Ден соолук жаңылыктары

Акыркы жанылыктар

04

12

2024

Чүй облусундагы мурдагы оорукананын имараты мамлекетке кайтарылып, облустук төрөт үйү болот

04.12.2024

Шаардык тез жардам балдар ооруканасында кичинекей бейтаптар жана алардын ата-энелери үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү

03.12.2024

КР Саламаттык сактоо министри Клиникалык тез жардам ооруканасына барды

11.05.2022
“Баарына узун өмүр” урааны астында Кыргызстанда эмдөө жумалыгы өткөрүлөт

2022-жылы Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БДССУ) жана БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) колдоосу менен Кыргызстанда 2022-жылдын 11 майдан 18 майга чейин Европалык эмдөө жумалыгын (EЭЖ) өткөрүлөт. ЕЭЖ жугуштуу оорулардан коргоонунун негизги профилактикалык чараларынын бири катары иммунизацияга коомчулуктун көӊүлүн буруу максатында иштелип чыккан. 2022-жылдын Европалык эмдөө жумалыгын (EЭЖ) темасы - “Баарына узун өмүр” жана анын максаты – ар бир адам үчүн узак жана дени сак жашоону камсыз кылуу менен вакциналардын бирдей жана кеӊири жетишээрлигин баса белгилɵɵ.

Эки жүз жылдан ашуун убакыттан бери эмдөө адамзатка дүйнөнү коопсуз кылууга жардам берип келет – биринчи чечекке каршы вакцинадан баштап (1798-жылдан баштап), эң акыркы мРНК вакциналарына чейин, алар COVID-19 оорусунун оор учурларын алдын алуу үчүн колдонулуп келет. Вакциналар ар бирибизди өзүнчө коргойт жана дүйнөлүк коомчулуктун мүчөлөрү катары бардык адамдардын жамааттык ден-соолугун коргоого мүмкүнчүлүк берет.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги Иммундаштыруу программасын коомдук саламаттыкты сактоонун артыкчылыктуу программаларынын бири катары аныктайт жана калкка сапаттуу эмдөө кызматтарынын бирдей жана туруктуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди көрөт. Акыркы бир нече жыл ичинде Кыргызстан БДССУ, ЮНИСЕФ жана ГАВИ техникалык колдоосу менен профилактикалык эмдөөлөрдүн Улуттук календарына бир нече жаңы вакциналар киргизилди: 2009-жылы Пента валенттик вакцина (АКДС-ВГВ-ХИБ), 2016-жылы бириктирилген пневмококк вакцинасы (ПКВ), 2018-жылы инактивацияланган полиомиелит вакцинасы (ИПВ) жана 2019-жылы ротавируска каршы вакцина.

“Коомдук саламаттыкты сактоодо вакциналар иштей тургандыгын жана көптөгөн оорулардан коргоо менен балдардын ден-соолугун чыңдалышын камсыз кылып жатканын билебиз. Ар бир ата-эне өзүнүн баласы ишенимдүү жана коопсуз вакциналар болгон ооруларга каршы эмдөө менен корголоорун билиши керек. Өлкөнүн бардык аймактарында балдарга жана чоң кишилерге пландаштырылган жана толуктоочу иммундаштырууну жүргүзүү үчүн 65 мобилдик бригада ишке тартылганын белгилей кетели, ошондой эле коӊшу Тажикистан Республикасында кызамык оорусунун чыгышына байланыштуу, биз ЕЭЖда кызамыкка каршы эмдɵɵгɵ кɵӊүл бурабыз жана республикага бул ооруну келтирбɵгɵ алдын алуу үчүн бардык зарыл чараларды көрөбүз”,- деди Айнура Акматова, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн жетекчиси

"Кылымдар бою жана дүйнө жүзү боюнча ар кандай тектүү адамдар балдарын оорудан сактоонун жолдорун издешкен. Вакциналар бардык ата-энелер ымыркайларына каалаган ишенимдүү коргоону камсыз кылат. Жыл сайын вакциналар 3 миллион адамдын өмүрүн сактап калат. Бирок эмдөөдөн өтпөгөн балдар дагы деле бар, бул аларды тобокелге салат. Биз COVID-19 пандемиясынан айыгууга жана калыбына келтирүүгө инвестиция салып жаткандыктан, бизде ар бир баланы камтыгандай саламаттык сактоо системасын түзүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк пайда болот", - деди Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин байланыш бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Сема Хоста.

"Вакциналар саламаттык сактоонун экономикалык жактан натыйжалуу инструменттеринин бири болуп саналат: балдарды эмдөөгө сарпталган ар бир сом 3000 сомго чейин киреше алып келет. Иммундаштыруу дифтерия, селейме, кызамык, полиомиелит, кызамык, көк жөтөл, вирустук гепатит В, паротит сыяктуу жугуштуу оорулардын көпчүлүгүнөн коргойт, алардын бардыгы өлүмгө же майыптыкка алып келиши мүмкүн. Ошондуктан мен ар бир адамды эмдөө маселесине жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырам, ошондо биз өзүбүздү жана айланадагыларды биргелешип коргой алабыз",- деди ДССУнун Кыргызстандагы кеңсесинин иммунизация боюнча техникалык кызматкери, доктор Жанара Бекенова.

***

Жалпы маалымат: жыл сайын БДССУнун Европа аймагында эмдөөнүн Европа жумалыгы (ЕЭЖ) өтүп, иммундаштыруу оорулардын алдын алуу жана адамдардын өмүрүн коргоо үчүн чоң мааниге ээ деген ойду жайылтууга багытталган. ЕЭЖ алгач 2005-жылы өткөн жана ага аймактын бир нече гана өлкөсү катышкан. Демилгенин максаты ар бир бала вакцина менен алдын ала турган оорулардан коргонууга муктаж жана ага укуктуу деген маалыматты жайылтуу аркылуу эмдɵɵ менен камтууну жогорулатуу болгон. ЕЭЖ дароо аймактагы эң көрүнүктүү жана белгилүү коомдук саламаттыкты сактоо компанияларынын бири болуп калышты.

 

09.05.2022
КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Республикалык СПИД борборунун жетекчилиги Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттукташты

Бүгүн, 9-майда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов, ошондой эле Республикалык СПИД борборунун директору Үмүт Чокморова Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Валентина Дмитриевна Гудкованы Улуу Жеңиштин 77 жылдык мааракеси менен куттукташты.

Министрдин орун басары белгилегендей, бул күн, 9-май ар дайым өзгөчө дата бойдон кала берет. Бул ар бир үй-бүлөдө сакталып калган эстелик.

«Улуу Ата Мекендик согуштун фронтторунда 360 миңден ашуун кыргызстандыктар салгылашкан жана алардын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталган. Сиз өзүңүздүн үлгүңүз менен бүткүл адамзаттын фашизмге каршы күрөшүндө кайраттуулукту жана эрдикти көрсөттүңүз. Улуу Жеңиш үчүн рахмат!”, - деди КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин орун басары Улук-Бек Бектурганов.

