Ден соолук жаңылыктары
Акыркы жанылыктар
29
12
2025
Жаңы жылдык майрам жана дем алыш күндөрү саламаттык сактоо уюмдарынын иш тартиби
Дары-дармектерге жеткиликтүүлүк жана ачык-айкын сатып алуулар: КР Саламаттык сактоо министрлиги БУУнун тутумундагы уюмдар менен кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады
11.08.2023
iLab тутумунун жардамы менен Баткен облусунун тургундары үчүн 150 миңден ашык лабораториялык жыйынтыктар онлайн режиминде жеткиликтүү
«Санарип MED» максаттуу моделинин алкагында иштелип чыккан ILab лабораториялык маалымат системасы бүткүл өлкө боюнча ийгиликтүү ишке ашырылууда.
Баткен облусунда 150 миңден ашык лабораториялык жыйынтыктар системага катталып, жарандарга онлайн режиминде жеткиликтүү. Санариптик ден соолуктун бул кадамы лабораториялык натыйжаларга ыңгайлуулук жана жеткиликтүүлүк алып келет.
iLab системасы бардык жарандарга лабораториялык натыйжаларды онлайн режиминде тез жана ыңгайлуу түрдө алууга мүмкүндүк берген санариптик чечим болуп саналат. Эми бейтаптар өз анализдерин көрө алышат, ошондой эле дарыгерлер же адистер менен аралыктан маалымат бөлүшө алышат, система QR-код менен корголгон, медициналык мекемеге барбастан, лабораториялык текшерүүнүн жыйынтыгын PDF форматында жүктөп алууга мүмкүндүк берет.
Ушул сыяктуу саламаттыкты сактоо маалымат системалары бюрократиялык жүктөрдү азайтат, натыйжаларды жеткирүү убактысын кыскартат жана кагаз документтерди алуу үчүн медициналык мекемелерге физикалык түрдө баруу зарылдыгын жокко чыгарат.
Лабораториялык натыйжаларга онлайн режиминде кирүүнү кааласаңыз, сизге төмөнкүлөр керек:
1. https://ilab.med.kg/ сайтына өтүңүз
2. "Анализ натыйжалары" бөлүмүнө өтүңүз
3. ПИН-кодду, паспорттун сериясын жана паспорттун номерин сактаңыз
4. Сиздин лабораториялык натыйжалар даяр
Ошондой эле, жарандарга Тундук мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу өз анализдеринин жыйынтыгын алуу мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча иштер жүрүп жатат, иш 2023-жылдын сентябрына чейин бүткөрүлөт.
Буга байланыштуу биз булуттук санариптик кол тамгаларды алууну жана саламаттыкты сактоо тармагында санариптик кызматтарды онлайн режиминде колдонууну сунуштайбыз.
Буга байланыштуу биз булуттук санариптик кол тамгаларды алууну жана саламаттыкты сактоо тармагында санариптик кызматтарды онлайн режиминде колдонууну сунуштайбыз.
10.08.2023
Алдынкы 7 жылга саламаттыкты сактоонун Улуттук планын иштеп чыгуу пландаштырылды
Замглавы Минздрава Бакыт Джангазиев провел совещание секретариата по разработке Национального плана по обеспечению безопасности здоровья, где были обсуждены результаты:
- Совместной внешней оценки реализации мероприятий Международных медико-санитарных правил в республике
- ежегодный отчет на основе самооценки по реализации мероприятий ММСП по 15 ключевым направлениям
- оценки всех рисков в республике при проведении массовых мероприятий, в выявлении всех угроз, связанных с мероприятием, проведение оценки и количественного определения общего уровня риска, а также определение и учет мер предосторожности, которые помогут снизить риск и повысить уровень безопасности мероприятия
- дорожной карты по единому здоровью
“Мы обязаны приложить все усилия и принять все необходимые меры по обеспечению готовности нашей системы для ответных мер на любые угрозы в области общественного здравоохранения”, - отметил заместитель министра здравоохранения Кыргызской Республики Бакыт Джангазиев.
На основе результатов всех ранее проведенных мероприятий запланирована разработка Национального плана по обеспечению безопасности здоровья на ближайшие 7 лет. Реализация данного Национального плана усилит подготовленность организаций здравоохранения к реагированию на различные чрезвычайные ситуации.
09.08.2023
Кыргызстан саламаттыкты сактоодо инсанга багытталган моделди киргизүү тажрыйбасын талкуулоо үчүн аймактын алдыңкы эксперттерин чогултту
Үстүбүздөгү жылы 9-10-августта Ысык-Көл облусунда “Кыргыз Республикасында инсанга багытталган моделдин негизинде баштапкы медициналык-санитардык жардамдын деңгээлинде интеграцияланган кызматтарды ишке ашыруу. Алдынкы практика жана тажрыйба алмашуу” аттуу эл аралык конференция өтүүдө. Конференция Германия өкмөтүнөн кражыланып, GIZ тарабынан ишке ашырылып жаткан «Кыргызстанда баштапкы медициналык санитардык жардамды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү» кыргыз-герман долбоорунун алкагында уюштурулду.
«Инсанга багытталган мамиленин концепциясы медициналык жардамдын сапаты менен ажырагыс байланышта. Концепция көрсөтүлгөн жардам адамдын жеке каалоолоруна, муктаждыктарына жана баалуулуктарына жооп бериши жана клиникалык чечимдерди кабыл алууда анын каалоолору эске алынышы керек дегенди билдирет», - деди өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева.
