Ден соолук жаңылыктары

Акыркы жанылыктар

26

04

2024

Кытайда жүрөгүнө операция жасалган балдарды “Манас” аэропортунан салтанаттуу тосуп алышты

26.04.2024

Төрөт үйлөрүндө бейтаптын электрондук картасын киргизүү

26.04.2024

«Ала-Тоо» санаторийи Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына өттү

25.01.2024
КР Саламаттык сактоо министри бир катар медициналык окуу жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышты

Бүгүн, 2024-жылдын 25-январында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эл аралык медициналык университетине, Евразия эл аралык университетине пландан тышкаркы иш сапары менен барып, окуу жана практикалык сабактарды өткөрүү процесси менен таанышты. Ал ошондой эле студенттер практикалык көндүмдөрдү алган университеттин клиникасында болду. Андан соң ЭМУнун колледжине барды.

Министр ЖОЖдор менен колледждердин материалдык-техникалык базасы жана жабдылышы жакшы экендигин белгиледи. Колледжде “Фармация” адистиги боюнча студенттерди даярдоо багыты жана “Кыргыз Республикасынын эндемикалык дары өсүмдүктөрү” бөлүмүнүн илимий темасы, ошондой эле паллиативдик жардам көрсөтүү жана кам көрүү боюнча орто медицина кызматкерлерин даярдоодо окуу процессинин багыты өзгөчө кызыгууну жаратты.

Билим берүү мекемелеринин жетекчилиги министрге ЖОЖдордун жана колледждердин ишмердүүлүгү боюнча учурдагы абал, анын ичинде бул жерде ишке ашырылып жаткан окуу процессинин сапатын камсыздоо жана инфраструктураны модернизациялоого багытталган долбоорлор менен тааныштырды. Билим берүү мекемелерин мындан ары өнүктүрүүнүн пландары сунушталды. ЭМУ эл аралык окутуу стандарттарына ылайык программалык аккредитациядан өткөнү белгиленди. Бүгүнкү күндө университетте 1200дөн ашык чет элдик студенттер медициналык билим алышат.

Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын 10-январында пакистандык кесиптеши менен жолугушууда Кыргызстандын медициналык окуу жайларында алардын жарандарына медициналык билим берүүнүн сапаты тууралуу маселе көтөрүлгөн. Анда министр Кыргызстандагы медициналык ЖОЖдордун ишин эл аралык билим берүү талаптарына шайкештигин текшерүүгө даяр экенин билдирген. «Бүгүн ЭМУга барып, 2022-жылдан бери белгилүү иштер аткарылганына, университет эл аралык аккредитациядан өткөнүнө, өзүнүн университеттик клиникасы жана тиешелүү профессордук-окутуучулук курамы бар экенине ынандым», - деди министр.

Мындан тышкары министр студенттер менен баарлашып, алардын милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өтүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал “Кыргыз Республикасындагы жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышы менен камсыздандыруусу жок чет өлкөлүк студенттер медициналык кызматка студент катары эмес, чет мамлекеттердин камсыздандырылбаган жарандары катары төлөшү керектигин баса белгиледи. Андыктан бул маселени ийгиликтүү чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги гана эмес, ошондой эле ар бир медициналык окуу жайдын жетекчисинин активдүү катышуусу зарыл.

Өз кезегинде ЖОЖдордун жетекчилиги министрди бул багытта иш жигердүү жүрүп жатканын, бардык студенттер жүз пайыз медициналык камсыздандыруудан өтөрүнө ишендиришти.

24.01.2024
Кыргызстандык адистер Түркиянын Инөнү университетинде органдарды трансплантациялоо боюнча бекер окуудан өтүшөт

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Түркиянын Инөнү университетинин ортосунда кол коюлган кызматташуу келишиминин алкагында бүгүн, 2023-жылдын 24-январында Улуттук хирургия борборунун адистеринен турган топ боорду трансплантациялоо боюнча операцияларды жүргүзүүдө керектүү билимди жана практикалык тажрыйбаны алуу боюнча стажировкадан өтүү үчүн үч айлык мөөнөткө Түркияга жөнөтүлдү.

13 адистен турган дарыгерлер тобунда хирургдар, анестезиологдор, УЗИ дарыгери, лаборант жана медайымдар бар. Биздин адистер Түркиянын Инөнү университетинде бекер окуудан өтүшөт, окуу мезгилинде бекер жатакана жана тамак-аш менен камсыз болушат.

Бир күн мурун бул адистер менен академик Мамбет Мамакеев жолугуп,  алардын жоопкерчилиги чоң экенин баса белгилеп, ийгиликтерди каалады. «Кыргызстанда боорду алмаштыруу операциясын ийгиликтүү өткөрүү көптөн бери пландалып келет. Мен кыргызстандык хирургдардын боорду трансплантациялоо боюнча ийгиликтүү иштерин көрүүгө үмүтүм чоң», - деди Мамбет Мамакеев.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 11-12-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев клиникасы органдарды трансплантациялоо боюнча беш мыкты мекеменин бири болгон Түркиянын Инөнү университетинде болгон. Иш сапардын жыйынтыгында КР Саламаттык сактоо министрлиги менен Инөнү университетинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду.

