Ден соолук жаңылыктары

Акыркы жанылыктар

24

03

2023

Онкология жана гематология борбору Петров атындагы Улуттук онкология изилдөө борбору менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду

24.03.2023

«Здоровое общество 2023»: Министр здравоохранения КР озвучила приоритеты системы здравоохранения КР в рамках борьбы с неинфекционными заболеваниями 

24.03.2023

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорунун алкагында Диагностикалык борбордо алгачкы компьютердик томография борбору ачылды

24.03.2023
«Здоровое общество 2023»: Министр здравоохранения КР озвучила приоритеты системы здравоохранения КР в рамках борьбы с неинфекционными заболеваниями 

         Сегодня, 24 марта в Таврическом дворце в рамках форума «Здоровое общество 2023» состоялась пленарная сессия по приоритетам систем здравоохранения государств-участников СНГ. Пленарную сессию с приветственным словом открыл Михаил Мурашко, министр здравоохранения РФ.                                                                           

В ходе пленарной сессии министр здравоохранения КР Гулнара Баатырова выступила с приветственной речью и поделилась информацией по развитию первичной медико-санитарной помощи и улучшению профилактики неинфекционных заболеваний, являющихся одними из наиболее приоритетных направлений в системе здравоохранения Кыргызстана.«Неинфекционные заболевания представляют собой один из главных вызовов для развития в 21 веке. Согласно отчетам ВОЗ, ежегодно они приводят к смерти более 36 миллионов людей, из которых 15 миллионов умирают в возрасте от 30 до 70 лет. Не стала исключением и наша страна - в Кыргызской Республике НИЗ являются главной причиной нетрудоспособности, заболеваемости и смертности населения», - отметила Гулнара Баатырова.

 Также министр поделилась информацией относительно активного расширения работы специалистов по сестринскому делу на уровне первичной медико-санитарной помощи, с упором на профилактику заболеваний, формирование здорового образа жизни, половое воспитание, планирование семьи и безопасное материнство. Для этого внедряется система домашнего визитирования, раннего выявления и управления неинфекционными заболеваниями, а также проводится реформирование сестринского образования в соответствии с новыми требованиями и потребностями в здравоохранении.

Кроме того, министр особо отметила важность создания качественной цифровой инфраструктуры и технологий. «Улучшение сбора и анализа данных имеет важное значение для оптимизации эффективной и результативной системы здравоохранения. Принята Целевая модель развития цифрового здравоохранения в Кыргызской Республике на 2022-2024 годы, стратегическое видение развития цифрового здравоохранения было определено с ориентиром на потребности человека.  Развитие цифровых технологий в секторе здравоохранения является важным шагом в современном мире и позволяет улучшить качество медицинской помощи, сократить временные и финансовые затраты, улучшить доступность медицинских услуг для населения. Это также позволяет собирать и анализировать данные, что может помочь в принятии более обоснованных решений в области здравоохранения. Очень важно, чтобы данные были точными, полными и своевременными, и что системы были надежными и безопасными для защиты конфиденциальности пациентов и обеспечения соблюдения законов и нормативов».

 В конце своего выступления, министр отметила о важности продолжения борьбы с неинфекционными заболеваниями, так как именно они являются «невидимыми убийцами», унося ежедневно тысячи жизней. И в связи с этим предложила:

1. Перезапустить проведение мероприятий по профилактике и контролю наиболее распространенных неинфекционных заболеваний путем разработки новой, согласованной политики на уровне стран СНГ и интегрированной на национальном уровне, уделяя особое внимание масштабу бремени и угрозы неинфекционных заболеваний и их социально-экономическим последствиям.

2. Обратить внимание на вопросы подготовки кадров в области медицины и науки, проведение совместных научных исследований и введение единой системы лицензирования специалистов в странах СНГ.

3. Разработать и внедрить согласованный подход, направленный на совместную координацию действий для снижения медицинских последствий катастроф, экологических кризисов и стихийных бедствий.

4. Создать механизмы обмена информацией для обеспечения взаимодействия между национальными информационными системами и сетями.                        Напоминаем, что делегация из Кыргызстана во главе с министром здравоохранения КР Гулнарой Баатыровой принимает участие на форуме «Здоровое общество», где в течение двух дней ведут встречи по различным направлениям здравоохранения с целью эффективного налаживания сотрудничества.         

Форум проходит в Таврическом дворце, где с первого года своей работы располагается штаб-квартира Межпарламентской Ассамблеи государств — участников СНГ.

24.03.2023
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорунун алкагында Диагностикалык борбордо алгачкы компьютердик томография борбору ачылды

2023-жылдын 24-мартында Республикалык диагностикалык борбордо Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсаловдун, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси менен саламаттыкты сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев жана башка ардактуу коноктордун катышуусунда алгачкы компьютердик томография борборунун ачылыш аземи болуп өттү.

«Жалпысынан бул демилге 2014-жылы көтөрүлүп, бирок андан бери ишке ашпай келген. Албетте бул аппараттар акыркы үлгүдөгү жаңы технологиялар. Учурда мындай борборлор чет элдик инвесторлор тарабынан колдоого алынууда. Кошумчалай кетсек, мамлекет башчыбыз мамлекеттик бюджеттин эсебинен мамлекеттик ооруканаларда мындай борборлорду ачууга болгон аракетин жумшап жатат. Ошондой эле, жакынкы аралыкта онкологиялык ооруларды аныктоочу аппараттарды дагы алып келүүнү пландап жатабыз»,-деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов.