Өз кезегинде Республикалык СПИДке каршы күрөшүү борборунун директору Үмүт Чокморова да Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Валентина Дмитриевнаны куттуктап, эр жүрөк баатырлар муунуна терең ыраазычылыгын билдирди.

Белгилей кетсек, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Гудкова Валентина Дмитриевна 1936-жылы туулган. 1942-жылы үй-бүлөсү менен Германиянын батыш зонасына жеткирилип, туткунга алынган. Туткунда бала кезинде 1945-жылга чейин талаада иштеген. 1945-жылы Валентина Дмитриевнанын үй-бүлөсү америкалык жоокерлер тарабынан бошотулуп, алгач Германиянын Гёттинген шаарына, андан соң Англияга, акырында Смоленск областындагы мекенине жөнөтүлгөн. Согуштан кийин ал А.И. Микоян атындагы заводдо иштеген. 1956-жылы үй-бүлөсү менен Кыргызстанга көчүп келген. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагеринин бир кызы жана алты небереси бар.

09.05.2022
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Наталья Федоровна Иманованы Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады

2022-жылдын 9-майында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жапаркул Ташиев, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Уюштуруу иштери башкармалыгынын башчысы Гүлмира Ибраева, Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин директору Нурдин Кагадзиевдер болуп, Наталья Федоровна Иманованы Улуу Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттукташты. 

 

Иманова Наталья Федоровна концлагердин туткуну болгон. Ал Россия Федерациясынын Смоленск облусунан. Кичинекей кезинде ата-энесиз калган, апасы блокадада калган Ленинградда каза болгон, атасы согушта дайынсыз жоголгон. Ал жашаган айылды немистер басып алганда, чоң ата, чоң энеси менен туткунга алынып, Германияга жөнөтүлгөн. Чоң атасы менен чоң апасы улгайып калгандыктан, Латвияда жайгашкан Саласпилс концлагерине жөнөтүлгөн. Согуштун бардык үрөйүн учурган кыйынчылыктарын көргөн Наталья Федоровна концлагерде аман калып, 1944-жылы советтик аскерлер тарабынан бошотулган. Жолдошу менен армияда кызмат өтөп жүргөндө таанышып, баш кошуп, Кыргызстанга келип жашап калышат. Азыр Наталья Федоровна 84 жашта, анын эки кызы, беш небереси жана эки чөбөрөсү бар. Көп жылдар бою Политехникалык институтта электромонтер, андан кийин бухгалтер болуп эмгектенип, бүгүнкү күндө ардактуу эс алууда.

 

Министрдин орун басары Жапаркул Ташиев министрликтин жетекчилигинин жана жамаатынын атынан, ошондой эле республиканын бардык медицина кызматкерлеринин атынан Наталья Федоровнаны майрамы менен куттуктап, ага узун өмүр каалап, дары-дармектерди жана белектерди тапшырды. «Улуу Ата Мекендик согушта жасаган эрдиктериңиз түбөлүккө эрдиктин, туруктуулуктун жана мекенчилдиктин символу болуп кала берет. Бүткүл адамзат үчүн кылган эрдигиңиз  үчүн биз сизге чексиз ыраазыбыз. Ал эми чоң аталарыбыз менен чоң апаларыбыз бизге эркиндикти, бейпил асманды тартуулаган курмандыктарын түбөлүк эсибизде», - деп белгиледи министрдин орун басары.

08.05.2022
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерин куттуктоо

Бүгүн, 2022-жылдын 8-майында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин директору Султан Абдыкадыров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Петр Хищенкону Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттукташты.

Ардагерге саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жана министрликтин жамаатынын атынан, ошондой эле республиканын бардык медицина кызматкерлеринин атынан эстелик белектер тапшырылды.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө министрдин орун басары Петр Семеновичке узак  өмүр, чың ден соолук каалады. «Бул баарыбыз үчүн өзгөчө майрам. Көптөгөн аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын, чоң апаларыбыздын өмүрү кыйылып, биз бул жеңишке жеттик. Келечек муундар үчүн өлкөнүн тынчтыгын, эркиндигин сактап калууда Сиздин эрдигиңиз түбөлүктүү! Зор эмгегиңиз, турмуштук акылмандыгыңыз үчүн сизге терең ыраазычылык. Биздин бугунку кунубуз жана балдарыбыздын келечеги учун сиздерге таазим. Бизге эркиндик, бейпил асман тартуулаган чоң аталарыбыз менен чоң энелерибиздин курмандыктары ар дайым эсибизде», - деди Жалалидин Рахматулаев.

06.05.2022
Саламаттык сактоо министрлиги катуу жаандан кийин сел жургон аймактын жашоочуларынан кабар алды

Ош облусуна караштуу Алай районунун Корул айыл окмотундо 2022-жылдын 3-майында катуу жаандан кийин сел жургон жерге Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башчысы Нурида Жусупбекова, Ош облусунун координаторунун орун басары Шарапат Кожобекова барып кабар алышты. Баса белгилей кетчү нерсе жарандардын ичинен оор жаракат алгандар жок. 2 бейтап канааттандырарлык абалда ооруканада дарыланууда, 9 кош бойлуу аялдардын ичинен 1 төрөдү, абалы туруктуу. Бардыгы медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө. Учурда 2 медициналык бригада толук кандуу иш алып барууда. Бригаданын курамында үй - бүлөлүк дарыгер, офтальмолог, УЗИст бар. Бүгүнкү күндөн баштап Ош облустук адистер (психолог, психиатр, невролог) жеринде барышып, иш алып барууда. Калкка медициналык жардам көрсөтүү үзгүлтүксүз уюштурулган. Дары-дармек жана тез жардам унаасы менен камсыздандырылган. Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл адистери тарабынан дезинфекция иштери жүргүзүлүүдө.

05.05.2022
“100 жылдык жетишкендик”: 5-май – Акушерлердин эл аралык күнү

Жыл сайын 5-майда Кыргызстандын акушерлери өздөрүнүн кесиптик майрамын – Эл аралык акушерлердин күнүн белгилешет.

2022-жылдын 4-майында Бишкекте Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз акушердик альянсы менен биргеликте Эл аралык акушерлердин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрдү. Иш-чара КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин, ДСУнун, Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) жана Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Иш-чарада дүйнөдөгү акушердиктин абалы, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар менен иштөө, санариптик чечимдер сыяктуу актуалдуу маселелер көтөрүлдү. Ошондой эле, иш-чаранын алкагында Саламаттык сактоо министрлигинин жана «Менин кесибим акушер-2022» сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.

Маалымат үчүн:

Жыйырма жылдан ашык убакыттан бери 5-май Эл аралык акушерлердин күнү катары белгиленип келет. Майрамдын идеясы 1987-жылы Нидерландияда өткөн конференцияда Эл аралык акушерлердин ассоциациясы тарабынан сунушталган. Бул күн расмий майрам статусун 1992-жылы гана алган. Бүгүнкү күндө майрам дүйнөнүн 50дөн ашык мамлекетинде, анын ичинде Кыргызстанда да белгиленип келет.