23.01.2024
11 жаңы муздак сактоочу бөлмө Кыргызстанда вакциналардын сакталышын жакшыртууга жардам берет

Вакциналардын коопсуздугу жана натыйжалуулугу үчүн алардын сакталуу шарттары жана жетиштүүлүгү өтө маанилүү 

2024-жылдын 23-январында Чүй облусунун Сокулук районундагы Мамлекеттик санэпидкөзөмөл борборунда вакциналарды сактоочу жаңы муздак сактоочу бөлмөнүн ачылыш аземи өттү. Жаңы сактоочу жай райондогу 200 миңден ашык адам, анын ичинде беш жашка чейинки 28 миң жаш бала үчүн вакцина сактоого мүмкүндүк берет. Бул Канада Өкмөтүнүн жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен Кыргызстан боюнча орнотулуп жаткан 11 жаңы кампалардын биринчиси. Бардык 11 бөлмөнүн жалпы баасы 35 миллион сомдон ашат.

Азем Саламаттык сактоо министринин орун басары Бубужан Арыкбаева, Канаданын Кыргызстандагы элчиси Алан Хэмсон жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн м.а. Кристина Бруджиолонун катышуусу менен өттү.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Бубужан Арыкбаева өз сөзүндө Канаданын Кыргызстандагы элчиси Алан Хэмсон мырзага жана ЮНИСЕФке Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасын чыңдоодо жана балдардын жана калктын ден соолугун коргоо максатында эмдөөнүн сапатын жогорулатууда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. 

Министрдин орун басары белгилегендей, министрлик Иммундаштыруу программасын коомдук саламаттык сактоо боюнча приоритеттүү программалардын бири катары аныктайт. Бул эмдөө программасына болгон саясий колдоонун күчөтүлүшү менен, бул жаатта өлкө олуттуу ийгиликтерге жетишти. «Муздатуучу камералар бардык аймактарга бөлүштүрүү планына ылайык жеткирилди. Алар кызамык оорусу менен күрөшкө чоң салым кошот деп ишенебиз. Өзгөчө өлкө кызамыкка каршы вакцинанын кошумча дозаларын алганда», - деп баса белгиледи Бубужан Арыкбаева.

Муздак сактоочу бөлмөлөр Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарында орнотулат. Бул аймактар алардын муктаждыктарына жараша Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашылып тандалып алынган.

«Канада Кыргызстандын вакциналарды сактоо жана жайылтуу, аны менен бирге коомдук саламаттыкты сактоо чакырыктарына ыкчам жооп берүү потенциалын жогорулатууга багытталган бул долбоорго демөөрчүлүк кылганы менен сыймыктанат. Ишенимдүү муздак сактоо вакциналарга болгон ишенимди арттырып, эмдөө программаларына көбүрөөк катышууга үндөп, ден соолукту чыңдайт”, - деп белгиледи Канаданын Кыргызстандагы элчиси Алан Хэмсон. 

Көлөмдөрү 10 м3 (5) жана 30 м3 (6) болгон бөлмөлөр вакциналардын олуттуу көлөмүн сактоого мүмкүндүк берет. Бул көлөмдөр аталган облустардын жана райондордун күтүлгөн керектөөлөрүн канааттандырат.

«Биздин негизги максатыбыз – Кыргызстанда жаш балдарды коопсуз жана эффективдүү вакциналар менен камсыздоо. Вакциналарды сактоо, жеткирүү жана бөлүштүрүү бул иштин эң маанилүү бөлүктөрүнүн бири”, - деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристина Бруджиоло.

Бөлмөлөр +2ден +8ге чейинки туруктуу температураны кармап турат, бул вакциналардын көпчүлүгүн туура жана коопсуз сактоого ылайык болгон температура. Жабдуулар Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун алдын ала квалификациясын алгандыктан, жогорку стандарттарга шайкеш.

Бардык бөлмөлөр 2024-жылдын март айына чейин орнотулат.

22.01.2024
КРВИ жана сасык тумоонун эпидсезонунун келиши менен республика боюнча оорунун бара-бара өсүшү байкалууда

КРВИ жана сасык тумоонун эпидсезонунун келиши менен республика боюнча оорунун бара-бара өсүшү байкалууда.

Оперативдик маалыматтарга ылайык 2024-жылдын 02-жумасына (и.к. 142,5) салыштырмалуу 2024-жылдын 03-жумасында (15.01-21.01.2024-ж.) республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун 9295 учуру (и.к. 131,0) катталды, б.а. -8,1% төмөн. Ооругандардын ичинен 67,1% (6243 учур) 14- жашка чейинки балдар түзөт. Октябрь айынан тарта 1492 оорулуудан анализ алынды, лабораториялык изилдөөнун жыйынтыгы боюнча эпидсезон сасык тумоонун А/Н3N2 түрү менен негизделет. Мындан сырткары, курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы да байкалууда, алардын ичинен көбүрөөк риновирус 33,4%, респиратордук-синцитиалдык вирус 26,9%, парагрипп 18,7% жана башка вирустар 21% түзөт. 

Оорунун жогору көрсөткүчтөрү Бишкек. Ош шаарларында жана Чуй облусунда катталды, и.к. 292,1; 189,3 жана 224,2 түздү. Мониторинг боюнча жумасына 2 ден 6 учурга чейин COVID-19 учурлары катталууда.Акыркы 03-жумада республика боюнча COVID-19 оорусунун 5 учуру Бишкек шаарында катталды.