«Белгилүү болгондой, буга чейин аймактарда компьютердик томографиянын жетишсиздиги көйгөй жаратса, азыр КТ кызматынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Пландаштырылган алты борбордун 2 (экөөсү) Бишкек шаарында, калгандары Балыкчы шаарында, Токтогул, Кадамжай, Өзгөн райондорунда орнотулат. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги да мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында заманбап жогорку технологиялык диагностикалык методдорго жетүүнү кеңейтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Алсак, Дүйнөлүк банктын долбоорлорунун алкагында 5 компьютердик томограф сатылып алынып, беш облустук бириккен ооруканага өткөрүлүп берилди», - деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев.

  Эске салсак, компьютердик томография борборлорун түзүү максатында 2022-жылдын 7-февралында «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарына компьютердик томографияларды (КТ) орнотуу» МЖӨ долбоору боюнча сынак жарыяланып, жыйынтыгында 2022-жылдын 24-августунда «Афей Холдинг» ЖЧКсы жеңүүчү катары тандалып алынган. МЖӨ жөнүндө Макулдашууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, 2022-жылдын 9-ноябрында «Шаньшуй Силк Роуд КейДжи» долбоордук компаниясы түзүлгөн.

Бул долбоор төмөнкүдөй милдеттерди ишке ашырат:

- Калкка КТ кызматынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;

- Инвестицияларды тартуу;

- Кыргыз Республикасынын 6 саламаттык сактоо уюмунда толук кандуу жабдылган аппараттардын болушу.

Долбоор Кыргыз Республикасынын аймактарында жаңы КТ аппараттарын орнотууну, ошондой эле техникалык жактан эскирген жабдууларды модернизациялоону жана бейтаптарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууну ишке ашырат.

24.03.2023
Достигнуто соглашение об использовании технологий искусственного интеллекта для анализа медицинских снимков в Кыргызстане

24 марта 2023 года в Санкт-Петербурге на форуме «Здоровое общество» Минздрав КР и Сбер заключили меморандум о сотрудничестве. Документ подписали министр здравоохранения КР Гулнара Баатырова и директор Центра индустрии здоровья Сбербанка Сергей Жданов.

 

В фокусе внимания меморандума — развитие цифрового здравоохранения и искусственного интеллекта в медицине, использование современных медицинских AI-технологий, которые разрабатывает Сбер и компании-партнёры для анализа медицинских изображений и предварительной постановки диагноза. Речь идёт о таких AI-решениях компании СберМедИИ (входит в индустрию здоровья Сбера), как «Маммография», «КТ Лёгких», «КТ Инсульт» и другие.

 

Гулнара Баатырова, министр здравоохранения Кыргызской Республики: “Развитие применения цифровых технологий в здравоохранении для нас приоритетная задача. Также мы должны не забывать, что цифровые решения должны способствовать облегчению работы врачей, не приводя к дополнительным временным затратам. Сегодня мы сделали прорывной шаг, внедряя технологии искусственного интеллекта в деятельность здравоохранения”.

 

Сергей Жданов, директор Центра индустрии здоровья Сбербанка: «Мы работаем над тем, чтобы AI-сервисы диагностики заболеваний по медицинским снимкам развивались и внедрялись в повседневную практику как можно быстрее, спасая человеческие жизни и помогая врачам в ежедневной работе. Мы видим, что наши разработки в этой сфере вызывают большой интерес в других странах. Поэтому мы решили объединить усилия и вместе с коллегами развивать это перспективное направление. Такая практика будет способствовать развитию AI-технологий в здравоохранении Кыргызстана».

 

Для информации:

Разработанные алгоритмы уже доказали свою эффективность и используются в медицинских организациях различных регионов России. Так, сервис «КТ лёгких», разработанный для борьбы с COVID-19, сегментирует участки поражённой ткани лёгких, указывая степень поражения и его тяжесть по шкале КТ. «КТ Инсульт» определяет признаки острого нарушения мозгового кровообращения и объём повреждения головного мозга. Сервис автоматически размечает КТ-снимки, выделяя очаг инсульта, рассчитывает объём повреждённых и жизнеспособных участков головного мозга, по шкале ASPECTS помогает оценить ранние изменения головного мозга при инсульте. С его помощью рентгенологи получают точную оценку состояния пациента по 10-бальной системе и могут оперативно принять решение по дальнейшему лечению пациента. Маммографическая модель автоматически размечает снимки по международной шкале BI-RADS, определяя контуры подозрительных образований, вероятность злокачественной опухоли и необходимость повторного исследования. Это позволяет выявлять онкологические заболевания груди на более ранней стадии.

24.03.2023
Кургак учукка байланыштуу темаларды, анын ичинде өлкөнүн кургак учукка каршы күрөшүү кызматында жүргүзүлүп жаткан реформаларды, эң мыкты чагылдырууга ЖМК өкүлдөрүнүн арасында сынак жарыяланды

USAIDдин "Кургак учукту айыктыруу" долбоору Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук фтизиатрия борбору менен биргеликте кургак учукка байланыштуу темаларды, анын ичинде өлкөнүн кургак учукка каршы күрөшүү кызматында жүргүзүлүп жаткан реформаларды, эң мыкты чагылдырууга ЖМК өкүлдөрүнүн арасында сынак жарыялайт. 

Сынак ЖМК аркылуу кургак учук менен байланышкан актуалдуу маселелерге коомчулуктун көңүлүн буруу максатында өткөрүлөт. Анын ичинде:

- Кыргыз Республикасынын кургак учукка каршы кызматында жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалары;

- кургак учуктан жабыркаган адамдардын кодулоо жана басмырлоосун азайтуу жана алар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында коомдук мамилени өзгөртүү;

- кургак учук диагнозун аныктоого текшерүү жана дарт аныкталган учурларда дарылоо үчүн саламаттык сактоо уюмдарына эрте кайрылууга шыктандыруу;

- кургак учук менен ооругандарды дарыланууга умтулуусун жогорулатуу.

