Ден соолук жаңылыктары

Акыркы жанылыктар

08

05

2024

Ысык-Көл районунун Темировка айылында жаңы ФАП пайда болот

08.05.2024

КР Саламаттык сактоо министрлиги менен ЮНИСЕФтин өкүлдөрүнүн жолугушуусу: саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуунун артыкчылыктары

08.05.2024

Саламаттык сактоо министрлиги менен Кыргыз Республикасындагы “Чек арасыз дарыгерлер – Швейцария” уюму кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту

10.12.2023
Саламаттык сактоо министри Шаардык балдар тез жардам ооруканасына барды

  Кезек күтүү боюнча даттануулардын көбөйүп жаткандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 10-декабрда Бишкек шаарындагы Балдар клиникалык тез жардам ооруканасына пландан тышкаркы иш сапары менен барып, анда балдарга медициналык жардам көрсөтүү кызматынын сапаты менен таанышып, ата-энелер менен баарлашып, бөлүмдөрдү кыдырды.

  Шаардык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мамановдун айтымында, ооруканага күнүнө 900дөй бейтап кайрылса, алардын 80%ы жолдомосуз келишет. Акыркы суткада 378 бейтап соматикалык, 79 бейтап хирургиялык кабыл алууга, 156 бейтап ЛОР кабылдоосуна, 269 бейтап травмпунктка кайрылган. Кайрылган балдардын көбүнө консультациялар берилип, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Башкы дарыгер дем ​​алыш күндөрү Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору иштебегендигине байланыштуу да кезектер көбөйөөрүн айтып, бирок бардык балдарга медициналык жардам жана консультациялар берилип жаткандыгын баса белгиледи.

Ал ошондой эле министрдин тапшырмасы менен курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен ооруган балдарды жайгаштыруу үчүн кошумча 30 керебет уюштурулуп, соматикалык оорулууларды дарылоочу педиатрлардын, ординаторлордун саны көбөйгөнүн белгиледи.

Иш сапардын жыйынтыгында министр өз ишин толук жоопкерчилик менен аткарып жаткан балдар ооруканасынын медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, бүгүнкү иш-сапардын негизги максаты башкаруучулук чечимдерди туура кабыл алуу үчүн калк жана медицина кызматкерлери менен баарлашуу экенин белгиледи.

08.12.2023
"Ден соолук" командасын колдойбуз!

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда 8-9-декабрда өтүүчү футбол боюнча салтка айланган “Мурас” достук турнири башталды.

Бүгүн, 8-декабрда иш-чаранын ачылышы “Газпром-балдар үчүн” спорттук-эс алуу борборунда болду. Турнирге 16 команда катышып, алар төрт тайпага бөлүнгөн.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бардыгын кезектеги салттуу “Мурас” турниринин башталышы менен куттуктап, турнир эки жылдан бери сергек жашоо мүнөзүн пропагандалап келе жатканын жана  белгилүү жыйынтыктар бар экенин эске салды. Барган сайын мамлекеттик мекемелер жана ведомстволор активдуу коллективдуу эс алууга артыкчылык бере башташты.

Турнир сергек жашоого гана үндөбөстөн, оюнчуларды ынтымакка жана биримдикке үндөй турганын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров “Дени сак улут – дени сак өлкө” экенин белгилеп, мекендештерди активдүү жана сергек жашоого чакырды.

08.12.2023
Республиканын Саламаттык сактоо уюмдарына жана Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна 107 бирдик унаа тапшырылды

Бүгүн, 2023-жылдын 8-декабрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагына 107 бирдик медициналык унааларды тапшыруу аземи болуп өттү.

Автоунааларды тапшыруу аземге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченко, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары катышты.

«Бүгүнкү иш-чаранын себеби – экономикалык жана стратегиялык өнөктөшүбүз Россия Федерациясынын колдоосу менен «COVID-19дун кесепеттерин жоюу» долбоорунун алкагында жалпы суммасы 3 миллион долларды түзгөн 107 унааны өткөрүп берүү», - деди Акылбек Жапаров.

«Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эскирген автопаркты жаңыртуу, ошондой эле республиканын ар кайсы аймактарындага калкты тейлөөчү транспорттук бөлүмдөрдүн санын көбөйтүү максатында саламаттык сактоо тармагына чоң колдоо көрсөтүшүүдө.  Республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жана Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун паркын жаңыртуу медициналык тейлөөнүн сапатын, бейтаптарды ташуудагы коопсуздуктун жана ыңгайлуулуктун деңгээлин жогорулатат», - деп белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев.

Маалымат үчүн: Саламаттык сактоо министрлигине жалпы суммасы 3 000 000 долларды түзгөн 47 даана тез жардам унаасы, 35 даана седан кузовдуу санитардык транспорт, 19 даана минивен кузовдуу санитрадык транспорт, 4 даана каза болгондордун сөөгүн ташуу үчүн адистештирилген транспорт жана 2 даана дезинфекциялоочу машина өткөрүлүп берилди.

08.12.2023
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаров саламаттык сактоо тармагына 107 даана автотранспортту тапшыруу аземине катышты

«Бүгүнкү иш-чаранын себеби - экономикалык жана стратегиялык өнөктөшүбүз Россия Федерациясынын колдоосу менен «COVID-19 кесепеттерине ыкчам чара көрүү» долбоорунун алкагында жалпы суммасы 3 миллион доллар болгон 107 унааны тапшыруу. Белгилей кетсек, 3 жылдын ичинде 335 жаңы тез жардам унаалары, ошондой эле санитардык унаалар алынды. Албетте, элдин бакубаттуулугу, мамлекеттин экономикалык өнүгүүсү саламаттык сактоо системасынын туура уюштурулушунан көз каранды. Коронавирустук пандемия дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде биздин өлкөнүн саламаттык сактоо системасынын бардык алсыз жактарын көрсөттү. Ооруканаларыбыздын, поликлиникаларыбыздын материалдык-техникалык базасын жакшырта баштадык жана көптөгөн атайын жабдыктарды сатып алуудабыз», - деди Акылбек Жапаров.