Мындай ыкманы Кыргызстанга киргизүү 2018-жылы Казакстан Республикасынын Астана шаарында БУУга мүчө өлкөлөр кол койгон Декларациянын принциптерине туура келет. Анда баштапкы медициналык-санитардык жардамды (БМСЖ) өнүктүрүүгө күч-аракет жумшалат жана натыйжада негизги басым аныктоочу факторлорду жана инсанга багытталган мамилени эске алуу менен профилактикага жана ден соолукту чыңдоого жасалат.
Конференцияда Казакстан Республикасынан келген спикерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Алматыдагы баштапкы медициналык-санитардык жардам борборунун колдоосу менен Жамбыл облусунда адамга багытталган мамилени ишке ашыруудагы кадамдары менен бөлүштү. Ал эми Ош шаарындагы жана Чүй облусундагы пилоттук саламаттыкты сактоо уюмдары өздөрүнүн тажрыйбалары жана алынган сабактары менен бөлүшүштү.
Кыргызстандагы инсанга багытталган мамиленин символу каттама курак тандалып алынды, анын ар бир катмары адам жашаган, окуган жана иштеген чөйрөнү (инсан, үй-бүлө жана коом) чагылдырат, ал эми чырмалышуусу анын ден соолугуна таасир этүүчү шарттар – каржы, саясат, экология ж.б. ДСУнун маалыматы боюнча калктын ден соолугунун деңгээли саламаттык сактоо системасынын шарттарынан 10% гана көз каранды, калган факторлор социалдык шарттар, жашоо образы жана тукум куучулук болуп саналат. Ошондуктан медициналык жардам көрсөтүүдө аларды эске алуу маанилүү.
09.08.2023
Кызыл-Кыя жалпы дарыгердик практикалык борборунун материалдык-техникалык базасын чыңдоо иштери уланууда
Ушул жылдын 8-августунда Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн директору Жигитов Канатбек жана көз оорулар боюнча координатору Давранов Бакытбек тарабынан 2 млн 120 миң сомдук операциялык микроскоп жана 45 миң сомдук стабилизатор көз оорулар бөлүмүнө белекке берилди.
Бул да болсо бейтаптарга жана кайрылган жарандарга сапаттуу медициналык тейлөө көрсөтүүгө болгон жетекчиликтин менен кызматкерлердин аракети. Буюрса, дагы да оорукананын материалдык техникалык базасын чыңдоо, толуктоо аракети улана бермекчи.
Оорукананын ар тараптан өнүгүүсүнө кошкон салымы жана кызматташтыгы үчүн Кызыл-Кыя Жалпы дарыгерлик практика борборунун эмгек жамааты Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомуна ыраазычылык билдирет.
03.08.2023
Чек талап кылып, байге утуп ал!
Урматтуу саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлери, кассалык чек талап кылып, экономиканын көмүскө секторун ачыкка чыгарууга салым кошууга чакырабыз!
Салык кызматынын лотереясына катышып, баалуу белектерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүн өткөрүп жибербеңиз. 25-30-декабрда лотереянын утушунун 2-этабы болот, анда 1244 байге, анын ичинде Бишкектен 10 батир, 11 электромобиль, чет өлкөгө 4 жолдомо, 521 iPhone14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 21 фен ойнотулат.
Товарларды же кызматтарды сатып алууда алынган кассалык чектерди «Салык чек» тиркемесинен сканерден өткөрүңүз.
Толук маалыматты lottery.salyk.kg сайтынан алууга болот.
02.08.2023
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жаңы МРТ аппаратын орнотуу иштери башталды
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда (ЭжБКУБ) жаңы МРТ аппаратын орнотуу иштери баштады. Жаңы медициналык жабдуу алдыңкы технологиялар менен жабдылган жана бардык курактагы бейтаптарды диагностикалык текшерүүгө мүмкүндүк берет. Учурда медициналык жабдууну орнотуу иштери жүрүп жатат, андан соң тууралоо иштери жүргүзүлөт. Аппаратты ишке киргизүү августтун аягына пландалууда.
Бул аппарат Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "COVID-19га ыкчам чара көрүү" долбоору аркылуу сатылып алынган.
1996-жылдан бери иштеп келе жаткан Бишкектеги жалгыз мамлекеттик МРТ аппараты 2022-жылы иштен чыккан. МРТ текшерүүсүнө муктаж бейтаптар жеке медициналык борборлорго кайрылууга аргасыз болуп, бейтаптарга жана медицина кызматкерлерине ыңгайсыздыктарды жаратууда. MРТ диагностикасы балдар жана ымыркайлар үчүн да коопсуз, анткени ал магниттик таасирге негизделген, анын натыйжасында бейтаптар радиациянын төмөн дозасын алышат.
Ошондой эле, быйылкы жылы КР Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталга дагы бир МРТ аппаратынын келиши жана орнотулушу күтүлүүдө.
"COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун максаты - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө COVID-19 коркунучун алдын алууда, аныктоодо жана ага жооп кайтарууда жана саламаттыкты сактоонун улуттук системасын бекемдөөгө колдоо көрсөтүү.