 

Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт:

1. Телевидениедеги эң мыкты иш,

2. Радиодогу эң мыкты иш,

3. Интернеттеги эң мыкты иш,

4. Гезиттеги эң мыкты иш.

 

Сынакка 2023-жылдын 24-мартынан 31-октябрына чейин теле/радио эфирге чыккан, интернеттеги маалымат ресурстарында, басма сөз каражаттарында жайгаштырылган кыргыз жана орус тилдериндеги автордук иштер кабыл алынат. Башка сынактарга катышкан чыгармалар бул сынакка кабыл алынбайт. Тиркемеде - Конкурс жөнүндө жобо, сынакка катышуу жана маалыматтык макулдуктун формалары.

Конкурстук иштерди чогултуу: Бишкек ш., Раззаков көч., 15, офис 6. Тел.: +312 988 102. 

 

+708 808 804 (Иманкулова Нурия), nuriia_imankulova@kg.jsi.com

+555 25 25 16 (Алимахунов Анарбек), anarbek_alimakhunov@kg.jsi.com 

24.03.2023
КР Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова «РЖД Медицина» медициналык мекемелер тармагынын жетекчиси менен жолугушуу өткөрдү

2023-жылдын 23-мартында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова «РЖД Медицина» медициналык мекемелер тармагынын жетекчиси менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу Санкт-Петербург шаарында 23-24-мартта өтүп жаткан «Сергек коом» форумунун алкагында уюштурулуп, анда баштапкы звенону модернизациялоо, медициналык кадрларды даярдоо, тармакты санариптик трансформациялоо, медициналык кызматтарды экспорттоо ж.б. маселелер талкууланууда. 

«РЖД Медицина» тармагынын жетекчиси Елена Жидкова медициналык мекемелер тармагынын потенциалы тууралуу маалымат менен бөлүштү. Ал белгилегендей, алардын тармагы көчмө медициналык комплекстерди өндүрүүдө лидер болуп саналат, жаңы стандарттык медициналык поезд жана санариптик чечимдер курулууда. 

КРнын Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова «РЖД Медицина» ишканасынын Кыргыз Республикасынын ушул сыяктуу уюмдары менен өнөктөштүгүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин мындан ары иштеп чыгуу үчүн РЖД медицинанын өкүлдөрүн Кыргызстанга чакырды.

24.03.2023
Онкология жана гематология борбору Петров атындагы Улуттук онкология изилдөө борбору менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду

2023-жылы 23-мартта, Санкт-Петербургда өтүп жаткан “Сергек коом” форумунун алкагында Кыргызстандын УОжГБ жана РФнын “Н.Н. Петров атындагы Улуттук онкология изилдөө борбору” Федералдык мамлекеттик бюджеттик мекемесинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул меморандумдун алкагында кадрларды даярдоо, тажрыйба алмашуу жана медициналык туризмди өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мындан тышкары, форумдун алкагында КР Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова жана Улуттук онкология жана гематология борборунун директорунун орун басары Бакыт Шайымбетов, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун башкы дарыгери Айна Жетыбаева “Н.Н. Петров атындагы Улуттук онкология изилдөө борбору” Федералдык мамлекеттик бюджеттик мекемесине барышты.

Борбордун директору, Россия илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, медицина илимдеринин доктору, профессор Алексей Михайлович Беляев онкологиялык борбордун ишмердүүлүгүнө токтолуп, клиникага 95 жыл толгондугун, 1927-жылы борбор негизделген күндөн тарта онкологиялык оорулар боюнча илимий-практикалык мекеме катары иштеп келээрин айтты. Н.Н.Петров атындагы Улуттук онкология илимий борбору - Россиядагы дүйнөлүк стандарттын деңгээлинде адистештирилген жана жогорку технологиялык медициналык жардам көрсөтүүчү ири федералдык илимий жана клиникалык борборлордун бири. Кыргызстандык адистер балдардын саркомасын дарылоонун уникалдуу ыкмасы, онкологиялык оорулуулар үчүн 3D протездөө колдонулган, молекулярдык-генетикалык, патоморфологиялык, иммуногистохимиялык жана радиологиялык изилдөөлөр ж.б. жүргүзүлгөн балдар бөлүмүнүн иши менен таанышты. 

23.03.2023
Гүлнара Баатырова: "Саламаттык сактоо тармагындагы аялдар кесипкөй, лидер, инноватор катары маанилүү роль ойнойт"

23-24-мартта Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Саламаттыкты сактоо боюнча “Сергек коом” форумунун биринчи күнүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова саламаттыкты сактоону инновациялык өнүктүрүүдөгүаялдардын ролу боюнча панелдик сессияга катышты. Сессияны РФ Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрагасынын орун басары Галина Карелина алып барды.

Министр өз сөзүндө саламаттыкты сактоо тармагында аялдар кесипкөй, лидер, инноватор катары маанилүү роль ойноорун белгиледи.

Алар медициналык персоналдын бир кыйла бөлүгүн түзүп, дарылоонун жаңы технологияларын жана методдорун иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө катышышат. Бирок, буга карабастан, алар дагы эле кесиптик жактан өсүүдө жана жетишкендиктерин таанууда тоскоолдуктарга дуушар болушат.

Бүгүнкү күндө биз климаттын өзгөрүшү, жаңы инфекциялардын коркунучу, өнөкөт оорулардын күчөшү, демографиялык өзгөрүүлөр жана башка көптөгөн жаңы чакырыктарга туш болуп жатабыз. Аялдар саламаттыкты сактоонун инновациялык өнүгүүсүндө маанилүү ролду ойношот жана бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн жаңы чечимдерди сунушташат.