Азыркы учурда бардык саламаттык сактоо уюмдарында карантин жана бет кап тагынуу режими киргизилген. Республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун эпид кырдаалына мониторинг жүргүзүү уланууда.

22.01.2024
Кыргыз Республикасынын аймагындагы кызамык оорусу боюнча эпидемиологиялык абал

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, 2024-жылдын башынан бери өлкөдө кызамык оорусунун 536 учуру аныкталган.

Аймактар ​​боюнча бөлүштүрүлүшү: Бишкек шаары – 177 учур, Ош шаары – 9 учур, Чүй облусу – 132 учур, Жалал-Абад облусу – 130 учур, Ош облусу – 75 учур, Баткен облусу – 5 учур, Ысык-Көл облусу – 5 учур, Нарын облусунда – 3 учур.

Кызамык менен ооругандардын курактык бөлүштүрүлүшү:

• 1 жашка чейин – 182 учур;

• 1 жаштан 4 жашка чейин - 201 учур;

• 5 жаштан 9 жашка чейин – 77 учур;

• 10 жаштан 14 жашка чейин - 22 учур; 

• 15 жаштан 19 жашка чейин - 13 учур;

• 20 жаштан 29 жашка чейин – 24 учур;

• 30 жаштан жогоркулар - 17 учур.

 

Республикада кызамык оорусу 2023-жылдын 1-жумасында Бишкек шаарында башталып, Түркиядан жана Россия Федерациясынан жуктуруп келген учур катталып, генотиптөө үчүн анализдер алынып, культураны изилдөөлөрдөн кызамык вирусунун D8 генотиби аныкталган.

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасында кызамык оорусунун жалпысынан 7046 учуру катталды, интенсивдүү көрсөткүч 100 000 калкка (100,1). Оору жуктургандардын көпчүлүгү (43,5%) 1 жаштан 4 жашка чейинки курактагылар.

Урматтуу ата-энелер!

Кызамык оорусу татаалдашуусу менен кооптуу. Эгерде шектенүү пайда болсо, туура диагноз коюу жана натыйжалуу дарылоо үчүн дароо дарыгерге кайрылыңыз.Үйгө дарыгер чакырыңыз! Оорулунун дене табы өтө жогору болсо, тез жардам чакырыңыз.

Кызамыкты алдын алуунун эң эффективдүү жолу бул эмдөө. Балдарыңыздын саламаттыгына кам көрүңүз, алардын 12 айында (КПК) жана 6 жашында (КПК ревакцинациясы) жасалуучу эмдөөнү алуусун, ошондой эле ҮМБ/ҮДТларда жана ФАПтарда бекер жүргүзүлүүчү 9 айдан 7 жашка чейинки кошумча эмдөө дозасын (ККВ) алуусун камсыз кылыңыз.

 

18.01.2024
КР Саламаттык сактоо министри жана Жогорку Кеңештин депутаты Бишкек шаарындагы айрым саламаттык сактоо уюмдарынын иши менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров менен бирге бүгүн, 18-декабрда Бишкек шаарындагы айрым саламаттыкты сактоо уюмдарын кыдырды.

№1 үй-бүлөлүк медицина борборунда жайгашкан «Эл Аман» дарыканасынын иши менен таанышты. Депутатка мамлекеттик дарыканада дары-дармектердин канча түрү бар экени көрсөтүлүп, Таалайбек Масабиров дары-дармектердин баасы чындап эле арзан экенин, айрымдары 500-600 сомго чейин сатылып жатканын белгиледи.

Андан соң №1 шаардык клиникалык ооруканага барып, ооруканадагы бейтаптар менен баарлашып, Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын сапатына кызыгып көрдү.

Кыргыз-түрк достугу ооруканасында да болушту,  анда 8-январдан тарта кызматына киришкен жаңы башкы дарыгер, кардиохирург Хусейн Унсал Эрчелик менен баарлашышты.

Башкы дарыгер оорукананын ишин көрсөтүп, түркиялык адистердин тобу келери күтүлүп жатканын билдирип, алар январдын аягында, февралдын башында дагы үч кыргызстандыкка бөйрөк алмаштыруу боюнча кезектеги операция жасай турганын, азыркы учурда операцияга даярдык иштери жүрүп жатканын белгиледи.

18.01.2024
Улуттук фтизиатрия борборунда компьютердик томография кабинети ачылды

Бүгүн, 2024-жылдын 18-январында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунда КТ диагностикалык кабинетинин ачылыш аземи болуп өттү, ага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Таалайбек Масабиров, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал, Улуттук фтизиатрия борборунун директору Абдуллаат Кадыров жана борбордун кызматкерлери катышты.

 

КТ имараты СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү үчүн Глобалдык фонд тарабынан каржыланган COVID-19 грантын ишке ашыруунун алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) аркылуу оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, КТ аппараты жана тиешелүү эмеректер менен жабдылган. Компьютердик томографтын (General Electric Optima 520) баасы 407 551,35 АКШ долларын түзөт (35 334 702,05 сом), 34 709 АКШ долларына эмерек жана башка керектүү жабдуулар алынган.

