повышение знаний по вопросам организации утилизации медицинских отходов (УМО) в прививочных пунктах организаций здравоохранения КР.

В ходе семинара прошли презентации на такие темы, как:
-  Инфекционный контроль в иммунопрофилактике;
- Стандартные меры предосторожности в прививочном кабинете;
- Организация и цикл УМО, технология обеззараживания мед.отходов;
- Действия при возникновении аварийных ситуаций во время обращения с медицинскими отходами.
Участники получили обширную информацию по вопросам инфекционного контроля и УМО. Тренинг сопровождался сессиями вопросов и ответов. Участник активно вовлекались в дискуссии благодаря интерактивному методу проведения тренингов.

Тренинг был проведен согласно приказу Министерства здравоохранения Кыргызской Республики от 23 августа 2022 года № 1025 «Об интеграции Программы иммунизации в систему управления медицинскими отходами, организация УМО в прививочных пунктах организаций здравоохранения КР.

15.12.2022
Эпидемиологическая ситуация по ОРВИ и гриппу

Департамент профилактики заболеваний и санитарно-эпидемиологического надзора проводят ежедневный мониторинг за эпидемиологической ситуацией за ОРВИ и гриппом.
Так по данным мониторинга заболеваемости если 12 декабря было зарегистрировано 3074 случая, 13 декабря 7775 случаев, то в последующие сутки, то есть 14 декабря зарегистрировано 9809 случаев заболевания, прирост составил 26,1%. 15декабря зарегистрировано 8730 случаев заболевания, что ниже на 11% чем 14 декабря.

В целях усиления комплекса профилактических мероприятий и стабилизации заболеваемости среди населения в предстоящем эпидсезоне Министерством здравоохранения Кыргызской Республики закуплена и приобретено около 130 тысяч доз вакцины против гриппа для групп риска (лица с хроническими заболеваниями, часто болеющие дети, дети детских домов, школ интернатов, беременные, медицинские работники и т.д.) на бесплатной основе.  
Учитывая рост заболеваемости гриппа и ОРВИ среди населения, в том числе среди школьников организован ежедневный мониторинг посещаемости и заболеваемости детей школ и детских образовательных организациях.

Для профилактики гриппа, гриппоподобных заболеваний и коронавируса необходимо соблюдать правила:
- соблюдение масочного режима и социального дистанцирования;
- соблюдение респираторной гигиены - прикрытие рта и носа при кашле и чихании салфетками с их последующим, надлежащим удалением;
- своевременная самоизоляция людей, почувствовавших себя нездоровыми, с высокой температурой и другими симптомами гриппа;
- соблюдение санитарно-гигиенических мер (гигиена рук, регулярное проветривание помещений, влажная уборка и др.).
-в случае появления у ребенка симптомов ОРВИ – не отправлять ребенка в школу или детский сад до выздоровления и обратиться за помощью к врачу.

14.12.2022
2022-жылы 101 муниципалдык мектеп Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун көзөмөлүндө

Бишкек шаардык  мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору 29-10-22-жылдан баштап Бишкек шаарындагы мектептерде сабакка келбеген окуучуларга мониторинг жүргүзө баштаган, бул иш-чара азыр да уланууда.
          Анын алкагында 13.12.22. Бишкек шаарындагы мектептерде балдардын сабакка катышуусунун ишенимдүүлүгү боюнча рейддик текшерүү жүргүзүлдү. Жалпысынан текшерүүгө Бишкек шаарындагы 101 мектептин 50 жалпы билим берүү мекемеси камтылган.
Катышуунун ишенимдүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча мектептерде окуучулардын 20%ы курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен ооруп, сабакка келбей жатканына байланыштуу онлайн билим берүү боюнча 8 санитардык нускама (No6,60,28,54,59,95,103) даярдашкан. 
Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде ар кандай себептерден улам (ата-энелердин сергектиги, ата-энелердин эс алуусу жана башка жеке себептер) келбей калган балдардын санынын жогорку пайызы жыл бою үзгүлтүксүз катталып турат жана ал эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу эмес. Ошол эле учурда мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги балдардын арасындагы илдетке күн сайын мониторинг жүргүзүлүп турат.
Чектөө чараларын киргизүү жана мектептерди жана мектепке чейинки мекемелерди жабуу маселеси Бишкек шаарынын вице-мэри менен талкууланып, окуучулардын/мектепке чейинки курактагы балдардын 20%ы жок болгон учурда мектептерди жана бала бакчаларды тандалма түрдө жабуу чечими кабыл алынды.
Жер-жерлерде Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине КРВИ жана сасык тумоонун алдын алуу чаралары боюнча түшүндүрүү иштери жана көрсөтмөлөр жүргүзүлүүдө.
Бардык мектептерди жабуу туура эмес деп эсептелет. Азыркы учурда, мисалы, жөнөкөй эрежелерди сактоо сунушталат:
- беткап режимин жана физикалык аралыкты сактоо;
- дем алуу гигиенасы - жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду жана мурунду жабуу;
- үшүп калуудан жана ысып кетүүдөн сактануу;
- өзүн начар сезип, дене табы көтөрүлгөн жана башка сасык тумоого окшош белгилери пайда болгон адамдардын өз убагында обочолонуусу;
- санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (колдун гигиенасы, үзгүлтүксүз жайларды желдетүү, нымдуу тазалоо ж.б.);
- эгерде балада КРВИ белгилери бар болсо - айыкканга чейин баланы мектепке же бала бакчага жибербеңиз, дарыгерге кайрылып, кенеш алыныз;
- окуу жана эс алуу режимин сактоо, көбүрөөк таза абада болуу, жетишээрлик уктап, жакшы тамактануу;
- эртең мененки көнүгүүлөрдү жасоо.