Анын айтымында, жыл сайын сасык тумоо сыяктуу сезондук жана түрдүү вирустук инфекциялардан улам көптөгөн ооруканалар, анын ичинде балдар ооруканаларында да керебеттер жетишпей калууда. Бул жагдайда КР Министрлер Кабинетинин башчысы Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге өз убагында жана тийиштүү чараларды көрүү, жарандарды тейлөө жана квалификациялуу дарылоо үчүн медициналык бригадаларды же адистештирилген бөлүмдөрдү түзүү боюнча так тапшырмаларды койду.

«Өлкөнүн өнүгүшү үчүн Садыр Нургожоевич бүт күчүн, жан-дүйнөсүн жумшайт. Коркунучка карабай, өз өмүрүн тобокелге салып, Камчыбек Кыдыршаевич коррупция, кылмыштуулук жана уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүп келет. Санариптик жана технологиялык чечимдердин жана механизмдердин аркасында Министрлер Кабинети экономиканы жана бюджетти кесипкөйлүк менен көтөрүүдө. Бирок адам ооруп жатканда дарылоо жардам бербесе, анда бардык аракеттер текке кетет. Ошондуктан биздин дарыгерлер абалдын курчушуна жол бербеши керек. Бул сиздин түздөн-түз милдетиңиз экенин баса белгилегим келет, сиз жана сиздин команда муну чече алат деп ишенебиз. Урматтуу биздин медицина кызматкерлери, ар бир бейтапка эффективдүү жардам берүү үчүн сиздерге чың ден соолук жана жакшы маанай каалайм”,-деди Акылбек Жапаров.

Маалымат үчүн: Саламаттык сактоо министрлигине жалпы суммасы 3 000 000 долларга 47 даана тез жардам унаасы, 35 даана седан кузовдуу санитардык транспорт, 19 даана минивен кузовдуу транспорт, 4 даана сөөк ташуу үчүн адистештирилген транспорт жана 2 даана дезинфекциялоочу унаа алынды.

07.12.2023
КР Саламаттыкты сактоо министри Катар мамлекетинен келген хирургдар тобунун жетекчиси менен жолугушту

6-декабрда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде министр Алымкадыр Бейшеналиев менен Катар мамлекетинен келген хирургдар тобун жетектеген профессор Абдулсалам Аль-Кахтани жана кохлеардык имплантацияны колдоо боюнча комитеттин жетекчиси М. Саад Омран Аль Кувари мырза менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга ошондой эле Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Шайырбек Сулайманов, профессор Вадим Насыров жана башкалар катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө угуусу начар балдарга кохлеардык имплантация жасоо боюнча Катар мамлекетинен келген кесиптештер менен кызматташуу маселелери талкууланды. Талкуу учурунда министр балдарга көрсөткөн жардамы үчүн Катар мамлекетине жана профессор Аль-Кахтаниге ыраазычылык билдирди. Ал келечекте биздин ото-хирургдар мындай операцияларды өз алдынча жасай алышы үчүн Бишкектен жана башка аймактардан ото-хирургдарды Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында пландаштырылган ЛОР-операцияларга катышып, кохлеардык имплантация боюнча практикалык көндүмдөрдү алуусу үчүн жөнөтөөрүн билдирди.

Өз кезегинде профессор Абдулсалам Аль-Кахтани жакынкы үч жылда хирургдар тобу угуусу начар балдарга 300гө жакын кохлеардык имплантация операциясын жасоону пландап жатканын билдирди. Ошондой эле келечекте хирургдарыбыз мындай операцияларды өз алдынча жасашы үчүн кыргыз адистерин окутуу боюнча мастер-класстарды өткөрөт, ал эми Катар мамлекети кохлеардык импланттарды акысыз берет.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу жемиштүү кызматташууну улантууга макулдашышты.

Эскерте кетсек, 7-декабрдан 15-декабрга чейин Катар мамлекетинин ото-хирургдары Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун лор-дарыгерлери менен биргеликте атайын комиссия тарабынан тандалып алынган 50гө жакын балага бекер операция жасашат.

07.12.2023
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун шыр байланыш номуру күнү-түнү иштөө режимине өттүдө

Жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүү системасынын  үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 113  шыр байланыш номуру күнү-түнү иштөө режимине өттү. Бул жарандарыбызга дем алыш күндөрүн (ишемби жана жекшемби) кошпогондо, саламаттык сактоо уюмдарында Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу күнү-түнү кесипкөй кеңештерди жана суроолорго жоопторду алууга мүмкүндүк берет.

     Жарандардын бардык кайрылуулары 113 шыр байланыш телефонунун программалык камсыздоосуна жазылат, б.а. бир дагы кайрылуу кароосуз калбайт. Каралган жана көрүлгөн чаралар программалык камсыздоодо да катталган.

      «Биздин негизги максатыбыз – жарандарыбыздын медициналык жардамга болгон муктаждыктарын толук канааттандырууну камсыз кылуу. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун шыр байланыш телефонунун күнү-түнү иштөөгө өтүүсү жарандарга ыкчам маалыматтарды жеткиликтүү болуу  мүмкүнчүлүгүн берет. Медициналык кызматтарды көрсөтүүнүн көлөмү, шарттары жана эрежелери жөнүндө маалымат калкка ыңгайлуу болгон убакта берилет», - деп баса белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев.

