Ден соолук жаңылыктары

Акыркы жанылыктар

26

04

2024

Кытайда жүрөгүнө операция жасалган балдарды “Манас” аэропортунан салтанаттуу тосуп алышты

26.04.2024

Төрөт үйлөрүндө бейтаптын электрондук картасын киргизүү

26.04.2024

«Ала-Тоо» санаторийи Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына өттү

25.12.2023
Бишкекте Маанилүү дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын улуттук тизмесин кайра карап чыгуу маселелери талкууланды

2023-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасы үчүн Маанилүү дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын Улуттук тизмесин кайра карап чыгууну талкуулоо боюнча тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столго Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин, ММК фондунун, саламаттыкты сактоо уюмдарынын адистери, өнөктөштөр, кесиптик медициналык жана фармацевтикалык ассоциациялардын, жарандык коомчулуктун өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Бул Тизме дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык дарылоонун сапатын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун жогорулатуу, аны унификациялоо жана ресурстарды үнөмдөө үчүн саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды колдонууну оптималдаштыруу максатында ДССУнун техникалык жардамы менен иштелип чыкты. Жогорудагы тизме коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин сайтына жайгаштырылып, анын жыйынтыгында сын-пикирлер жана сунуштар келип түшкөн. Дары-дармектерди тизмеге киргизүү чечими тигил же бул өлкөнүн өзгөчөлүгүнө, атап айтканда, оорунун структурасына, дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүнө, саламаттыкты сактоонун инфраструктурасына, керектөөчүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүнө, ошондой эле демографиялык жана башка факторлорго негизделет.

Маанилүү дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмеси - ооруларды дарылоо жана алдын алуу үчүн саламаттык сактоонун артыкчылыктуу муктаждыктарын канааттандыруучу медициналык багыттагы дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын тизмеси. Тизме Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.  Маанилүүсү менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында аталган тизменин негизинде дары-дармек каражаттарынын локалдык тизмелери (оорукана тизмеси) түзүлүп, бекитилет.

Маанилүү дарылардын тизмесине 526 дары жана 20 вакцина кирет.

25.12.2023
20 миң убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчалары электрондук форматта түзүлдү

Республиканын бардык саламаттык сактоо уюмдарында “Санарип убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчалары” маалымат системасы ишке ашырылууда. Бүгүнкү күндө 20 миңден ашык убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчалары электрондук форматта түзүлдү.

Ошондой эле санарип убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчалары юридикалык күчкө ээ, тиешелүү токтомго үстүбүздөгү жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. Жапаров кол койгон.

Маалымат үчүн: Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы жөнүндө санариптик маалымкат – бул саламаттык сактоо уюмдары кагаз жүзүндө берген, азыр атайын маалыматтык системанын жардамы менен толтурулат, өткөрүлүп берилет жана сакталат.

Ооруга байланыштуу өргүүнү алуу үчүн portal.tunduk.kg порталына же Tunduk мобилдик тиркемесине кирип, андан соң «Ден соолук» бөлүмүнө өтүп, «Эмгекке жарамсыздык баракчасын» тандоо керек.

Маалымат системасы маалыматты коргоо жана анын купуялуулугун сактоо үчүн бардык зарыл шарттарды камсыз кылат. Кызматкердин диагнозу жөнүндө маалымат иш берүүчүгө берилбейт, документти берүү себептери гана (оору, кош бойлуулук жана төрөт, карантин, жаракат алуу жана кырсык, кесиптик оору, бейтапты кароо) көрсөтүлөт.

23.12.2023
Ош облустар аралык бириккен ооруканасында мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы ачылды

Бүгүн, 23-декабрда, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасынын кезектеги ачылыш аземине катышты. Дарыкана Ош облустар аралык бириккен ооруканасында иштей баштады.

  Андан соң министр Дүйнөлүк банктын «COVID-19га ыкчам чара көрүү» долбоорунун алкагында оңдоп-түзөөдөн өткөн Ош облустар аралык бириккен ооруканасынын жакында эле капиталдык ремонттон өтүп колдонууга берилген стерилизациялоо бөлүмүнүн жана медициналык калдыктарды зыянсыздандыруу пунктунун иши менен таанышты.

 

22.12.2023
Баткен облусундагы эмдөө кабинеттерине 1,5 миллион сомдон ашык жабдыктар берилди

Бүгүн, 2023-жылдын 22-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Баткен облусундагы эмдөө бөлмөлөрү үчүн жабдууларды тапшыруу аземине катышты.

1 556 450 сомдук эмдөө бөлмөлөрү үчүн жабдыктар Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому тарабынан берилди.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомуна жана анын президенти Чингиз Джакиповго республиканын саламаттыкты сактоо тармагына колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирип, кыргыз элинин саламаттыгы үчүн мындан ары да жемиштүү кызматташууну улантуу ниетин билдирди.

Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому иммунизациялоо маселелеринде калкты социалдык мобилизациялоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө активдүү катышып келет.

Учурда Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай Федерациясынын  колдоосу менен Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому “COVID-19 пандемиясынын учурунда гуманитардык ишмердүүлүккө ишенимди бекемдөө” долбоорун ишке ашырууда.

Бул долбоордун алкагында Баткен облусундагы эмдөө кабинеттерине 15 даана балдардын боюн өлчөгүч, 15 даана балдардын салмагын өлчөөчү тараза, 15 даана полго орнотулуучу балдардын боюн өлчөгүч, 50 даана бактерициддик лампа, 15 даана бактерициддик нурландыргыч, 15 даана манипуляциялык стол, 15 даана кушетка, 15 даана жалаяктоочу стол, 15 даана шкаф сатылып алынды.