14.12.2022
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында катуу кармаган респиратордук инфекцияларга жана сасык тумоого окшош ооруларга көзөмөл жүргүзүү улантылууда

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында катуу кармаган респиратордук инфекцияларга жана сасык тумоого окшош ооруларга көзөмөл жүргүзүү улантылууда. ДССУнун сунуштарына ылайык, оорунун стандарттык аныктамалары боюнча бейтаптарды сасык тумоого текшерүү жүргүзүлөт.
Октябрдан азыркы убакка чейин (2022-жылдын 40-49 жумасына чейин) бардыгы болуп 1149 үлгү изилденген, анын ичинен 246сы сасык тумоо экени аныкталган, анын ичинде
Сасык тумоо А/H1N1pdm (чочко тумоосу) 48% (118),
Сасык тумоо В - 41,5% (102),
Типсиз - 7,3% (18),
Грипп A/H3N2- 1,2% (3),
H1N1 сезондук - 2% (5).
COVID-19 инфекциясы 38 үлгүдө аныкталган.
Бүгүнкү күндө өлкөдө  жүргүзүлүп жаткан мониторингге ылайык, коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абалдын турукташуу тенденциясы байкалууда. Республикада бирин-экин учурлар катталган, алар жеңил жана симптомсуз түрдө өтүүдө.

14.12.2022
КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти сасык тумоо, КРВИ жана коронавирустук инфекцияга  жума сайын мониторинг жүргүзөт.
Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар боюнча жумалык мониторингдин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 49-жумасына (05.12-11.12.22) карата республика боюнча 14078 курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоого  (КРВИ-13993, сасык тумоо-85)  кабылгандар катталган, и.к. 210,4. Өткөн жумага салыштырмалуу  (48-жума  9324 учур, и.к. 139,3), курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен ооругандардын 1,5 эсеге көбөйгөндүгү байкалган. Жалпы бейтаптардын 68,7%ы 14 жашка чейинки балдар (9669 учур).
14-декабрга карата курч респиратордук вирустук инфекциялардын 9788 учуру жана сасык тумоонун 21 учуру катталды, бул өткөн суткадагы көрсөткүчтөн 1,3 эсеге көп (13-декабрга карата КРВИ 7774 жана сасык тумоо -1).
Курч респиратордук вирустук инфекциялардын учурлары туруксуз аба ырайы (муздак аба ырайы) менен шартталышы мүмкүн, бул организмдин коргонуу күчтөрүнүн төмөндөшүнө алып келет жана оорунун өсүшүнө өбөлгө түзөт. Ошол эле учурда курч респиратордук вирустук инфекциялар менен ооруган чоңдор адамдар басып жүрүп өткөрөт, ал эми санитардык-гигиеналык чаралар сакталбаса, балдарына жана үй-бүлө мүчөлөрүнө жуктуруп алуу ыктымалдуулугу жогору.

 

Лабораториялык маалыматтарга ылайык, курч респиратордук вирустук инфекциялардын оорусу республикада жыл сайын катталуучу РС инфекциясы, парагрипп, метапневмовирустар, риновирустар жана аденовирустар сыяктуу кеңири таралган курч респиратордук вирустук инфекциялардан улам келип чыгат.

Риновирус - 89

РС - вирусу -146

Аденовирус -111

Бокавирус -18

Парагрипптин 1, 2, 3 түрү -30

Метапневмовирус -20

Сезондук коронавирус -37

13.12.2022
Билим берүү мекемелеринде карантиндик иш-чараларды киргизүү чечими тууралуу маалымат

Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абалга күн сайын мониторинг жүргүзөт.
Жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде 20%га чейин балдар мектепке келбей калган учурда райондук/шаардык Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун башкы дарыгерлери, райондук жана шаарлардын билим берүү бөлүмдөрү менен бирдикте  алдын алуу иш-чараларын өз убагында уюштуруу жана зарыл болгон учурда жергиликтүү деңгээлде карантин киргизүү маселесин кароо үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын отурумуна киргизишет.
Мындан тышкары, КР Саламаттык сактоо министрлиги курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен ооругандардын көбөйүшүнө байланыштуу мектеп жана мектепке чейинки курактагы балдардын катышуусунда маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрбөй турууну сунуштады.


Маалымат үчүн:
КРВИ жана сасык тумоо сыяктуу респиратордук инфекциялардын алдын алуу иштеринин 2 түрү  бар - спецификалык б.а. эмдөө жана спецификалык эмес.
Келе жаткан эпидемиологиялык сезондо профилактикалык иш-чаралардын комплексин күчөтүү жана калк арасында ооруну турукташтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 82 577 доза гриппке каршы «Гриппол плюс» вакцинасы сатып алынды. Бул вакцина тобокелдик топторун (өнөкөт оорулары бар адамдар, тез-тез ооруган балдар, балдар үйлөрүнүн, интернаттардын тарбиялануучулары, кош бойлуу аялдар, медицина кызматкерлери ж.б.) бекер эмдөө үчүн арналган. Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча гриппке каршы тобокелдик топторунан эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 82,1% түздү. (61 846 адам). Ошондой эле ЮНИСЕФ аркылуу “GCFLU” гриппке каршы вакцинасынын 45 миң дозасы сатылып алынып, гуманитардык линия аркылуу өлкөгө берилип, учурда аймактарга таратылып, бекер эмдөө иштери башталды. Бүгүнкү күндө республика боюнча жалпысынан 22 миң 427 тобокелдик тобундагы адам сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүп, 50,3%ды түздү.


Респиратордук инфекциялардын спецификалык эмес алдын алуу - бул жөнөкөй эрежелерди сактоо болуп саналат, мисалы:
- беткап режимин жана физикалык аралыкты сактоо;
- дем алуу гигиенасы - жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду жана мурунду жабуу;
- үшүп калуудан жана ысып кетүүдөн сактануу;
- өзүн начар сезип, дене табы көтөрүлгөн жана башка сасык тумоого окшош белгилери пайда болгон адамдардын өз убагында обочолонуусу;
- санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (колдун гигиенасы, үзгүлтүксүз жайларды желдетүү, нымдуу тазалоо ж.б.);
- эгерде балада КРВИ белгилери бар болсо - айыкканга чейин баланы мектепке же бала бакчага жибербеңиз, дарыгерге кайрылып, кенеш алыныз;
- окуу жана эс алуу режимин сактоо, көбүрөөк таза абада болуу, жетишээрлик уктап, жакшы тамактануу;
- эртең мененки көнүгүүлөрдү жасоо.