    Жарандар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 113 акысыз шыр байланыш  телефонуна байланышып, медициналык кызматтар, укуктары, арыздарды берүү жана медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирүү менен толук маалымат ала алышат. Бардык телефондордон чалуулар акысыз.

    Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду Кыргызстандын жарандары үчүн медициналык тейлөөнүн жогорку стандартын камсыз кылууда өз кызматтарын жакшыртуу боюнча ишин улантууда.

07.12.2023
Саламаттык сактоо министрлиги тесттик режимде ооруканалар үчүн интеграцияланган маалыматтык системаны ишке киргизди

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги «Санарип MED» санариптик саламаттык өнүктүрүүнүн максаттуу моделин ишке ашыруунун алкагында ооруканалар үчүн маалыматтык системаны (оорунун санариптик тарыхы) иштеп чыкты жана пилоттук түрдө ишке киргизди.

Оорунун санариптик тарыхы – бул стационардык саламаттык сактоо уюмдарында бейтаптарды кабыл алуу, диагностикалоо жана дарылоо менен байланышкан негизги бизнес процесстерди камтыган салттуу кагаз жүзүндөгүоору тарыхынын санариптик аналогу.

Оорунун санариптик тарыхынынартыкчылыктары саламаттык сактоо кызматкерлери үчүн маалыматка жеткиликтүүлүктү жакшыртууну, жардам көрсөтүүнү координациялоону жогорулатууну, маалыматтарды берүүдөгү каталардын тобокелдигин азайтууну, бейтаптарды тейлөөнүн сапатын жакшыртууну жана жалпы саламаттыкты сактоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатууну камтыйт.

 

Маалымат системасы ар кандай саламаттык сактоо уюмдарынын ортосунда маалымат алмашуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат, бул өзгөчө ар түрдүү деңгээлдеги (райондук, областтык, республикалык) саламаттык сактоо уюмдарынын ортосунда бейтаптарды которууда маанилүү.

Ошентип, этап-этабы менен саламаттык сактоо системасынын бирдиктүү санариптик контуру түзүлдү, ал балдардын төрөлүшүн каттоодон, саламаттык сактоо уюмуна кирүүдөн, баштапкы медициналык-санитардык жардам уюмдарына кайрылуудан, лабораториялык изилдөөлөрдөн, вакциналарды алуудан, ооруканага жаткыруудан, , майыптыгын аныктоо үчүн медициналык-социалдык эксперттик комиссияга жолдомо берүү, санариптик КТ сүрөттөрүн сактоо жана алмаштыруу, акырында өлүм фактысын каттоо, убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчаларын түзүүдөн башталат.

 

06.12.2023
СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун гранттык каражатына Кыргызстандын өлкөлүк өтүнүчүнө кол коюлат

Бүгүн, 2023-жылдын 6-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Кыргызстанда СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун долбоорун ишке ашыруунун келээрки жылдарга даярдык көрүү маселелери талкууланган жыйын өттү.

Кеңешме саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары Жылдыз Садырбаева, Айбек Маткеримов, Глобалдык фонддун Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык менеджери Думитру Латичевскинин,  ГФ портфолио менеджеринин милдетин аткаруучусу Корина Максим, ГФ Программалык кызматкери Вира Землянска жана башка кызыкдар тараптардын катышуусунда өттү.

СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун делегациясы менен жолугушууда АИВ жана кургак учук боюнча ГФдун грантын ишке ашырууга байланыштуу маселелер талкууланды. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Коомдук саламаттык сактоо боюнча координациялык кеңештин алдындагы АИВ/СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча комитеттин курамын талкууланды. Негизги реципиенттин кийинки ишке ашыруу мезгилине даярдыгын, анын ичинде күтүлбөгөн кырдаалдарды пландаштыруу жана келечектеги өткөөлгө карата Саламаттык сактоо министрлигинин Программаны ишке ашыруу бөлүмү менен кызматташууну баалоо.

Министр Глобалдык Фонддун миссиясынын мүчөлөрүнө АИВ инфекциясы жана кургак учук менен күрөшүүгө, ошондой эле биздин өлкөнүн саламаттык сактоо системасын чыңдоого кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди. «СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонд менен кызматташуу АИВ инфекциясынын жана кургак учуктун жугушун алдын алууда белгилүү ийгиликтерге жетишүүгө жардам берип жатат. Бүгүнкү күндө биздин жалпы милдетибиз – АИВ-инфекциясы жана кургак учук менен күрөшүүдө бизге белгилүү болгон кемчиликтерди жоюу», - деп баса белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев.

  Глобалдык фонддун Кыргызстан боюнча Программалык кызматкери Вира Землянска өз кезегинде Кыргызстандын гранттык каражаттарга өтүнмөсү Глобалдык фонд тарабынан жактырылганын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жыйынтыктоочу жолугушууларды жана документке кол коюу аземин өткөрүү боюнча макулдашышты.

06.12.2023
КР Саламаттык сактоо министри жана Жогорку Кеңештин депутаты Улуттук госпиталга барышты

6-декабрда КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо менен бирге Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталга барды.

Министр менен депутат оорукананын бөлүмдөрүн, палаталарды кыдырып, бейтаптар менен баарлашып, алардын ал-абалын сурап, дарылануу үчүн уюштурулган шарттар менен таанышышты. Ошондой эле Улуттук госпиталдын аймагында жайгашкан «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасынын иши менен таанышышты.