 

«Кыргыз Республикасы дүйнөдөгү кургак учуктун көп дарыга туруктуу жүгү бар 30 өлкөнүн катарына кирет, бул көп дарыга туруктуу кургак учук менен күрөшүүнү биздин өлкөдө кургак учукту жоюунун артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныктайт. Кургак учук инфекциясын аныктоодо нур менен дарт аныктоонун заманбап жогорку технологиялык ыкмалары талап кылынат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасына Кыргыз Республикасында Кургак учукка каршы күрөшүү боюнча улуттук программаны ишке ашырууда кызматташуусу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирем. Күнүмдүк диагностикалык процесске компьютердик томографты киргизүү кургак учук инфекциясын, өзгөчө балдар арасында аныктоону жана диагностикалоону жакшыртат, бул өз кезегинде оорунун коомдо жайылышын үзгүлтүккө учуратат жана өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды жакшыртат», - деп белгиледи. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

 

 

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу Өкүлүнүн орун басары Моника Ризал белгилегендей, Кургак учукка каршы күрөшүү боюнча улуттук программа үчүн компьютердик томографты сатып алуунун аркасында келечекте кургак учуктун диагностикасы бекер, б.а. Кыргыз Республикасынын бардык жарандары үчүн жеткиликтүү болот. «Биз балдар арасындагы кургак учукту аныктоо көп учурда оор экенин билебиз жана жаңы заманбап компьютердик томографта изилдөө жүргүзүү мүмкүнчүлүгү дифференциалдык диагнозду жеңилдетет жана туура диагноз коюуну тездетет, демек, туура дарылоону өз убагында дайындоого мүмкүндүк берет.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы Саламаттык сактоо министрлиги жана Улуттук фтизиатрия борбору менен биргеликте Кургак учукка каршы күрөшүү боюнча улуттук программаны ишке ашырууну улантат жана Глобалдык фонддун инвестицияларынын аркасында бейтаптардын муктаждыктарына жараша медициналык кызмат көрсөтүүнү камсыз кылат, ошондой эле Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын чыңдоого жана өнүктүрүүгө дагы да көбүрөөк күч-аракет жумшайт», - деди Моника Ризал.

16.01.2024
Улуттук хирургия борборунда боорду алмаштыруу операциясына даярдык иштери талкууланды

Бүгүн, 2024-жылдын 16-январында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук хирургия борборунда болуп, боор хирургиясы бөлүмүндөгү оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты, ал жерде боорду трансплантациялоого даярдык иштери жүрүп жатат. Бул үчүн бюджеттен 5 миллион сом бөлүнүп, оңдоо иштерин февраль айынын ортосуна чейин бүтүрүү пландалууда.

«Биз боорду трансплантациялоо операциясын жасаганы жатабыз, бул Улуттук хирургия борборунун базасында ишке ашат. Биз борборду операцияга керектүү эң заманбап жана кымбат баалуу жабдуулар менен жабдыйбыз. Улуттук хирургия борборунун жалпы командасынан жакшы жыйынтыктарды күтөбүз», - деп белгиледи Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Иш сапардын жүрүшүндө министр ошондой эле Улуттук хирургия борборунун мыкты адистери керектүү билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү алуу үчүн Түркияга стажировкага жиберилерин белгиледи. 12 адистен турган бир бригада – хирургдар, анестезиологдор, УЗИ дарыгери, лаборант жана төрт медайым түзүлдү. Биздин адистер акысыз окутуудан өтүшөт, окуу мезгилинде бекер турак-жай жана тамак-аш менен камсыз болушат.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 12-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Түркиянын Инөнү университетинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлган.

15.01.2024
Бишкекке Кохлеар компаниясынын клиникалык жана техникалык адиси келди

2023-жылдын декабрь айында Бишкекте Катар фондунун жардамы менен угуусу начар 47 балага кохлеардык имплантация операциясы жасалган.
 

15-январда Бишкекке Кохлеар компаниясынын клиникалык жана техникалык адиси Дмитрий Заика бул балдарга сүйлөө процессорлорун туташтыруу үчүн учуп келди. Ал ошондой эле кыргызстандык адистерди окутуудан өткөрөт.
 

Сүйлөө процессорлору туташтырылгандан тартып балдардын үндөр дүйнөсүнө болгон сапары башталат. Бардык бөбөктөргө ийгиликтүү реабилитацияны каалайбыз!

15.01.2024
Кыргызстан балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча Глобалдык демилгеге кошулду

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борбору өлкөнүн фокустук саламаттык уюму катары тандалып алынып, эл аралык Global Initiative for Childhood Cancer - Балдар онкологиясы менен күрөшүү глобалдык демилге программасына кирди.

Бул программа Кыргыз Республикасына балдардын рак оорусун диагностикалоонун жана дарылоонун сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле арзан жана керектүү дары-дармектерге жана технологияларга жеткиликтүүлүк, онкологиялык ооруга чалдыккан балдардын үй-бүлөлөрүн социалдык колдоо жакшырат.