Өзүңүздү КРВИ жана сасык тумоодон коргоо үчүн - жогоруда айтылган эрежелерди аткарыңыз. КРВИ жана сасык тумоо симптомдору пайда болгон учурда дарыгерге кайрылып медициналык жардам алыныз.
Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!

12.12.2022
Кант диабети менен күрөшүү чараларын күчөтүү - мезгил талабы
Гульдана Джолчиева - эндокринолог дарыгер

“Кант диабети – кандагы канттын деңгээлинин жогору болушу менен мүнөздөлгөн оору. Ал өнөкөт оорулардын катарына кирет, бирок аны туура тамактануу, физикалык активдүүлүктү жогорулатуу, салмагыбызды нормада кармоо жана ар 1 жылда 1 жолу анализ тапшырып туруу менен алдын алууга болот. Ар бир адам эмне жеп, эмне ичип жатканын көзөмөлдөшү керек. Себеби биз күнүмдүк рационубузда колдонуп жаткан тамак-аштардын баары эле организмибизге пайда алып келбейт. Тескерисинче, зыян тийгизиши ыктымал. Алсак, биздин өлкөдө газдалган таттуу суусундуктар жана курамына жыт, даам берүүчү кошулмалар кошулган таттуу азыктар өспүрүм балдардан тарта жеткиликтүү болгондуктан, жаштар арасында да ашыкча салмактан жабыркап, айрым учурда 2-типтеги кант диабетине чалдыккандар көбөйүүдө. Бизге кайрылган ар бир бейтапты жогоруда аталган азыктарды колдонууну чектөөгө активдүү  үндөп келебиз,”- деп белгиледи, Чүй облусунун эндокринолог дарыгери Гульдана Джолчиева.

Ал өз сөзүндө төмөндөгүдөй белгилер пайда болгон учурда дароо дарыгерге кайрылып, керектүү текшерүүдөн өтүү зарыл экенин кошумчалады. Себеби көпчүлүк учурда бейтаптар бул белгилерге маани бербей жүрүп, өтүшүп кеткенде гана кайрылышат. 

•             Суусоо

•             Көп заара кылуу, айрыкча түндөсү

•             Көп чарчоо

•             Арыктоо

•             Көздүн, эс-тутумдун начарлоосу

 

Бейтаптардын 50%ында оору “үнсүз” өөрчүп, эч кандай белгиси байкалбастан эле өтүшүп кеткен учурлар да катталат. Ошондуктан жылына бир жолу текшерүүдөн өтүп туруу керек. 

 

 

Чүй облусу боюнча кант диабети менен ооруган бейтаптар коомунун төрайымы Чынара Аблесова 

Ал эми Чүй облусу боюнча кант диабети менен ооруган бейтаптар коомунун төрайымы Чынара Аблесова ооруну алдын алуу боюнча төмөндөгүлөрдү кошумчалады: “Кант диабетинин алдын алууга көбүрөөк көңүл буруу керек. Бүгүнкү күндө ар кандай зыяндуу кошулмалары бар таттуу суусундуктар калктын калын катмарына жеткиликтүү болуп калды. Бул маселеге азыртан тарта өкмөттүн деңгээлинде чара көрүлсө жакшы болот эле. Мисалга алсак, атайын Токтом, Жарлык кабыл алып, акциздерди көтөрүү менен чылымдын зыяндуу таасирине каршы күрөшкөндөй эле, организмге олуттуу зыян тийгизип жаткан курамында канты көп суусундуктардын жайылтылышына маани берилсе, коомдук саламаттык сактоо тармагы бир топ жакшы жыйынтыктарга жетет эле. Мен ата-энелерге, айрыкча жаш энелерге кайрылып кетет элем. Баланарда туура тамактануу адатын канчалык эрте калыптандырып, зыяндуу тамак аштардан, кант көп кошулган суусундуктардан баш тартууга үйрөтсөңөр, кийин аларда ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөр жаралбайт дагы, алар келечектеги дени сак улутту түзөт”. 

 

 

 

 

Эльмира Жутанкеева 

 

 

66 жаштагы  Эльмира Жутанкеева 35 жылдан бери кант диабети менен жабыркап келгенин айтты.

“Башында мага оорунун эч кандай белгилери байкалган эмес. Кезектеги пландуу текшерүүдөн өтүп, анализ тапшырганымда дарыгерлер менде кант диабети бар экендигин аныкташкан. Ошол күндөн тарта дарыгердин айткан ар бирин кеңешин кулак жаздымда калтырбай, так аткарып келгендиктен учурда абалым жакшы - канымдагы канттын денгээли көтөрүлбөй, туруктуу кармалып келет. Кант диабетине кабылганымды билгенден бери тамактанууга кылдат мамиле кылам. Мисалы, мурда нандын бетине май сүйкөп жегенди жактырсам, азыр майлуу, куурулган тамактарды, кант кошулган азыктарды жана газдалган суусундуктарды колдонбойм,  неберелериме дагы алардын зыяндуу экенин түшүндүрүп, колдонууга тыйуу салам. Мындан сырткары коомдук иш-чараларга активдүү катышып, физикалык жактан активдүүлүк болууга аракеттенем, ар дайым танкы көнүгүүлөрдү жасайм. Ал тургай кошуналарымды дагы активдүү жашоого, ден соолугуна кам көрүүгө үндөп келем. Кошуналарыма эле эмес, башка жарандарыбызга да кайрылып кетет элем. Силер ден соолугуңар чың болушу үчүн ар дайым туура тамактангыла жана кыймылдуу болгула. Сейилдегиле, көнүгүүлөрдү жасагыла, бийлегиле жана сиңирүү органдарына оорчулук жараткан майлуу, куурулган, курамына кант, туз көп кошулган тамак аштарды жер-жемиш, жашылчага алмаштыргыла".

12.12.2022
Менингококковая инфекция?