 

Маалымат үчүн: Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай коому саламаттыкты сактоо, калктын аярлуу катмарына социалдык жардам көрсөтүү, өзгөчө кырдаалдарды башкаруу сыяктуу түрдүү тармактарда иш алып барган гуманитардык уюм. Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай коому саламаттык сактоо системасын офтальмологиялык жабдуулар, ошондой эле эмдөө бөлмөлөрү жана инкубаторлор үчүн жабдуулар менен камсыз кылууда жалпы суммасы 58 млн сомдон ашык колдоо көрсөттү.

22.12.2023
Баткен райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөл борборунда вакциналарды сактоочу кампанын курулушу аяктады

22-декабрда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Баткен райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун вакцина сактоочу кампасын ачуу аземине катышты. Курулуш Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун аркасында мүмкүн болду.

Вакцина кампасы абаны эффективдүү желдетүү системасы, жылытуу батареялары жана суу жылыткыч менен жабдылган. Мындан тышкары, жаңы электр менен камсыздоо системасы жана коопсуздук - өрт өчүрүү системасы орнотулду.

Кампанын жаңы имараты бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарга, ошондой эле “муздак чынжыр” талаптарына (белгиленген температуралык шарттар жана сактоонун башка шарттары) жооп берет.

Жаңы кампанын курулушу менен саламаттыкты сактоо уюму өзгөчө температуралык шарттарды талап кылган вакциналарды сактоого мүмкүнчүлүк алды.

Министр өз сөзүндө жугуштуу оорулардын алдын алууда коомдук саламаттык сактоо кызматын күчөтүү маанилүү экенин жана муну COVID-19 пандемиясы көрсөткөнүн белгиледи. «Кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу үчүн акыркы жылдары керектүү лабораториялык жабдуулар сатылып алынып, 10 ПЦР лабораториясы курулуп ишке киргизилди, санитардык автоунаалар өткөрүлүп берилди. Бул өнүгүүнүн жөн эле кадамдары эмес, өлкөбүздү инфекциялык коркунучтардан ишенимдүү коргоо жана жарандарыбыздын ден соолугун сактоо боюнча негизги чаралар», — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Ушундай эле курулуш иштери Токтогул, Ала-Бука, Жалал-Абад шаарларындагы райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунда, Ош областынын Араван айылындагы, ошондой эле Ак-Талаа айылындагы санитардык-эпидемиологиялык бөлүмдөрүндө бүткөрүлдү. Кербен айылындагы санитардык-эпидемиологиялык бөлүмдүн кампасынын курулушу аяктоо алдында турат.

Долбоордун максаты – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тиешелүү алдын алуу иш-чараларын камсыз кылуу, дары-дармектерди, керектелүүчү материалдарды жана медициналык жабдууларды сатып алуу, ошондой эле саламаттыкты сактоо уюмдарындагы шарттарды жакшыртуу аркылуу COVID-19 пандемиясына каршы аракеттенүү жөндөмдүүлүгүн күчөтүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

22.12.2023
Баткен райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөл борборунда вакциналарды сактоочу кампанын курулушу аяктады

22-декабрда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Баткен райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун вакцина сактоочу кампасын ачуу аземине катышты. Курулуш Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун аркасында мүмкүн болду.

Вакцина кампасы абаны эффективдүү желдетүү системасы, жылытуу батареялары жана суу жылыткыч менен жабдылган. Мындан тышкары, жаңы электр менен камсыздоо системасы жана коопсуздук - өрт өчүрүү системасы орнотулду.

Кампанын жаңы имараты бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарга, ошондой эле “муздак чынжыр” талаптарына (белгиленген температуралык шарттар жана сактоонун башка шарттары) жооп берет.

Жаңы кампанын курулушу менен саламаттыкты сактоо уюму өзгөчө температуралык шарттарды талап кылган вакциналарды сактоого мүмкүнчүлүк алды.

Министр өз сөзүндө жугуштуу оорулардын алдын алууда коомдук саламаттык сактоо кызматын күчөтүү маанилүү экенин жана муну COVID-19 пандемиясы көрсөткөнүн белгиледи. «Кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу үчүн акыркы жылдары керектүү лабораториялык жабдуулар сатылып алынып, 10 ПЦР лабораториясы курулуп ишке киргизилди, санитардык автоунаалар өткөрүлүп берилди. Бул өнүгүүнүн жөн эле кадамдары эмес, өлкөбүздү инфекциялык коркунучтардан ишенимдүү коргоо жана жарандарыбыздын ден соолугун сактоо боюнча негизги чаралар», — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Ушундай эле курулуш иштери Токтогул, Ала-Бука, Жалал-Абад шаарларындагы райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунда, Ош областынын Араван айылындагы, ошондой эле Ак-Талаа айылындагы санитардык-эпидемиологиялык бөлүмдөрүндө бүткөрүлдү. Кербен айылындагы санитардык-эпидемиологиялык бөлүмдүн кампасынын курулушу аяктоо алдында турат.