 

Биринчиден, дүйнө жүзү боюнча, өзгөчө Кыргызстанда медициналык кызматкерлердин олуттуу бөлүгүн аялдар түзөт. Мисалы, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасында аялдар кызматкерлердин жалпы санынын 82% түзөт, ал эми дарыгерлер менен медайымдардын арасында аялдардын үлүшү 65%дан жогору жана 96%га жакынды түзөт. Алар бейтаптарыбыздын ден соолугуна эле кам көрүшпөстөн, медицинадагы инновациялардын өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн жаңы дарылоо ыкмаларын жана технологияларын иштеп чыгышууда.

 

Экинчиден, медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгү чектелген жерлерде аялдар саламаттыкты сактоону өнүктүрүүдө маанилүү роль ойношот. Алар ар кандай билим берүү жана окутуу программаларына катышып, оорулардын алдын алуу жана медициналык кызматтарга жетүү боюнча программаларды иштеп чыгышат жана ишке ашырышат.

Үчүнчүдөн, саламаттыкты сактоону башкаруу жана чечимдерди кабыл алуу деңгээлинде уюштурууда аялдар маанилүү роль ойнойт. Алар саламаттыкты сактоонун стратегияларын иштеп чыгууга жаңы идеяларды жана инновацияларды алып келет, медициналык жардамдын сапатын жогорулатат, дарылоонун жаңы технологияларын жана ыкмаларын киргизет.

 

Акырында, биздин коомдо болуп жаткан социалдык-экономикалык жана маданий өзгөрүүлөрдүн бир бөлүгү катары саламаттыкты сактоону өнүктүрүүдө аялдар маанилүү роль ойнойт. Алар медициналык кызматтарды көрсөтүүдө гендердик жана маданий айырмачылыктарды эске ала алышат, ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагына көңүл бурууга колдоо көрсөтөт.

 

Республикабыздын аялдары да илимге зор салым кошууда, саламаттыкты сактоо тармагы да четте калбайт.

Алардын айрымдары – Рыскулова Какиш Рыскуловна, Исабаева Валентина Абдылдаевна, Карасаева Алтынай Хусейновна, Нанаева Мария Токтогуловна, Ахунбаева Нелли Исаевна, Бөкөнбаева Сырга Жоомартовна жана башка көптөгөн айымдар – Кыргыз ССР илимдер академиясынын академиктери жана мүчө корреспонденттери, профессорлору, медицина илимдеринин докторлору, Ленин ордени жана СССРдин медалдары менен сыйлангандар, ошондой эле Кыргыз ССРинин Куралдуу Күчтөрүнүн Ардак грамоталары жана эмгек сиңирген врач жана илим ишмерлери деген наам алгандар. Алардын жетекчилиги астында докторлук жана кандидаттык диссертациялар ийгиликтүү корголгон.

 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде 4 аял министр болгон. Бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин 38,6% аялдар түзөт. Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасында гендердик мамиле эске алынат, анда эркектер менен аялдардын ортосундагы айырмачылыктар саламаттык сактоо системасын талдоодо жана калктын саламаттыгын камсыз кылуу саясатын калыптандырууда, медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана медициналык жардамдын сапатын, анын ичинде профилактикалык иш-чараларды, жашоо образы жана ден соолукка болгон мамилеси эске алынат, алар жашоонун социалдык-экономикалык шарттары, коомдогу этникалык, маданий жана тарыхый салттар менен байланыштуу болушу мүмкүн.

 

Мен аялдарга жана алардын ролуна арналган мындай темалардын талкууланышын толугу менен колдойм.

23.03.2023
Өсүмдүктөргө аллергия башталган учурда эмне кылуу керек?

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан сырткаркы педиатры, Б.Н. Ельцин атындагы КОСУнун профессору  Шайырбек Сулайманов

Өсүмдүктөргө аллергиянын башталышында – чаңчага аллергиясы бар бейтаптар мурун менен көздүн күйүп кетүүсүнө, фотофобияга, көздүн кычышуусуна жана ооруганына даттанышат.

Аллергиянын оор түрүндө, балдар дем алуунун кысылышына, трахеянын жана бронхтун ооруганына даттанышат. Баланын табити жоголот, кээде жүрөктүн тез кагышынын фонунда жүрөгү ооруйт.

Ар кандай симптоматологияны эске алганда, ата-энелер бала менен эмне болуп жатканын болжолдоо кыйын болушу мүмкүн. Мындай учурда тезинен доктурга көрүнүү керек.

Балдардагы чаңча аллергиясынын алгачкы белгилери вирустук инфекцияга окшош. Баланын мурдунан тунук суюктук агып чыгат, чүчкүрөт, жөтөлөт жана дем алуусу начарлайт.

Оору күчөгөн сайын башка белгилер дагы пайда боло баштайт: конъюнктивит; кабактын шишиги; фотофобия, кычышуу; баш оору; дерматит, тактар түрүндөгү теридеги бүдүрлөр; тамактын кычышуусу, үндүн кысылышы.

Эгерде аллергия катуу түрүндө болсо, анда жүрөктүн катуу кагышы, диарея, жүрөк айлануу, кусуу, жада калса астма белгилери кошулат.

Балдардагы өсүмдүктөргө аллергиянын негизги себеби-былжырлуу челдерде жайгашып, организмдин реакциясын пайда кылган чаңча.

Ар кандай өсүмдүктөр ооруну козгошу мүмкүн, бирок өзгөчө алдер багы, фундук, тал, кайың, клен, эмен, дан өсүмдүктөрү, мугворт, квиноа, плантан, пахта өсүмдүктөрү көп аллергендер болуп эсептелет.