Менингококковая инфекция - острое инфекционное заболевание, вызываемое менингококком (N. meningitidis). Для менингококковой инфекции характерна цикличность и сезонность, циклические подъемы заболеваемости повторяются через каждые 13-15 лет. Последний подъем заболеваемости отмечался в 2015г., с начала 2022г. наблюдается постепенный подъем заболеваемости.  За 11 мес. 2022г. по республике зарегистрировано 50 случаев, против 13 случаев 2021г.

Пути передачи менингококковой инфекции воздушно-капельный, источником инфекции является больной человек. Наибольшую эпидемическую опасность представляют люди, не имеющие клинических признаков болезни - менингококконосители. Заражение происходит при тесном контакте и общении на близком расстоянии.  От момента заражения до начала заболевания проходит от одного до десяти дней. Больной заразен для окружающих с первых дней болезни.


Восприимчивость к инфекции всеобщая, но чаще болеют дети до 5 летнего возраста. Также в группу риска входит подростки и молодые люди в возрасте 15-25 лет, в этом возрасте они больше проводят времени в общественных местах, где отмечается скученность людей.

 

Также, для менингококкового менингита характерна сезонность, регистрируется в зимне-весенний период (декабрь по май месяцы).  Причиной роста заболеваемости объясняется снижением резистентности слизистой оболочки носоглотки, в связи с большой частотой вирусных заболеваний респираторного тракта, колебаниями температуры воздуха и повышенной влажностью, а также снижением иммунитета населения.

 

Основными симптомами заболевания является сильная головная боль, преобладающая в лобно-височной области, рвота, повторная или многократная, не связанная с приемом пищи, не приносящая облегчения, повышение температуры тела до 39-40°С, озноб, вялость, бледность кожи, отказ от еды и питья. 
Самый грозный симптом, на который обязательно надо обратить внимание, это - появление сыпи. Опасностью заболевания в том, что оно может развиваться в считанные часы и даже минуты, так называемые «молниеносные» формы заболевания, и спасти больного удается не всегда.

 

Профилактика менингита:
- исключение контакта с больным, использование масок, тщательное мытье рук;
-частое проветривание помещений и влажная уборка, закаливание организма и занятия спортом;
-своевременное лечение острых и хронических инфекционных заболеваний, способных    стать причиной развития заболевания.
При появлении симптомов заболевания ни в коем случае нельзя заниматься самолечением, необходимо как можно скорее обращаться к врачу, так как бывает молниеносные формы заболевания, приводящие к серьезным осложнениям.

12.12.2022
Эпидемиологическая ситуация по ОРВИ и гриппу

Департаментом профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора проводится еженедельный мониторинг за заболеваемостью гриппом, ОРВИ и коронавирусной инфекцией.
Согласно еженедельного мониторинга заболеваемости гриппом и ОРВИ на 49 неделе текущего года (05.12-11.12.22г.) по республике зарегистрировано 14078 случаев ОРВИ и гриппа (ОРВИ-13993, грипп-85)  и.п. 210,4 по сравнению с предыдущей неделей (48 неделя 9324 случая и.п. 139,3) отмечается рост заболеваемости ОРВИ и гриппа в 1,5 раза. Из всех заболевших 68,7% составляют дети до 14 лет (9669 случаев).
Продолжается дозорный эпиднадзор за тяжелыми острыми респираторными инфекциями (ТОРИ) и гриппоподобными заболеваниями (ГПЗ) в городах Бишкек, Ош, Токмок. В соответствии с рекомендациями ВОЗ согласно стандартных определений случаев проводится обследование больных на грипп. С октября по текущее время всего обследовано всего обследовано 914 образцов, из них положительных ГриппА/H1N1pdm (свиной) составил 39,3% (56), грипп В – 42,8% (80), грипп А/Н3N2-(3).

Профилактика респираторных инфекций, как ОРВИ и грипп проводится в 2 видах - специфическая, т.е. вакцинация и неспецифическая.
В целях усиления комплекса профилактических мероприятий и стабилизации заболеваемости среди населения в предстоящем эпидсезоне Министерством здравоохранения Кыргызской Республики закуплено 82577 доз противогриппозной вакцины «Гриппол плюс». Данная вакцина предназначена для вакцинации групп риска (лица с хроническими заболеваниями, часто болеющие дети, дети детских домов, школ интернатов, беременные, медицинские работники и т.д.) на бесплатной основе.  На сегодня по республике провакцинированных людей, групп риска против гриппа составила 82,1%. (61 846 чел.).
Также по гуманитарной линии через UNICEF закуплено и предоставлено для страны 45 000 доз вакцины от гриппа «GCFLU », в настоящее время они распределены по районам и начата вакцинация на бесплатной основе. На сегодня всего по республике провакцинированно против гриппа 22427 человек из групп риска, что составила 50,3%.


Неспецифическая профилактика респираторных инфекций заключается в соблюдении простых правил, таких как:
- соблюдение масочного режима и социального дистанцирования;
- соблюдение респираторной гигиены - прикрытие рта и носа при кашле и чихании салфетками с их последующим, надлежащим удалением;
- избегать переохлаждений и перегреваний организма;
-своевременная самоизоляция людей, почувствовавших себя нездоровыми, с высокой температурой и другими симптомами гриппа;
- соблюдение санитарно-гигиенических мер (гигиена рук, регулярное проветривание помещений, влажная уборка и др.)
- в случае появления у ребенка симптомов ОРВИ – не отправлять ребенка в школу или детский сад до выздоровления и обратиться за помощью к врачу;
-соблюдать режим учебы и отдыха, не переутомляться, больше бывать на свежем воздухе, спать достаточное время и полноценно питаться;
-делать утреннюю гимнастику и заниматься физкультурой.
Чтобы защититься от ОРВИ и гриппа - соблюдайте вышеуказанные правила. В случае появления симптомов ОРВИ и гриппа – рекомендуем обратиться за медицинской помощью. Берегите себя и близких!

09.12.2022
Бишкекте «Кургак учук учурун башкаруу» ыкмасы киргизилүүдө

Бишкектин Үй-бүлөлүк медициналык борборлорунда «Кургак учук учурун башкаруу» ыкмасын киргизүү бардык жерде башталды. Бул чечим Кыргызстандын аймактарында жана пилоттук катары борбордогу райондордун бири – Ленин районунда бул ыкманы киргизүүнүн оң тажрыйбасын эске алуу менен кабыл алынды. 