Долбоордун максаты – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тиешелүү алдын алуу иш-чараларын камсыз кылуу, дары-дармектерди, керектелүүчү материалдарды жана медициналык жабдууларды сатып алуу, ошондой эле саламаттыкты сактоо уюмдарындагы шарттарды жакшыртуу аркылуу COVID-19 пандемиясына каршы аракеттенүү жөндөмдүүлүгүн күчөтүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

22.12.2023
100 мамлекеттик лаборатория iLab маалымат системасын колдонот

«iLab» лабораториялык маалымат системасы өлкөдөгү 100 мамлекеттик лабораторияда колдонулат.

Лабораториялар үчүн маалыматтык система жолдомолорду иштетүү, анализдөө, эсепке алуу жана изилдөө натыйжаларын жеткирүү процесстерин автоматташтырууга мүмкүндүк берди. Система ошондой эле бейтаптарга жана дарыгерлерге диагностикалоо жана изилдөө тарыхын тез көрүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берди.

Учурда системада 1 миллиондон ашык изилдөө натыйжалары сакталат. Бейтаптар өз изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын жана жашы жете элек балдарынын изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын «Тундук» электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы жана анын мобилдик тиркемеси аркылуу жеткиликтүү болгон Санарип ден соолук профили аркылуу көрө алышат.

22.12.2023
Кызыл-Кыя Жалпы дарыгерлик практика борборунда тез жардам бөлүмү ачылды

2023-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кызыл-Кыя Жалпы дарыгерлик практика борборуна барды. 

Саламаттык сактоо министри Кызыл-Кыя шаарынын мэри менен биргеликте Кызыл-Кыя Жалпы дарыгерлик практика борборундагы ыкчам медициналык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн ачылышына катышты. Андан соң министр оорукананын материалдык-техникалык абалы менен таанышып чыгып, мында бейтаптарга карата камкордук, шарт жагдайдын түзүлүүсү жана дарыгерлер менен кызматкерлердин кесиптик милдетин аткаруудагы ишмердүүлүктөрүн да көрдү. 

Муну менен катар, министр Кызыл-Кыя Жалпы дарыгерлик практика борборундагы “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасынын иши менен таанышты. Дарыкана жарандардын көптөгөн кайрылуу жана суранычынын негизинде уюштурулган. 

Андан соң жалпы оорукананын жамаатын келе жаткан жаңы жыл майрамы менен да куттуктап, министр Алымкадыр Бейшеналиев менен шаар мэри Асылбек Жоробаев эстелик үчүн оорукананын короосуна арча көчөтүн тигишти.

21.12.2023
Ар бир кыргызстандык адамдын ден соолугунун санарип профилине ээ

Ар бир кыргызстандык үчүн санарип ден соолук профили түзүлдү.

“Санарип ден соолук профили” кызматы Кыргызстандын ар бир жаранына жеке медициналык маалыматка жетүүнү камсыз кылат, атап айтканда:

- Адам тиркелген алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюму;

- Камсыздандыруу статусу;

- Баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынын имараттары жөнүндө маалыматтар;

- Ооруканага жаткыруу боюнча маалыматтар;

- Лабораториялык изилдөөлөрдүн натыйжалары;

- Эмдөө боюнча маалыматтар.

Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын декабрь айында ата-энелер жашы жете элек балдардын медициналык маалыматтарын алууга мүмкүнчүлүк алышкан, бул аларга балдарынын ден соолугуна кам көрүүгө активдүү катышууга мүмкүнчүлүк берет.

Ошондой эле эмдөөдөн жана белгилүү бир анализдерден өтүү керектиги тууралуу билдирүүлөрдү кошуу иштери жүрүп жатат.

Жарандардын жана мамлекеттик саламаттык сактоонун маалыматтык системаларынын өз ара аракеттенүүсүнүн бирдиктүү түйүнү аркылуу санарип ден соолук профили жарандардын ынгайлуулугу үчүн жаңы кызматтар менен толукталат.

20.12.2023
“COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында Ак-Талаа айылынын санитардык-эпидемиологиялык бөлүмүндө вакциналарды сактоочу кампанын курулушу аяктады

Нарын районунун ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна караштуу Ак-Талаа айылындагы санитардык-эпидемиологиялык бөлүмүндө вакциналарды сактоочу кампанын курулушу аяктады. Курулуш Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун каржылоосу менен ишке ашты.

Абаны эффективдүү вентиляциялоо үчүн системасы, суу сактагычы менен суу насосу, канализация жана суу түтүктөрү, сантехникалык жабдуулар орнотулду. Мындан тышкары, жаңы электр менен камсыздоо системасы жана өрт өчүрүү системасы орнотулду. 

Жаңы кампа имараты бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарга, ошондой эле эмдөө үчүн “муздак чынжыр” сактоо талаптарына (белгиленген температуралык шарттар жана сактоонун башка шарттары) жооп берет.

Жаңы кампанын курулушу менен саламаттык сактоо уюму өзгөчө температуралык шарттарды талап кылган вакциналарды сактоого мүмкүнчүлүк алды.

Ушундай эле курулуш иштери Токтогул, Ала-Бука, Жалал-Абад жана Баткен шаарларындагы райондор аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунда, жана Араван айылындагы санитардык-эпидемиологиялык бөлүмүндө бүткөрүлдү. Азыркы учурда Кербен шаарындагы санитардык-эпидемиологиялык бөлүмдө курулуш иштери аяктоо алдында турат. 

Долбоордун максаты - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тиешелүү профилактикалык иш-чараларды камсыз кылуу, дары-дармектерди, керектелүүчү материалдарды жана медициналык жабдууларды сатып алуу, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарындагы шарттарды жакшыртуу аркылуу COVID-19 пандемиясына жооп кайтаруу жөндөмдүүлүгүн күчөтүү.