Демилге 2030-жылга чейин балдардын рак оорусунан сактануу деңгээлин кеминде 60% га чейин жогорулатууга багытталган. “Балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча Глобалдык демилге” башталгандан беш жыл өткөндөн кийин, ДССУнун алты аймагындагы 70тен ашык өлкө, балким, күчтүү саясий эрк, көп сектордук милдеттенмелер жана стратегиялык инвестициялардын аркасында, кирешеси төмөн жана орто өлкөлөрдө рак менен ооруган балдарга кам көрүү жакшырганын көрсөтүштү.

Балдардын рак оорусу - олуттуу жана актуалдуу коомдук саламаттык сактоо көйгөйү. “Оорулардын глобалдык жүгүн” изилдөөгө ылайык, бул дүйнөдөгү балдардын оорусунун тогузунчу негизги себеби. Рак оорусуна чалдыккан балдардын дээрлик 80%ы аз жана орто кирешелүү өлкөлөрдө жашашат, бул жерде дарылоо көп учурда жеткиликтүү эмес, бул Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясын Балдардын рак оорусуна каршы күрөшүү боюнча Глобалдык демилгесин ишке киргизүүгө негиз болду.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 21-августунан 25-августуна чейин Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстанда онкологиялык ооруларды көзөмөлдөөнү жакшыртуу боюнча миссиясы өткөн. ДССУнун миссиясы Кыргызстанга жогорку квалификациялуу онкологиялык жардам көрсөтүүдө орун алган көйгөйлөрдү аныктоо жана алынган маалыматтардын жана аларды талдоонун негизинде рак ооруларын эрте аныктоо жана дарылоо, паллиативдик жардам көрсөтүү жана онкологиялык оорудан аман калган адамдарга колдоо көрсөтүү боюнча иш-чараларды пландаштырууга жана ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү стандарттарды жана методдорду иштеп чыгууга жардам берүү жана өлкөгө бул көйгөйлөрдү чечүүнүн оптималдуу жолдорун иштеп чыгуу жана сунуш кылуу үчүн жөнөтүлгөн.

14.01.2024
КР Саламаттык сактоо министри боорду алмаштыруу боюнча операцияга катышты

2024-жылдын 11-12-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркия Республикасынын Малатья шаарында жайгашкан Инөнү университетинде болуп, анын ишмердүүлүгү менен таанышып, университеттин ректору, доктор Ахмет Кызылай менен жолукту. Анда Кыргызстан менен Түркиянын Президенттеринин органдарды трансплантациялоону уюштурууда Кыргызстанга жардам көрсөтүү келишиминин алкагында, боор жана жилик чучугун трансплантациялоо боюнча кызматташууну өнүктүрүү маселеси талкууланды.

Ошондой эле министр ал жакта окуудан өтүп жаткан кыргызстандык адистер менен баарлашты. Андан соң ал боорду алмаштыруу боюнча операцияга катышты.

Инөнү университети 700 миң чарчы метр аянтта жайгашкан, ал эми университеттин клиникасы органдарды трансплантациялоо боюнча дүйнөдөгү эң мыкты беш клиниканын бири. Доктор Ахмет Кызылай клиникада жылына 300-350дөй боор алмаштыруу операциясы жасаларын айтты. Клиника 1500 орунга ылайыкташып, 4,5 миңден ашык медициналык кызматкер эмгектенет.

Жолугушууда Алымкадыр Бейшеналиев дүйнөдөгү эң мыкты университеттердин бири деп эсептелген университетке түрк кесиптештеринин органдарды трансплантациялоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери менен таанышуу үчүн келгендигин белгиледи. «Президентибиз Садыр Жапаров Кыргызстанда көп жылдардан бери чечилбей келе жаткан боор жана жилик чучугун алмаштыруу маселесин тез арада чечүү боюнча милдеттенме койду. Кыргыз элинин ден соолугун чыңдоого, медициналык тейлөөгө жана органдарды трансплантациялоо тармагындагы дарыгерлерибиздин билим деңгээлин жогорулатууга кошкон салымыңыздар үчүн боордош Түркия элине, Түркия өкмөтүнө, Сизге жана сиздин университетиңизге терең ыраазычылык билдирем», - деди министр Алымкадыр Бейшеналиев.

Өз кезегинде доктор Ахмет Кызылай Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган боордош Кыргызстанга трансплантология кызматын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча тапшырма бергендигин билдирди. «Биз сиздерге трансплантология бөлүмүнүн ишин уюштурууга, адистерди окутууга жана Кыргызстанда боор менен жилик чучугун алмаштыруу боюнча биргелешкен операцияларды өткөрүүгө жардам берүүгө даярбыз», - деп белгиледи доктор Ахмет Кызылай.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар көтөрүлгөн маселе боюнча жемиштүү кызматташууну улантууга макулдашышып, университет менен КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюшту.

Үстүбүздөгү жылдын январь айынын аягында Бишкекке доктор Ахмет Кызылай жетектеген трансплантологдор тобу келип, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жана Улуттук хирургиялык борборго барып, операциялык бөлмөлөр жана жеткиликтүү медициналык шарттар, боор жана жилик чучугун алмаштыруу операцияларын уюштуруу үчүн зарыл болгон жабдуулар менен таанышат. Ошондой эле, кол коюлган келишимге ылайык, жакынкы күндөрү боор жана жилик чучугун трансплантациялоо үчүн зарыл болгон кыргызстандык 20 адис – хирург, анестезиолог-реаниматолог, гастроэнтеролог жана орто медициналык кызматкерлер Түркияга окууга жөнөтүлөт. Биздин адистер акысыз окутуудан өтүшөт, окуу мезгилинде бекер турак-жай жана тамак-аш менен камсыз болушат.