КР Жогорку Кеңешинин депутаты Мирлан Самыйкожо жарандардын сапаттуу жана квалификациялуу медициналык кызматтарды алуусу керектигине токтолду. Ал ошондой эле аймактарды, тактап айтканда, Нарын облусунун Кочкор районун кыдырып, «Эл Аман» мамлекеттик дарыканалардын иши менен таанышканын белгиледи. «Мамлекеттик дарыкана ачуу министрдин эң жакшы демилгелеринин бири. Дары-дармектер чындыгында жеке дарыканаларга караганда арзан сатылуусуна өзүм күбө болдум. Бул ишти колдоо керек жана биз депутаттар да өз тараптан мамлекеттик дарыканаларды өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө жана колдоого даярбыз», - деди депутат.

06.12.2023
Саламаттык сактоо министри Бишкек шаарындагы балдар стационарларында сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук ооруларына байланыштуу болуп жаткан кырдаал мезгилде ишти күчөтүүгө тапшырма берди

Бүгүн, 6-декабрда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев курч респиратордук вирустук оорулардын жана сасык тумоонун эпидемиологиялык жогорулоо мезгилинде балдар калкына медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешме КР Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адистеринин жана Бишкек шаарындагы балдар стационарларынын жетекчилеринин катышуусунда болуп өттү.

КРВИ жана сасык тумоо боюнча маалыматты угуп, министр КРВИ жана пневмония менен ооруган этиологиясы такталбаган балдарга өз убагында медициналык жардам көрсөтүү үчүн балдарды кабыл алууга кошумча керебеттерди жайгаштыруу тапшырмасын берди. КРВИ жана этиологиясы такталбаган пневмония менен ооруган балдарды кабыл алуу үчүн шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын базасында 30 койка, жугуштуу оорулар менен ооруган бейтаптарды кабыл алуу үчүн энени жана баланы коргоо Улуттук борборунун базасында 30 койка жана ошондой эле Чүй облустук бириктирилген ооруканасынын балдар бөлүмүндөгү койкалардын санын 45 койкага чейин убактылуу уюштурулат.

Мындан тышкары, ЖКККБнын кадрдык потенциалын күчөтүү максатында Бишкек шаарынын ҮМБ педиатрлардын кызматын уюштуруу, жана 2-3 курстардын ординаторлорун кырдаалга байланыштуу жумушка чакыруу айтылды.

Энени жана баланы коргоо Улуттук борборунунда ишти күчөтүү үчүн кошумча 10 врачтык ставканы бөлүп берүү керектиги каралды.

Ошондой эле КРВИ жана сасык тумоонун эпидемиологиялык өсүү мезгилинде ҮМБнын алдындагы күндүзгү стационарлардын ишин кайра кароо,тактап айтканда бейтаптарды дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 08.00 дөн 20.00 гө чейин жана дем алыш күндөрү саат 08.00 дөн 14.00 гө чейин эки сменада кабыл алууну графиги бекитилди.

Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциянын алдын алуу үчүн төмөнкү эрежелерди сактоо зарыл:

- маска режимин жана аралыкты сактоо;

- дем алуу гигиенасын сактоо – тактап айтканда оозду жана мурунду жабуу

жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө;

- сасык тумоону жуктуруп алган адамдарды өз убагында изоляциялоо

- санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (колдун гигиенасы, дайыма бөлмөлөрдү желдетүү, бөлмөлөрдү таза кармоо ж.б.).

05.12.2023
Кыргыз Республикасынын окуу жайларында билим алып жаткан чет элдик студенттер үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу

Бүгүн, 2023-жылдын 5-декабрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын демилгеси менен “Кыргыз Республикасынын окуу жайларында билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттер үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу” деген аталышта тегерек стол болуп өттү.

Тегерек стол Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрүнүн, 22 ЖОЖдун, орто окуу жайларынын өкүлдөрүнүн, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун аймактык башкармалыктарынын директорлорунун, шаардык саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда өттү.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө “Кыргыз Республикасындагы жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышы менен камсыздандыруусу жок чет өлкөлүк студенттер медициналык кызмат үчүн студент катары эмес, чет мамлекеттин камсыздандырылбаган жарандары катары төлөшү керектигин баса белгиледи. Мамлекеттик мекемелер чет элдик студенттерди кабыл алууну, консультациялоону жана дарылоону кантип уюштура алат деген суроо көптөгөн ректорлорду кызыктырууда. Бул маселелерди ийгиликтүү чечүү үчүн Саламаттык сактоо министрлиги менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан гана эмес, билим берүү мекемесинин ар бир жетекчисинен активдүү өз ара аракеттенүү талап кылынат. "Биз медициналык камсыздандыруу маселелери боюнча бирдиктүү түшүнүккө жете алабыз деп үмүттөнөм, мүмкүн болгон бардык көйгөйлөрдү талкуулоого жана чечүүгө даярбыз", - деди министр.

КР Жогорку Кеңешинин депутаты Айбек Маткеримов Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча мыйзам 2023-жылдын апрель айынан тарта күчүнө киргендигин белгиледи. Бирок, орто окуу жайларынан айырмаланып, жогорку окуу жайлары аны ишке ашырууда жетиштуу активдуу эмес. Мыйзамдын аткарылышы ар бир адам үчүн бирдей милдеттендирилет жана көңүл бурууну талап кылат. Бардык жетекчилер бул маселени көзөмөлгө алып, аракетин күчөтүшү керек.

Көптөгөн талкуулардан жана жолугушуулардан кийин Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду алардын сунуштарын эске алганын окуу жайлардын жетекчилери бөлүштү. Алар ошондой эле мыйзамды сактоо жана студенттерди камсыздандыруу процессин тездетүү боюнча өз милдеттенмелерин баса белгилешти. Билим берүү мекемелеринин жетекчилери ММК фонду алардын чет өлкөлүк студенттерди медициналык тейлөөсү боюнча сунуштарын кабыл алганына канааттангандыгын билдиришти.