01.08.2023
Кытайдан келген офтальмолог дарыгерлер Ошто катаракта илдетине 300 операция жасашат
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын микрохирургия бөлүмүнүн базасында 2023-жылдын 18-сентябрынан 28-сентябрына чейин “Экспресс ден соолук – Жаркын саякат” долбоорунун алкагында Кытай Эл Республикасынан келген офтальмолог дарыгерлер текшерүүлөрдү жана операцияларды (катаракта илдетине 300 операция) жасашат.
Оорулууларды алдын ала текшерүү жана каттоо жашаган жери боюнча жүргүзүлөт.
Бейтаптарга маалымат үчүн - жаныңызда өздүгүңүздү тастыктаган документтериңиз, күбөлүгүңүз (пенсия, майыптыгы, баатыр эне ж.б.) болушу керек.
Кошумча суроолор боюнча: 0999 94 95 91; 0551 68 66 17
01.08.2023
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Бишкек шаарындагы Медициналык тез жардам борборун каржылоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү
2023-жылдын 1-августунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Бишкек шаарындагы Медициналык тез жардам борборун каржылоо маселесин талкуулаган жыйын өткөрдү. Жыйынга борбордун жетекчилиги, КР Саламаттык сактоо министрлигинин Финансы башкармалыгынын жана ММК фондунун өкүлдөрү катышты. Талкуунун негизги темасы борбордун дарыгер, орто жана кенже кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө системасы болду.
Тез жардам борборунун директору Искендер Шаяхметов кызматкерлердин эмгек акысынын учурдагы абалы тууралуу кеңири маалымат берди. Ал белгилегендей, кызматкерлер кепилденген эмгек маяна алышууда, мындан тышкары эмгек акы фондусун үнөмдөөнүн эсебинен түзүлө турган эмгекке катышуу коэффициенти (ЭКК) түрүндөгү үстөк бар.
Белгилей кетсек, COVID-19 пандемиясынын учурунда кошумча төлөмдөр чегерилген, алар 2022-жылдын апрелинен тарта өзгөчө кырдаалдын алынып салынышына байланыштуу токтотулган. Алсак, 2020-жылдан 2022-жылдын апрелине чейин COVID-19 менен ооругандарды ташуу үчүн кошумча төлөмдөргө 25,5 миллион сом бөлүнгөн. Дарыгерлерге – 750 сом, орто кызматкерге – 600, кенже кызматкерлерге жана айдоочуларга – 500 сомдон.
2020-жылга - 4445,6 миң сом;
2021 -18170,0 миң сом, анын ичинен - 1701,0 миң сом кызматкерлерге келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн төлөмдөр;
2022-жылдын 12-апрелине чейин - 2977,9 миң сом, анын ичинен - 712,5 миң сом кызматкерлерге келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн төлөмдөр.
«Кызматкерлердин эмгек акыларын текшерүү учурунда Тез жардам борборунун айрым кызматкерлеринин айлык акысы 25 миң сомдон 11 миң сомго чейин кыскарганы тууралуу маалымат тастыкталбаганы белгилүү болду», - деди Искендер Шаяхметов. "Маалыматтарга кылдат талдоо жүргүзүлүп, кызматкерлерге туура маяна толук төлөнүп берилгени белгилүү болду. Бирок фельдшерлердин биринин айлык жүктөмүн толук аткарбагандыгы (толук эмес милдеттеме) аныкталып, натыйжада анын айлыгынын азайышы, бул адистин чегерилиши 25 миц сомду тузет.
Жыйындын жыйынтыгында министр Гүлнара Баатырова Финансы башкармалыгына жана ММК фондуна Медициналык тез жардам борборунун кызматкерлеринин эмгек акысын карап чыгууну тапшырды. Министр бюджеттик каражаттарды сарптоодо ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана жол берилгис каталарды же мыйзамсыз аракеттерди болтурбоо максатында үзгүлтүксүз текшерүүлөрдү жана аудиттерди жүргүзүү зарылдыгына көңүл бурду. Текшерүүлөр жана аудиттер жөнүндө отчеттор Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилигине берилүүгө тийиш, ошондой эле бардык кызыкдар тараптардын таанышуусу үчүн жеткиликтүү болушу шарт.
Министр ошондой эле Бишкектеги Медициналык тез жардам борборунун жетекчиси Искендер Шаяхметовго кызматкерлерге чегерүүлөр жана эмгек акылар тууралуу маалымат берүү ишин жакшыртууну каалады.
"Биз өз ара сый жана ишеним атмосферасын түзүшүбүз керек, анда команданын ар бир мүчөсү анын укуктары жана кызыкчылыктары корголгондугун билиши керек. Ачык диалогду жүргүзүү эмгек акы системасындагы мүмкүн болгон кемчиликтерди аныктоого жана оңдоого жана аны жакшыртуу боюнча биргелешип аракеттенүүгө жардам берет. Саламаттыкты сактоо уюмдарынын бардык жетекчилеринин медицина кызматкерлери менен ачык баарлашуусу абдан маанилүү. Коллектив менен үзгүлтүксүз байланыш түзүп, администрациянын да, саламаттыкты сактоо министрлигинин да жүргүзүлүп жаткан иштери, анын ичинде эмгек акы боюнча, айрыкча эмгек акы системасында өзгөрүүлөр болгондо өз убагында маалымат берип туруу зарыл. Жумуштагы айкындуулук жана ачыктык -ишенимдин жана кызматташтыктын негизи болуп саналат», - деп баса белгиледи Гүлнара Баатырова.
