24.08.2022

Кант диабети менен кимдер көп оорушат? Кант диабетин дарылоого же алдын алууга болобу?

Кант диабети менен кимдер көп оорушат? Кант диабетин дарылоого же алдын алууга болобу?

Дүйнөдө болжол менен 286 млн. адам кант диабетинен жапа чегишүүдө (кант диабети менен ооругандардын саны жыл сайын 6-10% өсүүдө), алардын ичинен 90% дан ашыгы диабеттин 2 түрүнө ээ.

Диабет жүрөк, көз, бөйрөк жана колу-буттарга чейин таасир этип, коркунучтуу жагдайларды жаратат. Дарылоо кымбатка тургандыктан, үй-бүлө жана мамлекет үчүн каржы маселеси бир катар кыйынчылыктарга алып келет.

Канда канттын деңгээлинин жогорулугунун белгилери


Мүнөздүү белгилери - заара көлөмүнүн көбөйүшү (заарада глюкозанын пайда болуусу), ооздун кургашы, чаңкоо жана суюктукту ашыкча талап кылуу (денеде суунун азайышына байланыштуу) теринин жана былжыр челдин кычышуусу (биринчи кезекте, жыныс органдарында) териде жана былжыр челде ириңдүү жаралардын пайда болуусу, алсыроо, чарчоо, ишке болгон жөндөмдүн төмөндөп кетүүсү.

Кант диабети менен кимдер көп оорушат?

Чоң кишилер - көбүнчө 45 жаштан жогоркулар (бардык оорулардын 90%ы), 15 жашка чейинки балдар-бардык оорулардын 5%.

Кант диабетинин келип чыгуусуна өбөлгө болгон коркунуч факторлору:

- ашыкча салмак же семирүү;
- кыймыл-аракеттеги активдүүлүктүн төмөндүгү;
- канда холестерин жана май курамынын жогорулашы;
- артериялдык гипертензия жана жүрөктүн башка оорулары;
- 65 жаштан жогоркулар;
- диабетке тарткан тукум куучулук;
- баланын 4 килограммдан ашык салмакта төрөлүшү.

 Кант диабетин дарылоого болобу?

Заманбап медицина ыкмалары канттын деңгээлин ар убак нормага жакын кармап турууга мүмкүнчүлүк берет.

Дарылоо такай жүргүзүлүп, кандагы кант деңгээлин бир нормада кармап турууга багытталышы керек. Мына ошондо гана диабет көзөмөл алдында болот.

Кант диабетинен кантип сактаныш керек?

- туура тамактануу менен жашылча жер-жөмиштерди көбүрөөк пайдаланып, май, кант, ошондой эле алкоголдук ичимдиктерди пайдаланууну чектегиле;
- активдүү, сергек жашоо сүргүлө, дене көнүгүүлөрүн дайым жасоо жүрөк-кан тамыр ооруларынан жана семирүүдөн сактайт;
- салмагыңарга көз салгыла
- стресстик кырдаалдардан качкыла.