Өз кезегинде баштапкы саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери чет өлкөлүк студенттерди ҮМБга каттоого алуу шартында, алар Мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында Кыргызстандын камсыздандырылган жарандары менен бирдей шарттарда медициналык кызмат көрсөтүүгө даяр экендигин белгилешти.

Маалымат үчүн:

ММК фонду менен чет элдик студенттер билим алып жаткан 52 окуу жайдан 30у менен келишим түзүлгөн. Бүгүнкү күнгө карата келишим түзгөн 13203 студенттин ичинен 192 студен гана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин сатып алышкан. ММК полисинин баасы 6 айга 8196 сом же 12 айга 16391 сомду түзөт. ММК фонду Полисти колдонуунун артыкчылыктарын жана эрежелерин түшүндүрүү үчүн ЖОЖдордун жана орто окуу жайлардын ректорлору менен 85 жолугушуу жана чет элдик студенттер менен 53 жолугушуу өткөрдү.

Бардык жарандарды, анын ичинде биздин өлкөдө туруктуу же убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча "Кыргыз Республикасындагы жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр 2023-жылдын 10-апрелинен тартып күчүнө кирген.

05.12.2023
КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык көзөмөл департаменти сасык тумоо, КРВИ жана коронавирустук инфекцияга чалдыгуу боюнча жумалык мониторинг жүргүзүүнү улантууда. Бардык аймактарда эпидемиологиялык абал туруктуу, оорунун кескин өсүшү катталган жок.

 

Ыкчам маалымат боюнча, үстүбүздөгү жылдын 48-жумасында (27.11-03.12.23-ж.) республика боюнча өткөн жылдын ушул жумасына салыштырмалуу 5737 КРВИ жана сасык тумоо учуру катталып (2022-жылдын 48-жумасы, и.п. 139,3), оорунун -1,7 эсеге азайганы байкалган. Бардык ооругандардын 67,2%ы 14 жашка чейинки балдар (3858 учур).

 

А тибиндеги грипптин вирустары анын бетиндеги белоктордун айкалышы боюнча түрлөргө бөлүнөт: A(H1N1), A(H3N2), A(H1N1) түрлөрү дагы A(H1N1) pdm09 деп белгиленет. Үстүбүздөгү жылдын 4-декабрына карата Ош шаарында лабораториялык текшерүүлөрдүн жүрүшүндө сезондук жана жыл сайын катталуучу A(H3N2) түрүндөгү сасык тумоо вирусунун сейрек учурулары аныкталган.

 

  Бишкек шаарында жана республиканын башка аймактарында эпидемиологиялык абал туруктуу. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча курч респиратордук вирустук инфекциялар катталган, алсак: парагрипп I-IV, бокавирус, РС вирусу, сезондук коронавирус, аденовирус жана метапневмовирус.

 

Мезгилдик көбөйүүнү эске алуу менен курч респиратордук вирустук инфекциялардын алдын алуу үчүн жөнөкөй эрежелерди сактоо зарыл:

 - беткап режимин сактоо жана физикалык аралыкты сактоо;

- дем алуу органдарынын гигиенасын сактоо - жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду жана мурунду чүпөрөк жүз аарчы менен жабуу жана аны андан ары капкагы бар таштанды челекке таштоо;

- санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (кол гигиенасы, жайларды үзгүлтүксүз желдетүү, нымдуу тазалоо ж.б.).

- эгерде балада КРВИ белгилери пайда болсо, ал айыкмайынча баланы мектепке же бала бакчага жибербеңиз жана жашаган жери боюнча дарыгерге кайрылыңыз;

-окуу жана эс алуу режимин сактоо, таза абада көбүрөөк убакыт өткөрүү, жетиштүү уктап, туура тамактануу;

- эртең мененки көнүгүүлөрдү жасоо.

 

Республикада сасык тумоо, ОКВИ жана COVID-19 менен ооругандардын саны боюнча эпидемиологиялык абалга мониторинг жасоо улантылууда.

05.12.2023
Чүй районунун Арчалы айылында Республикалык реабилитациялык борбор ачылды

Бүгүн, 2023-жылдын 5-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан «Арчалы» республикалык реабилитациялык борборунун имаратынын расмий ачылыш аземине катышты. Ошондой эле иш-чарага КР Жогорку Кеңешинин депутаты Айбек Маткеримов, Аламүдүн районунун жергиликтүү кеңешинин депутат, Арчалы айылынын аксакалдары жана тургундары катышты.

Республикалык «Арчалы» реабилитациялык борбору республиканын калкына медициналык-санитардык, медициналык-реабилитациялык, ден соолукту чыңдоо кызматтарын көрсөтүү үчүн түзүлүүдө. Реабилитациялык борбордун үч кабаттуу имараты 6 миң чарчы метр аянтта жайгашкан жана 50 керебетке ылайыкталган.

Борбордун директору Нурлан Дүйшөналиев борбор түзүлүп, учурда бейтаптарды кабыл алууга даярдык иштери жүрүп жатканын билдирди. Алгач күнүнө 50-60ка жакын адам ар кандай оорулардан сакайып кетүү үчүн керектүү процедураларды ала алат. Оорулуулар жалпы массаж, мануалдык массаж жана ийне терапиясын ала алышат. Бул, албетте, башталышы гана.  Убакыттын өтүшү менен тренажерлор кошулуп, инструкторлорду ишке алып, кеңейтүүгө болот деп ойлойм.