 

Биринчи кезекте Бишкектеги Үй-бүлөлүк медициналык борборлордун жетекчилери үчүн тренинг өткөрүлүп, аларда уюштуруу маселелери жана аракеттенүүнүн деталдуу Планы чечилди. Мында «Кургак учук учурун башкарууну» баштапкы деңгээлде  киргизүү боюнча стандарттарды жана аспаптарды тандоого, амбулаториялык шарттарда дартты аныктоонун алгоритмине жана кургак учукту дарылоону көзөмөлдөөгө, инфекциялык көзөмөл маселелерине, бейтап менен байланышта болгондорду байкоого чоң көңүл бурулду. 

 

Мындан сырткары борбордогу Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун жетекчилери «Кургак учукту башкаруу» ыкмасы киргизилери менен ала баштай турган медициналык кызматкерлер үчүн шыктандыруу төлөмдөрүнүн механизмдерин кеңири талкуулашты. Алардын айтымында, тренинг керектүү жана пайдалуу болду, бардык суроолорго толук жооп ала алышты. 

 

Маалымат үчүн: 2017-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкына кургак учукка каршы жардам көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча аракеттердин Планын бекиткен Өкмөттүн 2017-жылдын 1-январындагы №9-р буйругуна ылайык, Бишкек шаарына «Кургак учук учурларын башкаруу» ыкмасынын киргизилиши Чүй, Талас, Нарын, Баткен облустарынан, Ош жана Жалал-Абад облустарынын (КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2022-жылдын 11-апрелиндеги №432 «Бишкек ш. калкка кургак учукка каршы жардам көрсөтүү системасын жакшыртуу жөнүндө» буйругу) айрым райондорунан кийин башталган. 

 

09.12.2022
В связи с ростом заболеваемости респираторной патологии у детей, в г.Бишкек развернуты более 200 дополнительных коек

С целью усиления проводимых профилактических и противоэпидемических мероприятий в период сезонного гриппа, острых респираторных инфекций, территориальными МРЦПЗиГСЭН проводится   ежедневный мониторинг о посещаемости детей в школах, ДОО.       Согласно мониторинга посещаемости детей в школах, ДОО на сегодняшний день процент непосещаемости составляет не более 5% при допустимом эпидпороге до 20%. 

В случае уменьшения посещаемости детей в школах, ДОО 20% и более проводятся мероприятия совместно с отделами образования об оперативном введении карантина по каждой школе, классу.

Также сообщаем, что в связи с ростом заболеваемости респираторной патологии у детей и увеличением числа обращений в лечебные организации города Бишкек и Чуйской области, а также в целях своевременного оказания медицинской помощи детям Минздравом КР издан приказ о развертывании дополнительных более 200 коек в детских стационарах г.Бишкек и Чуйской области путем временной перепрофилизации коек других отделений.

Кроме того, всем координаторам здравоохранения областей дано поручение организовать круглосуточный прием детей с ОРВИ и респираторной патологией (обструктивные бронхиты и пневмонии) и рассмотреть резерв коек стационара по мере необходимости.

 

Для информации:

 

Ежегодно в сезон заболеваемости гриппа и острых респираторных вирусных инфекций (октябрь-апрель месяцы) официально регистрируется ОРВИ и грипп в т.ч. так называемый свиной грипп А (H1N1). 

Во время эпидемического сезона заболеваемости, заболеванию наиболее подвержены дети до 14 летнего возраста и их удельный вес составляет 65-70%. 

 

 

 

 

Как видно из многолетней динамики ежегодно идет регистрация случаев гриппа (В том числе гриппа А H1N1 (свиного)) и ОРВИ с сезонным подъемом.

 

Подъем заболеваемости гриппом начинается, как правило, в холодное время года. Этому способствует высокая устойчивость вируса гриппа к низкой температуре и снижение защитных сил человека при переохлаждении. 

Эпидемический подъем заболеваемости отмечается с ноября месяца, пик заболеваемости приходится на конец января и февраль месяцы.

 

Свиной грипп является обычным сезонным гриппом в эпидсезоне.

Грипп А (H1N1), прежде имеющий название «свиной грипп» является инфекционным острым респираторным заболеванием свиней, вызываемым одним из нескольких вирусов свиного гриппа А. 

Клиническая картина инфекции гриппа А (H1N1), среди людей схожа с сезонным гриппом и другими острыми инфекциями верхних дыхательных путей, большинство случаев заболевания выявляется случайно в рамках эпиднадзора за сезонным гриппом. Вирус передается воздушно-капельным путем от человека человеку.

 Отличительная особенность свиного гриппа — дискомфорт в области живота, вздутие, диарея. 

При не своевременном обращении и самолечении возможны осложнения – пневмония.

 

 

Профилактика респираторных инфекций, как ОРВИ и грипп проводится в 2 видах - специфическая, т.е. вакцинация и неспецифическая.

В целях усиления комплекса профилактических мероприятий и стабилизации заболеваемости среди населения в предстоящем эпидсезоне Министерством здравоохранения Кыргызской Республики закуплено 82577 доз противогриппозной вакцины «Гриппол плюс». Данная вакцина предназначена для вакцинации групп риска (лица с хроническими заболеваниями, часто болеющие дети, дети детских домов, школ интернатов, беременные, медицинские работники и т.д.) на бесплатной основе.  На сегодня по республике провакцинированных людей, групп риска против гриппа составила 74,1%. (61 213 доз).

Также по гуманитарной линии через UNICEF закуплено и предоставлено для страны 45 000 доз вакцины от гриппа «GCFLU», в настоящее время они распределены по районам и начата вакцинация на бесплатной основе. На сегодня всего по республике провакцинировано против гриппа 22132 человек из групп риска, что составила 49,1%.