01.08.2023
Кытайдан келген офтальмологдор катаракта дартына текшерүү жана операцияларды жасашат
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда №1 жана №2 көз микрохирургиясы бөлүмдөрүнүн базасында 2023-жылдын 12-сентябрынан 26-сентябрына чейин «Экспресс ден соолук – Жаркын саякат» долбоорунун алкагында, Кытай Эл Республикасынан келген офтальмологдор текшерүүлөрдү жана операцияларды (катаракта диагнозу боюнча 300 операция) жасашат.
Алдын ала текшерүү жана бейтаптарды каттоо Тоголок Молдо 1/7 дареги боюнча (Улуттук госпиталдын мобилдик клиникасы) 07.08.23-08.09.23 (Дүйшөмбүдөн Жумага чейин) 9:00дөн 16:00гө чейин жүргүзүлөт.
Бейтаптарга маалымат үчүн - жаныңарда өздүгүңүздү тастыктаган документтериңиз, маалымкаттарыңыз (пенсия, майыптыгы, баатыр эне тууралуу ж.б. күбөлүгү) болушу керек.
Байланыш үчүн телефон: 0990800483
31.07.2023
Республика боюнча медициналык кызматкерлер үчүн кызамык менен кызылчанын жайылышын өз убагында локализациялоо боюнча окутуу тренингдер өткөзүлүүдө
2023-жылдын 31-июлдан 17-августка чейин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борбору, Кыргызстандын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жана үй-бүлөлүк медайымдардын ассоциациясы менен биргеликте эпидемиялогиялык көзөмөл системасын активдештирүү жана кызамык менен кызылчанын жайылышын өз убагында чектөө максатында биринчи медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү (БМСЖ), стационардык жана коомдук саламаттык сактоо кызматкерлери үчүн кызамык/кызылча ооруларынын эпидемиологиялык көзөмөлүн жогорулатуу жана ошондой эле полиомиелитке/курч шал оорусуна (ВКБ) эпидкөзөмөлүнө сак болуу маселелери боюнча интеграцияланган тренингдерди өткөрүүдө. Ар бир облустан 40ка жакын медициналык кызматкер – үй-бүлөлүк дарыгерлер окутулат.
Кызамык/кызылчанын өтө жугуштуулугуна байланыштуу эпидемиялогиялык көзөмөл системасын күчөтүү иш-чаралардын жүргүзүлүшүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын аймагында жана оорукананын ичинде инфекциянын, өзгөчө 1 жашка чейинки балдарга таралуу коркунучу бар.
Медициналык кызматкерлерди окутуунун негизги максаты - бардык деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын кызамык жана кызылча ооруларына, ошондой эле полиомиелит оорусуна чалдыккандардын эң кичинекей топторун да табууга жөндөмдүүлүгүн жана вирустун үзгүлтүксүз табигый циркуляциясын аныктоого билим деңгээлин жогорулатуу.
Окутуунун жүрүшүндө медицина кызматкерлери этиологиясы, диагностикасы, дарылоосу жана алардын клиникалык табияты боюнча кеңири маалымат алышат, жана ошондой эле байкоо системасынын иштеши ооруларды иликтөө жана диагнозду тастыктоо боюнча да кеңири талкууланат.
Тренингдер КР Саламаттык сактоо министрлигинин 2023-жылдын 28-июлунда №908 «Баштапкы медициналык-санитардык жардам боюнча медициналык кызматкерлери үчүн кызамык жана кызылча ооруларын өз убагында локализациялоо тууралуу окутуу тренинг өткөрүү жөнүндө» буйругунун негизинде, БДССУнун техникалык колдоосу менен өткөрүлүүдө.
Бул иш-чаранын жыйынтыгында республика боюнча 300дөн ашык медицина кызматкерлери окутулат.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпысынан 1507 кызамык оорусу катталган.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун маалыматы боюнча, Россия Федерациясында 4274 учур, Казакстан Республикасында 2700 учур, Өзбекстанда 50 учур жана Түркияда 1543 учур катталган.
28.07.2023
Калктын маалымдуулугун жогорулатуу жана саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупциянын алдын алуу
КР Саламаттык сактоо министрлигинде саламаттык сактоо тармагында аткарылып жаткан иштер жана коррупциянын алдын алуу боюнча калкка маалымат берүү иштерин күчөтүү багытында жыйындар өткөрүлө баштады. Алсак, Ош жана Баткен облустарындагы иш-чарага саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери жана негизги тармактык эксперттер чогулуп, бул маанилүү максаттарга жетүү үчүн активдүү талкуулап, стратегияларды иштеп чыгышты.
Жыйындын негизги максаты саламаттыкты сактоо тармагынын ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана калктын саламаттыкты сактоо системасына болгон ишенимин арттыруу үчүн бекем негиз түзүү болду. Коомчулук менен эффективдүү байланыш бул максатка жетүү үчүн абдан маанилүү, анткени туура байланыш саламаттыкты сактоо уюмдарын алар тейлеген жамааттар менен байланышта кармап турат.
Жолугушууда негизги талкуулар төмөнкүлөрдү камтыды:
1. Коомдук маалыматтык стратегияны иштеп чыгуу: Саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери коомчулуктун кеңири маалымат стратегиясын иштеп чыгуу керек деген пикирге келишти. Бул стратегия уюмдардын иши, медициналык кызматтар, демилгелер жана жетишкендиктер тууралуу маалыматты ачык-айкын жайылтуу үчүн түрдүү медиа-платформаларды, социалдык тармактарды жана башка каражаттарды колдонууну камтыйт.