Келечекте борбор үчүн машыгуу жана муун гимнастикасы үчүн залдарды уюштуруу, керектүү көп функционалдуу тренажерлорду, буту-колдун кыймылын калыбына келтирүүчү тренажерду, ийин булчуңдарын механикалоочу комплексти, ошондой эле буттарды механикалоочу комплексти сатып алуу пландаштырылууда. Анда неврологиялык оорулардан жабыркаган, инсульттан кийинки, баш мээ жана омуртка травмаларынан жабыркаган, эндопротез жасаткан бейтаптар машыкса болот.

КР Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев айрымкесепети оор оорулардан кийин реабилитациянын маанилүүлүгүн белгиледи. Алдыда Токмок шаарында дагы бир реабилитациялык борбор ачуу планы бар. Имарат мурунтан эле бар, азыр ден соолукту чыңдоо борборун уюштуруу үчүн даярдык иштери жүрүп жатат.

«Бардык бейтаптар ден соолукта болот деп ишенем, биз өз кезегибизде алдыга коюлган милдеттерди аткарып, жарандарыбыздын өмүрүн узартууга салым кошобуз деген ниеттемин», - деп билдирди министр Алымкадыр Бейшеналиев.

05.12.2023
Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна Катардан дарыгерлер келет

Үстүбүздөгү жылдын 6-декабрында Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна Катар мамлекетинен профессор Абдулсалам Аль Кахтани жетектеген хирургдар тобу келет.

Кол коюлган меморандумга ылайык, Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн атынан Кайрымдуулук жана ислам иштери министрлиги бардык финансылык чыгымдарды, анын ичинде кохлеардык имплант системасын камсыз кылууну, хирургиялык операцияларды, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун хирург дарыгерин жана медициналык жардамчы персоналды окутууну өзүнө алат. Алар ошондой эле операциядан кийин балдардын эки жылдык реабилитациясын каржылашат.

Бул ирет Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун лор врачтары менен биргеликте атайын комиссия тандап алган 50гө жакын балага операция жасоо пландалууда. Жалпысынан бул программанын алкагында жылына 150 балага операция жасоо пландалууда. Ошол эле учурда кыргызстандык дарыгерлер мындай операцияларды жасоодо баалуу тажрыйбага ээ болушат. Буга чейин мындай операцияларды жасоо үчүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна кымбат баалуу микроскоп өткөрүлүп берилген.

Бул операциянын маңызы импланттын ички бөлүгү ички кулакка өмүр бою имплантацияланат. Сырткы бөлүгү - сүйлөө процессору - 5 жылда бир алмаштырылышы керек.

Белгилей кетсек, операциялар Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жасалат, анткени анда угуусу начар балдарды диагностикалоо, хирургиялык кийлигишүүлөрдү жасоо жана операциядан кийинки медициналык реабилитациялоо үчүн бардык керектүү жабдыктар бар. Кохлеардык имплантацияга балдарды тандоо боюнча комиссия жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 153 буйругу) бекитилген жобо бар. Бул жобого ылайык кохлеардык имплантация операциясына көрсөтмөлөр жана каршы көрсөтмөлөр бар.

Жалпысынан Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда буга чейин кохлеардык имплант коюу боюнча 120дан ашык балага операция жасалган. Чет өлкөдө операция болгон 200дөй балдар жана чоңдор да бар.

04.12.2023
Медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу боюнча маалымат

Акыркы жылдарда медицина кызматкерлеринин эмгек акысы эки эсе жогорулатылды. Белгилей кетсек, 2021-2022-жылдарга чейин 2011-жылы медицина кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулаган.

2021-жылдын 1-апрелинен тарта саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысы 50%га, үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана жалпы практикалык дарыгерлердин эмгек акысы 100%га жогорулады.

Андан кийин, 2022-жылдын 1-апрелинен тарта саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маяналары орто эсеп менен 50%га жогорулатылып, баардык үстөк акылар жана кошумча төлөмдөр (айыл жергеси, бийик тоолуу, илимий даража, эмгек стажы, категориялар ж.б.) сакталып калат жана кызматтык маянага кошулат.

Саламаттык сактоо системасында иштеген стажысы үчүн кошумча төлөм стажыга жараша:

5 жылдан 10 жылга чейин 10% 

10 жылдан 15 жылга чейин 20%

15 жылдан ашык 30% өлчөмүндө

 

Эскертүү: кенже тейлөөчү персоналдан тышкары

 

Квалификациялык категория үчүн үстөк сакталып калат жана негизги маянадан төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:

- жогорку квалификациялык категория – 50%;

- I квалификациялык категория – 30%;

- II квалификациялык категория – 10%.

Ошондой эле, ординаторлор үчүн эмгек маяна жаш дарыгер катары үстөксүз жана кошумча төлөмдөрсүз (эмгек стажы, категориясы үчүн ж.б.) эсептелинет.

Маалымат үчүн:

Орточо эмгек акынын салыштырма таблицасы

 

Орточо айлык2023-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен Айлык жогорулаганга чейин 2021 год
АУП20 413,0014 451,90
Дарыгерлер24 014,0012 897,90
Орто мед. персонал19 502,0011 739,50
Кичи мед. персонал13 938,009 989,60
Башка персонал14 249,009 690,00
04.12.2023
Неонаталдык скрининг тубаса кемтиктерди алгачкы этапта аныктоого мүмкүндүк берет

Кыргыз Республикасында 2019-жылдан тартып тубаса ооруларды – тубаса гипотиреозду (ТГ) эрте аныктоо үчүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда пилоттук негизде неонаталдык скринин жасала баштаган. 2023-жылы жаңы төрөлгөн ымыркайларды мындай скрининг менен ырааттуу камтуу Кыргыз Республикасынын бардык аймагында жүргүзүлдү. 2023-жылы 72 миң жаңы төрөлгөн ымыркай текшерүүдөн өткөн. Тубаса гипотиреоз 370 ымыркайда аныкталган.