11.01.2024
Исламабадда өткөн Глобалдык саммиттин алкагында Кыргызстан менен Пакистандын саламаттык сактоо министрлеринин жолугушуусу болуп өттү

2023-жылдын 10-январында Пакистандын Исламабад шаарында өтүп жаткан Саламаттык сактоо тармагындагы коопсуздук боюнча Глобалдык саммиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Пакистандын Саламаттык сактоо министри доктор Надим Ян менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. 

Жолугушууда медициналык билим берүү системасын уюштуруу жана  жогорку медициналык окуу жайлардын ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланды. Ошондой эле саламаттык сактоо, медициналык билим берүү жана фармацевтика тармагындагы байланыштарды өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун жаңы перспективалары каралды.

Жолугушууда Пакистандын Саламаттык сактоо министри доктор Надим Ян Кыргызстандагы медициналык университеттерде билим алган пакистандык студенттер тийиштүү деңгээлде билим албай, Пакистанга келгенден кийин аттестациядан өтө алышпайт деген пикирин билдирди. Ошондуктан бул маселени чечүү үчүн кызматташып, биргелешкен күч-аракет жумшоо ниетин билдирди.

   Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кесиптешине жылуу кабыл алгандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал өз кезегинде Кыргызстандагы тиешелүү билим бербеген медициналык ЖОЖдордун ишин текшерүүгө, ошондой эле зарыл болгон учурда мындай ЖОЖдордун студенттерин алардын талабы боюнча башка окуу жайларына которууга даяр экендигин билдирди. Мындан тышкары, Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстан менен Пакистандын саламаттык сактоо министрликтеринин ортосунда эки тараптуу кызматташтыкты жемиштүү улантуу, атап айтканда, медициналык билим берүүнү өнүктүрүү боюнча кызматташуу боюнча меморандумду иштеп чыгууну сунуштады.

Өз кезегинде Пакистандын саламаттыкты сактоо министри доктор Надим Ян, алар өз тарабынан Пакистандын Медициналык кеңеши менен бирге медициналык билим берүү маселелерине байланыштуу кызматташуу меморандумуна кол коюу сунушун кароого даяр экенин белгиледи.

11.01.2024
КР Саламаттык сактоо министри Пакистандын фармацевтикалык компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушту

Пакистандын Исламабад шаарында өтүп жаткан саламаттык сактоо тармагындагы коопсуздук боюнча Глобалдык саммиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Пакистандын бир катар фармацевтикалык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.

Бул жолугушуулар фармацевтика тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында өткөрүлүүдө. Жолугушууларда саламаттык сактоо жана фармацевтика тармагында кызматташуу жана өнөктөштүк мамилелерди кеңейтүү, Пакистандын ири фармацевтикалык компаниялары менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Министр белгилегендей, 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен калкты сапаттуу жана жеткиликтүү дары-дармек менен камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдында «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы түзүлгөн. Республика боюнча ачылган мамлекеттик дарыканалар да ийгиликтүү иштей баштады. Андыктан КР Саламаттык сактоо министрлиги өндүрүүчү ишканалардан сапаттуу дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды түз жеткирүүгө кызыкдар.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти. Өз ара пайдалуу кызматташуу максатында биргелешкен аракеттерди көрүү зарыл экендиги белгиленди.

10.01.2024
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоонун тармагындагы коопсуздук боюнча Глобалдык саммитке катышууда

2024-жылдын 10-11-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо тармагындагы коопсуздук боюнча Глобалдык саммитке катышууда. Саммит Пакистандын Исламабад шаарында өтүүдө.

Иш-чарага бир нече өлкөнүн саламаттык сактоо министрлери катышууда. Министрлер Саммиттин катышуучуларына күчтүү жана туруктуу коомдук саламаттык сактоо системасын түзүү темасында кайрылышты.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө бул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, саламаттыкты сактоонун коопсуздугу жана системанын туруктуулугу менен байланышкан тармактарда диалогду жана жаңы өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк экенин баса белгиледи.

«Бүгүн мен сиздерге терең урматтоо жана биздин жалпы жыргалчылыгыбыз үчүн жоопкерчилик сезими менен келдим. Саламаттык сактоо дүйнөсүндөгү тынымсыз чакырыктар жана өзгөрүүлөр шартында биз күчтөрдү бириктирип, жарандарыбыздын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн стратегияларды иштеп чыгышыбыз керек. Чек араны билбеген коркунучтарга туш болуп жатабыз жана биздин милдетибиз аларга каршы күрөштө бирдиктүү фронтту түзүү. Пандемия медицина тармагындагы глобалдык кызматташтыктын жана инновациялардын маанилүүлүгүн баса белгиледи. Биз изилдөөлөрдү колдоого, натыйжалуу дары-дармектерге жана вакциналарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга жана келечектеги коркунучтарды алдын алуу үчүн иш-аракеттердин пландарын иштеп чыгууга тийишпиз. Ден соолуктун коопсуздугу – бул жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө гана эмес, сапаттуу медициналык тейлөөнүн бардыгы үчүн жеткиликтүү болушун камсыз кылуу. Биз улуттук саламаттык сактоо системаларыбызды чыңдоого, медициналык кадрларды даярдоого жана керектүү инфраструктураны камсыздоого көңүл буруубуз керек. Биз биргелешип чакырыктарга натыйжалуу жооп бере ала турган жана планетадагы ар бир адамдын коопсуздугун камсыз кыла ала турган туруктуу саламаттык сактоо системасын түзө алабыз”, - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Эки күндүк талкуулардын жыйынтыгында саламаттык сактоо тармагындагы келечектеги коопсуздук боюнча глобалдык хартияга кол коюу пландалууда.