20.12.2023
Медициналык ишмердүүлүк менен алектенген субъектилерди текшерүү жөнүндө маалымат

Лицензия алуучунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында лицензиялык-уруксат берүү тутуму тармагында белгиленген лицензиялык талаптарга ылайык келишин жана шаардагы жеке медициналык мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү саламаттык сактоонун сапатын көзөмөлдөө максатында Бишкек, Ош шаарларында, Чүй жана Ош облустарында текшерүүлөр жүргүзүлдү.

Бардыгы болуп текшерүүгө 626 медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүк жүргүзүүчү субъектилер камтылган, анын ичинен 410 субъект медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүккө лицензиясы бар, ал эми 216 субъекттин лицензиясы жок болгон.

Лицензия талаптарын бузгандыгы, санитардык-эпидемиологиялык режимди сактабаганы үчүн, ошондой эле уруксатсыз ишмердүүлүгү үчүн «Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине» ылайык 251 субъектиге жалпы 1 миллион 449 миң сом суммасында айып пул салынган. 332 субъекттин ишмердүүлүгү токтотулуп, 256 санитардык эскертүү берилип, 103 субъект “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине” ылайык чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин лицензиялардын мамлекеттик реестрине ылайык, республика боюнча 2055 юридикалык жана жеке жактардын медициналык ишмердүүлүктү жүргүзүүгө уруксаты бар экенин белгилейбиз. Ошол эле учурда, алынган аналитикалык маалыматтар Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз (лицензиясы жок) иш жүргүзгөн 2800дөн ашык юридикалык жана жеке жактар бар экендигин көрсөтүп турат.

20.12.2023
«Туулгандыгы жана өлүмү тууралуу санарип медициналык күбөлүк» автоматташтырылган маалымат системасы өлкөнүн бардык саламаттык сактоо уюмдарында толук кандуу иштеп жатат

Маалыматтык система бардык төрөлүү жана өлүм боюнча маалыматтарды чогултууга, иштеп чыгууга жана сактоого багытталган. Маалыматтык системаларды ишке киргизүү туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү, ошондой эле мамлекет тарабынан берилген өлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрдү алууну жөнөкөйлөштүрдү, анткени онлайн маалыматтар Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Калкты каттоо департаментине жөнөтүлөт.

Система бардык 74 мамлекеттик төрөт үйлөрүндө ийгиликтүү колдонулууда, маалыматтык системаны 6 жеке менчик төрөт үйү да ийгиликтүү колдонууда. Бул туулгандыгын электрондук каттоонун толук камтылышын камсыз кылат.

Маалыматтык тутумдун иштеши «Тундук» электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу «Туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу» кызматын пилоттук режимде республика боюнча ишке киргизүүгө мүмкүндүк берди.

Ишке киргизилгенден бери төмөндөгүлөр түзүлдү:

200 миңден ашык медициналык туулгандыгы тууралуу күбөлүк;

38 миңден ашык медициналык өлүм жөнүндө күбөлүк.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Социалдык фонддун маалыматтык системалары менен интеграция ишке ашырылды, бул төрөлүү жана өлүм менен байланышкан финансылык ресурстарды натыйжалуу башкарууга мүмкүндүк берет.

19.12.2023
Бишкектеги эки балдар ооруканасында кезек күткөндөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү

Бүгүн, 2023-жылдын 19-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев оорукананын амбулатордук-диагностикалык бөлүмүндөгү адистердин кабыл алуусуна кезек күтүү абалына мониторинг жүргүзүү максатында Бишкек шаарындагы Балдар клиникалык тез жардам ооруканасына барды. Ошондой эле, ооруканага барганда министр хирургиялык патологияга шектелген баланы текшерип, кеңеш берди.

   Министрдин тапшырмасы менен Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына 8 мобилдик госпиталь орнотулду. Мындай иш-аракет бейтаптардын агымын жөнгө салуу жана оорулуу балдардын ата-энелерине шарт түзүү максатында жүргүзүлүүдө.

  Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мамановдун айтымында, ооруканага бир суткада 451 бейтап кайрылса, анын ичинен 51 бала ар кандай оорулар менен ооруканага жаткырылып, калгандары адистин кеңешин алгандан кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Күнүнө 13төн дарыгер нөөмөттө турат, нөөмөттөгү дарыгерлердин санын 15кежеткирүү пландалууда.

«Оорулуу баланы экиден кем эмес адам коштоп жүргөнүн баарыбыз билебиз. Бул дагы оорукананын коридорлорунда кошумча кезектерди жаратууда. Кесиптешим Өзгөчө кырдаалдар министри менен макулдашуу боюнча февраль-март айларына чейин иштей турган көчмө госпиталдар уюштурулду. Ошондой эле, тез жардам боюнча Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасында жана Эне жана баланы коргоо улуттук борбордун экинчи базасында Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерге жана ВИЧке каршы күрөшүү боюнча республикалык борбордун көчмө клиникалары иштейт. Мобилдик клиникада УЗИ жана ЭКГ аппараттары бар, бейтаптардын агымы көп болгон учурда кезек күтүүнү азайтуу үчүн колдонулат», - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

15.12.2023
Вакцина жана иммунизация Глобалдык Альянстын өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо уюмдарындагы миссиясы