Тубаса гипотиреоз – балдардын калкан сымал безинин эң кеңири тараган тубаса ооруларынын бири, ал гормондордун толук же жарым-жартылай жетишсиздигинен келип чыгып, организмдин бардык органдарынын жана системаларынын өнүгүүсүнүн артта калышына алып келет.

Андан соң экинчи оору - фенилкетонурияга скрининг жасала башталды.

Фенилкетонурия – фенилаланин аминокислотасын ажыратуучу ферменттин активдүүлүгү жок же азайган оору. Акыркысы кандагы фенилаланиндин топтолушу менен коркунучтуу, ал өз кезегинде неврологиялык ооруларга, мээнин бузулушуна жана акыл-эстин артта калышына алып келет.

Кошумчалай кетсек, пилоттук долбоордун алкагында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда ара төрөлгөн балдардын ретинопатиясын аныктоочу скрининг да киргизилген. “Ара төрөлгөн балдардын ретинопатиясын диагностикалоо, башкаруу жана дарылоо протоколунун” долбоору бекитүүгө даярдалды.

Ошондой эле жаш балдар аудио-скринингден өткөрүлүүдө. ЮНИСЕФтин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын аймактарындагы төрөт үйлөрүнө жана баштапкы медициналык-санитардык жардам борборлоруна 22 даана аудиоскинерлер сатылып алынган.

 

Маалымат үчүн:

Неонаталдык скрининг – жаңы төрөлгөн балдарды тукум куума ооруларга (тубаса гипотиреоз, фенилкетонурия ж. б.) массалык текшерүү. Мындай изилдөөлөр тукум куума оорулардын оор клиникалык кесепеттерин эрте аныктоого, өз убагында дарылоого жана алдын алууга багытталган.

Скрининг үчүн кан алуу атайын даярдыктан өткөн кызматкер тарабынан жүргүзүлөт. Тесттин жыйынтыгы бир нече күндүн ичинде чыгарылат.

 

АКШда жаңы төрөлгөн ымыркайлар 50 ооруга, ал эми Орусияда 36га текшерилет.

03.12.2023
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев климаттын өзгөрүшүнүн адамдардын ден соолугуна тийгизген таасирин талкуулаган пленардык жыйынга катышты

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 3-декабрда климаттын өзгөрүшүнүн адамдын ден соолугуна тийгизген таасирин талкуулоого арналган пленардык жыйында сөз сүйлөдү.

Жолугушуу Дубайда (Бириккен Араб Эмираттары) COP28 Климаттын өзгөрүшү боюнча 28-конференциянын алкагында өттү.

Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө:

«Кыргызстандын жарандарынын дени сак айлана-чөйрөгө жана бакубат жашоого болгон укуктарын коргоо мен үчүн чоң сыймык. Мен ДССУну, Климат Конвенциясынын Катчылыгын жана Бириккен Араб Эмираттарын бул күндү ден соолукка арнаганы жана климаттын өзгөрүшүнүн адамдын ден соолугуна тийгизген таасирин баса белгилегени үчүн баалайм. Кыргызстан Климат жана ден соолук боюнча COP28 Декларациясын толугу менен колдоп, бул маселенин олуттуулугун баса белгилейт.

Климаттын өзгөрүшү дүйнөлүк ден-соолукка коркунуч туудурат жана Борбордук Азияда жайгашкан тоолуу өлкөбүз континенттик, кургак климатка байланыштуу күчөгөн аялуу абалга дуушар болууда. Температуранын жогорулашы, жаан-чачындын азайышы жана гидрологиялык режимдин бузулушу суу менен камсыздоо булактарынын кыскарышына жана суунун сапатынын төмөндөшүнө алып келет. Демек, жугуштуу оорулардын көбөйүү коркунучу, өзгөчө өлкөнүн ичүүчү таза сууга жетүү мүмкүнчүлүгү чектелген аймактарында жогорулайт. Жүрөк-кан тамыр жана дем алуу органдарынын ооруларынын таралышы кооптонууну жаратат, бул өтө ысык жана абанын көмүр жана отундан булганышы менен күчөп баратат. Климаттын өзгөрүүсү менен шартталган өзгөчө табигый кырсыктар жугуштуу оорулардын жайылышын күчөтүп, биздин саламаттык сактоо инфраструктурасына жана калктын саламаттыгына оорчулук келтирүүдө.

Калктын эң аялуу катмары – аялдар, балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, улгайган адамдар, мигранттар, айыл жана бийик тоолуу калк – климаттын өзгөрүүсүнүн пропорционалдуу эмес жүгүн көтөрүп, алардын кыйынчылыктарын күчөтүүдө. Муну түшүнүү менен Кыргызстан өзүнүн климаттык стратегияларында, улуттук адаптация пландарында жана «Дени сак адам, бакубат эл» программасында ден соолукту биринчи орунга коюуда. Бирок климаттын өзгөрүүсүнүн аялуулугун баалоого ылайык, Кыргызстандын саламаттык сактоо системасы 2030-жылга карата олуттуу көйгөйлөргө туш болуусу мүмкүн, андыктан азыр тез арада чечүү зарылдыгы бар маселелер, булар:

• Адаптация механизмдерин күчөтүү жана санариптик интеграцияланган тобокелдиктерди баалоо системасы аркылуу климатка байланыштуу өзгөчө кырдаалдар менен күрөшүүгө жөндөмдүү саламаттык сактоо системасын түзүү. Эл аралык колдоо жана тажрыйба алмашуу маанилүү.

• Саламаттык сактоо мекемелерин инновациялык технологияларды киргизүү аркылуу климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу өзгөчө кырдаалдарды натыйжалуу башкарууга даярдоо. Үзгүлтүксүз электр энергиясы жана суу менен камсыз кылуу абдан маанилүү.