Аллергиясы бар балдарды кантип дарылоо керек?

Балдардын поллинозду дарылоо жаш курагына, өзгөчө белгилерине жана алардын көрүнүшүнүн интенсивдүүлүгүнө жараша болот. Аллергиянын курч түрү дарылар менен гана жок кылынат. 

Негизгилери: оозеки (ооз аркылуу) жана (жергиликтүү) 2-3 муундун антигистаминдер; кромандар - аллергорецепторлорду бөгөттөөчү препараттар (кромоглик кислотасынын туундулары); антилейкотриендик агенттер; жергиликтүү жана системалык гормоналдык агенттер - активдүү сезгенүүнү бошотууга жардам берет; вазоконстрикторлор - мурундун бүтүшү үчүн колдонулат, бирок 3-5 күндөн ашык эмес; мурунду жууш үчүн туздуу эритмелер менен ирригациялык терапия жана отурукташкан аллергендерди механикалык тазалоо; Тоскоолдук агенттер мурундун былжыр челине байланып, тунук гель сымал катмарды түзөт, ал аэроаллергендердин жана булгоочу заттардын организмге киришине табигый тосмо катары кызмат кылат. 

Дары тандоо ар бир бала үчүн жекече болуп саналат

Диета. Тамак-аш жаңы, жылуу, майдаланган болушу керек. Аллерген азыраак болгон айыл чарба азыктарынан тамактарды даярдоо максатка ылайыктуу. Тамакты күнүнө 5-7 жолу кичине бөлүктөрдө жеп туруу сунушталат. 

Чөп ысытмасынын курч формасында туздуу, куурулган, майлуу, таттуу тамактар ​​алынып салынат.

Режим. Козгогуч өсүмдүктөрдүн гүлдөө мезгилинде токойго баруудан, шаардан тышкары саякаттоодон алыс болуу керек; башка климаттык зоналарга барууга болот. Квартирада, кеңседе терезелерди жана эшиктерди ачпашыңыз керек. Терезелериңизди жаап уктаңыз. Эртең менен эрте жана кургак, ысык күндөрү сыртка чыгуу сунушталбайт. Жамгырдан кийин, кечинде жана шамал болбогондо аймакты желдетип туруңуз. Нымдалган кездемени ачык терезеге же эшикке илип койсо болот. Сыртка чыкканда көз айнек тагыныңыз, баш кийим кийиңиз. Көчөдөн кайтып келгенде кийимди алмаштырып, мурундун былжыр челин жана көздү жууп, душка түшүү керек, айрыкча чачты жакшылап жуу керек. Батирди күн сайын нымдуу тазалап туруңуз.

Ден соолукта болуңуз!

 

23.03.2023
КМШнын "Дени сак коому"

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова баштаган Кыргызстандын делегациясы 2023-жылдын 23-24-мартында Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан «Сергек коом» форумуна катышууда.

Форум КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын штаб-квартирасы жайгашкан Таврид сарайында өтүүдө. Ишкер программасы 20дан ашык иш-чараны камтыйт. Форумдун урааны – “Ден соолук үчүн кызматташуу мейкиндиги”.

“Дени сак коом” форумунун ишине Россия Федерациясынын саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Россия Федерациясындагы өкүлү Мелита Вуйнович, ошондой эле көз карандысыз шериктештиктин (КМШ) өлкөлөрүнүн саламаттыкты сактоо министрлери катышат.

Иш-чаранын уюштуруучулары Росконгресс Фондунун "Сергек коом" долбоору жана Россия Федерациясынын Саламаттыкты сактоо министрлиги. Форум КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясы, Ленинград облусунун Өкмөтү жана Россия Федерациясынын Өнөр жай жана соода министрлиги тарабынан колдоого алынууда.

22.03.2023
Кыргызстандагы СOVID-19 боюнча эпидемиологиялык маалымат

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, 13.03. 2023 - 19.03.2023-жылга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын 29 учуру катталып, анын 11и ооруканага жаткырылды.
 

 2023-жылдын 13-19-мартына карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар ​​жашыл зонада. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.

2022-жылга жана 2023-жылдын 81 күнүнө карата жалпысынан COVID-19  инфекциясынын 22021 учуру катталды, анын ичинен 20 010 (90,8%) учур лабораториялык тастыкталган, ал эми 2011 (9,2%) учуру клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.

18.03.2023
Ишембилик: Тазалыктын булагы бол!☘️

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин борбордук аппаратынын эмгек жамааты жана саламаттык сактоо тармагындагы уюмдар социалдык инфраструктураны, борбор калаабыздын санитардык абалын жакшыртуу жана калктуу конуштардын аймактарын көрктөндүрүү максатында 18 мартка белгиленген республикалык масштабдагы иш-чарага активдүү катышты.

Иш-чаранын алкагында Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратына чектеш аймактар ​​тазаланып, көчөлөр көрктөндүрүлдү.

Ишембиликке катышуучулар муздак аба ырайына карабастан, жакшы маанай менен жогорку денгээлде иштешти. Аткарылган иштердин натыйжасында аймак тыкан жана жагымдуу көрүнүшкө ээ болду.

Мындан тышкары министрликтин карамагындагы уюмдардын жана ооруканалардын эмгек жамааты да өз территорияларында ишембилик өткөрүштү.
#ишембилик
#тазашаар
#тазаМурас

17.03.2023
Кыргызстан принял участие на рабочем семинаре по использованию Информационной системы ВОЗ по иммунизации (WIISE)

Кыргызстан принял участие на рабочем семинаре по использованию Информационной системы ВОЗ по иммунизации (WIISE) для предоставления и управления данными эпиднадзора за болезнями, предупреждаемыми путем вакцинации.