11.01.2024
КРнын Саламаттык сактоо министри менен Сауд Аравиянын саламаттык сактоо министринин орун басары саламаттык сактоо тармагындагы кызматташууну талкуулашты

Ушул күндөрү Пакистандын Исламабад шаарында өтүп жаткан Саламаттык сактоо тармагындагы коопсуздук боюнча Глобалдык саммиттин алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сауд Аравиянын Саламаттык сактоо министринин орун басары доктор Хани Абдулазиз Джохдар менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда тараптар саламаттык сактоо тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн, тактап айтканда, Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу ишке ашырылып жаткан Шаардык балдардын клиникалык тез жардам ооруканасынын жаңы хирургиялык корпусунун курулушун талкуулашты.

Министр Сауд Аравия Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал COVID-19 пандемиясынын учурунда республикага чоң гуманитардык жардам көрсөтүлгөнүн баса белгиледи. Жемиштүү кызматташуу уланууда, алсак өткөн жылдын аягында жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган бейтаптарга операция жасоо үчүн 30га жакын дарыгер келип, ошондой эле келишимге кол коюлган, анын алкагында төрт саламаттык сактоо уюмуна медициналык жабдуулар берилет. Сокулуктагы Жалпы дарыгерлик практика борборундагы оорукананын курулушуна колдоо көрсөтүү боюнча СӨФнун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.

Өз кезегинде Сауд Аравиясынын саламаттык сактоо министринин орун басары алар дарыгерлерди – кардиологдорду, трансплантологдорду, кардиохирургдарды даярдоону уюштурууда чоң тажрыйбага ээ экенин белгиледи. Бул тажрыйбаны Кыргызстан менен ийгиликтүү ишке ашырууга болот. «Ошондой эле Сауд Аравиясында көптөгөн кайрымдуулук фонддору бар, алар менен кызматташуу көңүл бурууга тийиш болгон тематикалардан көз каранды. Сауд Аравиянын Саламаттык сактоо министрлиги эл аралык тренингдер жана лабораториялар менен мамилелерди жөнгө салат. Ушул багыттар боюнча жемиштүү кызматташууга болот”, - деди доктор Хани Абдулазиз Джохдар.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бардык маселелерди биргелешип иштеп чыгууга жана эки өлкөнүн Саламаттык сактоо министрликтеринин кызматташуу багыттарын белгилеген меморандумду кабыл алууга макулдашышты.

10.01.2024
МРТ изилдөөсүн кайдан өтсө болот?!

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда магниттик-резонанстык томография (МРТ) кабинети иштей баштады.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Шайырбек Сулайманов белгилегендей, монополияга каршы комитет бекиткен прейскурант боюнча изилдөөнүн баасы изилдөөнүн түрүнө жараша 2200 сомдон ашпайт. «МРТ аппаратынын иштөөсү кыйла кымбат экенин эске алсак, текшерүүдөн толугу менен бекер өтүү мүмкүн эмес. Анткени керектелүүчү материалдарды сатып алуу талап кылынат. Бирок, жеке клиникаларга караганда баасы кыйла арзан. Мунун баары калктын социалдык жактан аялуу катмарын колдоо максатында жасалууда”, - деди Шайырбек Сулайманов.

МРТ кабинети Ахунбаев көчөсү, 192 дарегиндеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жайгашкан жана дүйшөмбүдөн ишембиге чейин саат 8:00дөн 17:00гө чейин иштейт. Балдарды жана бойго жеткен бейтаптарды кабыл алуу дарыгердин жолдомосу менен жүргүзүлөт.

Бейтаптардын курсак көңдөйүнүн анестезияны талап кылган МРТ изилдөөсүнө даярдоо тамактанууну жана суюктуктарды колдонууну убактылуу чектөөнү камтышы мүмкүн. Кийимде металл буюмдар болбошу керек. МРТга каршы көрсөтмөлөр бейтаптын денесинде металл импланттарынын болушу.

Толук маалымат алуу жана ала жазылуу үчүн төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: (0312) 490663, 0704 490663; 0554 490663.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 11-ноябрында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда магниттик-резонанстык томография борбору ачылган. МРТ атайын курулган жаңы имаратта жайгашкан. Аппарат Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында сатылып алынган.

10.01.2024
Үч-Коргон Жалпы дарыгерлик практика борборунун эки бөлүмүнүн имараты ишке кирди

2023-жылдын 30-декабрында Баткен облусунун Кадамжай районунун  Үч-Коргон айылында жайгашкан Үч-Коргон жалпы дарыгерлик практика борборунун балдар жандандыруу, дарылоо жана кеңеш беруу бөлүмдөрү жайгашкан имараттын курулуш иштери бүткөрүлүп ишке берилди.