7-декабрдан 13-декабрга чейин Вакцина жана иммунизация Глобалдык Альянстын өкүлдөрү Лео Каррер мырза жана Чериш Гамания айым БДСУ жана ЮНИСЕФтин өнөктөштөрү менен бирге Саламаттык сактоо уюмдарына иш сапары менен миссиясы өткөрүлдү анын ичинен жолугушуулар: Саламаттык сактоо министрлиги менен, эки тараптуу өнөктөштөр БДСУ, ЮНИСЕФ менен, мамлекеттик органдар (ОГО), Республикалык иммунопрофилактика борбору менен, ошондой эле Чүй облусунун Кант шаарына иш сапары менен барышып, бардык ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана ВИГА гранттары менен таанышышты. 
Бул миссиянын негизги максаты - Кыргызстанда иммунопрофилактика программасын жаңылоо, эмдөө программаларынын жыйынтыктарын, калктын суроо-талаптын жана ишенимин жогорулатуудагы мүмкүн болуучу кыйынчылыктарды, COVID-2019 пандемиясы калкты иммунизациялоодо тийгизген таасирин аныктоо, жана улуттук вакцина складын куруу боюнча талкуулоо.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Иммунизациялоо программасын коомдук саламаттык сактоо боюнча артыкчылыктуу программалардын бири катары аныктайт, ал эмдөө программасына саясий милдеттенмелерди жогорулатуу менен бирге улуттук маанилүү жетишкендиктерге жетишкен.
Саламаттык сактоо системасын чыңдоо максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, вакцина жана иммунизациялоо боюнча Глобалдык альянс менен бирге 2014-жылдын май айынан бери кол коюлган Алкактык макулдашуунун алкагында тыгыз кызматташууда. Саламаттыкты сактоо системаларын чыңдоо (УСЗ-1, УСЗ-2, УСЗ-3), муздак чынжырчаны оптимизациялоо платформалары, жаңы вакциналарды профилактикалык эмдөөгө календарына киргизүүгө гранттар, вакцина кампаларын куруу боюнча долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылды. Бардык ВИГА гранттарын ийгиликтүү ишке ашыруу БДСУ жана ЮНИСЕФ сыяктуу өнөктөштөрүбүздүн техникалык колдоосу менен ишке ашырылат.

14.12.2023
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2023-жылы аткарган ишинин жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өз ишин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылга иш планынын, ошондой эле 2030-жылга чейинки Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү программасынын «Дени сак адам – өнүккөн өлкө” негизинде алып барды.

Белгилүү болгондой, быйыл биздин эки негизги жана маанилүү мыйзам долбоорлорубуз КР Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылды, булар “Кыргыз Республикасындагы жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө” жана “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” мыйзамдары.

2023-жылдын 11 айында саламаттык сактоо тармагынын (ССМ жана ММКФ) бюджетинин аткарылышы 31 507,4 млн сомду түздү, бул быйылкы жыл үчүн такталган бюджеттин суммасынын 78,9%ын түзөт. 2023-жылга саламаттык сактоонун жаңыланган консолидацияланган бюджети 39 931,9 млн сомду (2022-ж. – 38539,9 млн. сом) же (ИДПга карата 3,7%) түзөт. Калктын башына саламаттык сактоого чыгаша 5043,7 сомду түздү (2022-ж. – 4445).

Министрликтин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири эненин жана баланын ден соолугун коргоо болуп саналат. 2023-жылдын 9 айынын оперативдүү маалыматтары боюнча энелердин өлүмү – 25,0 азайган же 27 учурду түзүп 20,2%га кыскарган (31,3 же 34 учур – 2022); ымыркайлардын өлүмү былтыркы жылдын көрсөткүчүндө кармалып турат – 14,2 (14,2 – 2022).

Балдарга медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу максатында октябрь айынан бери Бишкек шаарынын Үй бүлөлүк медицина борборлорунда 4 балдар амбулаториясы уюштурулган. Ош шаарында Ош облустар аралык бириккен балдар ооруканасынын клиникалык диагностикалык бөлүмүн балдарды кабыл алуу үчүн кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Ошондой эле, 2024-жылдын башында Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын имаратында дагы бир балдар клиникасы ачылат. Учурда имаратта оңдоо иштери жүрүп жатат.

Эгерде республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого көнүл бура турган болсок, айта кетсек өткөн жумада 107 даана автотранспорт берилди. 47 тез жардам жана 60 санитардык автотранспорт. Келерки жылы автоунааларга болгон муктаждыкты толугу менен жоюу пландалууда.

2023-жылдагы Саламаттык сактоо мекемелерин куруу жана капиталдык оңдоо (бюджет)

Республикалык бюджеттин эсебинен курууга «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча 20 саламаттык сактоо объектиси планга киргизилген (2023-жылдын 19-ноябрына карата ыкчам маалымат). 2023-жылга пландаштырылган каржылоо көлөмү 141 901,7 миң сом болсо, учурда каржылоонун көлөмү 139 901,7 миң сомду түзөт.

Ошондой эле, «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча капиталдык оңдоого муктаж 11 саламаттык сактоо объектилери республикалык бюджеттен каржыланууда (2023-жылдын 19-ноябрына карата оперативдүү маалымат). 2023-жылга пландаштырылган каржылоо көлөмү 58308,9 миң сом болсо, учурда каржылоонун көлөмү 58508,9 миң сомду түзөт.

Бюджеттик каражаттардан тышкары, демөөрчүлүк жана башка каражаттардын эсебинен 2022-2023-жылдары республика боюнча 105 объектинин курулушу жүрүп жатат (оорукана имараттары, фельдшердик-акушердик пункттар, ҮДТ).