 

 

Неспецифическая профилактика респираторных инфекций заключается в соблюдении простых правил, таких как:

- соблюдение масочного режима и физического дистанцирования;

- соблюдение респираторной гигиены - прикрытие рта и носа при кашле и чихании салфетками с их последующим, надлежащим удалением;

- избегать переохлаждений и перегреваний организма;

-своевременная самоизоляция людей, почувствовавших себя нездоровыми, с высокой температурой и другими симптомами гриппа;

- соблюдение санитарно-гигиенических мер (гигиена рук, регулярное проветривание помещений, влажная уборка и др.)

- в случае появления у ребенка симптомов ОРВИ – не отправлять ребенка в школу или детский сад до выздоровления и обратиться за помощью к врачу;

-соблюдать режим учебы и отдыха, не переутомляться, больше бывать на свежем воздухе, спать достаточное время и полноценно питаться;

-делать утреннюю гимнастику и заниматься физкультурой.

 

Чтобы защититься от ОРВИ и гриппа - соблюдайте вышеуказанные правила. В случае появления симптомов ОРВИ и гриппа – рекомендуем обратиться за медицинской помощью. Берегите себя и близких!

08.12.2022
Текущая эпидемиологическая ситуация по гриппу и ОРВИ в Кыргызстане

Департаментом профилактики заболеваний и госсанэпиднадзора информирует о том, что ежегодно в сезон заболеваемости гриппа и острых респираторных вирусных инфекций (октябрь-апрель месяцы) официально регистрируется до 200 тысяч заболевших. Во время эпидемического сезона заболеваемости, заболеванию наиболее подвержены дети до 14 летнего возраста и их удельный вес составляет 65-70%. 

Подъем заболеваемости гриппом начинается, как правило, в холодное время года. Этому способствует высокая устойчивость вируса гриппа к низкой температуре и снижение защитных сил человека при переохлаждении. Так, за 2021 год было зарегистрировано 271 128 случаев (4051,9) гриппа и ОРВИ против 190 103 (2891,3) случаев в 2020 году, т.е. рост на 40,1%. 

Существует 3 типа вируса гриппа: А, В и С. Они отличаются по своему строению и вызывают заболевания различной тяжести. Вирус типа А вызывает наиболее тяжелые формы гриппа (в отличие от типов В и С, которые переносятся человеком легче). 

Эпидемический подъем заболеваемости отмечается с ноября месяца, пик заболеваемости приходится на конец января и февраль месяцы.

 

Департаментом проводится еженедельный мониторинг за заболеваемостью гриппом, ОРВИ и коронавирусной инфекцией.

Согласно еженедельного мониторинга заболеваемости гриппом и ОРВИ на 48 неделе текущего года (28.11-04.12.22г.) по республике зарегистрировано 9262 случая ОРВИ и 62 случая гриппа (и.п.139,3) по сравнению с предыдущей неделей (47 неделя 7155 случаев и.п. 106,9) отмечается рост заболеваемости ОРВИ и гриппа на 30,3%. Из всех заболевших 70,9% составляют дети до 14 лет (6607 случая).

 

Продолжается дозорный эпиднадзор за тяжелыми острыми респираторными инфекциями (ТОРИ) и гриппоподобными заболеваниями (ГПЗ) в городах Бишкек, Ош, Токмок. В соответствии с рекомендациями ВОЗ согласно стандартных определений случаев проводится обследование больных на грипп. С октября по текущее время всего обследовано 764 образцов на грипп от больных, обратившихся за медицинской помощью в дозорные стационары, из них положительный на грипп А/ H1N1 (свиной) составил 27,2% (34), грипп В – 44,8% (56). 

Грипп А (H1N1), прежде имеющий название «свиной грипп» является инфекционным острым респираторным заболеванием свиней, вызываемым одним из нескольких вирусов свиного гриппа А. 

Как правило, его клинические симптомы схожи с симптомами сезонного гриппа, но регистрируемая клиническая картина варьируется в широких пределах – от бессимптомной инфекции до тяжёлой пневмонии.

В связи с тем, что типичная клиническая картина инфекции гриппа А (H1N1), среди людей схожа с сезонным гриппом и другими острыми инфекциями верхних дыхательных путей, большинство случаев заболевания выявляется случайно в рамках эпиднадзора за сезонным гриппом. Вирус передается воздушно-капельным путем от человека человеку.

Симптомы свиного гриппа

Симптомы инфекции, вызванной вирусом A/H1N1, практически не отличаются от других видов гриппа. Среди основных признаков болезни:

●        высокая температура;

●        насморк и заложенность носа;

●        покраснение горла, першение или боль в глотке;

●        сухой кашель, сопровождающийся болью в груди.

●        ощущение ломоты в теле;

●        утомляемость, слабость;

●        учащенное сердцебиение (тахикардия);

●        головная боль, чаще в лобной части;

●        боль и жжение в глазных яблоках, светобоязнь, покраснение склер;

●        одутловатость, бледность лица;

●        кровотечение из носа;

●        сонливость, бессонница.

Отличительная особенность свиного гриппа — дискомфорт в области живота, вздутие, диарея. Осложнением является пневмония.

 

Профилактика респираторных инфекций, как ОРВИ и грипп проводится в 2 видах - специфическая, т.е. вакцинация и неспецифическая.

В целях усиления комплекса профилактических мероприятий и стабилизации заболеваемости среди населения в предстоящем эпидсезоне Министерством здравоохранения Кыргызской Республики закуплено 82577 доз противогриппозной вакцины «Гриппол плюс». Данная вакцина предназначена для вакцинации групп риска (лица с хроническими заболеваниями, часто болеющие дети, дети детских домов, школ интернатов, беременные, медицинские работники и т.д.) на бесплатной основе.  На сегодня по республике провакцинированных людей, групп риска против гриппа составила 74,1%. (61 213 доз).

Также по гуманитарной линии через UNICEF закуплено и предоставлено для страны 45 000 доз вакцины от гриппа «GCFLU », в настоящее время они распределены по районам и начата вакцинация на бесплатной основе. На сегодня всего по республике провакцинированно против гриппа 22132 человек из групп риска, что составила 49,1%.