2. Коомчулук менен өнөктөштүк: Саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери коомчулукту чечимдерди кабыл алууга жана медициналык кызматтарды көрсөтүүгө жигердүү тартуунун маанилүүлүгүн түшүнүштү. Буга байланыштуу саламаттык сактоо системасын жакшыртуу боюнча коомчулук өз ой-пикирлерин жана сунуштарын бөлүшө ала турган кайра байланыш механизмдерин иштеп чыгуу талкууланды.
3. Кадрларды окутуу: Коррупциянын алдын алуунун негизги аспектилеринин бири медициналык кызматкерлерди этикалык принциптерге жана жүрүм-турум стандарттарына үйрөтүү болуп саналат. Дарыгерлердин жана медициналык кызматкерлердин арасында жогорку профессионалдуулукту жана ак ниеттүүлүктү камсыз кылуучу окуу программаларын үзгүлтүксүз өткөрүү пландары түзүлдү.
4. Коррупцияга каршы чараларды белгилөө: Жыйындын катышуучулары саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупция менен күрөшүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Медицина кызматкерлеринин арасында ар кандай коррупциялык элементтердин алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча кошумча чараларды көрүү зарылчылыгы жөнүндө макулдашууга жетишилди. Бул коррупциялык фактыларды билдирүүнүн жана маалымат берүүчүлөрдү коргоонун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгууну жана ишке ашырууну камтыйт.
5. Мониторинг жана баалоо: Бардык көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугун камсыздоо үчүн саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери мониторинг жана баалоо системасын түзүүнү макулдашышты. Бул коомчулукту маалымдоо жана коррупцияга каршы стратегияны ишке ашыруунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүгө, ошондой эле чакырыктарга жана көйгөйлөргө жооп берүүгө мүмкүндүк берет.
27.07.2023
Саламаттык сактоо министрлигинде Коомдук саламаттык сактоо институтунун түзүмү боюнча маселе каралды
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги министрликтин алдындагы жаңы түзүлгөн уюм Коомдук саламаттык сактоо институту жана Кан аркылуу таралган вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборлорун оптималдаштыруу маселеси боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-ж. 7-июлундагы №340 токтомун аткаруу максатында, министрлик 2023-жылдын 20-июлундагы №875 буйругу менен аталган институттун жетекчилигине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө жана тартипте Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында кайра каттоону жүргүзүүнү милдеттендирген.
Ошону менен бирге, Коомдук саламаттык сактоо институтунун жетекчилигинин демилгесинин негизинде, Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация, ошондой эле Кан аркылуу таралган вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборлорун Коомдук саламаттык сактоо институтунун курамына кошуу боюнча бирдиктүү түзүмдүн долбоорун Саламаттык сактоо министрлигинин кароосуна киргизүү маселеси да тапшырылган.
Бүгүн, 27-июлда министрликте Коомдук саламаттык сактоо институту жана Кан аркылуу таралган вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборлорунун жетекчилери менен бирге болуп өткөн жолугушууда аталган борборлорду институттун курамына кошуу боюнча маселелер каралып, анда баары бир пикирге келишти. Талкуунун соңунда Кан аркылуу таралган вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борборлору мурункудай эле, Министрликтин астында өз алдынча борбор катары жумуш алып барышаары чечилди.
Белгилей кетчү нерсе, инститтутун түзүмү Институттун Уставына ылайык, Коомдук саламаттык сактоо институтунун окумуштуулар кеңешинин чечими менен Саламаттык сактоо министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча Коомдук саламаттык сактоо институтунун директору тарабынан бекитилет.
Министрлик саламаттык сактоо уюмдары тарабынан киргизилген жарандарга көрсөтүлүүчү медициналык кызматтарды натыйжалуулукка жана жакшыртууга багытталган демилгелерди ачык түрдө биргеликте кароого жана талкуулоого дайыма мүмкүнчүлүк берет жана кубаттайт.
27.07.2023
В г.Ош прошло совещание по обсуждению организации первого национального исследования распространенности антимикробной резистентности
В городе Ош 27 июля 2023 года Министерством здравоохранения Кыргызской Республики проводит рабочее совещание по вопросам подготовки организаций здравоохранения Кыргызской Республики к проведению первого пилотного национального исследования распространенности антибиотикорезистентности, данное исследование проводится впервые в мире. Совещание организовано при технической грантовой поддержке ВОЗ.
Целью рабочего совещания выступает ознакомление руководителей организаций здравоохранения, участвующих в реализации данного исследования, с основными целями, задачами и характеристиками исследования для того, чтобы сформулировать основные приоритетные направления организации и координации предстоящей работы, оценить имеющиеся ресурсы в совокупности с предоставляемой технической поддержкой ВОЗ для достижения ожидаемых результатов, определить дальнейшие шаги на национальном и локальном уровнях.
Мероприятие проходит с участием заместителя министра Тилека Мамадалиева, начальников управлений Минздрава КР, а также руководителей организаций здравоохранения Ошской, Баткенской и Джалал-Абадской областей, в которых будет проводиться пилотное исследование.