Мисалга, ири курулуш долбоорлорун атай кетсек:

• Сауд өнүктүрүү фонду (СӨФ) аркылуу балдар ооруканасы үчүн жаңы хирургиялык имараттын курулушу пландалгандай жүрүп жатат. Балдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында 2022-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун катышуусу менен Бишкек шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын жаңы имаратына капсула салынган. Жаңы имаратта 212 керебет жана 8 операциялык бөлүм болот: шашылыш хирургия, нейрохирургия, неонаталдык хирургия, хирургиялык инфекция, көкүрөк хирургиясы жана башкалар. Ошондой эле имаратта радиология, проктология, реанимация, токсикология, неонаталдык реанимация, урология, травматология, морфологиялык кабинет, лабораториялык блок жана башка бөлүмдөрдү жайгаштыруу пландалууда.

• Немис өнүктүрүү банкы каржылаган (KfW) Бишкек шаарындагы жаны перинаталдык борборунун курулушу аяктады. 2023-жылдын 10-ноябрында Ишке киргизүү актысы жана техникалык паспорт алынды. Медициналык эмес жабдууларды жана эмеректерди жеткирүү аяктап, монтаждоо жана орнотуу иштери жүрүп жатат. Айрым медициналык жабдууларды алып келүү боюнча келишимдер түзүлдү. Дагы бир бөлүгүнө медициналык жабдууларды сатып алуу боюнча кайрадан тендер жарыяланды, келишимдерди түзүү пландалууда.

  • Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «COVID-19га ыкчам чара көрүү» долбоорунун алкагында Токтогул, Ала-Бука жана Баткен шаарларында, ошондой эле Жалал-Абад шаарынын Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда, Араван, Аксы, Ак-Талаа райондорунун санитардык-эпидемиологиялык бөлүмдөрүндө  7 вакцина сактоочу кампаларынын курулушу аяктап жатат. Республиканын 5 аймагында вакциналарды сактоочу кампаларды капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү.

 

Быйылкы жылы биздин өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосунун аркасында жогорку технологиялык медициналык жабдуулар сатылып алынды:

 

  • Мамлекеттик санэпидем көзөмөл департаментине трансплантология боюнча изилдөө жүргүзүү үчүн лабораториялык жабдуулар сатылып алынды, бул органдарды трансплантациялоо учурунда ткандардын шайкештигин изилдөөгө мүмкүндүк берет. Бул үчүн бюджеттен 21 миллион сом бөлүнгөн.

 

• Дүйнөлүк банктын “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоору аркылуу Улуттук госпиталга жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна эки МРТ аппараты сатылып алынды, Улуттук госпиталга ангиографиялык аппарат орнотулду, ошондой эле келерки жылы Улуттук кардиология жана терапия борборунда ушул сыяктуу ангиографты орнотуу пландаштырылууда. Белгилей кетсек, бул долбоордун алкагында 2022-жылы беш аймактык ооруканага КТ аппараттары орнотулду.

Республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарынын реанимация бөлүмдөрүнө 15 гемодиализдик аппарат сатылып алынган жана орнотулган.

 

• «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында КТ аппараттарын орнотуу» МЖӨ долбоорунун алкагында райондук ооруканаларга КТ аппараттары орнотулууда. Буга чейин 4 КТ борборлору ачылган: Республикалык диагностикалык борбордо (2023-жылдын 24-марты), экинчиси – Бишкек шаарындагы Медициналык тез жардам клиникалык ооруканасында (25-май, 2023-жыл), ошондой эле Балыкчы шаарынын жана Кадамжай районунун Жалпы дарыгерлик практика борборлорунда ачылган. Калган 2 КТ борбору (Өзгөн районундагы жана Токтогул районундагы ЖДПБ) 2024-жылдын биринчи кварталынын аягына чейин ачылат. Ошондой эле, МЖӨ алкагында 2024-жылы ишке ашыруу үчүн эки долбоор даярдалып жатат - Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында дистанциялык литотрипсия аппараттарын орнотуу жана МРТ борборун уюштуруу.

 

• ЮНИСЕФ жаңы төрөлгөн ымыркайларды аудиологиялык текшерүү үчүн 24 аппарат берди.

 

• Япония Өкмөтүнүн долбоорлору боюнча Улуттук кардиология жана терапия борборуна МРТ аппараты жана Улуттук госпитал үчүн КТ аппараты сатылып алынган. Учурда ишке киргизүү иштери жүрүп жатат. МРТ жана КТ аппараттарын сатып алуудан үнөмдөлгөн каражатка 1 рентген аппараты жана 1 УЗИ аппараты алынып, Улуттук кардиология жана терапия борборуна  берилди.

 

Белгилүү болгондой, калктын дары-дармек менен камсыз болушун жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдында «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому даярдалган.  2023-жылдын 19-майында 30 миллион сом өлчөмүндө бюджеттик кредит бөлүнгөн. Кошумчалай кетсек, 2023-жылдын 22-июнунда дары-дармек сатып алууга 1 млрд сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн.