 

Майрамдын негизги максаты - акушерлердин ишинин маанилүүлүгүн калкка жеткирүү. Бул кесиптин мааниси баа жеткис, анткени эне менен баланын өмүрү жана ден соолугу көбүнчө акушеркадан, анын тажрыйбасынан, билиминен жана жөндөмүнөн көз каранды.

 

Бул күн, Эл аралык акушердик конфедерациянын идеясына ылайык, ар бир акушер үчүн жаңы байланыштарды түзүү жана акушерлердин бүткүл дүйнө үчүн кылган иштери тууралуу билимин жогорулатуу үчүн бул кесиптин бардык адамдары жөнүндө ой жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк. Кыргыз акушерлердин альянсы Борбор Азиядагы жалгыз акушерлердин эл аралык конфедерациясына мүчө. Ал эми бул күнү Кыргызстандын акушерлери саламаттыкты чыңдоо менен бирге өлкөдө сапаттуу акушердик жардам көрсөтүү үчүн акушердикти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын башка өлкөлөрдөн келген кесиптештери менен талкуулоо үчүн дүйнөлүк акушердик коомчулукка биригүү мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күтүп келишет. 

29.04.2022
Рефрижератордук жүк ташуучу унаалардын айдоочулары вакцина препараттарын ташууда температураны көзөмөлдөө боюнча билимдерин жогорулатышты

2022-жылдын 27- 28-апрелинде Бишкек шаарында республиканын рефрижератордук унааларынын айдоочулары вакцина препараттарын ташуу учурунда температураны көзөмөлдөө боюнча билимдерин жогорулатышты. Бул тренинг ЮНИСЕФтин техникалык жардамы менен рефрижератордук жүк ташуучу унаалар үчүн рефрижератордук агрегаттар менен алектенген Carrier Transicold корпорациясынын өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүлдү.

Бул тренингдин максаты иммунизациялоонун коопсуз практикасын камсыз кылуу, эмдөөнүн коопсуздугу үчүн эпидемиологиялык көзөмөл системасына комплекстүү мамилени киргизүү жана вакцина препараттарын туура ташуу болуп саналат.

Төмөнкү милдеттер коюлду:

• ар бир сапар бою, бардык жогорку же төмөнкү температура сигналдарына тез жана туура жооп берүү;

• температураны туруктуу жөнгө салуучу рефрижератордук автотранспорттор: айдоочунун кабинасында орнотулган монитордон муздаткыч камерадагы температуранын көрсөткүчтөрүн саатына бир жолудан кем эмес текшерүү;

• ар бир сапардын аягында журналды/маршруттук отчетту толтуруңуз;

Тренингдин жүрүшүндө төмөнкү суроолор талкууланды:

• Вакциналарды жана эриткичтерди ташуу учурунда термикалык идиштерге салуу;

• Вакцинаны ташуу учурунда температураны көзөмөлдөө;

• Рефрижератордук машинаны жүктөө жана иштетүү;

Учурда колдонулуп жаткан вакциналар ташуу жана сактоодо белгилүү бир температуралык режимди катуу сактоону талап кылат, анын бузулушу вакциналардын иммуногендик активдүүлүгүн жарым-жартылай же толук жоготууга алып келет. Катуу система - муздак чынжыр - сакталышы керек.

Муздак чынжыр – бул вакциналарды өндүрүүчүдөн эмделгенге чейинки жолдун бардык этаптарында сактоо жана ташуу үчүн оптималдуу температуралык режимди камсыз кылуучу уюштуруучулук жана практикалык чаралардын тынымсыз иштеп жаткан системасы. Муздак чынжырды сактоо гана вакцинаны айлана-чөйрөнүн температурасынын өзгөрүшүнүн таасиринен коргойт.

 

29.04.2022
Саламаттык сактоо министрлиги менен ДССУнун жаңы биргелешкен изилдөөсү: медициналык кызматкерлер COVID-19 илдети тууралуу эң ишенимдүү маалымат булагы бойдон калууда

Кыргызстанда COVID-19 илдетине карата  жүрүм-турумга талдоо жүргүзүүнүн 5-раундунун негизги учурлары 

Бишкек, Кыргызстан – Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен биргеликте Кыргызстандын калкынын COVID-19 илдети боюнча тажрыйбасына жана кабыл алуусуна талдоо жүргүзүүнүн 5-раундунун жыйынтыгын жарыялады. Талдоо жүргүзүү 2022-жылдын февраль айында ишке ашырылып, Европа Биримдиги жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европалык регионалдык бюросу тарабынан каржылануучу “Борбордук Азиядагы COVID-19 кризисине чара көрүү программасынын” колдоосу менен мүмкүн болду. Изилдөө көрсөткөндөй, саламаттык сактоо адистерине, Саламаттык сактоо министрлигине, мамлекеттик мекемелердин отчетторуна, ДССУга жана COVID боюнча ишеним телефондоруна ишенимдин жогорулашынын эсебинен, маалымат булагы катары, саламаттык сактоо тармагына болгон ишеним 2021-жылдан бери жалпысынан (75%) өскөн. Ошондой эле, изилдөө жүргүзүү аялдардын эркектерге караганда тобокелдикти кабылдоо деңгээли жогору экендигин көрсөттү. Жалпы тобокелдикти кабыл алуу маалымат издөөгө көбүрөөк ыктаган адамдарда жогору өнүккөн. Бирок, көпчүлүк учурда билим деңгээли төмөн адамдардын ооруга кабылышын кабылдоо деңгээли жогору.

Акыркы 3 айдын ичинде (2021-жылдын декабрь айы; 2022-жылдын январь, февраль айлары) респонденттердин 25%ынын жеке финансылык абалы начарлаган (2021-жылдагы деңгээлге салыштырганда, алардын финансылык абалы 35%га начарлаган).

Мурдагыдай эле алдыдагы экономикалык кесепеттер тууралуу тынчсыздануу респонденттердин арасында кеңири таралган: алардын 69% абдан  кооптонушат.

Изилдөө көрсөткөндөй, аялдар коргонуу жүрүм-турум үлгүлөрүн көбүрөөк колдоно тургандыгы аныкталды. Мындай көрүнүш саламаттык сактоо тармагына болгон ишеним менен жана тегерегинде ооруган жакындарынын болушу менен шартталган. Жашыраак эркектер (18-29 жаш) ошол эле курактагы аялдарга караганда көбүрөөк эмделишет. Жалпысынан калктын эмдөөгө болгон терс көз карашынын деңгээли төмөндөдү, бирок 19% дагы эле эмдөөдөн өтпөй тургандыгын белгилешти.