В ходе совещания, заместитель министра Тилек Мамадалиев отметил, что создание надежной системы сбора данных о структуре устойчивости к антимикробным препаратам и разработка соответствующей политики здравоохранения нацелено на улучшение рационального использования АМП и снижение заболеваемости антибиотикорезистентными инфекциями в стране.
Проблема устойчивости к противомикробным препаратам представляет собой глобальную угрозу для здоровья и развития стран. ВОЗ назвала проблему устойчивости к противомикробным препаратам одной из 10 стоящих перед человечеством глобальных угроз здоровью населения.
27.07.2023
Санарип амбулатордук карта Баткен шаарында ишке кирди
Саламаттыкты сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Бакыт Джангазиев Баткен облусундагы аймактык саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери менен Санариптик амбулатордук картаны ишке киргизүү боюнча жыйын өткөрдү.
«Министрликтин жетекчилиги саламаттыкты сактоодо санариптик чечимдерди колдонууга артыкчылык берет. Министр коллегияда саламаттыкты сактоону санариптештирүү бирдиктүү санариптик схеманы түзүү менен бардык кызматтар аркылуу өткөнминистрликтин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын билдирди. Ошондуктан, санариптик амбулатордук картаны колдонуу бул иш-чараларды ишке ашыруудагы дагы бир кадам болуп саналат», - деп белгиледи министрдин орун басары.
Иш сапардын жүрүшүндө министрдин орун басарына саламаттыкты сактоонун учурдагы маалыматтык системалары көрсөтүлүп, Баткен облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координатору Арзыбек Бөрүбаев iLAB лабораториялык маалымат системасы иш жүзүндө толугу менен колдонулуп жатканын, бардык жыйынтыктар маалыматтык системанын жардамы менен чыгарылып жатканын билдирди.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы №9 ҮМБга болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырованын тапшырмасын аткаруу максатында Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлерин окутуу башталды.
26.07.2023
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Кытайдын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушуп, саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулады
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде 2023-жылы 25-июлда өткөн жолугушууда министр Гүлнара Баатырова Кытай Эл Республикасынын элчиси Ду Дэвэнь айым менен саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулады.
Ду Дэвэнь айым Кытай Эл Республикасынын Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Эл аралык кызматташтык борборунун ушул жылдын сентябрь айында “Экспресс ден соолук” долбоорун ишке ашыруу боюнча пландары тууралуу маалымат берди. Бул долбоордун алкагында 600 кыргызстандыкка катаракта илдетине бекер операция жасалса, анын ичинен Бишкекте 300, Ошто дагы 300 операция жасоо пландалууда. Операциялар Улуттук госпиталдын жана Ош облустар аралык бириккен ооруканасынын базасында жүргүзүлөт.
Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн Кытай тарап аталган медициналык мекемелердин базасында операцияларды жүргүзө турган медициналык адистердин эки тобун жөнөтөт. Мындан тышкары, офтальмология бөлүмү үчүн кароо кабинетин түзүүнү камсыз кылуу максатында Ош облустар аралык бириккен ооруканасы керектүү медициналык жабдууларды бекер алат.
Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагына кошкон баа жеткис салымы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелердин мындан аркы өнүгүшүнө жана саламаттыкты сактоо тармагында өз ара колдоо жана түшүнүүчүлүктүн бекемделишине ишенимин баса белгиледи. Министр эки өлкөнүн саламаттыкты сактоо системасын өркүндөтүүгө багытталган мындан аркы кызматташууга, анын ичинде баштапкы медициналык-санитардык жардамды жана калктын ден соолугун өнүктүрүүгө үмүттөнөрүн билдирди.
Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуусу көптөгөн жарандарыбызга пайда алып келээрин белгилешип, «Экспресс ден соолук» долбоорунун жана башка келечектеги демилгелердинийгиликтүү ишке ашырылышына ишенимин билдиришти.
26.07.2023
Ислам өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы Миссиясы Өлкөнүн Өнөктөштүк Стратегиясынын алкагында аймактагы саламаттыкты сактоо тармагына колдоо көрсөтүүнү талкуулады
Бүгүн, 2023-жылдын 26-июлунда, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Ислам өнүктүрүү банкынын аймактык өкүлчүлүгүнүн башчысы Ибрахим Шукри мырза менен жолугушту.
Жолугушууда аймактагы саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртуу боюнча кызматташуунун маанилүү маселелери талкууланды. Тараптар өлкөнүн медициналык инфраструктурасын чыңдоого колдоо көрсөтүүнүн түрдүү варианттарын талкуулашты.
Негизги маселелердин бири калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу үчүн Нарын облустук бириккен ооруканасынын аймагына кошумча имарат курууга, ошондой эле Ош облустар аралык онкология борборунун заманбап имаратын курууга көмөктөшүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоо болду. Бул контекстте Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова Ислам өнүктүрүү банкына бул долбоорлорго финансылык жана техникалык колдоо көрсөтүүгө даярдыгы үчүн терең ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле Кыргызстанга 2021-жылдын ноябрь айынан баштап республиканын алыскы аймактарынын тургундарын акысыз медициналык кароодон өткөрүп жаткан мульти-диагностикалык мобилдик комплекс тартуулаганы үчүн ыраазычылык билдирди.