 

Бүгүнкү күндө сатып алуулардын жалпы көлөмү 700 миллион сомдон ашык. Мисалы: жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандар үчүн 10 миллион сомго стент, 250 миллион сомдон ашык суммага онкологиялык дары-дармектер сатылып алынган; 8 миллион сомго 100 эндопротез сатылып алынды, кант диабети менен ооруган бейтаптар үчүн инсулиндин толук көлөмү, органы трансплантацияланган бейтаптар үчүн ишканага бөлүнгөн керектүү иммуносупрессанттардын бардык көлөмү сатылып алынды. Экономикалык эффект 227 миллион сомго жакын каражатты түздү, анын ичинен таза үнөм 150 миллионго жакын сомду түзүп, ага саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алууга мүмкүнчүлүк алды. Бул көлөмгө кошумча дары-дармектер жана медициналык буюмдар буга чейин эле заказ кылынган.

Мындан тышкары, Мамлекеттик ишкананын алдында мамлекеттик дарыканаларды уюштуруу бөлүмү ачылып, бүгүнкү күндө республика боюнча 50 «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы ийгиликтүү иштеп жатат.

 

Министрлер Кабинетинин 09.02.2023-жылдагы «Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарына байкоо жүргүзүү системасын киргизүү жөнүндө» токтомун аткаруу максатында, Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаменти этаптуу ишке киргизүү Планын жана байкоо жүргүзүүгө тийиш болгон дары-дармек каражаттарынын тизмесин бекитти. Жогорудагы жобого ылайык, байкоо жүргүзүү системасы 4 этапта ишке ашырылууда. Дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды маркировкалоо боюнча бардык иштер 2024-жылдын июлуна чейин бүтүшү керек.

2023-жылдын 1-декабрына карата байкоо жүргүзүү системасында 228 саламаттыкты сактоо уюму жана 981 дарыкана иштейт. 907 790 таңгактан ашык 187 дары-дармектердин аталышына байкоо жүргүзүлүүдө.

 

Мамлекеттик башкарууну санариптештирүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйруктарын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан саламаттык сактоо тармагында маалыматтык системаларды иштеп чыгуу жана киргизүү боюнча иштерди жүргүзүлдү, анын ичинде:

1) жыл башынан бери амбулатордук саламаттык сактоо уюмдары үчүн “Бейтаптын санариптик медициналык картасы” системасы иштелип чыкты жана ишке киргизилди.

9 миң медицина кызматкери система менен иштөөгө үйрөтүлүп, 431 миң кайрылуу катталып, 9339 эсептик жазуу ачылган.

2) 2023-жылдын 11-декабрынан тартып стационардык саламаттыкты сактоо уюмдары үчүн “Бейтаптын санариптик медициналык картасы” маалыматтык системасын киргизүү башталды.

3) Ар бир кыргызстандык өзүнүн медициналык маалыматынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылган санариптик ден соолук профилине мүмкүндүк алды. Ушул жылдын декабрь айында ата-энелер балдарынын ден соолугу боюнча маалыматка мүмкүндүк алышты. Электрондук кызматтардын мамлекеттик порталы жана Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу медициналык маалыматтарды берүү транзакцияларынын саны боюнча рекорддук көрсөткүч (7 миллиондон ашык транзакция) катталган.

 

Саламаттыкты сактоо министрлиги коррупциялык тобокелчиликтердин алдын алуу боюнча иш алып барууда

2023-жылдын башынан бери саламаттык сактоо уюмдарындагы коррупциянын белгилери боюнча 7 даттануу каралып, анын ичинен 5 учурда фактылар тастыкталган, анын ичинен 3 кызматкер өз каалоосу менен иштен кеткен, 2 иш укук коргоо органдарына өткөзүлүп берилген, 2 иш боюнча фактылар тастыкталган жок. Коррупция боюнча 4 арыз КР прокуратурасына түз өткөрүлүп берилген, 1 факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 2023-жылы саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине карата 9 кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын ичинен 2 иш прокуратурага өткөрүлүп берилген. Ошондой эле, 2023-жылы негизинен өз милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн 27 мекеме жетекчилерине дисциплинардык жазалар колдонулган.

 

Вирустук гепатиттин түйшүгүн эске алуу менен 2023-жылы бул ооруларды экспресс-текшерүү, эмдөө жана дарылоо боюнча акысыз медициналык кызмат көрсөтүү программасы ишке киргизилип, ага мамлекеттик бюджеттен 276 млн сом бөлүнүп, анын ичинен 144 млн 987 миң 478 сому өздөштүрүлгөн. В гепатитин алдын алуу үчүн КМШ өлкөлөрүндө биринчилерден болуп гепатиттин В оорусуна чалдыгуу жана өлүмдү азайтуу максатында бойго жеткен калкты (23-65 жаш) 3 эселенген эмдөө өнөктүгү жүргүзүлүүдө. Биринчи дозаны 161 миң адам, экинчи дозасын - 123 600 адам алды, ал эми үчүнчү дозасын 39 500 адам алышты. 467 миңден ашык адам В жана С гепатитине скринингден өтүштү, анын ичинен 8 493 адамда (3,63%) В гепатити жана 3876 адамда (1,67%) С гепатити аныкталды. Акысыз дарылоо С гепатити менен ооруган 1142 бейтапка жана В гепатити менен ооруган 2548 бейтапка көрсөтүлдү.

 

14.12.2023
Эне жана баланын ден соолугун коргоо улуттук борборунда дагы бир органды алмаштыруу операциясы жасалды

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлери 40 жаштагы бейтапка кезектеги бөйрөгүн алмаштыруу операциясын ийгиликтүү жасашты.

КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна болгон иш сапарынын алкагында бейтапка жолугуп, бейтаптын абалы менен таанышты.