15-16 марта 2023 года представители Министерства здравоохранения Кыргызской Республики приняли участие на рабочем семинаре по использованию Информационной системы ВОЗ по иммунизации (WIISE) в г. Стамбул, Турция для предоставления и управления данными эпиднадзора за болезнями, предупреждаемыми путем вакцинации, который проводится Министерством здравоохранения Турции. На данном мероприятии участвовали представители десяти государств-членов Европейского региона ВОЗ.

В рамках проекта по ликвидации полиомиелита и элиминации кори, краснухи, государства-члены регулярно подают в Европейское региональное бюро ВОЗ данные эпиднадзора за вакциноуправляемыми инфекциями, а именно: данные по случаям острого вялого паралича (ОВП), полиомиелита, кори и краснухи (КК), используя для этих целей Централизованную информационную систему по инфекционным болезням (CISID). С целью улучшить управление данными эпиднадзора, Европейское региональное бюро ВОЗ внедряет информационную систему WIISE, которая заменит устаревшую систему CISID.

Задачами семинара явились:
1. Сделать обзор ключевых концепций эпиднадзора за ОВП, полиомиелитом, корью и краснухой, уделив особое внимание недавним изменениям, имеющим значение для стратегий вакцинации и для элиминации заболеваний;

2. Рассказать участникам об электронной системе WIISE, предпосылках для создания этой системы, ее преимуществах, базовом функционале, возможностях визуализации данных и о том, как использование новой системы отразится на процессе подачи странами данных эпиднадзора в ВОЗ;

3. Провести комплексный практический тренинг по использованию системы WIISE для подачи, валидации, использования и визуализации данных.

17.03.2023
КР Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова: "Коррупцияга аёосуз согуш жарыяланды"

Бүгүн, 2023-жылдын 17-мартында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө министр көптөгөн эскертүүлөргө жана көрсөтмөлөргө карабастан, медициналык кызматкерлер тараптан медициналык кызмат көрсөтүү үчүн акча талап кылуу фактылары боюнча даттануулар ар дайым түшүп жатканын белгиледи. «Тилекке каршы, өткөн күнү биз саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси катышкан жагдайга күбө болдук. Албетте, бир нерсе деп айтууга эрте, буга тергөө жана компетенттүү органдар чекит коёт”.

 

Кеңешменин жыйынтыгында министр саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилерине 3 айдын ичинде накталай эмес төлөмгө өтүү боюнча иштерди жүргүзүүнү жана бейтаптар менен саламаттыкты сактоо уюмдарынын ортосунда накталай төлөмдөрдү жүгүртүүнү жокко чыгарууну тапшырды.

Министр ошондой эле жарандарды коррупцияга каршы күрөшкө тартуу механизмин иштеп чыгууну жана санариптик чечимдерди колдонуу менен медициналык тейлөөнүн сапатына канааттанууну жогорулатууну тапшырды.

 

Министр өзгөчө бейтаптарды ташуудагы коррупциялык компоненттерге, негизсиз анализдерди дайындоого басым жасап, медицина кызматкерлери тарабынан этикага жатпаган маркетингдин бардык түрлөрүн токтотууну тапшырды.

17.03.2023
Кувейттен келген гуманитардык жүк Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди

Бүгүн, 2023-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Кувейт Мамлекетинин Эл аралык Ислам кайрымдуулук уюму жана “Ас-Салам” Фонду тарабынан кайтарымсыз негизде берилген гуманитардык жардамды расмий түрдө тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чара Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улан Садыковдун, БУУнун Башкы катчысынын кайрымдуулук боюнча атайын кеңешчиси Абдулла Маатук Аль Маатуктун жана кайрымдуулук фондунун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Медициналык жабдыктардан турган гуманитардык жүк бейтаптарды көтөргүч, дем алуу жолдорун тазалоо системасы, керебеттин жанына орнотулуучу монитор, кычкылтек концентратору, функционалдык керебет сыяктуу көптөгөн аппараттарды камтыйт.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков Кувейт өкмөтүнө жана фонддун жетекчилигине Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагына көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, өткөрүлүп берилген медициналык жабдуулар Кыргызстанда медициналык жардамдын сапатын жогорулатууга көмөктөшөөрүн белгиледи. Иш-чаранын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин атынан жолугушуунун катышуучуларына ыраазычылык каттарын тапшырды.

Эскерте кетсек, 16 тонналык салмактагы гуманитардык жүк Кыргызстанга 2022-жылдын 24-декабрында келген.

17.03.2023
Үч-Коргон Жалпы дарыгерлик практика борборунда жандандыруу бөлүмү ишке киргизилди

2023-жылы 16-мартта  Баткен облусунун Үч-Коргон Жалпы дарыгердик практика борборунда толук кандуу жана бардык зарыл медициналык жабдыктар менен камсыздалган жандандыруу бөлүмүнүн ачылыш аземи болду. Иш-чара саламаттык сактоо министринин орун басары Т. Мамадалиев, ММК Фондунун Баткен Аймактык башкармалыгынын директору И. Салибаев, Үч-Коргон айыл аймагынын башчысы М.Токторов жана оорукананын эмгек жамаатынын катышуусунда өттү.

ЖДПБнын директору Орозбек Муратовдун айтымында, 1928-жылы түзүлгөндөн бери жандандыруу бөлүмү болгон эмес,  оор абалдагы бейтаптар башка ооруканага багытталып келген.

Ошондой эле, ал Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (ПРООН) тарабынан санариптик жана мобилдүү рентген берилип, имараты санитардык нормага ылайык капиталдык ремонттон өткөнүн кошумчалады.