Неспецифическая профилактика респираторных инфекций заключается в соблюдении простых правил, таких как:

- соблюдение масочного режима и социального дистанцирования;

- соблюдение респираторной гигиены - прикрытие рта и носа при кашле и чихании салфетками с их последующим, надлежащим удалением;

- избегать переохлаждений и перегреваний организма;

-своевременная самоизоляция людей, почувствовавших себя нездоровыми, с высокой температурой и другими симптомами гриппа;

- соблюдение санитарно-гигиенических мер (гигиена рук, регулярное проветривание помещений, влажная уборка и др.)

- в случае появления у ребенка симптомов ОРВИ – не отправлять ребенка в школу или детский сад до выздоровления и обратиться за помощью к врачу;

-соблюдать режим учебы и отдыха, не переутомляться, больше бывать на свежем воздухе, спать достаточное время и полноценно питаться;

-делать утреннюю гимнастику и заниматься физкультурой.

 

Чтобы защититься от ОРВИ и гриппа - соблюдайте вышеуказанные правила. В случае появления симптомов ОРВИ и гриппа – рекомендуем обратиться за медицинской помощью. Берегите себя и близких! 

08.12.2022
Кургак учукка байланышкан темаларды мыкты чагылдыруу боюнча ЖМК өкүлдөрү арасында өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы чыгарылды

Кургак учукка байланышкан темаларды мыкты чагылдыруу боюнча ЖМК өкүлдөрү арасында өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы чыгарылды. Конкурсту ушул жылдын мартында КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги, Улуттук фтизиатрия борбору жана USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” долбоору жарыялашкан.

Сынактын максаты – ЖМК аркылуу коомчулуктун көңүлүн кургак учук маселелерине буруу, ал: 

  • кургак учукка чалдыккан адамдарга коомчулуктун мамилесин өзгөртүүгө, алардын кодулоо жана басмырлоосун азайтууга, социалдык колдоону жакшыртууга;
  • кургак учукка шектелген адамдарды текшерүүдөн өтүүлөрү үчүн медициналык мекемелерге эрте барууга үндөөгө;
  • кургак учукка чалдыккан бейтаптардын дарыланууга умтулуучулугун жогорулатууга.

 

Марттан октябрга чейин сынакка теле/радиодон обого берилген, маалымат Интернет-ресурстарында жайгаштырылган, басма сөздө жарыяланган журналисттердин кыргыз жана орус тилдеринде 70 жакын иштери кабыл алынган. “Телевидениеде эң мыкты иш”, “Радиодо эң мыкты иш”, “Интернет-басмасында мыкты иш”, “Басма сөздө эң мыкты иш” номинацияларында 11 иш 1, 2 жана 3 орундарга ээ болушту. USAIDдин “Кургак учукту айыктыруу” долбоору камсыз кылган сынактын байге фонду жеңүүчүлөргө кесиптик ишмердүүлүгүндө пайдасы тийгендей, муну менен бирге мындан ары да кесипкөйлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзгөндөй байгелерди камтыган. Бул – ноутбуктар, планшеттер, тышкы катуу дисктер.

Конкурстун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар 7-декабрында Ош шаарында долбоор уюштурган “ЖМКда кургак учук темасын чагылдыруусунун актуалдуулугу жана өзгөчүлүктөрү” деп аталган жумушчу жыйында тапшырылды. 

Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров көбүнчө жаш журналисттер жана регионалдык ЖМКнын өкүлдөрү жеңүүчү болгонун чоң канааттануу менен белгилеп, USAIDге конкурсту өткөрүү демилгесин колдогону үчүн ыраазычылык билдирди. 

Өз кезегинде USAIDдин Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо боюнча программаларынын координатору Чинара Камарли акыркы жылдарда кургак учук темасын сапаттуу чагылдыруу тенденциясы жүрүп жатканын, кургак учук маселелери жаатында коомчулукту маалымдоо бир топ жакшырганын, бирок кургак учук менен ооруган адамдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө стигма жана басмырлоо жагдайы коомдо чоң маселе бойдон калып жатканын белгиледи. Ушуга байланыштуу USAID ЖМК менен кызматташтыкка чоң көңүл буруп, журналисттердин потенциалын жогорулатуу үчүн иш-чараларды колдойт, анткени кургак учук темасын туура чагылдыруу стигманы төмөндөтүүдө жана кургак учукка чалдыккан адамдарга карата калктын мамилесин өзгөртүүдө урунттуу роль ойношу мүмкүн. 

 

06.12.2022
Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га каршы ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында Ысык-Ата районундагы ЖДПБнын бир катар бөлүмдөрү оңдолот

Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVD-19га каршы ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында Ысык-Ата районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун (ЖДПБ) бир катар бөлүмдөрүндө оңдоо иштери башталды. Бөлмөлөрдө терезе, эшик, канализация, суу түтүктөрү жана жылытуу батареяларын алмаштыруу жана имараттын ички жасалгалоо иштерин жүргүзүү  пландаштырылууда. Ошондой эле электр зымдары алмаштырылат.
Белгилей кетсек, КР Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан “COVD-19га каршы ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында 11 саламаттыкты сактоо уюму оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн тандалып алынган. Ушундай эле оңдоо иштери Лейлек, Кочкор, Жайыл жана Өзгөн райондорунун, Токмок жана Таш-Көмүр шаарларындагы жалпы дарыгерлик практика борборлорунун жана Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын, Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун, Улуттук кардиология жана терапия борборунун, ошондой эле Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын инфекциялык бөлүмдөрүндө аяктады. 
Долбоордун максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тиешелүү профилактикалык иш-чараларды камсыз кылуу, дары-дармектерди, керектелүүчү материалдарды жана медициналык жабдууларды сатып алуу, ошондой эле саламаттыкты сактоо уюмдарындагы шарттарды жакшыртуу аркылуу COVID-19 пандемиясына каршы аракеттенүү жөндөмдүүлүгүн бекемдөөгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

01.12.2022
Медицина кызматкерлери балдарын эмдөөдөн өткөрүүдө

Бишкектеги Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун иммунопрофилактика бөлүмүнүн башчысы Бурул Асыкбекованын 12 жаштагы кызы адам папилломавирусуна каршы эмдөө алды.