Бейтап 7 жылдан бери программалык гемодиализде болгон. Бул пациенттин бөйрөк функциясынын жоголушу мурунку гломерулонефриттин кесепети катары кабыл алынган. Бейтап операцияга чейинки бардык керектүү даярдыктарды өттү. Донор бейтаптын эжеси болду.

Маалым болгондой, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында мындай операциялар 2018-жылдан бери кыргызстандык хирургдар тарабынан ийгиликтүү жасалып келет. Жалпысынан 44 операция, анын ичинде 2023-жылы 8 операция жасалды.

13.12.2023
Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасында инфекциялык көзөмөл системасы жакшыртылууда

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасында Борбордук стерилизация корпусунун жана Медициналык таштандыларды башкаруу корпусунун курулушу жүрүп жатат.

Эки имаратты курууга бюджеттен 19 миллион сомго жакын каражат бөлүнгөн. Мындан тышкары ММК Фондунун Ысык-Көл аймактык башкармалыгы тарабынан автоклав алынат.

Имараттардын курулушун ушул жылдын декабрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

13.12.2023
Ысык-Көлдүн 3,5 миңден ашуун тургуну КТ аппаратынын кызматын алышты

  Ысык-Көл облустук ооруканасынын директору Чыңгыз Урманбетов билдиргендей, буга чейин бейтаптар компьютердик томографиядан өтүү үчүн борборго барышчу. КТ аппаратынын орнотулушу менен бул муктаждык жоюлуп, Ысык-Көл облусунун тургундарына жакшы шарттар түзүлдү. «Аппарат аркылуу күнүнө 15-20дай бейтапка диагноз коюлат. Калк үчүн баасы жеткиликтүү – 1500 сом. Өткөн жылдын аягынан бүгүнкү күнгө чейин 3514 бейтап томографиядан өткөн. Эми бул жабдыктын аркасында бейтаптарды сапаттуу текшерүүдөн өткөрүп, патологиялык өзгөрүүлөрдү жана бузулууларды ыкчам аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлдү», - деп кошумчалады директор.

Эскерте кетсек, 2022-жылы Дүйнөлүк банктын «COVID-19га ыкчам чара көрүү» долбоорунун алкагында беш аймактык ооруканага компьютердик томография орнотулган.

13.12.2023
Саламаттык сактоо министри Улуттук онкология жана гематология борборунун айрым бөлүмдөрүнүн иши менен таанышты

Бүгүн, 2023-жылдын 13-декабрында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук онкология жана гематология борборунун паллиативдик жардам бөлүмүнө жана химиотерапия бөлүмүнө барып, инкурабелдик (4-стадиядагы рак) жана химиотерапия алган бейтаптарга квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүүнүн сапаты менен таанышты. 

Иш сапардын жүрүшүндө министр бейтаптар менен баарлашып, бейтаптарды дарылоонун тактикасы менен таанышты.

Химиотерапия бөлүмүнүн башчысы Турусбек Абдылдаевдин айтымында, анын бөлүмүндө 45 орунда ушул күндөрү 40 бейтап дарыланууда. Мындан тышкары, күнүнө 60-70 бейтап амбулатордук негизде терапия алат. Химия дарылары бар жана баары бейтаптарга бекер берилет.

Учурда 25 орундуу паллиативдик жардам бөлүмүндө 18 бейтап дарыланууда. 2022-жылы 835 бейтап дарыланган.

Иш сапардын жыйынтыгында министр бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин жакшы координацияланган ишин белгилеп, ошол эле учурда бейтаптарга көңүл буруунун маанилүүлүгүн эскертти. Министр рак оорусун дарылоо, тилекке каршы, кымбат экенин, Саламаттык сактоо министрлиги бейтаптарды керектүү дары-дармектер менен камсыздоо үчүн каржылоону көбөйтүүнүн үстүндө иштеп жатканын баса белгиледи.

13.12.2023
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын стерилизация бөлүмү жана медициналык калдыктарды зыянсыздандыруу пункту Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен «COVID-19га ыкчам чара көрүү» долбоорунун алкагында оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

“COVD-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын (ООБКО) стерилизация бөлүмүндө жана медициналык калдыктарды зыянсыздандыруу пунктунда (МКЗП) оңдоо иштери аяктады.

Ички жасалгалоо иштери аяктады, анын ичинде терезелер жана эшиктер алмаштырылды. Медициналык аспаптарды стерилизациялоодо жана медициналык калдыктарды зыянсыздандырууда абаны натыйжалуу желдетүү үчүн жаңы желдетүү системасы орнотулду. Канализация жана суу түтүктөрү, жылытуу батареялары, сантүйүндөрү алмаштырылды. Мындан тышкары, жаңы электр менен камсыздоо системасы орнотулду.

Жумалиев Атабек Каныбекович, ООБКОнун директору: «Оорукана ишке киргенден бери стерилизация бөлүмү жана медициналык калдыктарды зыянсыздандыруу пункту биринчи жолу ушундай сапаттуу капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. “COVID-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун аркасында биз пунктубузду керектүү нерселердин баары менен жабдып алдык. Бүгүнкү күндө ал бардык санитардык талаптарга жооп берет, бул медицина кызматкерлеринин ишинин жана калкты тейлөөнүн сапатын жогорулатат».

Долбоордун максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тиешелүү профилактикалык иш-чараларды камсыз кылуу, дары-дармектерди, керектелүүчү материалдарды жана медициналык жабдууларды сатып алуу, ошондой эле саламаттыкты сактоо уюмдарындагы шарттарды жакшыртуу аркылуу COVID-19 пандемиясына каршы аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн күчөтүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.