17.03.2023
Балдар ооруканасынын жаңы хирургиялык корпусунун курулушу план ылайык жүрүп жатат

     Ооруканадагы орундардын санын көбөйтүү жана балдарга медициналык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында 2022-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун катышуусунда Бишкектеги шаардык тез жардам клиникалык балдар ооруканасынын жаңы имаратына капсула салынган.

Бүгүнкү күндө Б, В блоктордун пайдубалын бетондоо иштери аяктады.

Б блогунда топурак менен толтурулуп тапталды, мамыларды куюу үчүн арматураланган колонканын артына опалубка орнотулууда.

Долбоорду ишке ашыруу тобунун жетекчиси Таштанбек Каймазаровдун айтымында, курулуш «МС Билдинг» подряддык уюму тарабынан бекитилген график боюнча жүрүп жатат. Курулуш мөөнөтү келишим боюнча 3 жыл, алдын ала маалыматтар боюнча объект 2025-жылы пайдаланууга берилет.

  Эскерте кетсек, төрт кабаттуу хирургиялык имараттын курулушу Сауд өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыясынын эсебинен каржыланууда.

Жаңы имаратта 212 керебет жана 8 операциялык бөлүм болот: шашылыш хирургия, нейрохирургия, неонаталдык хирургия, хирургиялык инфекция, торакалдык хирургия ж.б.

Имаратта радиология, проктология, реанимация, токсикология, жаңы төрөлгөн балдардын реанимациясы, урология, травматология бөлүмдөрү, морфологиялык кабинет, лабораториялык блок ж.б.у.с. каралган

16.03.2023
Кызыл-Кыя Жалпы дарыгерлик практика борборунда операциялык блоктун жаны имараты ишке берилди

Бүгүн, 2023-жылдын 16-март куну Кызыл-Кыя шаарынын Жалпы дарыгерлик практика борборунда (ЖДПБ) операциялык блоктун жаны имаратынын ачылышы болуп өттү. Имараттын ачылышына Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев, Милдеттуу Медициналык Камсыздандыруу Фондунун Баткен Аймактык башкармалыгынын директору Иличбек Салибаев, Кызыл-Кыя шаарынын мэри Асилбек Маткалыков, Кызыл-Кыя шаардык кенешинин төрагасы Жыргал Калматов жана Кадамжай, Айдаркен,Үч-Коргон  ЖДПБорборлорунун директорлору катышты.

 

Жаңы ачылган операциялык блок СанПИНдин бардык талаптарына ылайык жасалды. Анда хирургиялык,травматологиялык-ортопедиялык, урологиялык операциялар, шашылыш операциялар жана эндохирургиялык операциялар үчүн өз өзүнчө  бөлмөлөр каралып, заманбап медициналык жабдыктар менен камсыздалды. Алар: жалпы суммасы 1млн 400миң сом турган 2 жаны операциялык стол, 1млн 800миң сомдук 5 комплект операциялык көлөкөсүз(безтеневая) лампалар, 2млн 900миң сомдук наркоздук-демалдыруучу аппарат жана башка керектүү операциялык шаймандар алынды.

 

Андан сырткары жүрөк-кан тамыр ооруларынын дартын аныктоо үчүн заманбап үлгүдөгү ЭХО-УЗИ-аппаратын  алынып ишке киргизилди.

16.03.2023
Миссия в Кыргызстан Межведомственной целевой группы ООН по профилактике и борьбе с неинфекционными заболеваниями и психическим здоровьем

13 марта - 17 марта 2023 г.

В Кыргызстан прибыла Межведомственная целевая группа ООН по профилактике и борьбе с неинфекционными заболеваниями и психическому здоровью. 

В рамках миссии сегодня, 16 марта 2023 года в Бишкеке прошёл круглый стол по обсуждению вопросов снижения бремени неинфекционных заболеваний. 

Мероприятие прошло с участием представителей Администрации Президента КР, Жогорку Кенеша КР, Министерства здравоохранения КР, партнеров по развитию и других заинтересованных ведомств и организаций. 

          Круглый стол был организован чтобы, в сотрудничестве с местными партнерами и страновой командой ООН при поддержке Странового Офиса ВОЗ в Кыргызстане - получить доступ к межсекторальным источникам данных, как количественных, так и качественных, и собрать фактические данные в поддержку аргументов, связывающих НИЗ и психическое здоровье с национальными целями развития в соответствии с устойчивыми целями развития.

Заместитель министра здравоохранения КР Улан Садыков отметил важность понимания принципов профилактики, чем борьбы с последствиями: «По статистике, наиболее частой причиной смерти в Кыргызстане являются неинфекционные заболевания, как онкологические заболевания, сердечно-сосудистые заболевания, болезни легких и т.д. Существует множество факторов риска НИЗ - от питания до эмоционального состояния. Например, на возникновение инфаркта и инсульта часто влияет культура питания, курение и злоупотребление алкоголя. Если мы сегодня не предпримем соответствующие меры, и статистика, и затраты, обусловленные НИЗ, значительно возрастут, что станет серьезным препятствием для развития экономики страны. Все наши нынешние усилия направлены на раннее выявление и раннее лечение, а также на профилактику этих заболеваний. Для решения этих проблем необходимы комплексные, межведомственные совместные мероприятия, а не только работа, проводимая в сфере здравоохранения».