 «Тез, оңой жана колдонууга ийкемдүү, жүрүм-турумду талдоо куралы өлкөлөргө COVID-19 илдетине каршы чара көрүү боюнча алардын иш-аракеттерин колдоо жана негиздөө үчүн баа жеткис маалыматтарды сунуштайт. Жаңы коронавирус илдетине каршы күрөшүүдөгү ийгилигибиз адамдардын маалыматка ээ болушунан, коомдук саламаттык сактоо боюнча туура чараларды көрүүгө болгон каалоосунан жана мүмкүнчүлүктөрүнөн  көз каранды», деп белгиледи өз сөзүндө Назира Артыкова, ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү.

Изилдөөнүн 5-чи толук версиясы https://bit.ly/36PyK3F аркылуу англис жана орус тилдеринде жеткиликтүү.

1, 2, 3, 4 изилдөөлөрдүн толук версиялары англис жана орус тилдеринде дагы https://bit.ly/3OQtAps жеткиликтүү.

 

###

Жүрүм-турумга талдоо жүргүзүүнү изилдөө тууралуу маалымат: ДССУнун COVID-19 илдетине карата  жүрүм-турумга талдоо жүргүзүү куралы – бул ДССУнун  калктын билим деңгээлине, тобокелдикти кабыл алуусуна, жүрүм-турумуна жана ишенимине тез, ийкемдүү жана үнөмдүү мониторинг жүргүзүү куралы, ал азыр ДССУнун Европа аймагындагы өлкөлөргө COVID-19 илдетине каршы актуалдуу жана таасирдүү чараларды көрүү үчүн жеткиликтүү. Кыргызстанда COVID-19 илдетине карата  жүрүм-турумга талдоо жүргүзүүнүн 5-раундунун  маалыматтары (ошондой эле мурунку 1-4-раунддар) компьютердик телефондук интервьюларды (CATI) колдонуу менен чогултулган, ага Кыргызстандын жети облусунан жана эки негизги шаары Бишкек жана Ош шаарларынан 1000ден ашык адам катышкан. Маалыматтарды чогултуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан көзөмөлдөнүп, ал бул баалоонун алкагында чогултулган бардык маалыматтарга ээлик кылат.

Программа тууралуу маалымат: Борбордук Азиядагы COVID-19 кризисине чара көрүү программасы (CACCR) Европа Биримдиги (ЕБ) менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европалык регионалдык бюросунун биргелешкен аракети болуп саналат жана Казакстан, Кыргызстан жана Түркмөнстанга багытталган. Эки жылдык, наркы 3 миллион евролук аймактык долбоор COVID-19 пандемиясынын алдын алууга, аныктоого жана ага каршы чара көрүүгө, ошондой эле коомдук саламаттык сактоого карата окшош коркунучтарга чара көрүү үчүн өлкөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Долбоор өлкөнүн коомдук саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын, координациялоону, аныктоону жана чара көрүүнү күчөтүүгө жана улуттук саламаттык сактоо системаларынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган. Долбоор Евробиримдиктин Өкүлчүлүктөрү, улуттук бийлик органдары жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен тыгыз байланышта ДССУнун Европалык регионалдык бюросу жана ДССУнун Өлкөлүк кеңселери тарабынан ишке ашырылат.

28.04.2022
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун миссиясы өлкөнүн саламаттыкты сактоо системасы менен таанышуу үчүн Кыргызстанга келди

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун Саламаттыкты сактоо саясаты жана системалары боюнча директору доктор Наташа Аззопарди Мускат өлкөнүн саламаттыкты сактоо системасы менен таанышуу максатында Кыргызстанга иш сапары менен келди.
Бул иш сапарынын алкагында, 2022-жылдын 28-апрелинде ал Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен жолугушуп, өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү боюнча пикир алмашып, жакынкы келечекте өлкө калкынын саламаттыгын сактоону жакшыртууга багытталган өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгилешти.
Министр эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен калктын керектөөлөрүнө жараша саламаттыкты сактоо кызматтарын пландаштыруу жана каржылоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча ДССУнун мындан аркы жардамына үмүтүн билдирди.
Өз кезегинде доктор Наташа Аззопарди Мускат министрге ыраазычылык билдирип, ДССУ саламаттыкты сактоо тармагында ар дайым ишенимдүү өнөктөш болуп кала берерине ишендирди.
Мындан тышкары, доктор Наташа Аззопарди Мускат Бишкектеги №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда болуп, медицина кызматкерлеринин иши менен таанышып, мекемеде дарыланып жаткан бейтаптар менен баарлашты.
Ал ошондой эле өлкөнүн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, инфекциялык жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу, саламаттыкты сактоо тармагында кадрдык жана илимий потенциалды чыңдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан биргелешкен иштерди талкуулады.

28.04.2022
USAID Кыргыз Республикасына жалпы суммасы 31 миллион сомдук медициналык жабдууларды тапшырды

 Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасын COVID-19га каршы аракеттенүүнү колдоо үчүн кошумча лабораториялык, сервердик жана диагностикалык жабдуулар менен камсыз кылууда. Бул тууралуу бүгүн Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектургановдун катышуусунда өткөн расмий тапшыруу аземинде белгилүү болду. Пандемияга каршы күрөшүү боюнча USAIDдин колдоосунун алкагында 31 миллион сомдук жабдуулар өлкө боюнча мекемелерге таратылат.

Буга чейин USAID Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине COVID-19га тестирлөө убактысын беш сааттан 40 мүнөткө чейин кыскарткан заманбап диагностикалык аппарат – GeneXpert аппаратын белекке берген. Бул технология бир гана COVID-19 эмес, кургак учук сыяктуу башка инфекцияларды да так аныктай алат. Мындан тышкары, департаментке видеоконференцбайланыш системасы жана компьютерлер тапшырылды, бул өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга натыйжалуу мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

«Пандемия өлкө COVID-19 оорусунун кескин өсүшүнө даяр болушу керектигин көрсөттү. Коронавирустун жаңы штаммдары пайда болууда, ошондуктан ооруканаларды жана башка медициналык мекемелерди жабдууда USAIDдин жардамы абдан маанилүү”, - деди КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов.

Ошондой эле Чүй облустук ооруканасына, Улуттук госпиталга жана Ош шаардык клиникалык ооруканасына ар кандай жабдуулар, анын ичинде көчмө рентген аппараты, видеобронхоскоп, дезинфекциялык камералар жана үлгүлөрдү ташуу үчүн контейнерлер берилет.

«Биздин программалар керектүү технология менен камсыз кылуудан тышкары, медициналык кызматкерлерди керектүү билим жана көндүмдөр менен жабдууну көздөйт. Биз өлкө боюнча жүздөгөн дарыгерлерди, медайымдарды жана башка кызматкерлерди окутуу үчүн Саламаттыкты сактоо департаменти менен иштешүүнү улантып жатабыз», - деди USAIDдин Саламаттыкты сактоо жана билим берүү кеңсесинин директорунун милдетин аткаруучу Рэнди Колстад.

USAID Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу медициналык институтун инфекцияларды диагностикалоо жана дарылоо боюнча көндүмдөрдү жогорулатуу үчүн жабдуулар менен камсыз кылууда. 