 Курулуш иштери 2018-жылы башталып, бирок токтоп калган. 2023-жылы республикалык бюджеттен 58 млн сом бөлүнүп курулуш иштери кайрадан жанданган, ошондой эле бөлүнгөн каражаттын ичинде эмеректер жана медициналык жабдуулар да каралган. 

1560 кв.м турган имаратта 12 орундуу балдар бөлүмү, 6 орундуу балдардын жандандыруу бөлүмү жана биринчи кабатында дарылоо кеңеш беруу бөлүмү (поликлиника) жайгашты.

Маалымат үчүн:

Үч-Коргон жалпы дарыгерлик практика борбору 1928-жылы участкалык оорукана болуп түзүлгөн. Учурда 1960-1980-жылдары мектеп-интернат үчүн курулган имаратта жайгашкан. Беш айыл аймактын 65 миң калкын медициналык жактан тейлеген төрөт, хирургия, терапия, балдар, балдар жандандыруу, жугуштуу, реанимация бөлүмдөрү, ошондой эле Марказ жана Кара-Жыгач филиалдарынан, 12 үй бүлөлүк дарыгерлер тобунан жана 6 ФАПтан турат.

08.01.2024
КР Саламаттык сактоо министри менен Пакистандын Кыргызстандагы элчиси саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты

2024-жылдын 8-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Пакистандын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хасан Али Зайгам мырзанын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри катыша турган Глобалдык саламаттык сактоо коопсуздугу саммитинде карала турган маселелерди талкуулашты.

Исламабад шаарында 10-11-январга белгиленген Саммитте жугуштуу оорулардын коркунучтарына жооп бере ала турган жана алдын ала турган күчтүү жана туруктуу коомдук саламаттык сактоо системасын куруу боюнча глобалдык аракеттер талкууланат.

Мындан тышкары Кыргызстан менен Пакистандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы өз ара аракеттенүү жана медициналык университеттерде студенттерди алмашуу программасын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү талкууланды. Ошондой эле фармацевтика тармагындагы кызматташуу, атап айтканда Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүгү каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында көтөрүлгөн маселелерди мындан ары өнүктүрүү максатында Глобалдык саммиттин алкагында тиешелүү тараптар менен эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөрү белгилүү болду.

08.01.2024
Жаңы перинаталдык борбор жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет

2024-жылдын 8-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңы Перинаталдык борборунун ачылышына карата даярдык иштери менен таанышты.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун перинаталдык борборунун курулушу аяктады. Учурда медициналык жабдууларды орнотуу, ошондой эле борбордун айлана-тегерегин көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. Жакынкы аралыкта жаңы Перинаталдык борбордун расмий ачылышы пландалууда.

Эскерте кетсек, Перинаталдык борбордун имаратынын курулушу Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) гранттык каражаттарынын эсебинен каржыланууда. Перинаталдык борбор 203 орунга ылайыкташып, эл аралык стандарттарды эске алуу менен курулган.

08.01.2024
КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал

Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин ыкчам маалыматына ылайык, 2023-жылдын 52-жумасына (и.к. 194,5) салыштырмалуу 2024-жылдын 1-жумасында (01.01-07.01.2024-ж.) республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун 8201 учуру (и.к. 116,3) катталды, б.а. - 40,2% төмөн. Ооругандардын ичинен 72,2%ын (5961 учур) 14 жашка чейинки балдар түзөт.

Октябрь айынан тарта 1315 оорулуудан анализ алынды, лабораториялык изилдөөнун жыйынтыгы боюнча эпидсезон сасык тумоонун А/Н3N2 түрү менен негизделет.

Мындан сырткары, курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы да байкалууда, алардын ичинен көбүрөөк риновирус 35,4%, респиратордук-синцитиалдык вирус 24,2%, парагрипп 20% жана башка вирустар 20,4% түзөт.

Оорунун жогорку көрсөткүчү Бишкек, Ош шаарларында жана Чуй облусунда катталды, и.к. 200,7; 194,0 жана 208,4 түздү.

Республика боюнча КРВИ, сасык тумоо жана COVID-19дун эпидемиологиялык кырдаалына мониторинг жүргүзүү уланууда. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча ар жума сайын 2ден 6 учурга чейин катталып, эпид кырдаал туруктуу деп бааланууда.

 

Пандемия башталгандан бери өлкөдө 206 минден ашуун COVID-19 оорусунун учурлары катталып, алардын ичинен 2023-жылы 491 учур катталды (100 000 калкка инт. көрс. 6,8)

 Октябрь айынан тарта бардык саламаттык сактоо уюмдарында карантин жана бет кап тагынуу режими киргизилген.

 Эпидсезондун башталышы менен калк арасында беткап тагынуу, антисептик колдонуу сунушталат. Мектепке чейинки курактагы, окуучу балдар арасында оорунун белгилери пайда болгон учурда мектепке, мектепке чейинки мекемелерге жибербей, өзүн-өзү дарылабастан, оорунун өтүшүп кетишин болтурбоо максатында туура медициналык жардам алуу үчүн медициналык уюмдарга кайрылуу зарыл.