Специальный представитель Регионального директора ВОЗ в Кыргызской Республике / и. о. Главы офиса ВОЗ в Кыргызской Республике Д-р Шахин Хусейнов отметил, что комплекс экономически экстенсивных и осуществимых мероприятий поможет предотвратить множество преждевременных смертей:   “Это недопустимо, что для молодой страны такие заболевания как диабет, сердечно-сосудистые заболевания и онкологические заболевания занимают первую строчку среди болезней и причин смерти. Как уже отмечалось, наиболее выгодными, тем более в концепции Кыргызстана являются высокоприоритетные, недорогие мероприятия, которые могут быть реализованы в любых условиях, для чего необходима политическая воля. Я надеюсь, что рекомендации и решения, принятые в результате сегодняшнего круглого стола, помогут решить нам решить эту большую проблему с неинфекционными заболеваниями”.

Для информации:

Межведомственная целевая группа Организации Объединенных Наций по профилактике неинфекционных заболеваний и борьбе с ними (UNIATF), именуемая в дальнейшем «Целевая группа», была создана Генеральным секретарем Организации Объединенных Наций в 2013 году.

Неинфекционные заболевания (НИЗ), также известные как хронические заболевания, включают сердечно-сосудистые заболевания, рак, хронические респираторные заболевания и диабет. Роль Целевой группы заключается в том, чтобы объединить соответствующих акторов всей системы Организации Объединенных Наций (ООН) и национальные правительства для разработки общегосударственных и общесоциальных подходов к профилактике НИЗ и борьбе с ними.

После принятия Повестки дня в области устойчивого развития на период до 2030 года в 2015 году объем работы Целевой группы был расширен за счет включения «Целей устойчивого развития (ЦУР) в отношении НИЗ», таких как решение проблем психического здоровья, насилия, травм, питания и экологических проблем, которые способствуют увеличению глобального бремени НИЗ.

Целевая группа продвигает многосекторальные действия по профилактике НИЗ и борьбе с ними, поддерживает страны в достижении Целей в области устойчивого развития (ЦУР) и поддерживает страны в переходе к всеобщему охвату услугами здравоохранения (ВОУЗ).

15.03.2023
Бишкекке Жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана күрөшүү боюнча БУУнун Ведомстволор аралык максаттуу тобунун миссиясы келди

2023-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин жана БУУнун жугуштуу эмес оорулардын (ЖЭО) алдын алуу жана күрөшүүбоюнча Ведомстволор аралык максаттуу тобунун өкүлдөрү менен жолугуп, көп секторлуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү жана «Дени сак адам – өнүккөн өлкө» программасынын алкагында туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү маселелери талкууланды.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда ЖЭО менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө стандарттуу эмес мамиленин зарылдыгын, ошондой эле кесепеттер менен күрөшүү эмес, алдын алуу принциптерин түшүнүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

 

Максаттуу топтун ролу жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана күрөшүү боюнча өкмөттүк жана социалдык мамилени иштеп чыгууда БУУнун тиешелүү агенттиктерин жана улуттук өкмөттөрүн бириктирүү болуп саналат.

14.03.2023
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги «Жаш адистин депозити» программасына квоталарды 500гө чейин жеткирүү үчүн иштерди жүргүзөт

Бүгүн, 2023-жылдын 14-мартында, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларындагы Жалпы дарыгерлик практика борборлорунда болуп, жаш адистер менен жолугушту. Таш-Көмүр ЖДПБсында үч жаш адис эмгектенет, алардын экөө хирургия жана реанимация бөлүмдөрүн жетектейт.

Жаш дарыгерлер “Жаш адистин депозити” программасынын алкагында кошумча төлөмдөрдү алып жатышканын, мындан тышкары алыскы аймактарда иштөө дагы кесиптик жактан өсүү үчүн практикалык тажрыйба алууга көмөктөшөөрүн белгилешти.

«Тажрыйбалуу адистер аймактарда насаатчылык кылып, саламаттыкты сактоо тармагына жаштар тартылып жатканы мени абдан кубандырат. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги “Жаш адистин депозити” программасы боюнча квоталарды көбөйтүү боюнча иштерди улантат. Тилекке каршы, азыр 175 эле орун бар, бирок квотаны 500гө жеткирүүнүн үстүндө иштейбиз. Алыскы аймактарды жаш адистер абдан жакшы тажрыйбага ээ боло алышат, жоопкерчиликтүү болушуңар керек жана өзүңөрдүн дарыгер экениңерди түшүнүшүңөр керек», - деди КР Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова.

Андан ары министр Кара-Көл шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборуна барып, эне-балага медициналык жардам көрсөтүүнүн сапаты менен таанышып, тез жардам кызматынын иши жана орун алган көйгөйлөр менен таанышты.

Кара-Көл шаардык ЖДПБнын директору Бакыт Ырысбековдун айтымында, энелерге жана балдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, өлүмдү азайтуу максатында баштапкы деңгээлде педиатриялык жана гинекологиялык кабыл алууларды көбөйтүү пландалууда. Ал министрден тез жардам бөлүмүн ачууга көмөктөшүүнү суранды, анткени ЖДПБ Бишкек-Ош жолунда жайгашкандыктан, жол кырсыгына кабылып ар кандай жаракат алган бейтаптар көп кайрылышат. ЖДПБнын базасында 4 тез жардам бригадасы, төрт автомашина бар. Кадрдык потенциал жетиштүү, бизде 11 жаш адис иштейт, алар ЛОР, кардиолог, акушер-гинеколог, үй-бүлөлүк дарыгерлер да бар, деди директор.

Кеңешменин жыйынтыгында министр саламаттыкты сактоонун координатору Каарманбек Байдавлетовго жана Жалал-Абад облусунун ММК фондунун аймактык башкармалыгынын директору Акмат Самарбековго Кара-Көл ЖДПБсында педиатриялык жана гинекологиялык, тез жардам кызматтарын өркүндөтүү боюнча пландалган иштерди жүзөгө ашырууга бардык зарыл жардамдарды көрсөтүүнү тапшырды.