Жардам USAIDдин Саламаттыкты сактоо системасынын туруктуулугу. Анын башталышынан бери USAID Кыргыз Республикасындагы COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүгө 7 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн.

28.04.2022
Кыргызстанда биринчи жолу медициналык жана социалдык кызматкерлер үчүн “Саламаттык сактоодогу социалдык иш” тренинги өткөрүлүүдө

          27-28-апрелде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Саламаттыкты сактоону өнүктүрүү борборунда Германия өкмөтүнүн тапшырмасы менен Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH (Германиянын Эл аралык кызматташтык коому) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Кыргызстанда баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында эки күндүк тренинг өттү.

Тренинг коомдун саламаттыгына жол көрсөтүүчү катары баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүдө үй-бүлөнүн маданий баалуулуктарын жана социалдык чөйрөнү эске алуу менен социалдык багыттагы мамилени киргизүүгө багытталган. Бул медициналык жана социалдык кызматкерлер бүткүл калктын ден соолугун чыңдоо үчүн биргелешип иштөөнү үйрөнө турган алгачкы тренинг.

«Бул тренинг физикалык, психикалык жана социалдык абалына карабастан, адилеттүү, бирдей жеткиликтүүлүк принцибинде ден соолук көрсөткүчтөрүн жакшыртуу максатында инсанга багытталган мамилени бекемдөөгө жана секторлор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө багытталган. Бул тренинг Чүй облусунун пилоттук райондорунда өткөрүлгөн тренингдердин сериясынын акыркысы болуп саналат.

Министрлик жардам көрсөтүү системасын реформалоо жана үй-бүлөлүк медицина адистеринин статусун жогорулатуу үчүн чоң күч-аракет жумшап жаткан азыркы учурда өзгөчө баалуу болгон баштапкы медициналык-санитардык жардамдын интеграцияланган моделин аныктоого жана ишке ашырууга бир нече жылдан бери олуттуу колдоо көрсөтүп келе жаткан Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомуна ыраазычылык билдирем», деди Саламаттык сактоо министрлигинин башкы адиси Нургүл Ибраева.

Тренингдин негизги максаты медициналык жана социалдык кызматкерлерди социалдык кеңеш берүүнүн жана социалдык баа берүүнүн алгачкы көндүмдөрүнө, калк менен, өзгөчө социалдык жактан аялуу категориядагылар жана турмуштук оор кырдаалга кабылган адамдар менен иштөөнүн практикалык ыкмаларына жана социалдык технологияларына окутуу, коомчулук менен иш-аракеттерди координациялоо жана алардын коомдук жана практикалык ишмердүүлүгүндө алган билимдерин жана көндүмдөрүн бекемдөө перспективасы менен ар кандай уюмдар менен кызматташуу болуп саналат. Анткени, ден соолук үчүн натыйжалар биологиялык факторлор же сапаттуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү менен гана аныктала бербейт. 

Тренерлер катары Казакстан Республикасынын «Primary Health Care» Улуттук Ассоциация Башкармалыгынын Төрайымы - Роза Абзалова жана социалдык-психологиялык иш боюнча координатору - Мусабаев Юсупбек болушту. Тренингге үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун жетекчилери, үй-бүлөлүк дарыгерлер жана медайымдар, социалдык кызматкерлер жана ден соолукту чыңдоо кабинеттеринин кызматкерлери катышты. Бул тренинг буга чейин Ош, Жайыл, Ысык-Ата жана Чүй райондорунда өткөн трениндерди жыйынтыктоочусу болуп саналат. 

 

 

27.04.2022
Жугуштуу оорулар ооруканасынын дарыгерлери жана медайымдары инфекциялык оорулууларга тез жардам көрсөтүү боюнча окуудан өтүштү

2022-жылдын 18-апрелинен 27-апрелине чейин Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын кызматкерлери билимди жогорулатуу жана кесиптик чеберчиликти өнүктүрүү боюнча онлайн окутуу программасын ийгиликтүү аякташты. Окутуу Кореянын Эл аралык кызматташтык боюнча KOICA агенттигинин колдоосу менен Инха Корея университетинин ооруканасы тарабынан уюштурулду. 20га жакын медицина кызматкерлери окутулду.

Өткөн жылы окуу жугуштуу ооруларды жалпылоого арналса, быйыл инфекциялык оорулууларга гана эмес, тез арада медициналык жардамды талап кылган башка ооруларга да тез жардам көрсөтүүгө арналды.

Кореядагы жогорку деңгээлдеги медициналык мекеме болгон Инха университетинин ооруканасы 2015-жылы MERS инфекциясы менен күрөшүүдө жана бейтаптарды дарылоодо жетекчиликти колго алган. Учурда Инчхон эл аралык аэропортунда коронавирустук тестирлөө борборун иштетүү менен коронавируска жооп кайтаруу жана дарылоо боюнча лидерликти колго алууда.

 «РКЖОО менен Инха клиникасынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу менен биз медицина кызматкерлерин окутуу жана Кыргыз Республикасынын Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасын кеңейтүү боюнча техникалык-экономикалык негиздемелерди жүргүзүү аркылуу кызматташуу мамилелерин улантып жатабыз», - деди  оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев. 

25.04.2022
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин борбордук аппаратын Профсоюздар федерациясынын курамынан чыгаруу жөнүндө маалымат

Саламаттыкты сактоо уюмдарын Профсоюздардын Борбордук Комитетинин составынан чыгаруу боюнча буйрукту чыгаруу жөнүндөгү маалыматка байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги төмөнкүлөрдү билдирет.

 

КР Саламаттык сактоо министрлигинин Борбордук аппаратынын баштапкы профсоюз уюмунан турган демилгелүү топ түзүлдү. Жамааттык профсоюздук жыйындын жүрүшүндө ушул эле демилгечи топ тарабынан Профсоюздар федерациясынан чыгуу маселеси көтөрүлдү, анткени федерация жана КР саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин профсоюз комитети тарабынан укутук жактан да, социалдык жактан да, материалдык жактан да колдоо жок. Республикада коронавирустук пандемия башталгандан бери медицина кызматкерлеринин арасында ооруп, алтургай каза болгондор да көп катталды, ошол эле учурда федерациянын алдындагы медицина кызматкерлеринин профсоюзунан медицина кызматкерлерине колдоо көрсөтүлгөн жок. Республиканын саламаттык сактоо уюмдарында иш берүүчү менен кызматкердин ортосунда жумуш боюнча талаш-тартыштары келип чыккан учурда кызматкерлер өздөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн Профсоюздар федерациясына кайрыла алышпайт. Бардык эле талаш-тартыштар ар дайым эле кызматкердин пайдасына эмес, соттук териштирүүлөр менен аяктайт. Ушундай маселелерден  кийин: «Бизге мындай профсоюз керекпи?» деген суроо туулду.