Ислам Өнүктүрүү Банкынын өкүлү Ибрахим Шукри мырза, анын уюму аймактагы саламаттыкты сактоону жакшыртууга олуттуу салым кошууга жана Кыргызстанда медициналык кызматтын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин ырастады.
Өлкөнүн Өнөктөштүк Стратегиясынын алкагында Ислам Өнүктүрүү Банкынын Кыргыз Республикасындагы Миссиясы өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагындагы улуттук артыкчылыктарына жетишүүсүнө колдоо көрсөтүү үчүн Кыргызстандын мамлекеттик жана жеке жактары менен өнөктөштүктү бекемдөөгө умтулуусун көрсөттү.
Эки тараптын өкүлдөрү Кыргызстандын жарандарынын жашоо-турмушун жана ден соолугун жакшыртууга мүмкүндүк берүүчү бул маанилүү долбоорлорду ишке ашырууда ийгиликтүү кызматташууга жана биргелешкен күч-аракеттерге үмүттөнөрүн билдиришти.
26.07.2023
Ош шаарындагы тез жардам кызматын автоматташтыруу
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Джангазиев Ош шаарындагы Тез жардам борборунун автоматташтырылган маалымат тутумун пилоттук режимде ишке киргизүүнүн жүрүшү менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө министрдин орун басарына чалууларды каттоо, чакырууга баруучу топту аныктоо, медициналык документтерди электрондук түрдө толтуруу сыяктуу маалыматтык системанын мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү.
«Ош шаарындагы тез жардам кызматын автоматташтыруу быйылкы жылы ишке ашырып жаткан приоритеттүү долбоорлордун бири. Биз жакынкы келечекте санариптик чечимдерди ишке ашырууда оң натыйжаларды көрө баштайбыз деп күтөбүз – бул биринчи кезекте чалууну иштеп чыгуу убактысынын кыскарышы. Пилоттук долбоордун жыйынтыгы менен биз республикада маалыматтык системаны кеңейтүү боюнча иштерди баштайбыз», - деп белгиледи министрдин орун басары Бакыт Джангазиев.
Министрдин орун басары Ош шаарындагы Медициналык тез жардам борборунун, Ош шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жана клиникалык ооруканасынын жетекчилери, Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү менен медициналык жардам көрсөтүүдөгү үзгүлтүксүздүк жана маалымат системасынын туруктуулугу үчүн бейтаптар тууралуу маалымат алмашуу маселелерин талкуулады.
Белгилей кетсек, «Санарип MED» санариптик саламаттыкты сактоону өнүктүрүүнүн максаттуу моделин ишке ашыруунун алкагында бейтаптардын жана медицина кызматкерлеринин ыңгайлуулугу үчүн бардык иштелип чыккан маалыматтык системалар бирдиктүү санариптик схемага интеграцияланган.
25.07.2023
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыгын чыгарды
2023-жылдын 25-июлунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде коллегия өтүп, анда ведомствонун 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыгы чыгарылды.
Коллегия Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсаловдун, коллегиянын мүчөлөрүнүн жана республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда өттү.
Эдиль Жолдубаевич Байсалов өз сөзүндө үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында жалпы өлүм көрсөткүчүнүн азайышын, ымыркайлардын жана энелердин өлүмүнүн азайгандыгын баса белгиледи. «Өлкөдө жалпы өлүмдүн олуттуу төмөндөшү медицина кызматкерлеринин ишининнатыйжалуулугун, жакшыртылган медициналык технологияларды жана сапаттуу дарылоонун жеткиликтүүлүгүн көрсөтүп турат. Саламаттыкты сактоо системасынын ийгилигинин эң маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири - ымыркайлардын өлүмүнүн кыскарышы болуп саналат. Эненин жана баланын ден соолугун коргоо боюнча жаңы программаларды киргизүү, педиатриялык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана болочок ата-энелерге балага кам көрүү боюнча билим берүү бул көрсөткүчтүн жакшыруусуна өбөлгө түздү. Акушердик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, кош бойлуу аялдарды колдоо жана медициналык кызматкерлерди даярдоону жакшыртуу менен энелердин өлүмүн азайтууга мүмкүн болду. Бул келечек муундардын саламаттыгын камсыздоодогу маанилүү кадам. Жетишилген ийгиликтерге карабастан, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Саламаттык сактоо министрлиги саламаттыкты сактоо системасын жакшыртуу боюнча биргелешкен иштерди уланта бермекчи. Алыскы аймактарда медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, санариптик чечимдерди иштеп чыгуу жана ар кандай ооруларды диагностикалоо жана дарылоодо инновациялык ыкмаларды киргизүү боюнча кошумча иш-чаралар пландаштырылууда. Жарым жылдыктагы жетишкендиктер туура багыт алынганын, саламаттыкты сактоо тармагындагы аракеттер токтобой турганын айгинелейт. Өкмөт медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын мындан ары жакшыртууга жана өлкөнүн калкынын саламаттыгын камсыздоого умтулат”.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова ведомствонун жарым жылдыктагы ишинин жыйынтыгы боюнча баяндама жасап, ошондой эле негизги оорулар боюнча статистикалык көрсөткүчтөргө токтолду.