 

«Биз үй-бүлөбүз менен эмдөө маселесине жоопкерчиликтүү мамиле жасайбыз, ошондуктан муктаждыкты түшүнүп, бүгүн АПВ вакцинасын алдык. Келгиле, кыздардын келечегин ойлойлу!”, - деди Бурул Асыкбекова.

01.12.2022
В г. Бишкек проходит семинар по организации работ чрезвычайных медицинских бригад

Министерство здравоохранения Кыргызской Республики при поддержке Европейского регионального бюро ВОЗ и секретариата по чрезвычайным медицинским бригадам штаба-квартиры ВОЗ 1-2 декабря 2022 года в г. Бишкек проводит семинар по организации работ чрезвычайных медицинских бригад. 
Роль чрезвычайных медицинских бригад высоко оценена во время пандемии COVID-19 и послужила ярким примером коллективного ответа на глобальную чрезвычайную ситуацию в области общественного здравоохранения. Как отметил директор Европейского регионального бюро ВОЗ Ханс Клюге, «пандемия показала, насколько важно укреплять потенциал реагирования на чрезвычайные ситуации, включая подготовку высококвалифицированных специалистов, развитие технологий и приобретение оборудования».
Министерство здравоохранения Кыргызской Республики проводит работу по организации работы чрезвычайных медицинских бригад в целях наращивания потенциала в области реагирования на чрезвычайные ситуации в области здравоохранения. 
Семинар организован в рамках реализации Указа Президента «О неотложных мерах по развитию сферы здравоохранения и улучшению качества жизни и здоровья населения в Кыргызской Республике» для сотрудников системы здравоохранения, Министерства чрезвычайных ситуаций и Министерства обороны Кыргызской Республики в целях создания единой системы медицины катастроф.

01.12.2022
Улуттук госпиталдын карамагына 2 стерилизациялык жабдуулар берилди

Дүйнөлүк банктын «COVID-19га тез чара көрүү” долбоорунун алкагында ар биринин көлөмү 600 литр болгон эки стерилизациялык жабдуу (автоклав) сатылып алынды.

Жабдуулар КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталга өткөрүлүп берилди.

Автоклавдар медициналык багыттагы буюмдарды, инструменттерди, стерилизациялоого арналган.

Автоклавтар стерилдөө циклинин параметрлерин программалоого, процессти реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө жана аткарылган стерилдөө циклдери боюнча маалыматтарды сактоого мүмкүндүк берүүчү дисплей менен жабдылган.

КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын кызматкерлери бул автоклавдар менен иштөөнү үйрөнүштү.

29.11.2022
Жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөөнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча координациялык кеңешме

2022-жылдын 28-29-ноябрында Бишкек шаарында кант диабети боюнча “Кыргызстанда баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде ЖЭОнун алдын алуу жана көзөмөлдөөнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу” долбоорунун координациялык кеңеши болуп өттү, анда 2022-жыл аралыгында жүргүзүлгөн иштердин алдын ала жыйынтыктары чыгарылды. 

Координациялык кеңештин ишине өлкөнүн алдыңкы эксперттери катышты. Чүй облусунун жетекчилиги долбоорду пилоттук түрдө ишке киргизүү боюнча 2023-жылга карата пландары менен бөлүштү.

Жүрөк-кан тамыр оорулары жана кант диабети биринчи кезекте эмгекке жарамдуу калкка таасирин тийгизип, коом үчүн олуттуу экономикалык жоготууларды алып келет. 2015-жылы өкмөт төрт негизги жугуштуу эмес ооруну дарылоого 3,7 миллиард доллар сарптаганы болжолдонууда. Бул көрсөткүчтөрдүн артында өлүм, майыптык, сокурдук, ампутация, бөйрөктүн жетишсиздиги сыяктуу көйгөйлөр турат.

2021-жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, ДССУ жана Бүткүл дүйнөлүк диабет федерациясынын ортосунда документтерге кол коюлган. Жумушчу топ жана жетектөөчү комитет түзүлүп, 2022-жылдын 3-мартынан баштап долбоор өз ишин баштады.

Бул долбоор кант диабети менен ооруган бейтаптарга багытталган. Ретинопатияга басым жасоо менен диабетти башкарууда көптөгөн көйгөйлөр бар. Эндокринологиялык борбордун жетектөөчү адистери, профессорлор, клиникалык адистер эл аралык эксперттер менен биргеликте 2 күн бою диабеттик ретинопатия скринингинин кийинки кадамдарынын планын түзүштү. ДССУнун аймактык медициналык кызматкери Джилл Льюис Фаррингтон күтүлгөн жыйынтыктарды көрсөттү. ДССУнун Кызматташуу борборунан (Финляндия) профессор Тийна Лаатикайнен мүмкүн болгон мониторинг куралдарын сунуштады.

Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун колдоосу астында кант диабети менен күрөшүү боюнча талдоо жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында көптөгөн системалык көйгөйлөр аныкталды жана азыр алардын баары чечилүүдө. Биргелешкен аракеттер саламаттыкты сактоонун бул маанилүү тармагын жакшыраак координациялоо үчүн абдан маанилүү.

- пилоттук райондордо медициналык кызматкерлер үчүн окуу сабактары өткөрүлдү (6 тренинг өткөрүлдү, Токмок шаарында жана Аламүдүн районунда 70 дарыгер жана 119 медайым окутулду);

-Ден соолукту чыңдоо кабинеттеринин жана айылдык ден соолук кабинеттеринин кызматкерлерин окутуу жүргүзүлдү, калк менен тармактар ​​аралык жолугушуулар уюштурулду;

- пилоттук аймактарда кант диабетин эрте аныктоо боюнча масштабдуу кампаниялар өттү;

- Чүй диабет коому түзүлдү;

- Калк үчүн орус жана кыргыз тилдеринде материалдар даярдалып, «Альфа Телеком» ЖАКнын колдоосу менен Токмок шаарына жана Чүй облусунун Аламүдүн районуна 43 000 СМС билдирүү жөнөтүлдү.