 

Ооба, жыл сайын медициналык кызматкерлердин балдары үчүн ден соолукту чыңдоо лагерлерине жолдомолор, «Ысык-Көл» санаторийинде эс алууга жана дарыланууга жолдомолор берилип турат, бирок бул бардык муктаж болгон медициналык кызматкерлердин эс алуу жана реабилитациялык дарылоо маселесин чечпейт. Биздин оюбузча, медицина кызматкерлери азыр башкаларга караганда көбүрөөк колдоого муктаж.

 

Профсоюздардан күткөнүбүз турмуштук оор кырдаалга туш болгон профсоюз уюмунун мүчөлөрүнө даректүү материалдык жардам көрсөтүү, дени сак жана коопсуз эмгек шарттарын жакшыртуу, эс алуусун уюштуруу, эмгек мыйзамдарын сактоо түрүндө социалдык жактан коргоо. иш берүүчүлөр тарабынан, ошондой эле Профсоюздун мүчөлөрүн мыйзамсыз жазалоодон жана жумуштан бошотуудан коргоо. Мындан тышкары, коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиялык кырдаалды эске алуу менен, эмгекке акы төлөө, жөлөкпулдар жана пенсиялар, кызматкерлерди социалдык жактан коргоо боюнча адилет жана татыктуу деңгээлде профсоюздун жетекчилигин күткөнбүз.

 

Бирок көп жылдардан бери Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери катары биз жакшы жакка өзгөрүүгө ишенбеген медицина кызматкерлеринин өздөрүнүн пассивдүүлүгүнөн улам бир нече жолу талкууланганы менен профсоюздардын абалы өзгөрбөй жатканын көрүп жатабыз. 

 

Буга байланыштуу борбордук аппараттын кызматкерлеринин жыйынында федерациянын жалпы курамынан чыгуу жана альтернативалык профсоюз комитетин түзүү демилгесин көтөрүү үчүн эмгек жамааттын 100 пайызы добуш берди. Буга байланыштуу бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Борбордук аппаратынын өзүнчө профсоюздук уюмуна Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүү үчүн документтер даярдалууда. Андан соң демилгелүү топ медицина мекемелеринде профсоюздук жыйындарды уюштурууга министрден жардам сурашты, федерацияга профсоюз комитети керекпи же жокпу деп добуш берүү аркылуу билгибиз келет?

 

Учурдан пайдаланып, бүгүнкү күндө бир профсоюз комитетине бириккен башка профсоюз уюмдары бар экенин эскерте кетели. Булар Барыктабасованын ЖКККсы жана Айдаров Нуралынын ЖКсы жана башкалар, бул жерде ар бир кызматкердин каалоосу боюнча же жамааттык түрдө добуш берүү жолу менен медицина кызматкерлери «Профсоюздук комитеттер жөнүндө» мыйзамга ылайык бардык профсоюздардан чыга алат, ал тургай курамынан чыгып кете алат”. Баялиева белгилеген Гүласыл Сутуева Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Борбордук аппаратынын кызматкерлеринин баштапкы профсоюз уюмунун жаңы шайланган төрайымы. «Алтын-Балалык» реабилитациялык борборун курулуш иштерине каржылык каражаттарды чогултуу жана которуу маселеси боюнча, учурда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен  Саламаттык сактоо министрлигинин Борбордук аппаратынын өзүнчө профсоюздук уюмун каттоо үчүн документтерди даярдоо гана жүрүп жатат. Демилгечи топтун “Алтын-Балалык” балдар борборуна колдонууга акчасы бар эсеби да жок”.

25.04.2022
ММК өкүлдөрү “Алтын Балалык” реабилитациялык борборунун курулуш иштери менен таанышышты

ММК өкүлдөрү дем ​​алыш күнү “Алтын Балалык” реабилитациялык борборуна барышты. Саламаттыкты сактоо министрлиги журналисттер үчүн пресс-тур уюштуруп, Алымкадыр Бейшеналиев өзү алып барды. Пресс-турдун алкагында журналисттер борбордун сейилдөө аянтынын аймагына көчөт отургузушту.

 

Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Алтын-балалык» балдар реабилитациялык борборунун курулуш иштери 17 жылдан бери токтоп турган. Курулуш иштери 2021-жылдын октябрь айында өткөн кайрымдуулук марафонунан кийин башталды.

Учурда объектте жалпы курулуш иштеринин 80%ы бүткөрүлдү. Чатыры жабылып, эшик-терезелери орнотулуп, ички жасалгасы бүткөрүлдү.

Реабилитациялык борбор 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата ачылаары күтүлүүдө. Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилиги мекеменин өз убагында пайдаланууга берилиши үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат.

 

Имараттын жалпы аянты 19,5 миң чарчы метрди түзөт, борбор бир эле учурда 250 баланы жана алардын ата-энелерин кабыл ала алат.

Реабилитациялык борбор 10 блокко (А, Б, Н, В, Г, Д, Е, Ж, И, К) бөлүнгөн. Имаратта дарылоо, калыбына келтирүү, дарылоо-ден соолукту чыңдоо бөлүмдөрү, клиникалык диагностикалык лаборатория жана балдар жана ата-энелер үчүн пансионат жайгашат. Борбордо бейтаптардын ыңгайы үчүн бардык шарттар түзүлгөн – кенен бөлмөлөр, жайлуу эс алуу зоналары, ашкана, актовый зал, пляж жана башка жайлар.

 

Борбордо бейтаптардын ынгайлуулугу үчүн бардык шарттар түзүлүүдө – кенен бөлмөлөр, ыңгайлуу эс алуу зоналары, ашкана, жыйындар залы, пляж жана башка жайлар.

Ошондой эле борборго чектеш аймактарды көрктөндүрүү, спорттук оюн-зоок комплекстерин, анын ичинде улуттук оюндарды ойноочу аянтчаларды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Бул жерде бардык курактагы балдар ачык абада ырахат алышат.

Пляжда сейилдөөчү жай, күндөн же жаан-чачындан коргоо үчүн жасалган чатырлар, суу ичүүчү фонтандар жана отургучтар болот.

 

Долбоордун баасы 1,8 миллиард сомду түзүп, аны ишке ашырууга демөөрчүлөр жардам беришти. Медициналык жабдууларды сатып алууга жардамды «Кумтөр» компаниясы жана эл аралык донорлор көрсөтүштү.