Республикада калктын өлүмүнүн жалпы көрсөткүчү КР УСКнын алдын ала маалыматтары боюнча өткөн жылга салыштырмалуу 12,0%га төмөндөп, 1000 жашоочуга 4,4 түздү (2022-ж. - 5,0). 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында жалпы республика боюнча ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчүнүн 1,3%га төмөндөшү белгиленген (2023-ж. - 14,7; 2022-ж. - 1000 тирүү төрөлгөнгө 14,9). Энелердин өлүмүнүн деңгээли былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,6%га төмөндөгөн (2022-ж. – 33,1/23 аб.с.; 2023-ж. – 100 000 тирүү төрөлгөнгө 29,0/20).
Ошондой эле, министр Гүлнара Баатырова республиканын калкына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында министрдин орун басарларына, ведомстволук уюмдардын жетекчилерине жана башкармалыктардын башчыларына бир катар тапшырмаларды берди.
«Биз Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылга карата Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча «Эң жакшы» деген баа алдык. Бул жогорку баа, аны биз жылдын аягында ырасташыбыз керек. Ушуга байланыштуу белгиленген иш-чаралардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликти башкармалыктардын башчыларына жүктөйм. Алар – дары-дармектерге көз салуу системасын киргизүү, “Медициналык туризм” кластерин ишке киргизүү, баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчүлөргө акы төлөө механизми жана Мамлекеттик кепилдик программасын кайра карап чыгуу, көндүмдөрдү жана компетенцияларды баалоо борборун түзүү».
Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилерине медициналык документтерди кагазсыз жүргүзүүгө өтүү үчүн Санариптик амбулатордук картанын ишке ашырылышын жеке көзөмөлгө алуу тапшырылды. Жылдын аягына чейин биз бул маалыматтык системаны 40%дан кем эмес баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарында ишке киргизишибиз керек. «Жылдын аягына чейин медициналык статистиканы чогултуу жана иштеп чыгуу боюнча онлайн платформа иштеп чыгууну тапшырам жана жылдык отчетторду тапшыруу үчүн Бишкекке эч ким келбесин. Ошентип, биз статистикалык маалыматтардын сапаттуу жана ыкчам алынышын камсыздап, иш сапарга кеткен чыгымдардан дээрлик 7 миллион сом үнөмдөйбүз», - дейт Гүлнара Баатырова.
25.07.2023
Ош шаарында үч эм төрөлдү
2023-жылдын 22-июлунда Ош шаарындагы Перинаталдык борбордо кесарево жолу менен үч эм, эки уул жана бир кыз төрөлдү. Биринчи наристе (эркек) 1 200 г салмакта, экинчи наристенин (кыз) салмагы 1 350 г, үчүнчү наристенин (эркек) салмагы 1 280 г болуп төрөлгөн.
Бул Ош облусунун Чоң-Алай районунун 21 жаштагы тургунунун биринчи төрөтү. Төрөт мөөнөтүнөн эрте, 30-жумада болгон.
Ош шаарынын саламаттыкты сактоо координатору Эрмек Нурунбетовдун маалыматы боюнча, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын абалы туруктуу жана дарыгерлердин көзөмөлүндө.
25.07.2023
Санариптик саламаттыкты сактоо: Саламаттык сактоо министрлиги медицина кызматкерлерин кагаз документтеринен бошотот
«Санарип MED» санариптик саламаттыкты сактоону өнүктүрүүнүн максаттуу моделин ишке ашыруунун алкагында 2023-жылдын 20 июлунда Саламаттык сактоо министрлиги Саламаттык сактоо системасынын медициналык документтер бөлүгүндө документ жүгүртүүнү электрондук документтер формасында жүргүзүүнү уюштуруу жөнүндөгү жобону бекитти. Бул жобого ылайык, медицина кызматкерлерине мындан ары баштапкы медициналык документтерди кагаз жүзүндө жана маалыматтык системада кайталоонун зарылдыгы жок болот, бул аларга бейтаптарга көбүрөөк убакыт бөлүүгө мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда жарандарга электрондук кызматтардын мамлекеттик порталындагы санариптик ден соолук профилдеринде аларга көрсөтүлүп жаткан кызматтар тууралуу маалыматты көрүү мүмкүнчүлүгү берилет.
«Менин оюмча, бул тартип саламаттыкты сактоо уюмдарына кагаз иштерин этап – этабы менен жоюуга мүмкүндүк бере турган тармак үчүн негизги документ. Бүгүнкү күнгө чейин маалыматты кайталоо маселеси орун алганын моюнга алуу керек, бул санариптештирүү процессине кедергисин тийгизип, ага болгон ишенимди кетирген. Биз жигердүү алдыга жылып жатабыз, бирок ушуга чейин бардык медициналык документтерди кагаз түрүндө сактоого милдеттүү болчубуз. Эми биз акырындык менен кагаздан баш тартып, "санарипке" өтсөк болот», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова.
Буйрук 2023-жылдын 1-сентябрынан баштап күчүнө кирет жана электрондук документтердин укуктук статусун бекитет жана электрондук медициналык документтерди түзүү, кол коюу жана сактоо, анын ичинде алмашуу жана бейтапка берүү боюнча талаптарды белгилейт.
Белгилей кетчү нерсе, кагазсыз документ жүгүртүүгө өткөнүнө карабастан, бейтаптардын тандоо укугу бар. Эгерде бейтап же анын мыйзамдуу өкүлү медициналык документтердин көчүрмөсүн кагаз түрүндө алууну кааласа, саламаттык сактоо уюму мындай суроо-талапты кайрылган күнү канааттандырууга милдеттүү.