• Өзгөчө тоолуу аймактарда медициналык тез жардам кызматтарын модернизациялоо тез арада чечүү жолдорун, кошумча каржылоону жана инвестицияны талап кылат.

Биз чечкиндүү аракеттер адамдардын ден соолугун коргоо жана биздин өлкөлөрдөгү саламаттык сактоо системасын чыңдоо үчүн маанилүү экенин түшүнөбүз. Климаттын өзгөрүшү сөзсүз болот. Иш-аракет азыр маанилүү. Колдоо, чыңдоо, ийгиликтүү тажрыйба алмашуу боюнча иш-аракеттер, биздин күч-аракеттерибизди бириктирүү жана биздин замандаштарыбыздын ден соолугун сактоо менен өлкөлөрүбүзгө келечек тартуулоо маанилүү!”

03.12.2023
Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын саламаттык сактоо министрлери саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты

         Бүгүн, 2023-жылдын 3-декабрында, Дубайда COP 28 Климаттын өзгөрүшү боюнча 28-конференциянын алкагында Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын саламаттык сактоо министрлеринин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

         Жолугушууда тараптар саламаттык сактоо системасынын ар кыл багыттары боюнча узак мөөнөттүү кызматташууну өнүктүрүүнү, мисалы, тажрыйба алмашуу, кадрдык потенциалды жогорулатуу, саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо ж.б.у.с. талкуулашты.

        Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, Кыргыз Республикасы Бириккен Араб Эмираттары менен саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар.

       Өз кезегинде Бириккен Араб Эмираттарынын Саламаттык сактоо министри Абдул Рахман Мохаммед Аль Овайс мырза эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо жана кеңейтүү жана эки тарапты кызыктырган долбоорлорду ишке ашыруу ниетин билдирди.

01.12.2023
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Шанхай Кызматташтык Уюмунун Салттуу медицина боюнча форумуна катышты

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2023-жылдын 29-ноябрынан 1-декабрына чейин Наньчан (КЭР) шаарында өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) салттуу медицина боюнча форумуна катышты.

Форум Цзянси провинциясынын элдик өкмөтүнүн Кытай Эл Республикасынын Салттуу кытай медицинасы жана фармацевтика иштери боюнча мамлекеттик администрациясынын ШКУнун жакшы коңшулук, достук жана кызматташтык боюнча Кытай комитети тарабынан «Салттуу медицина тармагынын бирдиктүү жана сапаттуу өнүгүүсү үчүн жакшы салттарды улантуу, инновацияларды өнүктүрүү» урааны астында уюштурулду. 

Форумдун алкагында пленардык сессиялар, тематикалык панелдик сессиялар, таанышуу сапарлары жана башка иш-чаралар өткөрүлөт, алар “Салттуу медицинанын салттары жана инновациялары”, “Салттуу медицинаны глобалдаштыруу” жана «Салттуу медицина тармагында интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо» сыяктуу темалардын контекстинде ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну күчөтүү, салттуу кытай медицинасын жана ШКУга мүчө өлкөлөрдүн ар биринин салттуу медицинасын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоого мүмкүндүк берет.

 

КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө элдик медицина дарылоодо жана жарандардын ден соолугун чыңдоодо маанилүү экенин баса белгиледи. «КР Саламаттык сактоо министрлиги калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү менен бирге элдик медицина маселелерине да көңүл бурат. Бизде айрым медицина кызматкерлери Кытай Эл Республикасында бир нече жолу салттуу кытай медицинасы боюнча окуудан өтүп, тиешелүү эл аралык сертификаттарга ээ болуп, калкыбызга медициналык жардам көрсөтүп келишет. Ошондой эле, медициналык окуу жайлардын айрым бөлүмдөрүнүн базасында элдик медицина боюнча окутуу жүргүзүлүп, ийне менен дарылоо, мануалдык терапия, чөп менен дарылоо, скальпотерапия, гирудотерапия, апитерапия, терапиялык жана жалпы массаж сыяктуу адистиктер бар», - деп билдирди министр.

 

01.12.2023
КР Саламаттык сактоо министрлиги мыйзамсыз хирургиялык кийлигишүүлөрдү жасаган сулуулук салонун аныктады

КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин көрсөтмөсүнө ылайык, КР Саламаттык сактоо министрлигинин адистери мыйзамсыз медициналык ишмердүүлүктү аныктоо боюнча рейддердин алкагында мыйзамсыз хирургиялык кийлигишүүлөрдү, анын ичинде липосакция жана блефаропластика жасаган сулуулук салонунун ишин токтотушту. Инстаграмм аккаунту: @21_beautystudio.kg

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен тиешелүү лицензиясы жок орто билимдүү адиске (фельдшер) айып пул салынды. Ошондой эле, бардык материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 152-беренесинин мыйзамсыз медициналык ишмердүүлүк, ошондой эле лицензиясыз иш жүргүзүү боюнча 218-беренесине ылайык, андан аркы баа берүү жана иликтөө үчүн Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди. Бул чаралар медицина тармагында мыйзамдуулукту бекемдөөгө жана бейтаптардын коопсуздугун камсыздоого багытталган.

Калктын саламаттыгына кам көрүү, ошондой эле сапатсыз медициналык жардамды болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги медициналык ишти жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген тиешелүү лицензиясы бар жеке медициналык уюмдарга кайрылууну сунуштайт.

 

Аталган кызматтарды көрсөтүү менен медициналык ишмердүүлүккө лицензиясы бар жеке медициналык уюмдардын тизмеси менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтынын “Медициналык жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөрдү лицензиялоо” бөлүмүнөн төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот https://med.kg/lisenzirovanie.