25.04.2022
Саламаттыкты сактоо министри Ысык-Көлдөгү Ак-Суу реабилитациялык бөлүмүнүн иши менен таанышты

2022-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын Ак-Суу реабилитациялык бөлүмүнө барды, анда нерв системасынын оорулары, негизинен церебралдык шал оорусу менен жабыркаган бейтаптар реабилитациядан өтүшөт.
Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын директору Мирбек Сагынбаев министрди бөлүмдүн иши менен тааныштырды. «Бөлүм 100 орунга ылайыкталган, бүгүнкү күндө бул жерде 91 бала реабилитациядан өтүп жатат. Бизге республиканын бардык булуң-бурчунан дарылануу үчүн жыл бою  келишет жана ата-энелердин ыңгайлуулугу үчүн сайтыбызда электрондук кезек орнотулган. Балдар бул жерде 10 күндөн 15 күнгө чейин болушат, массаж, дарылоо ванналары, физиотерапия алышып, ат минүү (иппотерапия) терапиясы да колдонулуп келет. Балдарга бардык медициналык кызматтар бекер көрсөтүлөт», - дейт Мирбек Сагынбаев.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри бөлүмдүн кызматкерлерине жылуу мамилеси жана зор эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.
Ак-Суу бөлүмүндө республиканын бардык аймактарынан келген нерв системасынын оор оорулары, негизинен церебралдык шал оорусу жана таяныч-кыймыл аппаратынын бузулушу менен жабыркаган балдарга жардам көрсөтүлөт. Балдар бул жакка көбүнчө ата-энелери менен жылына бир же эки жолу келишет.

25.04.2022
Апрель айынан баштап медицина кызматкерлери үстөктөрү жана кошумча төлөмдөрү сакталып, 50 пайызга жогорулатылган айлык акы ала баштайт

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №182 “Саламаттыкты сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тартып саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маяналары орто эсеп менен 50%га көбөйтүлүп, бардык үстөк акылар жана кошумча төлөмдөр сакталып калганын (айыл, бийик тоолуу, илимий даража, эмгек стажы, категориялар ж.б.) белгилей кетуу керек.
Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду ведомствого караштуу саламаттыкты сактоо уюмдарын каржылап,  2022-жылдын 25-апрелинен тарта саламаттыкты сактоо уюмдары эмгек акыларды эсептеп төлөй баштайт.
Эмгек стажысы барларга саламаттык сактоо системасында иштеген жылдары үчүн кошумча:
5 жылдан 10 жылга чейин 10% ставка менен
10 жылдан 15 жылга чейин 20% ставка менен 15 жылдан ашык болсо 30% чен менен.
Эскертүү: кенже тейлөөчү персоналдан тышкары.
Квалификациялык категория боюнча үстөк кызматтык маянадан төмөнкүдөй өлчөмдөрдө сакталат жана белгиленет:
- жогорку квалификациялык категория - 50%;
- I квалификациялык категория - 30%;
- II квалификациялык категория - 10%.
Эскертүү: саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине квалификациялык категория ыйгаруу аттестациянын негизинде жүргүзүлөт. Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин, адистерин аттестациялоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилген аттестациялоону жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.
Айкалыштырып иштөө боюнча үстөк акы айкалыштырылган кызматтын категориясын эске алуу менен төлөнөт.
Мисалы:
1) 6 жылдык стажы бар, категориясы жок айылдык ооруканада иштеген дарыгердин айлык акысы жогорулаганга чейин 9 001 сом болсо, жогорулатылгандан кийин 13 518 сомдун тегерегинде болот; эмгекке катышуу коэффициентин эсепке албаганда.
2) 17 жылдык иш стажысы бар жогорку категориядагы врач, жогорулатканга чейин — 142 52 сом, жогорулатылгандан кийин эмгекке катышуу коэффициентин эсепке албаганда эмгек акысы 21 403 сомго жакынды түзөт.
3) шаардык поликлиникада (ҮМБ) иш стажысы жана категориясы жок жаш үй-бүлөлүк дарыгерге жогорулаганга чейин - 10 000 сом, жогорулатылгандан кийин эмгек акысы, эмгекке катышуу коэффициентин эсепке албаганда, 15 136 сомдун тегерегинде болот.
4) айыл жериндеги жогорку категориясы жана 16 жылдык иш стажы бар үй-бүлөлүк дарыгер жогорулаганга чейин - 19 000 сом, жогорулагандан кийин эмгек акысы эмгекке катышуу коэффициентин эсепке албаганда 28 758 сомдун тегерегинде болот.

22.04.2022
СанарипMED. Бирдиктүү электрондук саламаттык сактоо порталдары

Саламаттыкты сактоо министрлиги «СанарипMED» концепциясын жана бекитилген санариптик саламаттыкты өнүктүрүүнүн максаттуу моделин ишке ашыруунун алкагында https://i.med.kg/ бирдиктүү электрондук саламаттык сактоо порталын иштеп чыкты.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги саламаттыкты сактоону санариптештирүүнү артыкчылыктуу багыттардын бири катары аныктайт, ал жарандардын медициналык кызматтарга максималдуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууда, ошондой эле система катары саламаттыкты сактоонун учурдагы абалына мониторинг жүргүзүүдө негизги ролду ойнойт. ал тез жана натыйжалуу куралдар менен камсыз кылат.

Ошентип, Саламаттыкты сактоо министрлиги саламаттык сактоонун сапатын, ага жеткиликтүүлүк деңгээлин жана жарандар үчүн санариптик кызматтарды алуу ыңгайлуулугун жогорулатуу үчүн бир катар санарип продуктуларды иштеп чыкты. Саламаттыкты сактоону санариптештирүү милдети – инсанды бирдиктүү образ катары бөлүп, ага саламаттыкты сактоо системасы жеке мамиле кылууга багытталат.

IMed бирдиктүү порталы Саламаттыкты сактоо министрлигинин бардык маалыматтык тутумдарына бирдиктүү кирүү пунктун камсыздайт, алар учурда республиканын бардык медициналык мекемелеринде саламаттыкты сактоонун ачык-айкын жана эффективдүү ишин камсыз кылуу үчүн жигердүү ишке ашырылууда. Портал саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматтарга жана маалымат тутумдарына колдонуучулардын бирдиктүү жетүү үчүн түзүлгөн. 

Портал аркылуу бейтаптарга сервиске кызматтарга мүмкүнчүлүк берилет: 

  • COVID-19 каршы эмдөө сертификаты
  • ПЦР COVID-19
  • Лаборатордук анализдердин жыйынтыгы
  • Дарыгерге онлайн катталуу
  • Наркологиялык каттоодогу абалы жөнүндө маалымкат
  • Психиатриялык диспансердик каттоодогу абалы жөнүндө маалымдама
  • Медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүккө лицензиялардын реестри

Портал аркылуу медицина кызматкерлерине төмөнкү маалыматтык системаларга жетүүгө мүмкүнчүлүк берилет: 

  • COVID-19га каршы эмдөөлөрдүн реестри
  • "ILAB" лабораториялык маалымат системасы
  • «IEmdoo» маалымат системасы
  • Ооруканалардын электрондук медициналык картасы
  • Интерактивдүү карта map.covid.kg
  • Ресурстарды башкаруунун улуттук маалымат системасы
  • Эпидемиологиялык платформа ОжМСЭКААД
  • Психо-неврологиялык диспансерде эсепте турган адамдардын реестри
  • Наркологиялык диспансерде эсепте турган адамдардын реестри
  • Саламаттык сактоодогу суроожымал
  • "Лицензиялоо" маалымат системасы
  • "Гуманитардык жардамды эсепке алуу" маалыматтык системасы

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу үчүн бирдиктүү санариптик саламаттык сактоо циклин куруу боюнча чараларды ишке ашырууну улантууда.

22.04.2022
Саламаттыкты сактоо министри өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен кезикти

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына колдоо көрсөткөн Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, ЮНИСЕФ, Чек арасыз дарыгерлер, USAID, GIZ ж.б.у.с. өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн кеңселеринде болду.

Министр долбоорлордун иши, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн пландары менен таанышты. Тараптар калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында мындан аркы кызматташууга умтула тургандыктарын билдиришти.

 

Ошондой эле, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев министрлик менен кызматташкан эл аралык уюмдардын жетекчилерин 2022-жылдын 1-июнуна пландаштырылган Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын-Балалык» балдар реабилитациялык борборунун расмий ачылыш аземине катышууга чакырды.

21.04.2022
Санарип. Саламаттык сактоо кызматкерлеринин жана уюмдарынын отчеттуулугун төмөндөтүү

21.04.2022. Бишкек. Саламаттык сактоо министрлиги бардык процесстерди санариптик форматка өткөрүү боюнча иштерди улантууда. Медициналык кызматкерлердин жана саламаттык сактоо уюмдарынын ишин оптималдаштыруу үчүн 14 отчеттук статистикалык формасы кыскартылды. Эми кызматкерлер түздөн-түз медициналык иш-чараларга көбүрөөк убакыт бөлө алышат. Отчеттук формаларды оптималдаштыруу статистикалык маалыматтын сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга, маалыматтын кайталанышын жоюуга жана отчеттуулуктан актуалдуу эмес маалыматтарды алып салууга мүмкүндүк берет. Аталган иш-аракет 2022-2024-жылдарга карата «Санариптик саламаттык сактоонун максаттык моделин өнүктүрүүнүн» алкагында жүрүүдө

 

Ресурстарды үнөмдөө, ошондой эле санариптик технологияларды колдонуу деңгээлин, саламаттык сактоо чөйрөсүнүн натыйжалуулугун жана чогултулган маалыматтын сапатын жогорулатуу зарылдыгы жөнүндө өлкөнүн жетекчилигинин тапшырмасын эске алуу менен көп жылдар бою биринчи жолу саламаттык сактоо уюмдарынын отчеттуулук системасын оптималдаштыруу боюнча иш-чаралардын комплекси жүргүзүлдү.

Алсак, саламаттык сактоо министрлигинде отчеттук жана эсептик формаларды оптималдаштыруу боюнча жумушчу топ түзүлгөн, ага саламаттык сактоо министрлигинин адистери, баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарынын, экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлери, ошондой эле саламаттык сактоо жана санариптештирүү жаатындагы көз карандысыз эксперттер тартылган.

Иштин жыйынтыгы боюнча бардык 47 отчеттук формаларга (21 республикалык жана 26 ведомстволук) масштабдуу ревизия жана кайра кароо жүргүзүлдү, биргелешкен чечим менен биринчи этапта 14 форма кыскартылды, анын ичинен 3 отчеттук форма Улуттук статистикалык комитетке жөнөтүлдү, ал эми калган 11 ведомстволук отчеттук форма саламаттык сактоо министрлигине берилди. 

"Кайталануучу жана актуалдуулугу талап кылынбаган документтерди түзөтүүнүн жана кыскартуунун негизги милдети, ошондой эле отчеттук формаларды саламаттык сактоо уюмдарында киргизилип жаткан санариптик системаларга максималдуу шайкеш келтирүү. Мындан тышкары, 2022-жылдын аягына чейин отчеттуулукту санариптик форматка өткөрүү боюнча маселе коюлган, бул финансылык ресурстарды үнөмдөөгө өбөлгө түзөт, анткени биринчи кезекте облустук уюмдардын медициналык адистери жылдык отчетту кагаз түрүндө тапшыруу үчүн борборго келиши керек болчу. Муну менен медицина кызматкерлери документтерди толтурууга эмес, жер – жерлердеги бейтаптарга көбүрөөк убакыт арнашат", - деди саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев. Ушундай эле иш саламаттык сактоо уюмдарында 100дөн ашык саны бар (журналдар, справкалар жана башка документтер) эсепке алуу формаларын оптималдаштыруу боюнча алдыда турат.

Жогоруда аталган иштер COVID-19 менен күрөшүү боюнча санариптик аспаптарды киргизүүдө алынган тажрыйбанын негизинде жүргүзүлдү. Ошентип, эмдөөнү эсепке алуу үчүн маалыматтык системасын киргизүү https://vc.emed.gov.kg COVID-19 эмдөөсүнө байланыштуу бардык отчетторду оптималдаштырууга жана борборлоштурууга мүмкүндүк берди. Ошентип, санариптик системаны иммунизациялоо системалары менен интеграциялоо жолу менен азыркы учурда иммунизациялоо боюнча эки формадан статистикалык отчеттуулуктун бирдиктүү формасын түзүүгө мүмкүн болду. Система Иммунопрофилактика боюнча иштин жыйынтыгын натыйжалуу чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.

Отчеттуулукту оптималдаштыруу боюнча иш-чаралардын натыйжасы медициналык кызматкерлерди кагаз алып жүрүүчүлөрдү толтуруу зарылдыгынан толук бошотуу болуп калат жана Отчеттогу каталардын адамдык факторун жокко чыгарууга мүмкүндүк берет деп болжолдонууда. Санариптик форматка которуу жыл жыйынтыгы боюнча эмес, суроо-талап боюнча маалыматтарды ыкчам түрдө талдоого мүмкүндүк берет. Санариптик түрдө топтолгон медициналык статистиканын массиви болжолдоону түзүүнүн ыкчамдыгын жогорулатууга, Саламаттык сактоодогу тенденцияларды эсептөөгө жана сапаттуу маалыматтардын негизинде натыйжалуу башкаруу чечимдерин кабыл алууга мүмкүндүк берет.

20.04.2022
12 жеке медициналык колледжде студенттердин практикалык көндүмдөрдү алуусу үчүн толук шарттар түзүлгөн эмес

12 жеке медициналык колледжде студенттердин практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүсүнө толук шарттар түзүлгөн эмес. Саламаттыкты сактоо системасы сапаттуу кадрларга муктаж. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги төмөндөгү медициналык колледждер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине расмий кат жөнөтөт:

• Ош облустук медициналык колледжи;

• К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык медициналык колледжи.;

• «Авиценна Билим» медициналык колледжи;

• Н.И. Пирогов атындагы медициналык колледж;

• «Уникум» Кыргыз медициналык-социалдык колледжи (КМСК);

• Ысык-Көл медицина жана стоматология колледжи;

.Кочкор-Ата аймактык колледжи;

•ИСИТО медициналык колледжи;

• «Дулдул Тоо» Араван колледжи;

• С.Тентишев атындагы АзМИнин медициналык колледжи.;

• МУНИБ медициналык колледжи;

• Медицина жана Фармацевтикалык колледжи.